Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 571 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-апрели № 193
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330 жана 344-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын дотациялык калктуу конуштарында ачылуучу өнөр жай жана инновациялык ишканалардын инвестициялык ишине дем берүү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330 жана 344-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Преференциялык болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштары: Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен, Кочкор-Ата, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Майлуу-Суу, Ноокат, Айдаркен, Көк-Жаңгак, Токтогул, Чолпон-Ата, Шопоков, Кант, Орловка, Кемин, Кайыңды;
- социалдык-экономикалык абалды туруктуу деңгээлде кармоо максатында республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттарды (трансферттерди) алган айыл аймактары.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнүн тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;
- Преференциялык калктуу конуштарда иштерди жүзөгө ашыруу жөнүндө типтүү инвестициялык макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу), 2-тиркемеге ылайык.
3. Конкреттүү калктуу конуштун аймагынын чектеринде преференциялык өнөр жай ишканаларына салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн калктуу конуштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеңилдетилген салык салууга тийиш жана өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнө таандык болгон 2019-жылдын 1-январынан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн жаңы өнөр жай ишканаларына инвестициялык салымдарды ишке ашырган инвесторлор менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун негизинде кабыл алынат.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) макулдашууларды түзүүдө жеткирүүнүн жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмесин түзгөн, катары менен келген 6 календардык айдын ичинде продукциянын экспорттук жеткирүүлөрүн ишке ашырган жана 2019-жылдын 1-январынан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн жаңы өнөр жай ишканаларынын өндүрүштөрүн экспортко багытталган деп эсептешсин.
5. Жеңилдетилген салык салуу преференциялык өнөр жай ишканаларынын жеңилдиктер берилген калктуу конуштун чегинен тышкары жайгашкан филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карата колдонулбайт.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик квартал сайын Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына төмөнкүлөрдү берип турсун:
- преференциялык калктуу конуштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлор менен түзгөн макулдашуулары жөнүндө маалыматты;
- макулдашуунун шарттары инвестор тарабынан аткарылбагандыктан мөөнөтүнөн мурда же жеңилдиктерди берүү мезгили аяктагандыктан колдонулушу токтотулган макулдашуулар жөнүндө маалыматты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктен алынган, ушул токтомдун 6-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде төмөнкүлөрдү аткара тургандыгы белгиленсин:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлор менен түзгөн макулдашуулардын негизинде жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон ишканалардын тизмесин түзөт;
2) макулдашууларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте эки жылдык мөөнөттө ишканалар боюнча ар бир жыл үчүн берилген жеңилдиктерди айырмалоо жана продукция сатуудан түшкөн каражаттын өлчөмүн жана төлөнгөн киреше салыгынын жалпы суммасын эсепке алуучу ченемдерди белгилөө менен Жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнүн тизмесине ишканаларды киргизүү жана чыгаруу тартибин аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы төрт айлык мөөнөттө инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн түрлөрүн аныктоо критерийлерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 30-апрелинде N 33 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№ | ЭИМК коду(*) | Экономикалык иштин түрүнүн аталышы |
1 |
| Инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү |
2 |
| Жеңил жана тамак-аш өнөр жайы |
| 13 | Текстиль өндүрүшү |
| 14 | Кийим тигүү өндүрүшү |
| 15 | Булгаары, булгаарыдан жасалган буюмдар өндүрүшү, бут кийим өндүрүшү |
| 10 | Тамак-аш азыктарынын өндүрүшү (тамеки буюмдарынан тышкары) |
3 |
| Электр энергетикасы |
| 35.11 | Электр энергиясын өндүрүү |
| 35.12 | Электр энергиясын берүү |
| 35.13 | Электр энергиясын бөлүштүрүү |
| 35.14 | Электр энергиясын сатуу |
4 |
| Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү |
| 10.11 | Эт өндүрүшү (кайра иштетүү жана сактоо), канаттуулардын этинен тышкары |
| 10.12 | Айыл чарба канаттууларынын эт өндүрүшү (кайра иштетүү жана сактоо) |
| 10.20 | Балыкты, рак түрдүүлөрдү жана моллюскаларды кайра иштетүү жана консервациялоо |
| 10.3 | Жашылчаларды жана жемиштерди кайра иштетүү жана консервациялоо |
| 10.31 | Картошканы кайра иштетүү жана консервациялоо |
| 10.39 | Жашылчаларды жана жемиштерди кайра иштетүүнүн жана консервациялоонун башка ыкмалары |
| 10.51 | Сүттү кайра иштетүү жана сыр өндүрүшү (сыр бышыруу) |
5 |
| Чогултуучу өндүрүш |
| 26 | Компьютерлердин, электрондук жана оптикалык жабдуулардын өндүрүшү |
| 27 | Электр жабдууларынын өндүрүшү |
| 28 | Башка топторго киргизилбеген машиналардын жана жабдуулардын өндүрүшү |
| 29 | Автомобилдердин өндүрүшү |
| 30 | Башка транспорттук каражаттардын өндүрүшү |
| 31 | Эмерек өндүрүшү |
| 32 | Башка продукциялардын өндүрүшү |
6 |
| Каалаган экспортко багытталган өндүрүш |
Эскертүү: ЭИМК - Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору.
