Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 209 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата КОНЦЕПЦИЯСЫ
1. Негизги жоболор
1. Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун концепциясы (мындан ары - Концепция) маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын информациялык чөйрөдөгү улуттук коопсуздугун камсыздоого карата расмий көз караштардын жыйындысынан турат.
2. Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун бир бөлүгү болуп эсептелет жана коом менен мамлекеттин жашоо-турмушунун түрдүү чөйрөлөрүндө Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарынын корголуу абалына таасир этет.
3. Азыркы учурда маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун мыйзамдык негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы, "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө", "Басма иши жөнүндө", "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтому, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдер түзөт.
2. Аныктамалар жана терминдер
4. Ушул Концепцияда төмөнкү негизги терминдер пайдаланылат:
Кыргыз Республикасынын маалымат чөйрөсүндөгү улуттук кызыкчылыктары (мындан ары - маалымат чөйрөсүндөгү улуттук кызыкчылыктар) - турмуштук тиректер жана дөөлөттөр системасын сактоодогу, туруктуу өнүгүүнү жана маалымат чөйрөсүндө адамдын, коомдун, мамлекеттин корголушун камсыздоодогу абдан маанилүү муктаждыктар;
Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугу (мындан ары - маалыматтык коопсуздук) - адамдын, коомдун жана мамлекеттин маалыматтык коркунучтардан коргоонун абалы;
маалыматтык коопсуздукка коркунучтар - жакынкы жана алыскы келечекте маалымат чөйрөсүндөгү улуттук кызыкчылыктарга зыян келтириши мүмкүн болгон окуя, иш-аракет (таасир), процесс же көрүнүш;
маалыматтык коопсуздукту камсыздоо - маалыматтык коркунучтарды божомолдоо, табуу, алдын алуу жана жок кылуу боюнча жалпы мамлекеттик жана тармактык чаралардын комплексин жүргүзүү;
маалыматтык коопсуздукту камсыздоо системасы - маалыматтык коопсуздукту камсыздоочу күчтөрдүн жана каражаттардын жыйындысынан турган улуттук коопсуздук системасынын бир бөлүгү;
маалыматтык коопсуздукту камсыздоочу күчтөр - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтык коопсуздукту камсыздоого катышууга ыйгарым укуктуу уюмдар;
маалыматтык инфраструктура - маалыматтык системалардын, маалыматтык-телекоммуникациялык тармактардын жана маалыматты түзүү кайра өзгөртүү, берүү, пайдалануу, сактоо, ошондой эле технологиялык процесстерди башкаруу үчүн пайдаланылуучу технологиялык процесстерди автоматташтырылган башкаруу системаларынын жыйындысы;
маалыматтык чөйрө - маалыматтардын, маалыматташтыруу объектилеринин, маалыматтык системалардын, маалыматтык-телекоммуникациялык тармактардын, байланыш тармактарынын, маалыматтык технологиялардын, маалыматты топтоочу, түзүүчү, таратуучу жана пайдалануучу субъектилердин, ошондой эле мында пайда болуучу коомдук мамилени жөнгө салуучу системанын жыйындысы;
маалыматтык мамилелердин объектиси - коомдун маалыматты керектөөсүн канааттандырууга багытталган маалымат, маалыматтык технологиялар, маалыматтык инфраструктура, маалымат ресурстары, маалыматтык процесстер;
маалыматтык мамилелердин субъектиси - маалыматтык мамиленин катышуучулары болуп саналган, маалымат чөйрөсүндө белгилүү укуктары менен милдеттери бар жана аларды ишке ашыра алуучу жеке жана юридикалык жактар, алардын бирикмелери, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар, жалпы эле коом;
маалыматтык таасир этүү - маалыматтык чөйрөнүн субъектисинин маалыматты кабыл алуусун өзгөртүүгө багытталган иш-аракеттер;
маалыматтык коопсуздукту камсыздоо методдору - маалыматтык коопсуздукту камсыздоого багытталган мыйзамдык, уюштуруу-техникалык жана экономикалык методдор;
маалыматтык мейкиндик - маалыматты, түзүү, кайра өзгөртүү, берүү, колдонуу жана сактоо менен байланышкан иш чөйрө;
контент - массалык коммуникация каражаттарынын ар кандай маанидеги маалыматтар менен толтурулушу. Массалык коммуникация каражаттары деп жалпыга маалымдоо каражаттарынын (пресса, радио телекөрсөтүү, Интернет тармагы) жана жалпыга таасир этүү каражаттарынын (театр, кино, цирк, адабият) жыйындысы түшүнүлөт.
3. Маалымат мейкиндигинин абалына талдоо
5. Кыргыз Республикасынын азыркы өнүгүү этабы анын маалыматтык коопсуздугунун абалына түздөн-түз таасир этет. Маалыматтык мамилелердин өсүп жаткан ролу мамлекеттик бийлик, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жарандык коом институттарынын маалыматты түзүүгө, кайра өзгөртүүгө жана керектөөгө байланыштуу иштеринин негизги бөлүгү болуп саналат.
6. Технологиялык секирикке, инновацияны кеңири колдонууга байланыштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүүсү маалыматтык-коммуникациялык технология адамдардын бардык жашоо чөйрөсүнө киришин жана пайдаланылышын шарттаган жагдай болду. Бул маалыматтык коопсуздук маселесин чечүүгө жогорку талаптарды жаратууда.
7. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын коомдун турмушунун бардык чөйрөлөрүндө өнүгүүсү менен таралуусу маалыматтык коопсуздук жагындагы негизги көйгөйлөрдү аныктоо процессинде эске алуу зарыл болгон жагдай түзүүчү элементтер болуп эсептелет.
8. Азыркы учурда Кыргызстанда санариптик трансформациялоо долбоорлору менен программалары мамлекеттик деңгээлде этап менен киргизилип жатат.
9. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган "Санарип Кыргызстан" - 2019-2023" Санариптик трансформациялоо улуттук программасынын концепциясынын алкагында төмөнкү багыттагы иш-чараларды жүргүзүү пландалууда:
- мамлекеттик тилдеги улуттук санариптик контентти өнүктүрүү;
- Санариптик парламент" долбоорун киргизүү;
- жарандар жана ишкерлер үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү;
- "Санариптик сот адилеттиги жана укук тартиби" долбоорун иштеп чыгуу;
- айыл чарбасын санариптештирүү жана инновацияларга өбөлгө түзүү;
- жеңил өнөр жайын санариптештирүү;
- туризмди санариптик трансформациялоо.
