Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 206 токтомуна) |
"Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагын өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Сынак Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясында "өсүү түйүндөрү" деп белгиленген шаарлар арасында өткөрүлөт.
Шаарлардын сынакка катышуусу - ыктыярдуу.
3. Сынакты Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен түзүлгөн сынак комиссиясы өткөрөт.
4. Сынакка катышуунун жана "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамын алуунун критерийлери төмөнкүлөр болуп саналат:
- шаардык мэриянын сайтында же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган шаардагы балдардын жана жаштардын абалы жөнүндө баяндамасынын болушу;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык балдарга жана жаштарга ыңгайлуу болуунун индикаторлорунун (мындан ары - индикаторлор) мааниси.
2-глава. Сынак комиссиясы
5. Сынак комиссиясы (мындан ары - Комиссия) балдарды коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, ички иштер, жаштар, дене тарбия жана спорт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын жана көз карандысыз эксперттердин өкүлдөрүнүн арасынан тогуз адамдан кем эмес санда түзүлөт.
6. Комиссия өз функцияларын коомдук башталышта ишке ашырат.
7. Комиссиянын төрагасы социалдык маселелерди тескеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болот.
8. Комиссиянын төрагасы төмөнкү функцияларды аткарат:
- Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Комиссиянын жыйындарын өткөрүүнүн датасын жана убактысын белгилейт;
- Комиссиянын жыйынын алып барат;
- Комиссиянын протоколуна кол коёт.
9. Комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдеттерин Комиссиянын төрагасынын орун басары - жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчиси аткарат.
10. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - Комиссиянын катчылыгы) тарабынан ишке ашырылат.
11. Комиссиянын чечими жыйынга Комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмес сандагы мүчөсү катышкан учурда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
12. Комиссиянын чечими жыйынга катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары бирдей санда болуп калган учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
13. Комиссиянын мүчөлөрүнүн сырттан добуш берүү жана башка адамдарга өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жолу менен чечим кабыл алууларына жол берилбейт.
3-глава. Сынакты өткөрүүнү уюштуруу жана жеңүүчүлөрдү аныктоо
14. Сынактын максаттарын жана аны өткөрүүнүн тартибин түшүндүрүү үчүн Комиссиянын катчылыгы сынакка - катышуучу шаарлар арасында маалыматтык кампанияны өткөрөт.
15. Сынакка катышуу үчүн арыз шаар мэриясы тарабынан 2020-жылдын 10-февралына чейин, Комиссиянын катчылыгына, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык формада берилет.
Арызга индикаторлордун объективдүү көрсөткүчтөрүнө ылайык документтер тиркелиши керек.
16. Шаар мэрияларынын арыздары жана аларга тиркелген документтер Комиссиянын катчылыгы тарабынан бир айдан ашпаган мөөнөттө каралып чыгууга тийиш.
Комиссиянын катчылыгы шаарларды ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге шайкештигин баалоо иштерин жүргүзүүнү уюштурат.
Шаар мэрияларынын иштерин жалпы баалоо ар бир индикатор боюнча көрсөткүчтөрдүн маанилерин кошуу жолу менен аныкталат.
Комиссиянын катчылыгы зарыл болгон учурларда шаарлардын аймактарын, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт мекемелерине барып карап, шаар мэриясынын тийиштүү документациясын изилдеп чыга алат.
Комиссиянын катчылыгынын ишинин жыйынтыгы боюнча "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамына талапкерлерди аныктоо жөнүндө протокол түзүлөт.
17. Наамды ыйгаруудан баш тартууга наамды ыйгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтардын так эместиги, ошондой эле ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин жоктугу негиз болуп саналат.
18. "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамына талапкерлерди аныктоо жөнүндө протокол Комиссиянын катчылыгы тарабынан Комиссиянын дарегине протоколго кол коюлгандан беш календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт. Протокол менен шаарлардын арыздары жана аларга тиркелген документтер кошо берилет.
19. "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамына талапкер шаарлардын мэрлери Комиссиянын алдында отчеттук мезгилде аткарылган иштер боюнча презентация тартуулашат.
20. Комиссиянын катчылыгы берген протоколдорду, арыздарды, аларга тиркелген документтерди Комиссия карап чыгат.
21. Комиссия баалоо баракчасы боюнча шаар мэрлеринин презентацияларына баа коёт. Шаар мэрлеринин презентациясына берилген баалар шаар мэрияларынын ишине берилген жалпы баага кошулуп, комплекстүү баа эсептелип чыгат.
22. Сынактын жыйынтыгын чыгарууда комплекстүү баалоо боюнча жогорку упай алган 10 шаарга "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамы берилет.
23. Комплекстүү баалоо боюнча он шаардын ичинен эң жогорку упай алган үч шаарга байгелүү орундар ыйгарылат (1, 2 жана 3-орун).
Сынактын байге фонду төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 1-орун үчүн - 3000000 (үч миллион) сом;
- 2-орун үчүн - 2000000 (эки миллион) сом;
- 3-орун үчүн - 1000000 (бир миллион) сом.
