Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-июну № 280
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.С.Токторов, А.Т.Алтыбаева, А.Ш.Жээнбеков, Н.К.Алимбеков, Т.Г.Тиллаев, Ж.К.Турускулов, Д.Г.Торокулов, К.К.Керезбеков, А.Ж.Исмаилова, К.Б.Орозова, М.Э.Мавлянова, А.Ш.Осмонова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 280 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.С.Токторов, А.Т.Алтыбаева, А.Ш.Жээнбеков, Н.К.Алимбеков, Т.Г.Тиллаев, Ж.К.Турускулов, Д.Г.Торокулов, К.К.Керезбеков, А.Ж.Исмаилова, К.Б.Орозова, М.Э.Мавлянова, А.Ш.Осмонова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык преамбула (киришүү) - ченемдик укуктук актынын милдеттүү эмес өз алдынча бөлүгү, анда актыны кабыл алуунун (чыгаруунун) себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматтар камтылат. Преамбулага ченемдик буйрумдарды киргизүүгө жол берилбейт.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун ченемдик укуктук актынын жөнгө салуу предметин аныктоочу преамбуласын конкреттештирүүнү жана өз алдынча берене түрүндө баяндоону сунуштайбыз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 9-пунктунда "аткарууга милдеттүү" жана "жана талаптардын" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү талаптар техникалык регламенттерде белгиленет.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүндө ушул сыяктуу түшүнүктөр каралган (мисалы, "тартылбоочу (түтүнсүз) тамеки заттары", "тамеки заттары", "тамеки чегүү шаймандары"), алардын мазмуну Евразия экономикалык комиссиянын Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 107 чечими менен кабыл алынган Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламент" техникалык регламентинде (БС ТР 035/2014) келтирилген түшүнүктөргө шайкеш келбейт.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасында баяндалган ченем жаратуу техникасынын талаптарын эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүн жогоруда аталган Техникалык регламенттин жоболорун көңүлгө алуу менен так жана бир маанилүү түшүнүктөрдү колдонуу менен иштеп чыгууну сунуштайбыз.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Эл аралык келишимдерди жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу тартиби жана шарттары мыйзамдар менен аныкталат.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүн жана 21-беренесинин 1-бөлүгүн кайра карап чыгууну жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесин кайра карап чыгууну сунуштайбыз, анткени эл аралык келишимдерди түзүү, аткаруу, токтотуу жана жокко чыгаруу маселелери "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери менен регламенттелген.
5. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз, анткени Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинде никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын жана никотин болуп саналбаган өнүмдөрдү жеткирүүнүн электрондук системаларын жүгүртүүнү жөнгө салуучу конкреттүү ченемдер каралбастан, башка ченемдик укуктук актыларга жалпыланган шилтеме ченемдери камтылган.
6. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 5 жана 9-пункттарын "Жаңжалдардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана мамлекеттик, муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
7. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 7-пунктуна ылайык "тамеки өнөр жайы жана алардан финансылык жардам алган юридикалык жактар кызыкдар болгон мамлекеттик органдарга талап кылган учурда маркетингге, кирешеге жана башка ар түрдүү ишине байланыштуу, анын ичинде лобби жасаган кайрымдуулук, саясий жана башка ишине сарпталган каражаттар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү" деп жазылган.
Мында Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 2-беренесине ылайык Жарандык мыйзамдар өзү жөнгө салган мамилелерге катышкандардын теңдигин, эркинин автономиялуулугун жана мүлктүк өз алдынчалыгын таанууга, менчиктин кол тийгистигине, келишимдин эркиндигине, жеке иштерге кимдир-бирөөнүн зомбулук менен кийлигишүүсүнө жол бербөөгө, граждандык укуктарды тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруунун зарылдыгына, бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү, аларды сот тарабынан коргоону камсыз кылууга негизделет. Жарандар жана юридикалык жактар өздөрүнүн граждандык укуктарын өзүнүн эрки менен жана өзүнүн таламына жараша алышат жана жүзөгө ашырышат. Алар келишимдин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин белгилөөдө жана келишимдин мыйзамдарга карама-каршы келбеген кандай гана болбосун шарттарын аныктоодо эркин болушат.
Мындан тышкары аталган Кодекстин 84-беренесине ылайык юридикалык жак анын уюштуруу документтеринде каралган иштин максаттарына ылайык граждандык укуктарга ээ боло алат жана мындай ишке байланыштуу милдеттерди ала алат.