|
| 2-тиркеме |
|
| Бекитем ___________________________________ (Органдык аталышы) ___________________________________ (Жетекчинин аты-жөнү жана кызматы) ___________________________________ Колу, мөөрү ________-жылдын "___" _________ |
Преференциялык калктуу конуштарда иштерди жүзөгө ашыруу жөнүндө ТИПТҮҮ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК МАКУЛДАШУУ
__________ | "_________________" | ____________ |
(жыл) | (күн) | (ай) |
Чогуу алганда "Тараптар" жана өз-өзүнчө "Тарап" деп аталуучу бир жагынан ___________________________ негизинде
аракеттенген "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы",
_________________________________________________________________________________________________ атынан
(Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы)
_____________________________________________________________________________________ жана экинчи жагынан
(Жетекчинин аты-жөнү)
___________________________________________________________________________________ негизинде аракеттенген
(Ченемдик укуктук акт, устав, жобо ж.б.)
"Инвестор", ______________________________________________________________________________________________
(Юридикалык жактын толук аталышы)
атынан __________________________________________________________________________________________________,
(Жетекчинин аты-жөнү)
Республиканын региондоруна инвестицияларды тартуунун маанилүү экенин жана артыкчылыктарын таанып, ошондой эле төмөнкүлөрдү эске алуу менен:
- Кыргыз Республикасынын инвестициялар чөйрөсүндөгү мыйзамдары экономиканы өнүктүрүү жана инвестицияларга дем берүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган;
- ар бир Тарап ушул Макулдашууну түзүү жана аткаруу үчүн зарыл болгон мыйзамдуу ыйгарым укуктарга ээ болгонун тастыктайт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жана Инвестор Инвестициялык долбоорду ишке ашырууда алардын өз ара укуктары жана милдеттери ушул Макулдашуу аркылуу жөнгө салына тургандыгы жөнүндө макулдашты;
Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түздү:
1. Терминдер жана аныктамалар
1.1. Ушул Макулдашууда колдонулуучу терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимин даярдоону жана аткарууну камсыздоо үчүн түзүлгөн орган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү болуп саналат;
инвестор - преференциялык экономикалык иштерди жүргүзүү жана жумуш орундарын түзүү үчүн преференциялык калктуу конушунда инвестицияларды ишке ашыруучу юридикалык жана жеке жак;
юридикалык жак - юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талаптагыдай уюмдаштырылган; 2019-жылдын 1-январынан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн, иш чөйрөсү жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнө кирген каалагандай компания, корпорация, жоопкерчилиги чектелген компания, акционердик коом, шериктештик, коом, ишкана, биргелешкен ишкана, инкорпорацияланбаган биргелешкен ишкана, бирикме, трасттык фонд же каалагандай башка юридикалык жак, уюм же ишкана;
расмий уруксат - каалагандай уруксат, лицензия, сертификат, каттоо, күбөлүк жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мамлекеттик органдардын) каалагандай башка жактыруусу же макулдашуусу;
инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыккан орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган);
салык органдары - ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык бөлүмдөрү.