24. "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен Комиссиянын протоколдук чечиминин негизинде бекитилет.
|
| "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
Балдарга жана жаштарга ыңгайлуулуктун индикаторлору
№ | Индикаторлордун жана көрсөткүчтөрдүн аталышы | Индикаторлордун тиби | Маалыматтарды жыйноо жана баалоо боюнча аткаруучулар | Маалымат булагы | Эселенген коэффициенти |
1. Жаштардын укугуна жана кызыкчылыгына тиешелүү чечимдерди кабыл алууга жаштардын катышуусу | |||||
1 | Мектеп, студенттик өз алдынча башкаруу уюмдары жана башка формалдуу жана формалдуу эмес топтор, кыздар жана өспүрүмдөр тең катышкан жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин болушу | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 1/5 |
2 | Жылына эки жолудан кем эмес жаштар менен шаар мэринин жеке жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жаштардын сунуштарын (каалоолорун) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын болушу | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 1/5 |
3 | Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарынын (коллегиялары, туруктуу комиссиялары, экиден кем эмес чечимдери) коллегиалдуу жумушчу органдарына катышуусу | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 1/5 |
4 | Жаштардын укугуна жана кызыкчылыктарына тиешелүү маселелердин жумушчу коллегиалдуу органдардын жыйынынын күн тартибинде болушу (экиден кем эмес жыйын) | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 1/5 |
5 | Шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларында төмөнкүдөй төрт: социалдык коргоо, коопсуздук, билим берүү, ден соолук багыттары боюнча жаштардын жана балдардын ыңгайлуулугунун оң жакка өзгөргөнүн аныктоочу пункттардын болушу | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 1/5 |
6 | Чечимдерди кабыл алууда калктын, анын ичинде жаштардын пикирин коммуникация жана эске алуу үчүн мэрия үзгүлтүксүз негизде колдонуучу ачык айкын жана инновациялык инструменттердин болушу | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 1/5 |
7 | Жаштардын укугуна жана кызыкчылыгына тиешелүү маселелер боюнча шаардын мэринин (мэриянын) ишин баалоо | Субъективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар жана спорт агенттиги | 1/2 |
8 | Шаардын мэринин ишин жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеш тарабынан баалоо | Субъективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеш (макулдашуу боюнча) | 1/2 |
9 | Мамлекеттик социалдык заказ боюнча программада балдардын жана жаштардын ыңгайлуулуктары менен байланышкан багыттардын болушу | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 1/5 |
2. Жаштардын эс алуусу, маданияты жана өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү | |||||
1 | Коомдук пайдалануудагы жерлерди (парктар, гүл бакчалар) көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга канааттангандык | Субъективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар жана спорт агенттиги | 1/2 |
2 | Шаарда жаштардын эс алуусун уюштуруунун системасына канааттангандык даражасы | Субъективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар жана спорт агенттиги | 1/2 |
3 | Балдарды жана жаштарды тартуу менен төмөнкүдөй маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү: балдардын жана жаштардын укуктарын коргоого арналган Балдарды коргоонун эл аралык күнү, Эл аралык кыздар күнү, Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү, Волонтерлордун эл аралык күнү, Кыргыз Республикасынын жаштар күнү | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 1/5 |
3. Коопсуздук жана курчап турган ыңгайлуу чөйрө | |||||
1 | Коомдук алдын алуу борборлорунун алкагында балдар жана жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар планынын болушу | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 1/5 |
2 | Калкка, анын ичинде балдарга жана жаштарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө бекитилген жобонун болушу | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 1/5 |
3 | Жаштардын (14-28 жаштагы) шаарда коопсуздукту сезүүсүнүн деңгээли | Субъективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар жана спорт агенттиги | 1/2 |
4 | Калктын тийиштүү жаш курагындагы (14-28 жаштагы) 1000 адамына жаштардын (14-28 жаштагы) арасынан кылмыш жасагандардын саны | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэрияларынын статмаалыматтары | 1/2 |
5 | Калктын тийиштүү жаш курагындагы (0-18 жаштагы) 1000 адамына, балдарга жана жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэрияларынын статмаалыматтары | 1/2 |
6 | Никеге турууга мажбурлоо максаты менен кыздарга жана аялдарга (14-28 жаштагы) карата жасалган кылмыштардын саны, тийиштүү жыныстагы жана курактагы 1000 адамга | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэрияларынын статмаалыматтары | 1/2 |
7 | Шаарда экологияны коргоону пропагандалоо максатында жалпы билим берүү мекемелеринде катуу калдыктарды сорттоо боюнча тажрыйбанын болушу | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэрияларынын статмаалыматтары | 1/5 |
4. Билим берүү | |||||
1 | Шаардын билим берүү мекемелери боюнча бүтүрүүчүлөрдүн арасында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын орточо упайлары | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэрияларынын статмаалыматтары | 1/2 |