Мыйзамдын долбоорунун 18-беренесинин 1-бөлүгү боюнча да ушул сыяктуу сунуш берилет.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунда "лобби жасоо" жана "жабуу тобу" терминдерине түшүндүрмө берилген эмес.
8. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 4-пунктунда, 15-беренесинин 12 жана 14-бөлүктөрүндө, 16-беренесинин 15-бөлүгүндө, 18-беренесинин 2-5-бөлүктөрүндө, 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 20-беренесинин 3-бөлүгүндө, 21-беренесинин 1-бөлүгүндө, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда жана 24-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына бланкеттик шилтемелер колдонулган.
Ушуну менен бирге "мыйзамдар" деген түшүнүк жалпыланган мааниге жана кеңири чечмелөө мүмкүндүгүн берген чаржайыт мүнөзгө ээ экендигин белгилейбиз. Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык "мыйзамдар" коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы дегенди түшүндүрөт.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун жогоруда аталган беренелерин эске алуу менен аларды кайра карап чыгууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык мыйзамдарга жалпысынан бланкеттик шилтеме келтирүүгө жол берилбейт (мисалы, "мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат").
9. Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөн маалыматка ылайык аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансы чыгымдарын сарптоого алып келбейт деп белгиленген.
Ушуну менен бирге, Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 2-пунктуна ылайык тамеки заттарына болгон суроо-талаптарды төмөндөтүүгө багытталган мамлекеттик программаларды, анын ичинде медициналык-маалыматтык регламентти жана социалдык-экономикалык чараларды иштеп чыгуу, кабыл алуу, ишке киргизүү жана каржылоо мамлекет тарабынан кепилге алынгандыгына белгилөө зарыл.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тамеки керектөөнү кыскартуу боюнча коммерциялык эмес уюмдардын консультациялык, маалыматтык жана изилдөө иштерин каржылоону камсыз кылат жана анын тартибин аныктайт" деп белгиленген.
Айтылгандардан улам Мыйзамдын долбоорунда каралган жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерди практикалык ишке ашыруу өлкөнүн реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен уюштуруучулук, техникалык жана финансылык чаралар комплексин көрүүнү талап кылат.
Өз учурунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүүчү чыгымдардын көбөйүүсүн караштырган мыйзам долбоорлору каржылоо булагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигине көңүл буруу зарыл.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылган ченемдик укуктук актылар каржылоо булагы аныкталмайынча кабыл алууга жатпайт деп белгиленген.
10. Мыйзамдын долбоорунун 12-беренесинин 1 жана 2-пункттары боюнча "Кыргыз Республикасында ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында тамеки буюмдарынын баардык түрлөрүнө карата баа саясатын жүргүзүү каралбагандыгын белгилейбиз, ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунда тамеки буюмдарынын баардык түрлөрүнө, анын ичинде насвайга карата бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө ченемди киргизүүнү сунуштайбыз.
11. Мыйзамдын долбоорунун текстинде саламаттык сактоо жана стандартташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциялары жана ыйгарым укуктары каралгандыгын белгилейбиз.
Атап айтканда, Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 2-бөлүгүндө "Илимий изилдөөлөрдүн, эпидемиологиялык көзөмөлдүн жана мониторингдин жыйынтыктарынын негизинде саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тамеки керектөөнү кыскартууга жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) ден соолукка тийгизген таасирин алдын алууга багытталган чараларды натыйжалуу ишке ашырууну баалайт жана талдайт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин таасиринен коргоо боюнча мындан аркы иш-чаралардын багытын аныктоо үчүн отчет берет" деп белгиленген.
Ошондой эле, Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык "Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген Кыргыз Республикасынын рыногуна келип түшкөн тартылуучу тамеки заттарынын, анын ичинде таңгактардын жана кутучалардын жасалгаланышын жана дизайнын кошкондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган талаптарга жана стандарттарга шайкештигин контролдоочу саламаттык сактоо жана стандартташтыруу тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламентинин" (ТР ТС 035/2014) талаптарына шайкеш кылып жүзөгө ашырат" деп белгиленген.
Ушул сыяктуу ченемдер Мыйзамдын долбоорунун 15-беренесинин 14-бөлүгүндө, 18-беренесинде жана башка беренелеринде камтылган.
Ушуну менен бирге "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын негизинде министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда функцияларды бөлүштүрөт деп аныкталгандыгын белгилөө зарыл.
