Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 9-февралы N 92

Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасында уруксат берүү-жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы N 344 Жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк туристтерге визаларды берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана туристтик рыноктун жагымдуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартиби бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эки айлык мөөнөттө "электрондук виза" кызматын он-лайн режиминде киргизүү жөнүндө маселени иштеп чыксын.

3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

И.Чудинов