2 | Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуунун жыйынды коэффициенти (бала бакчалар) | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэрияларынын статмаалыматтары | 1/2 |
3 | Билим берүүнүн сапатына канааттангандыктын даражасы | Субъективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар жана спорт агенттиги | 1/2 |
4 | 7 жаштан 15 жашка чейинки курактагы балдарды толук эмес орто билим берүү менен камтуунун жыйынды коэффициенти (күндүз окутуучу орто мектептер) | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэрияларынын статмаалыматтары | 1/2 |
5. Саламаттык сактоо | |||||
1 | Жыныстык жол менен берилүүчү (СПИД, ВИЧ) ооруулардын тобокелдиктери, тамеки тартуунун жана алкоголду керектөөнүн кесепеттери тууралуу маалымдоо жана алдын алуу, сергек жашоону пропагандалоо боюнча иш-чараларды шаардын мэриясы тарабынан жылына эки жолудан кем эмес өткөрүү | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 1/5 |
2 | Саламаттык сактоо кызматтары менен жаштардын (14-28 жаштагы) канааттангандык даражасы | Субъективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Жаштар жана спорт агенттиги | 1/2 |
6. Турмуштук оор жагдайда жардам берүү | |||||
1 | Турмуштук оор жагдайда калган, анын ичинде мигрант ата-энелер тарабынан калтырылган балдардын эсебинин болушу | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 1/5 |
2 | Үй-бүлөлүк, анын ичинде балдарга жана жаштарга карата зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруунун стратегиясынын (аракеттер планынын) болушу | Объективдүү | Жаштар жана спорт агенттиги | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 1/5 |
Кыскартуулардын тизмеси:
Жаштар жана спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик; |
статмаалыматтары | - | статистикалык маалыматтар. |
№ 1 индикатор боюнча көрсөткүчтөрдү баяндоо
Жаштардын укугуна жана кызыкчылыгына тиешелүү чечимдерди кабыл алууга жаштардын катышуусу
Индикаторлорду тандоонун негиздемеси:
Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар ар бир жаш жарандын анын жашоо турмушуна тийиштүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга таасир этүүсүнө жана алар өз шаарынын кандай болуусун көргүсү келе тургандыгына карата өз пикирлерин айтуусуна кепилдик берет. Жаштар шаарды өнүктүрүү процесси кандай өтүп жаткандыгы тууралуу кабардар болууга, бул процесске тартылууга жана бул жаш адамдардын көз караштарын жана тажрыйбасын сыйлай тургандыгын, аларды өнөктөш жана инсан, бирдей тең укуктуу активдүү жарандар катары тааныша тургандыгын иш жүзүндө көрүүгө тийиш.
1. Мектеп, студенттик өз алдынча башкаруу уюмдары жана башка формалдуу жана формалдуу эмес топтордон турган, кыздар жана өспүрүмдөр тең катышкан жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин болушу | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч иши балдардын жана жаштардын укугуна жана кызыкчылыгына тиешелүү маселелер боюнча сунуштама мүнөзүндөгү чечимдерди биргеликте талкуулоого жана иштеп чыгууга багытталган шаардын мэриясынын алдында жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин бар экендигин аныктоо үчүн колдонулат |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Шаардын мэриясынын алдында жаштар иштери боюнча консультативдик кеңешти түзүү жөнүндө чечимдин көчүрмөсү жана анын курамын бекитүү |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "бар экендиги" - 5 упай, "жок болсо" - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/5 |
2. Жылына эки жолудан кем эмес жаштар менен шаар мэринин жеке жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жаштардын сунуштарын (каалоолорун) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын болушу | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч жылына эки жолудан кем эмес мэрдин жаштар менен жеке жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча (ар бир жарым жылдыкта) кабыл алынган чечимдердин санын өлчөө үчүн колдонулат |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жаштардын сунуштарын ишке ашыруунун бекитилген иш-чаралар планынын, алардын аткарылышы жөнүндө отчеттордун көчүрмөлөрү |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "бар экендиги" - 5 упай, "жок болсо" - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/5 |
3. Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарынын (коллегиялары, туруктуу комиссиялары, экиден кем эмес чечимдери) коллегиалдуу жумушчу органдарына катышуусу | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч муниципалитеттин коллегиалдуу органдарынын (коллегияларга, туруктуу комиссияларга мүчө болуу, жергиликтүү кеңештердин жыйындарына катышуу) ишине жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн катышкандыгын аныктоо үчүн колдонулат |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Коллегиалдуу органдардын курамын бекитүү жөнүндө чечимдердин, жергиликтүү кеңештин жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөсү |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "экиден кем эмес чечимдин жана/же протоколдун болушу" - 5 упай, "жок болсо" - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/5 |