Функцияларды бөлүштүрүү жогоруда аталган мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитүү, укуктук статусту кылдат регламенттөө, ишин уюштуруу, иш тартибин аныктоо, укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин аныктоо, ошондой эле башка органдардын, мекемелердин жана жарандардын ортосунда өз ара мамилелерди аныктоо аркылуу жүргүзүлөт.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунан жогоруда аталган мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын регламенттөөчү жоболорду алып салууну жана зарылдыгына жараша аларды ченемдик көрсөтмөлөр катары баяндоону сунуштайбыз.
Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышы мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө" токтомуна ылайык Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышына тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзүлө тургандыгына көңүлүңөрдү бурабыз.
Ошондой эле, ишкер субъекттерин текшерүү "Ишкер субъекттерин текшерүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлө тургандыгына көңүлүңөрдү бурабыз, ал эми мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзүү "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык стандартташтыруу боюнча улуттук органдын функцияларына кирбейт.
12. Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык "юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ушул Мыйзамдын ушул беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлерге тамеки чегүүгө тыюу салуу жөнүндө маалыматтык белгилерди (плакаттарды) жайгаштырууга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык жайгаштырууну камсыз кыла тургандыгын" белгилөө каралган.
Ушуну менен бирге, көрсөтүлгөн эрежелер ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөлөрүнө ээ боло турган учурда, алар тиешелүү түрдө ченем жаратуучу субъект тарабынан бекитилүүгө тийиш экендигин белгилейбиз.
Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык укук ченеми - бул адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери.
Мында ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу (чыгаруу) укугу көрсөтүлгөн Мыйзамдын 5-беренесинде аныкталган тизмеге кирген ченем жаратуучу органдарына (кызмат адамдарына) берилгендигин белгилөө зарыл.
13. Мыйзамдын долбоорунун 14, 16 жана 18-беренелерине ылайык тартылуучу тамеки заттарына, чегилбеген тамеки заттарына, тартылуучу тамеки заттарынын, насвайдын, тартыла турган тамекинин (же/жана чегиле турган тамеки аралашманын), НЖЕС/НСПЖЭСтин керектөөчүлүк таңгактарына жайгаштырууга багытталган, тартылуучу электр аспаптарында жана керектөөчүлүк таңгактарында, суу түтүктөрдө тамекинин ден соолукка тийгизген зыяны жөнүндө эскертүүнүн жана башка маалыматтардын жайгаштыруусуна коюлган талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын рыногуна өзүнүн товарын жеткирип берген насвайды, тартылуучу электр аспаптарды, НЖЕС/НСПЖЭСти жана алардын суюктуктарын өндүрүүчүлөрүнүн отчеттуулугун белгилөө сунушталууда.
Ушуну менен бирге 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 52-беренесине ылайык Бирликтин техникалык регламенттери же улуттук милдеттүү талаптар Комиссия тарабынан бекитилүүчү бирдиктүү тизмеге киргизилген продукцияга карата гана колдонула тургандыгына көңүл буруу зарыл. Мүчө мамлекеттер өздөрүнүн мыйзамдарында бирдиктүү тизмеге киргизилбеген продукцияга карата милдеттүү талаптарды белгилөөгө жол беришпейт. Бирликтин Техникалык регламенттери Бирликтин аймагында түздөн-түз колдонулат.
Аталган Келишимдин 53-беренесине ылайык Бирликтин техникалык регламенти күчүнө кирген продукция Бирликтин техникалык регламентинде белгиленген шайкештигин баалоо боюнча зарыл болгон жол-жоболордон өткөрүлгөн шартында Бирликтин аймагында жүгүртүүгө чыгарылат. Мүчө мамлекеттер мындай продукцияга карата Бирликтин техникалык регламентинин талаптарына шайкеш келген продукцияны Бирликтин техникалык регламентинде камтылган эрежелерден тышкары кошумча талаптарды койбостон жана шайкештикти баалоо боюнча кошумча жол-жоболорду өткөрбөстөн өлкөнүн бүткүл аймагында жүгүртүүнү камсыз кылат.
Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын аймагында 2016-жылдын 15-майынан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 107 чечими менен кабыл алынган "Тамеки продукциясына карата техникалык регламент" Бажы бирлигинин техникалык регламенти (БС ТР 035/2014) колдонула тургандыгын белгилейбиз, ага ылайык колдонуу жана аткаруу үчүн тамеки продукциясына, аны керектөөчүлүк таңгагына жайгаштырылган маалыматка (маркировкага) коюлуучу милдеттүү талаптарды, тамеки буюмдарынын таңгагына коюлуучу бирдиктүү талаптарды, ошондой эле тамеки продукциясынын шайкештигин баалоо формалары, схемалары жана жол-жоболору белгиленет жана Евразия экономикалык бирлигинин баардык мүчө мамлекеттери тарабынан колдонулат. Мында, аталган Техникалык регламенттин колдонулушу чегилүүчү тамеки заттарына жайылтылбайт.