Ошондой эле санариптик трансформациялоонун алкагында төмөнкү долбоорлор ишке ашырылууда:
- "Түндүк" ведомстволор аралык биргелешип иш жүргүзүү системасы;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы "Коопсуз шаар" долбоору;
- "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалымат системасы;
- "Бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалымат системасы;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Акылдуу мектеп программасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасы.
10. Кыргыз Республикасы улуттук киберкоопсуздук индексине ылайык 103-орунду ээлейт - 19% (Эстониянын Электрондук башкаруу академиясы жарыялаган индекс), Глобалдык киберкоопсуздук индексине ылайык 96-орунду ээлейт - 27% (Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык электрдик байланыш биримдиги жарыялаган индекс), Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүү индексине ылайык 109-орунду ээлейт - 44% (Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык электрдик байланыш биримдиги жарыялаган индекс).
Сүрөт. Киберкоопсуздуктун улуттук индекси
Диаграммага эскертүү:
Киберкоопсуздуктун жалпы индикаторлору | % | Киберкоопсуздуктун негизги индикаторлору | % | Инциденттерди жана кризистерди башкаруу индикаторлору | % |
1. Киберкоопсуздук саясатын иштеп чыгуу | 0 | 5. Санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү коргоо | 20 | Компьютердик инциденттерге чара көрүү | 0 |
2. Киберкоркунучтарды талдоо | 0 | 6. Негизги кызмат көрсөтүүлөрдү коргоо | 0 | 10. Киберкризисти башкаруу | 0 |
3. Билим берүү жана кесиптик жактан өнүгүү | 44 | 7. Электрондук идентификациялоо жана ишенимдүү кызмат көрсөтүү | 89 | 11. Киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү | 0 |
4. Глобалдык киберкоопсуздукка салым кошуу | 17 | 8. Өздүк маалыматтарды коргоо | 25 | 12. Аскердик кибероперациялар | 0 |
11. Муну менен катар 2018-жылы "Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоору иштелип чыккан. Аталган долбоор Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүн бирдиктүү санариптик хабга бириктирген трансчегаралык телекоммуникациялык тармакты түзүү боюнча региондук долбоор. Бул долбоордун негизги артыкчылыктарынын бири катышуучу өлкөлөргө арзан жана сапаттуу Интернетке жол ачкандыгында.
12. Мында, мамлекеттер аралык мамиледе глобалдык конкуренциянын таасирдүү механизми катары маалыматтык басым колдонуу тенденциясы өсүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Маалыматтык пропаганданын жана маалыматтык баскынчылыктын ар кандай каражаттарын колдонуу ири социалдык, экономикалык жана саясий талаштарды чечүүнүн алмаштыргыс куралы болуп калды. Таралып жаткан маалыматка глобалдык мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар өнүккөн өлкөлөр анын натыйжаларын мамлекеттер аралык мамиленин саясий, экономикалык, аскердик экологиялык жана башка жагдайларында бир тараптуу артыкчылык алуу үчүн колдонууда.
13. Экстремисттик жана террористтик уюмдар менен топтор өз идеологиясын пропагандалоо, кызматташтыкка тартуу жана пикирдештерди окутуу, ар кандай террористтик топтор менен байланыш түзүү жана каржылоо максатында глобалдуу маалыматтык-коммуникациялык тармактардын мүмкүнчүлүгүн барган сайын активдүү пайдаланып жатышат. Кыргызстандын жаштарынын арасында ар түрдүү багыттагы радикалдык идеялардын таралуусу тынчсыздандырат. Атайын пропаганданын, анын ичинде Интернет тармагы аркылуу пропаганданын таасири менен жарандар дүйнөнүн ар кайсы чөлкөмдөрүндө мыйзамсыз акцияларга катышкан учурлар болуп жатат.
14. Маалыматтык кылмыштардын (киберкылмыштар) таралышы, анын ичинде уюшкан трансулуттук кылмыштуу топтордун иштери орчундуу проблема болууда. Маалыматтык кылмыштарга каршы күрөшүү укук коргоо органдарынан жана атайын кызматтардан чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары жана укук коргоо органдары менен биргелешкен координацияланган иш жүргүзүү жолу менен тийиштүү ыкчам чара көрүүнү талап кылат.
15. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коммуникациялык механизмдердин ролу жана дүйнө өлкөлөрүндөгү экономикалык, саясий жана социалдык абалга таасир этүүсү күчөөдө. Экономикалык жана саясий шарттары ар кандай өлкөлөрдө акыркы жылдары болуп өткөн кескин өзгөрүүлөр бул процесстерде массаны башкаруунун жаңы технологияларынын чечүү ролу бар экенин: анын ичинде баракчалар, социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер сыяктуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар пайдаланылып жатканын көрсөтүүдө.
16. Кыргызстандын калкынын Интернет тармагын кеңири пайдалануусу аны республиканын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен ички саясий абалга атайылап таасир этүү үчүн пайдаланууга шарт түзүүдө.
17. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалыматы боюнча 2014-жылы Интернет кызматын пайдалануучулардын саны мындай болгон: 4147148, 2015-жылы - 4754601, 2016-жылы 5240801, 2017-жылы - 4802937 (бул азаюу 2016-жылдын сентябрь айында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда Интернет пайдалангандардын санынын өсүшү, ошондой эле 2017-жылы айрым байланыш операторлорунун абоненттерди эсепке алуу методунун өзгөрүшү менен түшүндүрүлөт), 2018-жылдын III кварталынын аягында - 5028889 болгон.
18. 2018-жылдын III кварталынын аягында калктын Интернет тармагына кирүүсү 80,4%ды, 2017-жылы 75,8%ды түзгөн.
19. Улуттук маалымат мейкиндигинин ачыктыгына жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын, анын ичинде телекөрсөтүү жана интернет ресурстарынын (почта кызматтары, социалдык тармактар, блогдор жана видепорталдар) популярдуулугуна байланыштуу элдин коомдук аң-сезимине маалыматтык таасир этүүгө реалдуу коркунуч бар. Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген идеяларды таңуулоо менен катар маалыматты будамайлоо же бурмалап комментариялоо жолу менен жасалма түрдө тийиштүү маалыматтык фон түзүү түрүндө да маалыматтык таасир этүү болушу мүмкүн.