4. Жаштардын укугуна жана кызыкчылыктарына тиешелүү маселелердин жумушчу коллегиалдуу органдардын жыйынынын күн тартибинде болушу (экиден кем эмес жыйын) | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч муниципалитеттин коллегиалдуу органдарынын жыйындарына (эки жыйындан кем эмес) жаштардын укугуна жана кызыкчылыгына тиешелүү киргизилген маселелердин бар экендигин өлчөө үчүн колдонулат |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Коллегиялардын, комиссиялардын жыйындарынын (экиден кем эмес) чечимдеринин жана протоколдорунун көчүрмөсү |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "экиден кем эмес чечимдин жана/же протоколдун болушу" - 5 упай, "жок болсо" - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/5 |
5. Шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларында төмөнкүдөй төрт: социалдык коргоо, коопсуздук, билим берүү, ден соолук багыттары боюнча жаштардын жана балдардын ыңгайлуулугунун оң жакка өзгөргөнүн аныктоочу пункттун болушу | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын негиздемелеринде төмөнкүдөй төрт: социалдык коргоо, коопсуздук, билим берүү, ден соолук (бюджетин көрсөтүү менен) багыттары боюнча жаштардын жана балдардын ыңгайлуулугунун оң жакка өзгөргөнүн аныктоочу пункттун болушун өлчөө үчүн колдонулат |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Төмөнкүдөй төрт: социалдык коргоо, коопсуздук, билим берүү, ден соолук (бюджетин көрсөтүү менен) багыттары боюнча жаштардын жана балдардын ыңгайлуулугунун оң жакка өзгөргөнүн аныктоочу пунктту көрсөтүү менен шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын, алардын аткарылышы жөнүндө отчеттордун көчүрмөлөрү |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "төрттөн кем эмес пункттун болушу" - 5 упай, "жок болсо" - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/5 |
6. Чечимдерди кабыл алууда калктын, анын ичинде жаштардын пикирин коммуникация жана эсепке алуу үчүн мэрия тарабынан үзгүлтүксүз негизде колдонуучу ачык айкын жана инновациялык шаймандардын болушу | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч чечимдерди кабыл алууда жаштардын пикирлерин жыйноо жана эсепке алуу боюнча мэрия тарабынан колдонулуучу (сайттар, социалдык тармактардагы баракчалар, whatsapp, СМС-кабар аркылуу сурамжылоо" инновациялык шаймандардын болушун баалоо үчүн колдонулат |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Калктын пикирлерин коммуникация жана эсепке алуу үчүн колдонулуучу иштеп жаткан инновациялык шаймандардын тизмеси |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "шаймандардын болушу" - 5 упай, "жок болсо" - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/5 |
7. Жаштардын укугуна жана кызыкчылыгына тиешелүү маселелер боюнча шаардын мэринин (мэриянын) ишин баалоо | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч ыңгайлуулук менен байланышкан жаштардын укугуна жана кызыкчылыгына тиешелүү маселелер боюнча шаардын мэринин ишинин сапатын өлчөө үчүн колдонулат. Сурамжылоо жаштар (14-28 жаштагы) арасында өткөрүлөт |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Көрсөткүч "Ыңгайлуулук менен байланышкан жаштардын укугуна жана кызыкчылыгына тиешелүү маселелер боюнча шаардын мэринин ишинин сапатын кандай баалайсың?" деген суроонун негизинде өлчөөгө эсептелген |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "эң мыкты" - 5 упай, "жакшы" - 4 упай, "канааттандыраарлык" - 3 упай, "начар" - 0 упай, "жооп бергенден кыйналам" - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/1,5. респонденттердин саны салмак катары каралат |
8. Шаардын мэринин ишин жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеш тарабынан баалоо | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч шаардын мэри менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүчү түзүм катары мэрдин жаштар менен иштөөсү тууралуу жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин баасын кошуу үчүн колдонулат |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Кворум болгон учурда жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрү шаардын мэринин ишин жекече баалашат. Бул баа протоколго тиркелүү менен Комиссиянын катчылыгына жиберилет |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "эң мыкты" - 5 упай, "жакшы" - 4 упай, "канааттандыраарлык" - 3 упай, "начар" - 0 упай, "жооп бергенден кыйналам" - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/1,5. Орточо баа: O = ∑(x * f) / ∑f формуласы боюнча аныкталат, мында сурамжылоого катышкан - жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн саны салмак катары каралат |
9. Мамлекеттик социалдык заказ боюнча программада балдардын жана жаштардын ыңгайлуулуктары менен байланышкан багыттардын болушу | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч мамлекеттик социалдык заказ боюнча программада балдардын жана жаштардын ыңгайлуулуктары менен байланышкан пункттардын болушун өлчөө үчүн колдонулат |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Мэриянын мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын пункттары көрсөтүлгөн көчүрмөсү |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "бар экендиги" - 5 упай, "жок" болсо - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/5 |
№ 2 индикатор боюнча көрсөткүчтөрдү баяндоо
Жаштардын эс алуусу, маданияты жана өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү
Индикаторлорду тандап алуунун негиздемеси:
Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар ар бир жаш жаранга шаардын маданий жашоосуна катышуу укугуна кепилдик берет. Жаштардын жетишүү жашыл зоналары жана эс алууну өткөрүүчү жайлары болушу керек.