Ошондой эле, жогоруда аталган Техникалык регламентте Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен форма боюнча тамеки буюмдарын жасап чыгаруучу (импорттоочу) тарабынан отчет берүүсү каралган. Бирок, бүгүнкү күнгө карата отчеттун формасы бекитиле элек.
Мында, талдоо көрсөткөндөй Мыйзамдын долбоорунда тамеки заттарына кошумча талаптар киргизилгендигин көрсөтүп, алар жогоруда аталган Келишимдин ченемдерине каршы келип, аталган Техникалык регламенттин ченемдерин кайталап жатат.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун көрсөтүлгөн беренелерин кайра карап чыгууну жана жогоруда аталган Техникалык регламенттин жана Келишимдин жоболоруна шайкеш келүүсүн кошумча талдоону сунуштайбыз.
14. Мыйзамдын долбоорунун 15-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында насвайдан тышкары чегилбеген тамеки заттарын чыгарууга, ташып киргизүүгө жана жүгүртүүгө (анын ичинде сактоо, дүңүнөн жана чекене сатууга, ташып чыгарууга) тыюу салуу каралууда.
Өз учурунда Мыйзамдын долбоорунун аталган ченеми Дүйнөлүк соода уюмунун мыйзамдарына, атап айтканда Тарифтер жана соода боюнча башкы макулдашуунун (ГАТТ 1947) XI беренесинин 1-пунктуна каршы келе тургандыгын көңүлгө алуу зарыл.
15. Мыйзамдын долбоорунун 15-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында насвайды лицензиясыз чыгарууга тыюу салуу каралууда.
Бирок, "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүүчү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде лицензиялоого тийиш болгон иштин түрлөрүнүн тизмеси аныкталгандыгын белгилөө зарыл, ага насвай өндүрүү кирген эмес.
Ушуну менен бирге Мыйзамдын долбооруна насвайга жана насвай боюнча отчет берүүгө коюлган талаптарды киргизүү боюнча насвай өндүрүүчүлөр кандай таризде отчет берүүсү түшүнүксүз бойдон калып жаткандыгын белгилейбиз, бүгүнкү күндө аны жасап чыгаруу жана андан ары жайылтуу уруксат берүүчү документтерсиз өз алдынча жүргүзүлүп жаткандыгын эске алуу керек.
Ушуга байланыштуу каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунун алкагында "насвайды" жасап чыгарууну жана жайылтууну жөнгө салуучу конкреттүү механизмдерди киргизүүнү сунуштайбыз.
16. Мыйзамдын долбоорунун 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик маркасы жок насвайды жүгүртүүгө тыюу салуу каралууда.
Мында насвай Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 285-беренеси менен аныкталган акциздик товарлардын тизмесине кирбей тургандыгын белгилейбиз.
17. Мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык "20 даанадан кем же ашык сигарети бар пачкаларды же чылымды дааналап сатууга" тыюу салуу сунушталат.
Ушуну менен бирге сатууга уруксат берилген чылымдын саны түшүнүксүз калып жаткандыгын белгилейбиз.
18. Мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык тутануу мүмкүнчүлүгү төмөн сигареттерден башка сигареттердин баардык түрлөрүн сатууга тыюу салынат.
Мында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 107 чечими менен кабыл алынган "Тамеки продукциясына карата техникалык регламент" Бажы бирлигинин техникалык регламентинин (БС ТР 035/2014) талаптарына шайкеш келген тамеки продукциясы кошумча талаптарды койбостон жүгүртүүгө чыгарылып жаткандыгын эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Ушуну менен бирге кайсы сигареттер жөнүндө айтылып жаткандыгын жана аларды мындай түргө киргизүүнүн критерийлерин тактоону сунуштайбыз.
19. Мыйзамдын долбоорунун 20-беренесинин аталышына ылайык Мыйзамдын долбоорунун ушул беренеси тамеки заттарын, тартылуучу электр аспаптарын, НЖЭСти/НСПЖЭСти сатып өткөргөн адамдардын укуктарын жана милдеттерин камтууга тийиш болчу.
Бирок, Мыйзамдын долбоорунун көрсөтүлгөн беренесинде тамеки заттарын, тартылуучу электр аспаптарын, НЖЭСти/НСПЖЭСти сатып өткөргөн адамдардын укуктары жөнүндө жоболор камтылган эмес, ушуга байланыштуу аны жеткире иштеп чыгууну сунуштайбыз.