2. Макулдашуунун предмети
2.1. Ушул Макулдашуунун предмети ушул Макулдашуунун шарттарында преференциялык калктуу конушта иштеген 2019-жылдын 1-январынан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн жаңы преференциялык өнөр жай ишканасына инвестициялоо болуп саналат. Ушул Макулдашуу жеңилдиктер берилген калктуу конуштун чегинен тышкары жайгашкан преференциялык өнөр жай ишканасынын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карата колдонулбайт.
3. Тараптардын укуктары
3.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Инвесторлор тарабынан ушул Макулдашуунун шарттарынын сакталышын контролдоого;
2) Инвестордон ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелердин аткарылганын тастыктаган маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга тиешелүү маалыматтарды белгиленген мөөнөттө сурап алууга;
3) ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына, ошондой эле "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Макулдашууга ылайык белгиленген башка укуктарды ишке ашырууга;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтому менен бекитилген Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык иши катталган, преференциялык калктуу конуштардын аймагында иштеген жана төлөнгөн киреше салыгынын суммасына жана сатуудан түшкөн пайданын өлчөмүнө жараша кийин 10 жылга узартуу укугу менен 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 159-1-беренесинде белгиленген жеңилдетилген салык салынууга тийиш өнөр жай иштеринин преференциялык түрлөрүнө таандык болгон субъекттер үчүн мүлк салыгынан, калктуу конуштардагы жерлер жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер боюнча жер салыгын төлөөдөн толук бошотууга.
3.2. Инвестор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Инвестициялык долборду ишке ашыруу үчүн ушул Макулдашуунун, Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын инвестициялар, курчап турган чөйрөнү коргоо, лицензиялык-уруксат берүү системасы, ишкердик чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жоболоруна каршы келбеген аракеттерди көрүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жергиликтүү жана чет өлкөлүк башкы подрядчыларды, анын ичинде долбоорлоо компаниясын, башкы подрядчыны, долбоорлоо жана курулуш боюнча иштерди аткаруу үчүн субподрядчыларды, ошондой эле Инвестициялык долбоордо каралган объекттерди куруу, аларды оңдоо, реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана өркүндөтүү үчүн башка компанияларды, ошондой эле товарлардын жеткирүүчүлөрүн тандоого;
3) ушул Макулдашууга ылайык Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча иштердин бөлүгүн аткаруу үчүн Инвестор өзүнүн каалоосу менен тандаган жана мындай субподрядчылардын берилген иштин көлөмүн аткаруу үчүн тиешелүү расмий уруксатка ээ болгон шарттарда бир же андан көп субподрядчыга берүүгө. Иштер өткөрүп берилгенине карабастан, Инвестор Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын алдында өткөрүп берилген иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
4) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 159-1-беренесинин, 213-беренесинин 4-бөлүгүнүн, 315-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунун, 330-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 344-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболоруна ылайык жеңилдетилген салык салууну колдонууга;
5) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына ушул Макулдашуунун "Тараптардын милдеттери" деген 4-бөлүгүнөн, ошондой эле аны бузуудан тышкары өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
6) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына ушул Макулдашууну аткаруу боюнча түшүндүрмө алуу жана Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди чечүүгө көмөктөшүү үчүн кайрылууга;
7) Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн подрядчыларды, өнөктөштөрдү, кредиттик уюмдарды өз алдынча аныктоого.
4. Тараптардын милдеттери
4.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы өзүнө төмөнкү милдеттерди алат:
1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын инвестициялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана ушул Макулдашуунун талаптарын сактоо;
2) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык мүлк салыгы жана жер салыгы боюнча 5 жылга жеңилдик берүү;
3) Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан маселелер боюнча Инвесторго консультациялык жана маалыматтык колдоо көрсөтүү;
4) Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн курулуш объекттерин инженердик-техникалык камсыздоо түйүндөрүнө кошуу үчүн техникалык шарттарды алууга көмөктөшүү;
5) ушул Макулдашууга ылайык Инвестордон алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо.