1. Коомдук пайдалануудагы жерлерди (парктар, гүл бакчалар) көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга канааттангандык | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч убактысын ыңгайлуу өткөрүү үчүн жаштарга мүмкүнчүлүк бергендиги боюнча шаардын мэринин ишин баалоо үчүн колдонулат. Көрсөткүч "Өз шаарыңдагы коомдук пайдалануудагы жерлердин (парктар, гүл бакчалар) көрктөндүрүлүшүнө жана жашылдандырылышына сен канааттанасыңбы?" деген суроого берилген жооптордун негизинде эсептелет |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Сурамжылоо жаштар (14-28 жаштагы) арасында өткөрүлөт |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "толук канааттанам" - 5 упай; "салыштырмалуу канааттанам" - 4 упай, "канааттанам, бирок жетиштүү эмес" - 3 упай, "канааттанбайм" - 0 упай; "жооп бергенден кыйналам" - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/1,5. Орточо баа: O = ∑(x * f) / ∑f формуласы боюнча аныкталат, мында сурамжылоого катышкан - респонденттердин саны салмак катары каралат |
2. Шаарда жаштардын эс алуусун уюштуруунун системасына канааттангандык даражасы | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч шаарда жаштардын эс алышы үчүн мэрия тарабынан иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу баасын аныктоо үчүн колдонулат. Көрсөткүч "Өз шаарыңда эс алуунун (кружоктор, китепканалар, маданият үйлөрү, кинотеатрлар, музейлер) уюштурулушун кандай баалайсың?" деген суроого жооптордун негизинде эсептелет. Сурамжылоо анкетасы 14-28 жаштагы жаштар үчүн |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Сурамжылоо (14-28 жаштагы) жаштардын арасында |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: Баалар шкаласы: "толук канааттанам" - 5 упай; "салыштырмалуу канааттанам" - 4 упай, "канааттанам, бирок жетиштүү эмес" - 3 упай, "канааттанбайм" - 0 упай; "жооп бергенден кыйналам" - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/1,5. Орточо баа: O = ∑(x * f) / ∑f формуласы боюнча аныкталат, мында сурамжылоого катышкан - респонденттердин саны салмак катары каралат |
3. Балдарды жана жаштарды тартуу менен төмөнкүдөй маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү: балдардын жана жаштардын укуктарын коргоого арналган Балдарды коргоонун эл аралык күнү, Эл аралык кыздар күнү, Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү, Волонтёрлордүн эл аралык күнү, Кыргыз Республикасынын жаштар күнү | ||
1 | Ролу жана мааниси | Балдардын жана жаштардын укуктарын коргоого арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Жыл ичинде өткөрүлгөн беш иш-чара тууралуу мэриянын отчету |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "беш иш-чара тууралуу отчеттун болушу" - 5 упай, "жок" болсо - 0 упай |
№ 3 индикатор боюнча көрсөткүчтөрдү баяндоо
Коопсуздук жана курчап турган ыңгайлуу чөйрө
Индикаторлорду тандап алуунун негиздемеси:
Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар жаштар арасында кылмыштуулуктун/укук бузуулардын деңгээлин азайтуу максатында калктуу пунктта ушул көрүнүштү азайтуу боюнча максатка багытталган саясатты жүргүзөт. Ошондой эле калк, анын ичинде жаштар үчүн консультациялык-укуктук жардам берүү боюнча чараларды көрөт. Мындан тышкары шаар аракечтик, баңгилик, үй-бүлөлүк зомбулук, кыз ала качуу сыяктуу мындай антисоциалдык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча жаштар арасында алдын алуу иш-чараларын өткөрөт.
1. Коомдук-алдын алуу борборлорунун алкагында балдар жана жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар планынын болушу | ||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат | ||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | ||||||||||||||||||||||||||||||
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | План жана аткарылгандыгы тууралуу отчет | ||||||||||||||||||||||||||||||
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "пландын жана аткарылгандыгы тууралуу отчеттун болушу" - 5 упай, "жок" болсо - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||||
2. Калкка, анын ичинде балдарга жана жаштарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө бекитилген жобонун болушу | ||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч калкка, анын ичинде балдарга жана жаштарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча механизмдерди түзүүдө шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат | ||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | ||||||||||||||||||||||||||||||
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Жобону бекитүү жөнүндө шаардын мэриясынын чечиминин көчүрмөсү, калкка, анын ичинде балдарга жана жаштарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат | ||||||||||||||||||||||||||||||
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "бекитилген жобонун көчүрмөсүнүн, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалыматтын болушу" - 5 упай, "жок" болсо - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||||
3. Жаштардын (14-28 жаштагы) шаарда коопсуздукту сезүүсүнүн деңгээли | ||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч жаштар үчүн коопсуз чөйрөнү түзүү боюнча мэриянын ишин баалоо үчүн колдонулат. Сурамжылоо жаштар (14-28 жаштагы) арасында жүргүзүлөт | ||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү | ||||||||||||||||||||||||||||||
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Көрсөткүч "Сага өз шаарыңда жашоо коопсуз экендиги чынбы?" деген суроого жооптун негизинде эсептелет | ||||||||||||||||||||||||||||||
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "ооба, коопсуз" - 5 упай, "ооба, бирок жетиштүү коопсуз эмес" - 3 упай, "кооптуу" - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/1,5. Орточо баа: O = ∑(x * f) / ∑f формуласы боюнча аныкталат, мында сурамжылоого катышкан - респонденттердин саны салмак катары каралат | ||||||||||||||||||||||||||||||
4. Калктын тийиштүү жаш курагындагы (14-28 жаштагы) 1000 адамына жаштардын (14-28 жаштагы) арасынан кылмыш жасагандардын саны | ||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч жаштардын арасынан адамдар жасаган кылмыштардын эсебин жүргүзүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоого багытталган | ||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | ||||||||||||||||||||||||||||||
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | 14-28 жаштагы жаштардын арасынан кылмыш (киши өлтүрүү, денеге оор жаракат келтирүү, зордуктоо, уурулук, каракчылык, уурдап тоноо жана кол салуулар, баңги заттары менен байланышкан кылмыштар) жасаган адамдардын саны тууралуу шаардын мэриясынын маалыматтары | ||||||||||||||||||||||||||||||