20. Мыйзамдын долбоорунун 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун кайра кароону сунуштайбыз, анткени милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнүн принциптери жана эрежелери Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекс жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси менен жөнгө салынат.
21. Мыйзамдын долбоорунун 24-беренесин эске алуу менен каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунун жоболорун бузуу үчүн жоопкерчилик каралып жаткандыгын эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин 3-бөлүгүн, 16-беренесинин 15-бөлүгүн жана 20-беренесинин 3-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
22. Мыйзамдын долбоорунун 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Өкмөткө алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда ага шайкеш келтирүү тапшырмасы берилүүдө.
Мында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ушуну менен бирге каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра кароого тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылган эмес.
Ушуга байланыштуу негиздеме-маалым катты Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү же иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө маалыматтар менен толуктоону сунуштайбыз.
Мында, талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы аныкталган учурда, мыйзамдар менен мыйзам алдындагы актылардын ортосунда укуктук вакуум пайда болуусун болтурбоо максатында Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу зарыл.
23. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун текстинде "жана башкалар", "ж.б.у.с.", "башка ингредиенттер", "башка ченемдик укуктук актылар", "башка ушул сыяктуу товарлар", "башка түрлөр жана формалар", "Бажы бирлигинин башка техникалык регламенттери", "башка корпоративдик кызыкчылыктар", "иштин башка түрлөрү", "чегүүнүн башка шаймандары", "башка ушул сыяктуу заттар", "башка шарттарды түзүү", "өткөрүлүшү мүмкүн" сыяктуу жалпыланган жана конкреттүү эмес сөз айкаштары колдонулган, алар укук колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна өбөлгө түзөт, себеби тиешелүү субъектиге кеңири дискрециялык ыйгарым укуктарды берет.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун тиешелүү жоболорун кайра кароону сунуштайбыз.
24. Мыйзамдын долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо (мындан ары - ЖТТ) боюнча сунушталган ЖТТ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ченемдик укуктук актылардын ишкер субъекттеринин ишине тийгизген жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын талаптарына шайкеш келбей тургандыгын белгилейбиз.
Атап айтканда, ЖТТны иштеп чыгууда жумушчу топтун курамына коммерциялык уюмдардын өкүлдөрү жана жеке ишкерлер киргизилген эмес, ошондой эле ЖТТда максаттардын аткарылышынын сапаттык индикаторлору (таасир этүүнүн көрсөткүчтөрү) жана алардын аткарылышын баалоо үчүн максаттуу көрсөткүчтөр аныкталган эмес.
Жогоруда аталган Методиканын 13-пунктуна ылайык "баардыгын мурдагыдай калтыруу" деген жөнгө салуунун вариантынан тышкары мамлекеттик жөнгө салууну өзгөртүү шартталган жок дегенде эки вариантты иштеп чыгуу зарыл экендигин белгилейбиз, алардын ар бири үчүн төмөнкүдөй пункттар боюнча толук баяндама келтирүү зарыл:
- жөнгө салуунун ыкмасы;
- жөнгө салуунун таасири;
- ишке ашыруунун тобокелдиктери;
- укуктук жана башка талдоолор;
- экономикалык талдоо;
- коомдук талкуулоонун жыйынтыктары.
Ушуга байланыштуу жөнгө салуунун сунушталган варианттарын толук кандуу бири-бирине салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо жана андан ары негиздүү чечим кабыл алуу максатында жөнгө салуунун альтернативдүү вариантын иштеп чыгуунун жана жогоруда аталган пункттар боюнча баяндама келтирүүнүн зарылдыгын белгилейбиз.
25. Мыйзамдын долбоорун коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштыруунун этабында (2018-жылдын 4-июлу) Евразия экономикалык комиссиясынын Функциялык департаменти Мыйзамдын долбоорунда бири-бирин кайталаган жоболор жана Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук базасына карама-каршылыктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине маалымат (11.07.2018-жылдагы чыгыш № 250238) бергендигин кошумча билдиребиз. Бул сын пикирлер Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине jkenesh303@mail.com электрондук почта аркылуу Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууда эсепке алуу үчүн жиберилген, бирок алар эске алынган эмес.
Жалпысынан Мыйзамдын долбоорун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамада белгиленген ченем жаратуу техникасынын эрежелерине ылайык сапаттуу иштеп чыгуу зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгууну максатка ылайык деп эсептейт.