20. Коомдук аң-сезимди мындай будамайлоого каршы чара көрүү үчүн мамлекеттик маалымат саясатынын натыйжалуулугун олуттуу жакшыртуу, мамлекеттик органдардын ачыктыгын арттыруу, жарандардын маалымат менен камсыздалышын арттыруу талап кылынат.
21. Ата мекендик контенттин атаандаштыкка жараксыздыгында олуттуу проблема бар. Ата мекендик контенттин сапаты чет өлкөлүк маалыматтык продукция менен теңтайлашып атаандашуу үчүн жетишсиз болууда. Улуттук маалымат мейкиндигинин ачык шартында бул ата мекендик продукцияны алгылыксыз кылууда. Анын натыйжасында популярдуу эместиги аны өндүрүүгө орчундуу инвестицияларды тартууга мүмкүндүк бербей, ата мекендик контентти жаратуу өтө жетишсиздигине алып келүүдө.
22. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалыматына ылайык IPTV технологиясынын абоненттеринин саны 2018-жылдын III кварталынын аягында - 26588, 2017-жылы - 24188, 2016-жылы - 16120 болгон.
23. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2018-жылга карата маалыматына ылайык республиканын аймагындагы 80 ата мекендик телеканалга 449 чет өлкөлүк телерадиоканал туура келет.
24. Маалыматтык коопсуздук жагындагы квалификациялуу кадрларды даярдоо программасын өркүндөтүү маселеси уламдан-улам курчуп баратат. Окутуу процессин жана окутуу ыкмаларын өркүндөтүү, мамлекеттик органдардын, уюмдардын маалыматтык коопсуздук жагында иштеген адистеринин квалификациясын жогорулатуу талап кылынууда.
25. Маалымат чөйрөсүн мыйзамдык камсыздоо учурдун талабынан орчундуу артта калууда. Ар кандай категориядагы маалыматты, маалымат ресурстарын, маалымат продукцияларын, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү издөөдө, алууда жана керектөөдө пайда болуучу маалыматтык укуктук мамилени жөнгө салуучу мыйзамдык механизмдер жетиштүү иштелип чыккан эмес. Маалыматты, маалыматтык ресурстарды, маалыматтык продукцияны, маалыматтык кызмат көрсөтүүнү жаратуу, берүү жана таратуу процесстерин жөнгө салган мыйзамдык механизмдер жакшыртууга жана актуалдаштырууга муктаж. Маалымат системаларын, маалымат тармактарын, аларды камсыздоо каражаттарын, телекоммуникация инфраструктурасын түзүүдө жана колдонууда пайда болуучу маалыматтык укуктук мамилени жөнгө салуу маселеси өзгөчө курч турат. Маалыматтык кылмыштарга каршы чара көрүүнү мыйзамдык жактан камсыздоонун учурдагы абалы да колдонулуучу мыйзамдык механизмдердин жетик макулдашылбаганы, мыйзам чыгаруу субъектилеринин аларды өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча иштеринин чачкындыгы, мыйзамдык ченемдердин жетишсиз натыйжалуулугу, карама-каршылыгы менен мүнөздөлөт.
26. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык мамлекет маалыматтык коопсуздук жагында маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жана маалыматтык системалардын киберкоопсуздугу, киберкоркунучтарга жана киберинцидеттерге чара көрүү системасын түзүү, ошондой эле экстремизмдин жана терроризмдин баардык түрлөрүн алдын алуу сыяктуу өзгөчө маанилүү багыттарга көңүлдү бурат.
27. Муну менен катар зарыл чөйрөлөрдө атаандаша ала турган ата мекендик медиа-контент түзүү зарыл.
28. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 120 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясына ылайык Интернет тармагын пайдалануу өсүп жаткандыгына байланыштуу байланыш тармактары жана алардын маалыматтык коопсуздугу, киберкылмыштарга каршы күрөшүү жагында кеңири чараларды талап кылган маалыматтык инфраструктураны коргоо маселеси өзгөчө курч жаралууда.
4. Маалыматтык коопсуздуктун негизги көйгөйлөрү жана коркунучтары
29. Маалыматтык коопсуздуктун абалынын негизги көйгөйлөрү төмөнкүлөр:
- маалымат мейкиндигин мыйзамдык жана техникалык жөнгө салуунун корголбогондугу, контролсуздугу жана жетишсиздиги;
- киберкылмыштардын таралышы;
- азыркы шартта трансчегаралык маалыматтык кылмыштарга натыйжалуу каршы чара көрүүнүн жоктугу, интернет ресурстарынын ишин контролдоонун кыйындыгы;
- субъектилердин маалыматтык алакасынын жүрүшүндө жарандардын жеке жана жапырт аң-сезимин зыяндуу жана коркунучтуу контенттен корголбогондугу, террористтик жана экстремисттик уюмдардын өкүлдөрү Интернет тармагын колдонуучулардын пикирлерин башкаруусу;
- массалык коммуникация каражаттарынын ата мекендик контенти начар өнүккөндүгү;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо жагындагы мамлекеттик демилгенин жетишсиз каржылануусу;
- маалыматтык коопсуздук, маалыматтык саясат жана мамлекеттик сырларды сактоо жагында квалификациялуу кадрларды даярдоонун жетишсиз деңгээли.
30. Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугуна коркунучтар өлкөнүн маалымат чөйрөсүнүн объектилери менен субъектилерине зыян келтирүүгө потенциалдуу жана реалдуу коркунуч жараткан шарттар менен жагдайлардын жыйындысынан турат. Мындай коркунучтар объективдүү жана субъективдүү мүнөзгө ээ, Кыргыз Республикасынын маалымат чөйрөсүнө карата тышкы жана ички булактардан чыгып, көрүнүштөрдөн, процесстерден жана аракеттерден/аракетсиздиктен (же алардын жыйындысынан) турушу мүмкүн.