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо ар бир шаарды даражасына жараша төмөнкүдөй рангалоо жолу менен аныкталат: шаардын жаштарынын арасынан жасаган кылмыштардын саны шаардын жаштарынын (14-28 жаштагы) санына бөлүнөт жана статистикалык жыйындуулуктун жалпылоочу көрсөткүчүнө (1000) көбөйтүлөт. Натыйжада терс рейтингдеги шаардын орду аныкталат. Андан кийин максималдуу упай бааланып жаткан шаарлардын санына бөлүнөт, алынган маани шаардын терс рейтингдеги шаардын позициясына көбөйтүлөт. Жыйынтыгында жалпы упай чыгарылат. Терс рейтингдеги шаардын позициясын эсептөөнүн формуласы: Or = (К / М) * Opoc, мында: Or - терс рейтингдеги шаардын позициясы; К - жасалган кылмыштардын саны; М - шаарда жашаган тийиштүү курактагы жаштардын саны; Opoc - статистикалык жыйындуулуктун жалпылоочу көрсөткүчү (1000). Жалпы упайды эсептөөнүн формуласы: Ib = (Or * 0,27 [5 / 18]) * Kk, мында: Ib - жалпы упай; Or - терс рейтингдеги шаардын позициясы; 0,27 - бааланып жаткан шаарлардын санына бөлүнгөн максималдуу упай; Kk - эселенген коэффициенти. Эселенген коэффициенти - 1/2. Эсептөөнүн мисалы:
| ||||||||||||||||||||||||||||||
5. Калктын тийиштүү жаш курагындагы (0-18 жаштагы) 1000 адамына, балдарга жана жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны | ||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын санын азайтуу, шаарда коопсуздукту камсыз кылуу максатында алдын алуучу иштерди жүргүзүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоого багытталган | ||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | ||||||||||||||||||||||||||||||
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Балдарга жана жашы жете электерге (0-18 жаштагы) карата жасалган кылмыштардын саны жөнүндө шаардын мэриясынын маалыматы | ||||||||||||||||||||||||||||||
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо ар бир шаарды даражасына жараша төмөнкүдөй рангалоо жолу менен аныкталат: шаардын балдарына жана жашы жете электерине (0-18 жаш) карата жасалган кылмыштардын саны шаардын балдарынын жана жашы электеринин (0-18 жаш) санына бөлүнөт жана статистикалык жыйындуулуктун жалпылоочу көрсөткүчүнө (1000) көбөйтүлөт. Натыйжада терс рейтингдеги шаардын орду аныкталат. Андан кийин максималдуу упай бааланып жаткан шаарлардын санына бөлүнөт, алынган маани шаардын терс рейтингдеги шаардын позициясына көбөйтүлөт. Жыйынтыгында жалпы упай чыгарылат. Терс рейтингдеги шаардын позициясын эсептөөнүн формуласы: Or = (К / М) * Opoc, мында: Or - терс рейтингдеги шаардын позициясы; К - жасалган кылмыштардын саны; М - шаарда жашаган балдардын жана жашы электердин саны; Opoc - статистикалык жыйындуулуктун жалпылоочу көрсөткүчү (1000). Жалпы упайды эсептөөнүн формуласы: Ib = (Or * 0,27 [5 / 18]) * Kk, мында: Ib - жалпы упай; Or - терс рейтингдеги шаардын позициясы; 0,27 - бааланып жаткан шаарлардын санына бөлүнгөн максималдуу упай; Kk - эселенген коэффициенти. Эселенген коэффициенти - 1/2. Эсептөөнүн мисалы:
| ||||||||||||||||||||||||||||||
6. Никеге турууга мажбурлоо максаты менен кыздарга жана аялдарга (14-28 жаштагы) карата жасалган кылмыштардын саны, тийиштүү жыныстагы жана курактагы 1000 адамга | ||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч кыздарды жана аялдарды ала качуунун санын кыскартуу жана шаарда коопсуздукту камсыз кылуу максатында алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоого багытталган | ||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | ||||||||||||||||||||||||||||||
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Никеге турууга мажбурлоо максаты менен кыздарга жана аялдарга (14-28 жаштагы) карата жасалган кылмыштардын саны тууралуу шаардын мэриясынын маалыматтары | ||||||||||||||||||||||||||||||
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо ар бир шаарды даражасына жараша төмөнкүдөй рангалоо жолу менен аныкталат: кыздарга жана аялдарга карата жасалган кылмыштардын саны шаардагы кыздар менен аялдардын (14-28 жаштагы) санына бөлүнөт жана статистикалык жыйындуулуктун жалпылоочу көрсөткүчүнө (1000) көбөйтүлөт. Натыйжада терс рейтингдеги шаардын орду аныкталат. Андан кийин максималдуу упай бааланып жаткан шаарлардын санына бөлүнөт, алынган маани шаардын терс рейтингдеги шаардын позициясына көбөйтүлөт. Жыйынтыгында жалпы упай чыгарылат. Терс рейтингдеги шаардын позициясын эсептөөнүн формуласы: Or = (К / М) * Opoc, мында: Or - терс рейтингдеги шаардын позициясы; К - жасалган кылмыштардын саны; М - шаарда жашаган тийиштүү курактагы кыздардын жана аялдардын саны; Opoc - статистикалык жыйындуулуктун жалпылоочу көрсөткүчү (1000). Жалпы упайды эсептөөнүн формуласы: Ib = (Or * 0,27 [5 / 18]) * Kk, мында: Ib - жалпы упай; Or - терс рейтингдеги шаардын позициясы; 0,27 - бааланып жаткан шаарлардын санына бөлүнгөн максималдуу упай; Kk - эселенген коэффициенти. Эселенген коэффициенти - 1/2. Эсептөөнүн мисалы:
| ||||||||||||||||||||||||||||||
7. Шаарда экологияны коргоону пропагандалоо максатында жалпы билим берүү мекемелеринде катуу калдыктарды сорттоо боюнча тажрыйбанын болушу | ||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч таза коомду пропагандалоо жана экологияны коргоо жагынан жаштарды маданиятка тарбиялоо боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоого багытталган | ||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | ||||||||||||||||||||||||||||||
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Жалпы билим берүү мекемелеринде катуу тиричилик калдыктарын сорттоону жайылтуунун тажрыйбасы жөнүндө шаардын мэриясынын отчету | ||||||||||||||||||||||||||||||
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "катуу тиричилик калдыктарын сорттоо тажрыйбасынын болушу" - 5 упай, "жок" болсо - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/5 | ||||||||||||||||||||||||||||||
№ 4 индикатор боюнча көрсөткүчтөрдү баяндоо
Билим берүү
Индикаторлорду тандап алуунун негиздемеси:
Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар, балдардын жана жаштардын сапаттуу билим алуу укугуна кепилдик берет. Жынысына, тилине, ишенимине, улуттук, этникалык же социалдык абалына, мүлктүк жагдайына, ден соолугунун же кандайдыр-бир башка жагдайына карабастан жаштар үзгүлтүксүз дене тарбиялык, интеллектуалдык, рухий, моралдык, психологиялык жана социалдык өнүгүү үчүн зарыл болгон сапаттуу билимди алышы керек.