4.2. Инвестор өзүнө төмөнкү милдеттерди алат:
1) ушул Макулдашуунун 4.2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык план-график боюнча Инвестициялык долбоорду ишке ашырууну камсыздоо;
2) Инвестор беш жылдын ичинде төмөнкүлөрдү аткаруу боюнча өзүнө милдеттерди алат:
-______________________________________________ миң сом көлөмүндө инвестициялоо;
-________________________________________________________ жумуш орундарын түзүү;
-_____________________________ миң сом суммасында өндүрүштүн көлөмүн камсыздоо;
-______________________________________ миң сом суммасында киреше салыгын төлөө;
анын ичинде 5 жыл аралыгында төмөнкү таблицага ылайык:
миң сом
№ |
| 1-жыл | 2-жыл | 3-жыл | 4-жыл | 5-жыл | Баары |
1 | Инвестициянын көлөмү |
|
|
|
|
|
|
2 | Жумуш орундарынын саны |
|
|
|
|
|
|
3 | Өндүрүштүн көлөмү |
|
|
|
|
|
|
4 | Продукцияны сатуудан түшкөн каражат |
|
|
|
|
|
|
5 | Төлөнгөн киреше салыгынын суммасы |
|
|
|
|
|
|
3) Кыргыз Республикасынын аймагында _ жылдан кечиктирбеген мөөнөттө Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу;
4) Негизги капиталга ___________ млн. АКШ (КНСти кошпогондо) долларынан кем эмес көлөмдө инвестиция салуу менен Инвестициялык долбоорду каржылоону камсыз кылуу;
5) өндүрүштү ишке киргизүүгө карата ________________ кем эмес жаңы жумуш орундарын түзүү;
6) Инвестициялык долбоорду ишке ашырууда ишкердик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде курулуш, техникалык, өнөр жай, экологиялык жана башка коопсуздук ченемдерин жана макулдашууларын сактоо. Атап айтканда, Инвестор персоналдарга колдонула турган Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдерин, анын ичинде жумушка кабыл алуу, саламаттыгын сактоо, социалдык камсыздоо жана чет элдик жарандарга иштөөгө уруксат берүү ченемдерин сактоо;
7) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын, салык органдарынын, ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндөгү маалыматты берүү;
8) ушул Макулдашуунун шарттарын аткарбоого байланыштуу ушул Макулдашууну бузууда, ушул Макулдашууга ылайык иш башталган күндөн тартып эсептелген преференция берилген (жер салыгы, мүлк салыгы, пайдага салык, сатуудан алына турган салык) салыктардын бардык суммасын төлөө.
5. Купуялуулук
5.1. Тараптар ушул Макулдашууга ылайык бардык документтер боюнча, ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча иштерге таандык болгон маалыматтар жана отчеттор боюнча анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин купуялуулук шартын сакташат.
5.2. Тараптардын бири да экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок туруп, Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан купуя деп эсептелген, Макулдашуунун мазмунуна таандык болгон же башка маалыматты ачыктоого укугу жок, ага төмөнкү учур кирбейт:
1) соттук териштирүүнүн жүрүшүндө маалыматтарды берүү;
2) Макулдашуу боюнча Тараптардын бирине кызмат көрсөтүп жаткан үчүнчү жактарга маалымат берүүдө, аталган үчүнчү жак ошол маалыматтын купуялуулук шарттарын сактоо менен Тараптар белгилеген максатта жана Тараптар аныктаган мөөнөттө гана пайдалануу милдеттенмесин өзүнө алган учурда;
3) Макулдашуунун Тараптары финансылык каражат алуучу банкка же башка финансылык уюмга маалымат берүүдө, ушул банк же финансылык уюм мындай маалыматтын купуялуулук шартын сактоо милдеттенмесин өзүнө алган учурда;
4) Инвестордун бардык банк эсептерине тиешелүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чет элдик банкта ачылган банктык сыр болуп эсептелген каалагандай маалыматты алууга уруксаты болгон Кыргыз Республикасынын салык же ыйгарым укуктуу башка органдарына маалымат берүү;
5) Макулдашуунун негизинде ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор менен байланышкан ченемдик укуктук актыларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарыялоосу. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы инвестициянын суммасы, ишке ашырылып жаткан региону, түзүлө турган жумуш орундары жана инвестициялык долбоордун аталышы жөнүндө гана маалыматты жарыялоого укуктуу.
6. Макулдашуунун мөөнөтү жана күчүнө кирүүсү
6.1. Ушул Макулдашуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен Инвестор кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет (мындан ары - "Күчүнө кирген дата").