31. Кыргыз Республикасынын маалымат чөйрөсүнө тышкы коркунучтар болуп ага карата терс физикалык кубулуштар, дүйнөдөгү саясий, экономикалык жана башка процесстер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы багытталган бардык башка бүлдүргүч иш-аракеттер эсептелет. Мындай коркунучтарга төмөнкүлөр кирет:
1) компьютердик технология жана маалымат жагында маалыматтык ресурстардын сакталышын жана мамлекеттик маалымат системаларынын штаттык иштөөсүн бузуучу трансулуттук кылмыштуулуктун өсүшү;
2) башка мамлекеттердин технологиялык жактан алдыга озуп, Кыргыз Республикасынын кризистеги маалыматтык инфраструктураларды коргоо үчүн чет өлкөлүк техниканы жана программалык камсыздоону колдонууга көз карандылыгын күчөткөндүгү;
3) бир топ өлкөлөрдүн маалымат чөйрөсүндө артыкчылыкка жетүү максатында маалыматтык таасир этүү жана пропагандалоо боюнча программаларды иштеп чыгуусу;
4) эл аралык экстремисттик, террористтик жана башка кылмыштуу жамааттардын, уюмдардын, топтордун Кыргыз Республикасынын маалымат чөйрөсүндөгү иши;
5) маалымат мейкиндигинде мыйзамсыз контенттин, ошондой эле коомдун адеп-ыймандык негизин бузган башка идеологиянын таралышы;
6) стратегиялык маанилүү маалыматка ээ болуу үчүн эл аралык атаандаштыктын күчөшү, бир катар өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасынын маалымат мейкиндигине үстөмдүк кылууга жана пайдалануу чектелген маалыматты алууга умтулуусу;
7) айрым мамлекеттердин өздөрүнүн маалымат рынокторунда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын чектеген ар кандай чектөөлөрдү киргизүүсү.
32. Ички коркунучтар болуп Кыргыз Республикасынын маалымат чөйрөсүндөгү процесстер жана Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн субъектилердин иш-аракеттери саналат. Мындай коркунучтарга төмөнкүлөр кирет:
1) эскирген техникалык түзүлүштөр менен жабдууларды колдонуу, Кыргыз Республикасынын маалыматтык инфраструктурасын түзүүдө жана өнүктүрүүдө импорттолгон техникалык жана программалык-аппараттык каражаттарды, ошондой эле маалыматты коргоо каражаттарын сатып алуу;
2) мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана чарбалык субъектилердин ишин маалыматташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын көптөгөн дүйнө өлкөлөрүнөн артта калышы;
3) Кыргыз Республикасынын бийлик жана башкаруу органдарынын маалыматтык коопсуздукту чыңдоо боюнча иштеринин начар координацияланышы, Кыргыз Республикасынын маалымат чөйрөсүн коргоого багытталган иш-чараларды финансылык камсыздоонун жетишсиздиги;
4) Кыргыз Республикасынын маалымат чөйрөсүндө ведомстволор аралык мамилени жана контролдоо системасын жөнгө салуучу ченемдик укуктук базанын жетик эместиги, ошондой эле бул тармакта мыйзамды колдонуу практикасынын жетишсиздиги;
5) Интернет тармагында бузуку мүнөздөгү материалдарды өз убагында чектөө боюнча мыйзамдын жетик эместиги, ошондой эле Интернет тармагындагы өз ара мамилени жөнгө салуу маселеси боюнча мыйзамдык базанын жоктугу, мыйзамсыз маалыматты тараткан үчүн мыйзамды колдонуу практикасынын жетик эместиги;
6) Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарында коңшу мамлекеттердин теле-радио каналдарынын иштеп жаткандыгы;
7) Кыргыз Республикасынын маалымат мейкиндигин талдоо жана мониторингдөө боюнча мамлекеттик системанын жоктугу.
33. Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугуна коркунучтар жалпы багыты боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) маалыматтык иш, руханий жашоо, жеке, топтук жана коомдук аң-сезим жаатындагы адамдын укуктары менен эркиндиктерине коркунучтар. Алар төмөнкүлөр менен шартталган:
- Кыргыз Республикасынын маалымат чөйрөсүнүн өнүгүү процесси кечеңдеп жатканы;
- Кыргыз Республикасында расалык, этностук, улуттук, диний жана аймак аралык чыр-чатак тутандыруучу, ошондой эле коомдун адеп-ыймандык тиректерин бузуучу маалыматты жаратууга жана таратууга мыйзамдык чектөөлөрдүн сакталбагандыгы;
- Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый калыптанган менталитетине, каада-салттарына каршы келген, коомдогу моралдык ченемдердин акырындык менен бузулушуна алып келүүчү массалык маданияттын үлгүлөрү кеңири пропагандаланышы;
- жеке, топтук жана коомдук аң-сезимге таасир этүүчү атайын каражаттарды мыйзамсыз колдонуу, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын руханий, экономикалык жана саясий чөйрөлөрүнүн сырттан таңууланып жаткан маалыматка көз карандылыгынын күчөшү;
- массалык коммуникация каражаттары аркылуу идеяларды таңуулоо менен мамлекеттик идеологиянын жана көз караштардын алмашуу коркунучу;
- радикалдуу мүнөздөгү материалдар аркылуу жарандардын мыйзамсыз акцияларга катышуу, кызматташууга тартылуу коркунучу;
2) Кыргыз Республикасынын жетекчилиги ишке ашырып жаткан ички жана тышкы саясатты маалыматтык колдоого жана маалыматтык камсыздоого коркунучтар. Алар төмөнкүлөр менен шартталган:
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун өз убагында иштеп чыгуу маселесине мамлекеттик органдардын жетишсиз көңүл буруусу;
- Кыргыз Республикасынын маалымат мейкиндигинде (анын ичинде Интернет тармагында) Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясаты жөнүндө маалыматты бурмалаган маалымат агенттиктери, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка маалыматтык түзүмдөр иштеп жаткандыгы;
- улуттук маалымат агенттиктеринин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргыз Республикасынын калкына терс маалыматтык таасир этүүгө каршы чара көрүү боюнча иштеринин натыйжалуулугунун жетишсиздиги;
- маалыматтык коопсуздук жана маалыматтык саясат жагындагы ишти жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды финансылык-техникалык жактан камсыздоонун жетишсиздиги;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан жана түзүлө турган маалыматтык жана телекоммуникациялык каражаттар менен системалардын коопсуздугуна коркунучтар. Алар:
- маалыматты мыйзамсыз чогултуу жана пайдалануу, маалыматты иштеп чыгуу технологиясын бузуу;
- маалыматтык банктардагы жана базалардагы маалыматка санкциясыз кирүү;
- маалыматтык жана маалыматтык-телекоммуникациялык системалардын, анын ичинде маалыматты коргоо системаларынын туура иштешин бузуучу программаларды иштеп чыгуу жана жайылтуу;
- маалыматты иштеп чыгуучу каражаттарды жана системаларды, телекоммуникация жана байланыш каражаттарын, машиналык жана башка маалымат сактагычтарды жок кылуу, зыян кылуу, радиоэлектрондук басып токтотуу, бузуу же уурдоо;
- маалыматты иштеп чыгуунун жана берүүнүн автоматташтырылган системаларынын, маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарынын пароль-ачкыч коргоо системаларына таасир этүү же компрометация;
- техникалык каналдардан маалыматтын чыгып кетүүсү;
- маалыматты иштеп чыгуучу, сактоочу жана байланыш каналдары боюнча берүүчү техникалык каражаттарга, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматтык имараттарына маалыматты тутуп алуучу электрондук түзүлүштөрдү коюу;
- сертификатталбаган чет өлкөлүк маалыматтык технологияларды, маалыматты коргоо каражаттарын, маалыматташтыруу, телекоммуникация жана байланыш каражаттарын колдонуу;
- аппараттык жана программалык буюмдарга бул буюмдардын документтеринде айтылбаган функцияларды аткаруучу компоненттерди коюу;
- маалыматтын таралуусуна мыйзамдуу чектөөлөрдү бузуу;
- интеллектуалдык менчик адистери менен укук ээлеринин чет өлкөгө чыгуу агымынын көбөйүүсү.
5. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун негизги максаты, милдеттери жана методдору
34. Ушул Концепциянын максаты адамдын, коомдун жана мамлекеттин маалыматтык чөйрөдөгү кызыкчылыгын коргоого багытталган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, бул чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча укуктук, уюштуруучулук жана экономикалык методдордун жыйындысын камтыган Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоонун натыйжалуу улуттук системасын түзүү болуп эсептелет.
35. Адамдын маалыматтык чөйрөдөгү кызыкчылыгы ынанымдуу жана толук маалыматка жетүү, аны мыйзамда тыюу салынбаган ишти жүргүзүү, интеллектуалдык, руханий адеп-ахлактык жана дене боюн өнүктүрүү үчүн пайдалануу укугу менен эркиндигинин камсыздалгандыгында, ошондой эле жеке коопсуздугун камсыздоочу маалыматты коргоого болгон укугунун кепилденгендигинде турат.
36. Коомдун маалыматтык чөйрөдөгү кызыкчылыгы андагы адамдын кызыкчылыгынын камсыздалгандыгында, демократиянын өнүгүүсүндө, руханий баалуулуктардын сакталгандыгында, республикада тынчтыкка, туруктуулукка жана коомдук ынтымакка жетишүү жана аны колдоо үчүн укуктук жана башка негиздерди түзүүдө турат.
37. Мамлекеттин маалыматтык чөйрөдөгү кызыкчылыгы адамдын жана коомдун укуктары менен эркиндиктерин ишке ашыруу максатында аны бирдиктүү түзүүдө, эң натыйжалуу өнүктүрүүдө жана пайдаланууда, мыйзамдын жана укук тартибинин ченемдерин сактоодо, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн бекемдигин, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыздоодо, экономикалык өнүгүүгө, саясий жана социалдык туруктуулукка жетишүүдө турат.
38. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү улуттук кызыкчылыктар төмөнкүлөр:
- маалыматты алуу жана пайдалануу жаатында адамдын, жарандын укугу менен эркиндигин сактоо, Кыргызстандын калкынын руханий өнүгүүсүн камсыздоо, коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарын, мекенчилдик жана гумандуулук салттарын, өлкөнүн маданий жана илимий потенциалын сактоо жана бекемдөө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты, мамлекеттик ички жана эл аралык социалдык маанидеги окуялар боюнча расмий позициясы жөнүндө улуттук жана эл аралык коомчулукка жеткирүүгө байланышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын ачык мамлекеттик маалыматтык ресурстарга жарандардын жетүүсүн камсыздоо менен маалыматтык камсыздоо;
- маалыматтык ресурстарды уруксатсыз кирүүдөн коргоо, Кыргыз Республикасынын аймагында жайылган жана түзүлө турган маалыматтык жана телекоммуникациялык системалардын коопсуздугун камсыздоо;
- заманбап маалыматтык технологияны, ата мекендик маалыматтык индустрияны, анын ичинде маалыматташтыруу каражаттарынын индустриясын, анын продукциясы менен ички рыноктун керектөөлөрүн жана бул продукцияны дүйнөлүк рынокко алып чыгууну камсыздоо, ошондой эле ата мекендик маалыматтык ресурстарды топтоо, сактоо жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо.
39. Концепциянын негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун коркунучтарына комплекстүү каршы аракеттенүү иш-чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү бийлик жана башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
- бул чөйрөгө тиешелүү иштерди укуктук, методикалык, илимий-техникалык жана уюштуруу жактан өнүктүрүү жана жакшыртуу;
- маалыматтык коопсуздуктун коркунучтарын ачыкка чыгаруу, баалоо жана божомолдоо.
40. Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо методдору укуктук, уюштуруу-техникалык жана экономикалык деп бөлүнөт:
1) Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоонун укуктук методдору төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык чөйрөсүндөгү бардык субъектилердин мамилелерин жана иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик методикалык документтерди иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасында адамдын жана коомдун аң-сезимине мыйзамсыз маалыматтык-психологиялык таасир этүүгө жол бербөөгө багытталган укуктук механизмдерди иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын компетенттүү укук коргоо органдарынын мамлекеттин маалыматтык чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулардын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча максатка багытталган ишин жандандыруу;
2) Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоонун уюштуруу-техникалык методдору маалыматты жана мамлекеттик маалыматтык системаларды потенциалдуу жана чыныгы коркунучтардан коргоо технологиясын үзгүлтүксүз жакшыртууда турат.