1. Шаардын билим берүү мекемелери боюнча бүтүрүүчүлөрдүн арасында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын орточо упайлары | ||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Ролу жана мааниси | Базалык жалпы орто билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат | ||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | ||||||||||||||||||||||||||||||
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Шаар боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо упайы тууралуу шаардын мэриясынын маалыматы | ||||||||||||||||||||||||||||||
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалоо ар бир шаарды даражасына жараша төмөнкүдөй рангалоо жолу менен шаар боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын орточо маанисине карата аныкталат. Натыйжада терс рейтингдеги шаардын орду аныкталат. Андан кийин максималдуу упай бааланып жаткан шаарлардын санына бөлүнөт, алынган маани шаардын терс рейтингдеги шаардын позициясына көбөйтүлөт. Жыйынтыгында жалпы упай чыгарылат. Жалпы упайды эсептөөнүн формуласы: Ib = (Or * 0,27 [5 / 18]) * Kk, мында: Ib - жалпы упай; Or - рейтингдеги шаардын позициясы; 0,27 - бааланып жаткан шаарлардын санына бөлүнгөн максималдуу упай; Kk - эселенген коэффициент. Эселенген коэффициенти - 1/2. Эсептөөнүн мисалы:
| ||||||||||||||||||||||||||||||
2. Балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелери (бала бакчалар) менен камтуунун жыйынды коэффициенти | ||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч 6 айдан 7 жашка чейинки, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоону чагылдырат | ||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | ||||||||||||||||||||||||||||||
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | 6 айдан 7 жашка чейинки балдардын жалпы саны жана мектепке чейинки билим берүү менен камтылган балдардын саны тууралуу мэриянын маалыматы | ||||||||||||||||||||||||||||||
4 | Аныктоо жана эсептөө | Эсептөө шкаласы: "65%га чейин камтылган" - 5 упай, "55%га чейин камтылган" - 4 упай, "45%га чейин камтылган" - 3 упай, "35%га чейин камтылган" - 2 упай, "25%га чейин камтылган" - 1 упай. Баалоо төмөнкүдөй формула менен аныкталат: X (мектепке чейинки билим берүү менен камтылган балдардын пайызы) = F (мектепке чейинки билим берүү менен иш жүзүндө камтылган балдардын саны / O (мектепке чейинки балдардын жалпы саны) * 100, мында салмак катары мектепке чейинки билим берүү менен иш жүзүндө камтылган балдардын саны салмак катары каралат. X = (P / O) * 100. Эселенген коэффициенти - 1/2 | ||||||||||||||||||||||||||||||
3. Билим берүүнүн сапатына канааттангандыктын даражасы | ||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч сапаттуу билим берүүнү камсыздоо боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат. Сурамжылоо 14-19 жаштагы жаштар арасында жүргүзүлөт | ||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү | ||||||||||||||||||||||||||||||
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Көрсөткүч "Сен алган билимдин сапаты сени канчалык канааттандырат?" деген суроого жооптун негизинде бааланат | ||||||||||||||||||||||||||||||
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "толук канааттандырат" - 5 упай; "салыштырмалуу канааттандырат" - 4 упай, "канааттандырат, бирок жетишсиз" - 3 упай, "канааттандырбайт" - 0 упай; "жооп бергенден кыйналам" - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/1,5. Орточо баа төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат: O = ∑(х * f) / ∑f мында салмак катары сурамжылоодон өткөндөрдүн - респонденттердин саны каралат | ||||||||||||||||||||||||||||||
4. 7 жаштан 15 жашка чейинки курактагы балдарды толук эмес орто билим берүү менен камтуунун жыйынды коэффициенти (күндүз окутуучу орто мектептер) | ||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч 7 жаштан 15 жашка чейинки курактагы балдарды мектепте билим берүү менен камтылгандыгын көбөйтүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоону чагылдырат | ||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү | ||||||||||||||||||||||||||||||
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Шаар мэриясынын маалыматтары | ||||||||||||||||||||||||||||||
4 | Аныктоо жана эсептөө | Эсептөө шкаласы: "100%га чейин камтылган - 5 упай, "80%га чейин камтылган" - 4 упай, "60%га чейин камтылган" - 3 упай, "40%га чейин камтылган" - 2 упай, "20%га чейин камтылган" - 1 упай. Баалоо төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат: X (мектеп билими менен камтылган балдардын пайызы) = F (мектеп билими менен иш жүзүндө камтылган балдардын саны) / O (мектеп жашындагы балдардын жалпы саны) * 100, мында салмак катары иш жүзүндө мектеп билими менен камтылган балдардын саны каралат. X = (F / O) * 100 Эселенген коэффициенти - 1/2 | ||||||||||||||||||||||||||||||
№ 5 индикатор боюнча көрсөткүчтү баяндоо
Саламаттык сактоо
Индикаторлорду тандап алуунун негиздемеси:
Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар ар бир жаш жарандын медициналык жактан тейлөөгө жетишүү укугуна кепилдик берет. Жаш адамдар сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү, ден соолукту сактоо үчүн зарыл болгон илимди, шыкты жана көндүмдү алууга тийиш.
