Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-майы № 206
"Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Балдар жана жаштар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча "өсүү түйүндөрү" шаарларынын ишине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагынын байге фонду 6000000 (алты миллион) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин 2-тиркемеге ылайык жүргүзүшсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2020-жылдын 31-апрелине чейин колдонулат.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 14-майындагы N 39 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
"Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагына катышуучу шаарлардын ТИЗМЕСИ
№ | Аталышы |
1 | Балыкчы шаары |
2 | Баткен шаары |
3 | Бишкек шаары |
4 | Жалал-Абад шаары |
5 | Исфана шаары |
6 | Кадамжай шаары |
7 | Кара-Балта шаары |
8 | Каракол шаары |
9 | Кара-Көл шаары |
10 | Кара-Суу шаары |
11 | Кербен шаары |
12 | Кочкор-Ата шаары |
13 | Нарын шаары |
14 | Ош шаары |
15 | Талас шаары |
16 | Таш-Көмүр шаары |
17 | Токмок шаары |
18 | Өзгөн шаары |