Мындай методдорго төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо системасын түзүү жана өркүндөтүү;
- иштелүүчү маалыматка уруксатсыз жетүүнүн жана маалыматты бузууга, жок кылууга, бурмалоого, ошондой эле маалыматташтыруунун жана байланыштын системалары менен каражаттарынын штаттык режимдерин өзгөртүүгө алып келүүчү атайын таасир этүүнүн алдын алуу системаларын, каражаттарын түзүү;
- маалыматты коргоонун каражаттарын жана бул каражаттардын натыйжалуулугун контролдоо методдорун иштеп чыгуу, пайдалануу жана жакшыртуу, корголгон телекоммуникациялык системаларды өнүктүрүү, атайын программалык камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын укук колдонуу ишин, анын ичинде маалымат чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулардын алдын алууну жана ага бөгөт коюуну, ошондой эле бул чөйрөдө кылмыш жана башка мыйзам бузуу жасаган адамдарды ачыкка чыгарууну, жоопкерчиликке тартууну күчөтүү;
- коомдун жана мамлекеттин жашоо турмушунун эң маанилүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун көрсөткүчтөрү менен мүнөздөмөлөрүнө мониторинг жүргүзүү системасын түзүү;
- маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кадрларды даярдоодо маалыматтык мамилелер субъектилеринин иш-аракеттерин мамлекеттик колдоо жана координациялоо;
3) экономикалык методдор төмөнкүнү камтыйт:
- Кыргыз Республикасынын жалпысынан маалыматтык коопсуздугун жана мамлекеттин күндөлүк турмушунун белгилүү бир атайын тармактарында (илим, техника, экономика, банк иши, коргоо, укук коргоо иши ж.б.) маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу, тийиштүү каржылоо жана кынтыксыз аткаруу.
41. Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун коркунучтарынын бардык түрүнө каршы аракеттенүү укуктук, уюштуруу-техникалык жана экономикалык методдорду комплекстүү пайдалануу жолу менен ишке ашырылат.
42. Маалыматтык иш жана руханий жашоо, жеке, топтук жана коомдук аң-сезим жаатында адам укугу менен эркиндигине тиешелүү коркунучтарга каршы аракеттенүү укуктук методдор, ошондой эле калктын компьютердик билим деңгээлин жогорулатууга жана коомчулуктун социалдык маанилүү маалыматка жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө байланышкан экономикалык, уюштуруу жана техникалык маселелерди Кыргыз Республикасынын бийлик жана башкаруу органдарынын чечүүсү менен жүргүзүлөт.
43. Маалыматтык колдоо коркунучтарына каршы аракеттенүүдө жана Кыргыз Республикасынын жетекчилиги жүргүзгөн тышкы жана ички саясатты маалыматтык камсыздоодо, ошондой эле техникалык каражаттардын улуттук индустриясын өнүктүрүүдө, маалыматты, маалыматташтырууну жана байланышты программалык камсыздоодо, ата мекендик маалыматтык продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүдө негизинен укуктук жана экономикалык методдор колдонулат.
44. Уюштуруу-техникалык методдор мамлекеттик маалыматтык системалардын иштөө коркунучтарына каршы аракеттенүү, алардын маалыматтык ресурстарын топтоо, сактоо жана натыйжалуу пайдалануу үчүн негизги методдор болуп саналат.
6. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы негизги багыттар
45. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы негизги багыттар төмөнкүлөр:
1) маалыматтык жана телекоммуникациялык системалардагы маалыматтык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө:
- киберкоопсуздукту камсыздоо жаатында стратегиялык документти кабыл алуу;
- киберкоопсуздукту камсыздоо чараларынын бирдиктүү системасын уюштуруу;
- киберкоопсуздукту камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органды аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын кооптуу маалыматтык инфраструктурасын аныктоо жана категорияга бөлүү, анын коопсуздугун камсыздоо боюнча укуктук, уюштуруу-техникалык чараларды иштеп чыгуу;
- компьютердик инциденттердин алдын алуу, таасир этүү жана башкаруу боюнча улуттук системаны түзүү;
- криминализация жана компьютердик кылмыштуулукка каршы аракеттенүү;
- маалыматты коргоонун улуттук системасын, анын ичинде маалыматты криптографиялык коргоону түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторундагы киберкоопсуздукту камсыздоого бирдиктүү мамилени аныктоо;
- киберкоопсуздук жаатындагы техникалык стандартташтыруу;
- киберкоопсуздукту камсыздоо жаатындагы чет өлкөнүн оң тажрыйбасын үйрөнүү жана мамлекеттик-менчик өнөктөштүк механизмдерин киргизүү;
2) ички жана тышкы саясат чөйрөсүндө:
- адамдын жана жарандын маалымат чөйрөсүндөгү конституциялык укугу менен эркиндигин коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу жана чараларды көрүү;
- мамлекеттик бийликтин туруктуулугуна, улуттар, диндер жана аймактар аралык ынтымакка, Кыргыз Республикасынын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө маалымат чөйрөсүнүн терс таасирин жөнгө салуу боюнча укуктук, уюштуруу-техникалык чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- жүргүзүлүп жаткан саясат жана расмий интернет ресурстарындагы ишинин жыйынтыгы тууралуу ачык маалыматты жайгаштырууга мамлекеттик мекемелер менен уюмдарга өбөлгө түзүүчү ченемдик жана администрациялык мүнөздөгү чараларды көрүү;
- мамлекеттин кадыр-баркын көтөрүүчү жалпыга маалымдоо каражаттарына жана коммуникацияларга, анын ичинде интернет ресурстарына мамлекеттик көмөк (анын ичинде экономикалык преференциялар: салыктык, бажылык ж.б.) көрсөтүү;
- улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты жана өлкөдөгү, дүйнөдөгү социалдык маанидеги окуялар боюнча анын расмий позициясын өлкө коомчулугуна жана дүйнөлүк коомчулукка ынанымдуу маалымат берүүдө маалымат технологиясын колдонуу;
- мамлекеттин ички жана тышкы саясатын маалыматтык коштоону уюштуруучулук жана техникалык камсыздоонун негизги багыттарын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын мүмкүндүктөрүн пайдалануу менен мамлекеттин ички иштерине маалыматтык кийлигишүүнүн алдын алуу боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн позициясы аркылуу маалымат ишин жигердүү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуу, тийиштүү эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоо;
3) билим берүү жана илим чөйрөсүндө:
- жашы жете электерди маалымат чөйрөсүндөгү эрежелер жана жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүү боюнча максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана иш-чараларды ишке ашыруу;
- башталгыч, орто жана жогорку билим берүү уюмдарында окуучуларга билим берүү жана аларды тарбиялоо милдеттери менен айкалышпаган маалыматты пайдаланууну жокко чыгаруу системаларын маалыматтык камсыздоо жана киргизүү;
- билим берүү уюмдарынын Интернет тармагына коопсуз кирүүсүн уюштуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- билим берүү уюмдарында Интернет тармагын коонсуз пайдалануу боюнча окутуу иш-чараларын өткөрүү;
- балдар менен өспүрүмдөрдүн саламаттыгына жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан аларды коргоо жөнүндө ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу;
- балдар менен өспүрүмдөрдү мыйзамсыз жана социалдык коркунучтуу контенттен коргоо механизмдерин киргизүү;
- маалыматтык-коммуникациялык технологияны пайдалануу менен балдар менен өспүрүмдөрдүн Интернетке болгон көз карандылыгын жана мыйзам бузууларынын алдын алуу;
- жашы жете электердин маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды жоопкерчиликтүү жана коопсуз пайдалануу көндүмүн калыптандыруу;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздук жаатындагы жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо маселесиндеги мамилени жакшыртуу;
- маалыматтык коопсуздук жаатындагы колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана өнүктүрүүгө зарыл шарттарды түзүү жана илимий ишмердикти мамлекеттик колдоо.