6.2. Ушул Макулдашуу Күчүнө кирген күндөн тартып 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин Тараптар Инвестор тарабынан ушул Макулдашуунун 4.2-пунктунун 1-5-пунктчаларына ылайык милдеттенмелер аткарылган шартта, эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун кезектеги колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 6 (алты) айдан кем эмес убакытта Макулдашууну узартуу ниети жок экендиги жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо жибербесе, анда инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ушул Макулдашуунун мөөнөтүн ар бир кийинки жылга узартуу жөнүндө маселени карап чыгат.
7. Кабарлоо
7.1. Ушул Макулдашууга байланыштуу же анын негизинде берилүүчү кабарлоо, жактыруу, макулдашуу жана башка билдирүүлөр (ушул беренеде "Кабарлоо" деп берилет):
1) кабарлоо жазуу жүзүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлүүгө тийиш;
2) Кабарлоо ушул Макулдашуунун 7.2-пунктунда көрсөтүлгөн номерге факсимиль байланышы менен же кабарлоо аркылуу жеке алып келүү же почта аркылуу буюртма түрүндөгү кат менен жеткирилүүгө тийиш;
3) кандайдыр бир күмөн жаратпашы үчүн электрондук почта менен жиберилген кабарлоо жарактуу деп таанылбайт.
7.2. Ушул Макулдашуу Күчүнө кирген датага карата ар бир Тараптын реквизиттери төмөнкүдөй болот:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы:
Дареги: [*]
Факс: [*]
Кимге: [*]
Инвестор:
Дареги: [*]
Факс: [*]
Кимге: [*]
7.3. Андан мурда алынганы ырасталбаган учурда бардык Кабарлоо ушул Макулдашуунун 7.4-пунктуна ылайык алынды деп эсептелген мезгилден тартып күчүнө кирет.
7.4. 7.3-пунктту эсепке алуу менен Кабарлоо төмөнкү учурларда алынды деп эсептелет:
1) Кабарлоо колдон колго дарек ээсинин дарегине жеткирилгенде, ушул дарекке жеткирүү боюнча; же
2) эл аралык таанылган курьердик жеткирүү кызматын пайдаланган учурда - эл аралык таанылган кызмат мындай кабарды же документти тиешелүү дарек боюнча жеткиргенде жана алгандыгын ырастаган кол коюлганда; же
3) факс менен жиберген учурда - факс боюнча жиберилген Кабарлоо толук түрдө алуучунун факсынын номерине жиберилгенин көрсөтүү менен Кабарлоо жиберилген факс аппаратындагы маалыматтын протоколу чыккандан кийин.
7.5. Ушул Макулдашуунун 7.4-пунктуна ылайык иш күнү болуп эсептелбеген күнү же жергиликтүү убакыт боюнча каалаган иш күнү 17 с. 00 м. кийин алынган же алынды деп эсептелген кабарлоо, кийинки иш күнү алынган болуп эсептелет.
7.6. Тараптардын ар бири ушул Инвестициялык макулдашууда көрсөтүлгөн дарек (же факс) Кабарлоону берүү үчүн ылайыктуу болбой калган учурларда ушул пунктка ылайык жөнөтүлүүчү Кабарлоо менен экинчи Тарапты эки жумалык мөөнөттө кабарлоого милдеттенет.
8. Макулдашууну бузуу шарттары
8.1. Ушул Макулдашуу Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча мөөнөтүнөн эрте токтотулушу мүмкүн.
9. Кошумча жоболор
9.1. Ушул Макулдашууга каалагандай өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор Тараптардын ар бири кол койгон кошумча Макулдашуу аркылуу жазуу жүзүндө таризделген учурда гана анык жана күчкө ээ болот.
9.2. Ушул Макулдашууга төрт түп нускада кол коюлду, ар бири мамлекеттик, расмий жана англис тилдерде. Тараптардын ар бири ушул Макулдашууну 3 (үч) нускада алат. Орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
9.3. Ушул Макулдашууга 20_______ "___" _________________ (калктуу конуш) Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюшту.
10. Тараптардын кол тамгалары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы үчүн |
| Инвестор үчүн |
______________________ |
| ______________________ |
(аты-жөнү) |
| (аты-жөнү) |
______________________ |
| ______________________ |
(кызмат орду) |
| (кызмат орду) |
______________________ |
| ______________________ |
(кол тамгасы) |
| (кол тамгасы) |
|
|
|
М.О. |
| М.О. |