1. Жыныстык жол менен берилүүчү (СПИД, ВИЧ) оорулардын тобокелдиктери, тамеки тартуунун жана алкоголду керектөөнүн кесепеттери тууралуу маалымдоо жана алдын алуу, сергек жашоону пропагандалоо боюнча иш-чараларды шаардын мэриясы тарабынан жылына эки жолудан кем эмес өткөрүү | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч балдардын жана жаштардын арасында жыныстык жол менен берилүүчү (СПИД, ВИЧ) оорулардын тобокелдиктери, тамеки тартуунун жана алкоголду керектөөнүн кесепеттери тууралуу маалымдоо жана алдын алуу, сергек жашоону пропагандалоо боюнча алдын алуучу иштерди жүргүзүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Жыл ичинде өткөрүлгөн иш-чаралардын саны жөнүндө мэриянын отчету. Отчеттун форматы катышуучулардын санын көрсөтүүнү болжолдойт (200 адамдан кем эмес) |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "экиден кем эмес иш-чара өткөрүү" - 5 упай, "иш-чаралар жок" болсо - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/5 |
2. Саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрү менен жаштардын (14-28 жаштагы) канааттангандык даражасы | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч шаарда сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүү боюнча саламаттык сактоонун аймактык органдарына жана уюмдарына көмөк көрсөтүү жана координациялоо боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Субъективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Индикатор "Өз шаарыңда саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүнө канааттанасыңбы?" деген суроого жооптун негизинде эсептелет |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "толук канааттандырат" - 5 упай; "салыштырмалуу канааттандырат" - 4 упай, "канааттандырат, бирок жетишсиз" - 3 упай, "канааттандырбайт" - 0 упай; "жооп бергенден кыйналам" - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/1,5. Орточо баа төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат: O = ∑(x * f) / ∑f, мында салмак катары сурамжылоодон өткөндөрдүн - респонденттердин саны каралат |
№ 6 индикатор боюнча көрсөткүчтөрдү баяндоо
Турмуштук оор жагдайда жардам берүү
Индикаторлорду тандап алуунун негиздемеси:
Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар ар бир жаш жаранга турмуштук оор жагдайда коргоо жана колдоо алуу укугуна кепилдик берет.
1. Турмуштук оор жагдайда калган, анын ичинде мигрант ата-энелер тарабынан калтырылган балдардын эсебинин болушу | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч турмуштук оор жагдайда калган, анын ичинде мигрант ата-энелер тарабынан калтырылган балдардын эсебин жүргүзүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Эсеп жүргүзүү жөнүндө шаардын мэриясынын маалыматы |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "эсептин болушу" - 5 упай, "жок" болсо - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/5 |
2. Үй-бүлөлүк, анын ичинде балдарга жана жаштарга карата зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруунун стратегиясынын (аракеттер планынын) болушу | ||
1 | Ролу жана мааниси | Көрсөткүч балдарга жана жаштарга карата зомбулук менен күрөшүү боюнча шаардын мэриясынын ишин баалоо үчүн колдонулат |
2 | Көрсөткүчтүн тиби | Объективдүү |
3 | Маалымат жыйноо боюнча нускама | Пландын көчүрмөсү жана аткарылгандыгы жөнүндө отчет |
4 | Аныктоо жана эсептөө | Баалар шкаласы: "пландын жана аткарылгандыгы жөнүндө отчеттун болушу" - 5 упай, "жок" болсо - 0 упай. Эселенген коэффициенти - 1/5 |
|
| "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
"Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагына катышууга берилүүчү арыздын формасы
Аталышы ____________________________________________________________________________
Шаар мэри __________________________________________________________________ (Аты-жөнү)
Калкынын саны: _______________________________________________________________________
Жооптуу адам _______________________________________________________________ (Аты-жөнү)
Телефон: _______________________ Электрондук почта: ____________________________________
Факс: ________________________________________________________________________________
Шаар мэриясынын почта дареги: _________________________________________________________
Шаар мэри ___________________________
(колу)