4) маданият жана маалымат чөйрөсүндө:
- маданият жана искусство чөйрөсүндө заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу боюнча ченемдик жана административдик мүнөздөгү чараларды көрүү;
- чыгармачылык ишти жүргүзүү жана маданият мекемелеринин иштөөсү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы заманбап жетишкендиктерди пайдалануу;
- коомдук аң-сезимге терс таасирден коргоо максатында заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу маалымат чөйрөсүндө маданиятты жана каада-салтты пропагандалоо;
- заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жардамы менен жалпы улуттук идеологияны калыптандыруу жана илгерилетүү;
- Кыргыз Республикасында туризм чөйрөсүндөгү заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу (маалыматтык технологиялардын, интернет экскурсиянын ж.б. жардамы менен туристтик каттамдар);
- салыктык жана башка өбөлгө түзүүчү артыкчылыктарды колдонуу менен ата мекендик контенттин өнүгүүсүнө мамлекеттик көмөк көрсөтүү;
- улуттук маалыматтык агенттиктерди жана ресурстарды өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- телерадиоуюмдарынын жана мезгилдүү басылма жалпыга маалымдоо каражаттарынын интернет мейкиндигинде онлайн түрүндө иштөөсүн камсыздоо, жалпыга маалымдоо каражаттарынын интернет версияларын популяризациялоо, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу;
- өлкөдөгү кеңири масштабдагы окуялар, глобалдык деңгээлдеги маанилүү жаңылыктар тууралуу эксклюзивдүү материалдарды, чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн уникалдуу материалдарын берүүчү катары телерадио уюмдарынын бирин алып чыгуу, социалдык теледолбоорлорду ишке ашырууга мамлекеттик заказды жайгаштыруу;
- саясий, экономикалык, маданий, социалдык жана башка маалымат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы үчүн эң маанилүү делген эл аралык медиа кызматташтыкты өнүктүрүү;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет мейкиндигинде мыйзамга каршы контенттин таралышына каршы аракеттенүү максатында маалымат мейкиндигине мониторинг жүргүзүү системасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдеринде көрсөтүлгөн ата мекендик контенттин (улуттук аудиовизуалдык продукциянын) көлөмүн өндүрүүнү телерадиоуюмдарынын сактагандыгы боюнча маалымат мейкиндигине мониторинг жүргүзүү;
- интернет мейкиндигинин юридикалык статусун аныктоо, интернет мейкиндигиндеги өз ара мамилени жөнгө салуу;
5) диний чөйрөдө:
- диний фундаментализмди үгүттөгөн диний бирикмелердин, ошондой эле тоталитардык диний секталардын ишинин натыйжасын коомдук туруктуулуктун бузулушуна жол бербөө жөнүндө үгүттөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу;
- калкты агартуу максатында салттуу диний агымдар, ошондой эле тыюу салынган диний уюмдар тууралуу маалыматты расмий интернет аянтчаларына жайгаштыруу;
- диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу, заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен калк арасында диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу;
- диний уюмдардын маалымат чөйрөсүндө терс маалыматтык таасир этүүсүнө жана деструктивдүү таасирине каршы аракеттенүү;
6) коргоо жана укуктук тартип чөйрөлөрүндө:
- маалымат мейкиндигинде мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн солгундатууга багытталган операцияларга жигердүү каршы аракеттенүүнүн формаларын жана ыкмаларын өркүндөтүү;
- маалыматтык технологияларды мыйзамга каршы иш-аракет жасоо үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жана жарандарынын өздүк курамынын аң-сезимине деструктивдүү маалыматтык таасир этүү үчүн пайдаланууга каршы аракеттенүү;
- жеке, топтук жана жалпы аң-сезимге деструктивдүү маалыматтык таасир этүүгө каршы аракеттенүүнүн укуктук, уюштуруу-техникалык механизмдерин, методдорун жана ыкмаларын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
- аскердик чөйрөдө маалыматтык коопсуздукту камсыздоо органдарынын системасын өркүндөтүү;
- аскердик чөйрөдө маалыматтык кагылыштын каражаттарын, формаларын жана ыкмаларын колдонууга системалуу талдоо жүргүзүү;
- байланыш тармактарында жана каналдарында мыйзамга каршы маалыматты жайылтууга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик органдардын жана байланыш операторлорунун таасирдүү бирге иш алып баруу механизмин иштеп чыгуу;
- маалымат чөйрөсүндө мыйзам бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле бул чөйрөдө кылмыш жана башка мыйзам бузган адамдарды табуу жана жоопкерчиликке тартууну кошуп, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын укук колдонуу тажрыйбасын өркүндөтүү.
7. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
46. Азыркы учурда маалыматтык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин өнүктүрүү аркылуу мамлекеттин, калктын, бизнестин жана жарандык коомдун түзүмдөрүнүн бирге иштешүү механизмдерин өнүктүрүү актуалдуу мааниге ээ.
47. Кыргыз Республикасында 2012-жылдын 22-февралында "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анда мамлекеттик өнөктүн объектилерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө реконструкциялоого жеке өнөктү тартуу маселелери боюнча, ошондой эле иштеп жаткан жана кайра түзүлгөн, анын ичинде инфраструктуралык объектилерди башкаруу боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн узак мөөнөттүү өз ара иштешүүсү каралган.
48. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо тармагындагы абалды талдоо маалыматтык коопсуздукту камсыздоо проблемаларын биргелешип чечүү максатында мамлекеттик жана жеке сектордун өз ара иштешүүсүнүн принциптүү жаңы формаларын киргизүүнү талап кылат.
49. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн өнүгүүсүн токтотуунун негизги себеби болуп Кыргыз Республикасында бул багытта мамлекет менен бизнестин ортосунда натыйжалуу өз ара иштешүү тажрыйбасынын жоктугу эсептелет.
50. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү максатында төмөнкүлөр зарыл:
- маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууда чет өлкөлөрдүн оң тажрыйбасын үйрөнүү;
- маалыматтык коопсуздук жаатында иштеп жаткан бизнес коомчулугунун мыйзам чыгаруу демилгесин өбөлгөлөө;
- маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууга катышкан менчик компанияларга салык, бажы жана башка артыкчылыктар түрүндө мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
8. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо системасы жана принциптери
51. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо системасы бул чөйрөдө мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги органдарынын ыйгарым укуктарын ажыратып бөлүүнүн негизинде түзүлөт.
52. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу, укук колдонуу, укук коргоо, сот, контролдоо жана башка иш формаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана жарандар менен болгон өз ара аракеттенүүсүн айкалыштыруунун негизинде жүргүзүлөт.
53. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо системасынын уюштуруучулук негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча маселелерди чечүүгө катышкан мамлекеттик органдар түзүшөт.
54. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо системасынын катышуучулары болуп мындай объектилерди пайдалануучу уюмдардын жана маалыматтык инфраструктура объектилеринин жеке менчик ээлери, жалпыга маалымдоо жана массалык коммуникация каражаттары, финансы рыногунун акча-кредиттик, валюталык, банк жана башка чөйрөнүн уюмдары, байланыш операторлору, маалыматтык-телекоммуникациялык системалардын операторлору, маалыматтык системаларды жана байланыш тармактарын түзүү жана пайдалануу боюнча иштеген уюмдар, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо каражаттарын иштеп чыгуу, өндүрүү жана пайдалануу боюнча уюмдар, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо тармагында кызмат көрсөтүүчү уюмдар, жеке маалымат ээлери, бул тармакта билим берүү боюнча иштөөчү уюмдар, коомдук бирикмелер, диний жана башка уюмдар, ошондой эле жарандар эсептелет.
55. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын иши төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин сактоо;
2) жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин, адамдын, коомдун жана бүтүндөй мамлекеттин өтө маанилүү кызыкчылыктарын урматтоо;
3) маалыматтык коопсуздукту камсыздоо чараларынын системасынын биримдиги, өз ара байланышы жана адекваттуулугу;
4) маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун саясий жана экономикалык чараларынын артыкчылыгы;
5) маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча адамдын, коомдун жана мамлекеттин өз ара жоопкерчилиги;
6) маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын иши жөнүндө маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү, мындай ачыктык жана жеткиликтүүлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүсү мүмкүн болгон учурлардан тышкары;
7) мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана жарандардын маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча маселелерди чечүүдөгү өз ара натыйжалуу иши.
9. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык
56. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы эл аралык мамилелерде эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларга ылайык өзүнүн улуттук кызыкчылыгынын негизинде аракет кылуу зарыл.
57. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоодо эл аралык кызматташуу максатын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы менен дүйнөлүк жана региондук деңгээлде маалыматтык коопсуздукту камсыздоо менен алектенүүчү эл аралык уюмдардын кызматташуусун актуалдаштыруу талап кылынат. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнө жана Европа коопсуздук кызматташтык уюмуна, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер менен болгон кызматташууга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
58. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусунун негизги багыттарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар түзөт.
10. Концепцияны ишке ашыруу
59. Ушул Концепцияны ишке ашыруу Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнү стратегиялык пландоонун тармактык документтеринин негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындай документтерди актуалдаштыруу максатында орто мөөнөттүү келечекке маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун алгылыктуу багыттарынын тизмесин аныктайт.
60. Маалыматтык мамиленин ар бир чөйрөсүндө маалыматтык коопсуздуктун коркунучтарына карата корголуучу объектилердин өзгөчөлүгү жана алардын начар корголгондук даражасына байланышкан өз өзгөчөлүктөрү бар. Мындай объектилердин маалыматтык коопсуздугун камсыздоо максатында ички ведомстволук атайын концепциялар, тийиштүү программалар жана аларды ишке ашыруунун иш-чаралар планы түзүлүп, ишке ашырылышы керек.
61. Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоого багытталган концепцияларды, мамлекеттик максаттуу программаларды, иш-чаралар пландарын иштеп чыгуу жана кароо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдар жүргүзөт.
62. Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздук саясатын укуктук камсыздоону өркүндөтүү мамлекеттик органдардын тийиштүү иш-планынын негизинде жүргүзүлөт, ал каралып жаткан тармакта мамилени укуктук жөнгө салуу проблемаларына талдоо жүргүзүү, аларды чечүүнүн рационалдуу жолдорун аныктоо, бул жөнгө салуунун белгилүү бир багыттары боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун даярдоону алдын ала караштырат. Бул иштер тийиштүү ведомстволор аралык мамлекеттик максаттуу программалардын негизинде жүргүзүлөт.
63. Ушул Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугу бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын, менчик жана коомдук уюмдардын, кеңири коомчулуктун күч-аракетинин биригүү деңгээлине байланыштуу.