Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-июну № 284
"Кайрымдуулук уюмдары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В.Никитенко, А.М.Нурбаев, А.Ш.Осмонова, К.Б.Орозова, Ж.К.Акаев, А.Т.Алтыбаева, К.К.Керезбеков, А.А.Карашев, А.К.Касымалиева, Д.Д.Бекешев, А.И.Кулбараков, И.А.Маннанов, К.Дж.Рыспаев, Т.Г.Тиллаев, Э.Т.Токтошев, Г.К.Асылбаева, Н.Т.Каримов, С.А.Айдаров демилгелеген "Кайрымдуулук уюмдары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-июнундагы № 284 токтому менен жактырылган |
"Кайрымдуулук уюмдары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В.Никитенко, А.М.Нурбаев, А.Ш.Осмонова, К.Б.Орозова, Ж.К.Акаев, А.Т.Алтыбаева, К.К.Керезбеков, А.А.Карашев, А.К.Касымалиева. Д.Д.Бекешев, А.И.Кулбараков, И.А.Маннанов, К.Дж.Рыспаев, Т.Г.Тиллаев. Э.Т.Токтошев, Г.К.Асылбаева, Н.Т.Каримов, С.А.Айдаров демилгелеген "Кайрымдуулук уюмдары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду чыгарды.
"Кайрымдуулук уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча (мындан ары - мыйзам долбоору).
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык преамбула ченемдик укуктук актынын милдеттүү эмес өз алдынча бөлүгү, анда актыны кабыл алуунун (чыгаруунун) себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматтар камтылат, преамбулага ченемдик буйрумдарды киргизүүгө жол берилбейт.
Ушуга байланыштуу ченемдик укуктук актыны жөнгө салуунун предметин жана максатын аныктаган мыйзам долбоорунун преамбуласын өзүнчө берене түрүндө тариздөөнү сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесиндеги ", Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесине ылайык Салык кодекси салык контролдоосун жүзөгө ашыруу процессинде пайда болгон Кыргыз Республикасындагы салыктарды белгилөө, колдонууга киргизүү жана алуу боюнча салык мамилелерин жөнгө салат.
3. Мыйзам долбоорунун 4-беренеси менен кайрымдуулук уюмунун статусун сертификаттоо аркылуу коммерциялык эмес уюм катары берүү сунушталууда. Ушуга байланыштуу белгилей кетчү жагдай, "Коммерциялык эмес уюм жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары коомдук бирикмелердин, фонддордун, мекемелердин же юридикалык жактардын бирикмелеринин (ассоциациялардын жана союздардын) формасында түзүлгөн кайрымдуулук уюмдарын сертификациялоо тууралуу ченемдерди камтыбайт.
Мындан тышкары "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "сертификаттоо" деген термин шайкештикти ырастоо формасы болуп түшүнүлөт, анын жүрүшүндө сертификаттоо боюнча орган продукция же долбоорлоо, өндүрүү, куруу процесстери жана башкалар техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдин шарттарына шайкеш келээрин документ түрүндө ырастайт.
Ушундан улам "сертификаттоо" деген термин продукциянын же өндүрүш процесстеринин белгилүү бир талаптарына ылайык келген жол-жобосуна, ошондой эле кызмат көрсөтүүгө карата колдонулат.
Ушуга байланыштуу сертификаттоо жол-жобосун киргизүү коомдук бирикме, фонддор, мекемелер же юридикалык жактардын бирикмелери (ассоциациялар жана союздар) формасында коммерциялык эмес уюмдарды түзүү жол-жобосун кыйындатат.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 5-бөлүгү менен коммерциялык эмес уюмга кайрымдуулук уюму статусун берген учурда ыйгарым укуктуу салык органы коммерциялык эмес уюмунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрымдуулук уюмунун статусун коммерциялык эмес уюмга берүү тууралуу сертификатты берүүсүн белгилөө сунушталат.
Бирок мыйзам долбоорунун аталган ченеми салык органына такыр туура келбеген функцияларды берип салат. Мындан тышкары, Реестрди жүргүзүү боюнча функцияларды берүү "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келет, анткени юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн), анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын реестрин каттоо жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт, ал эми Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 95-беренесине ылайык салык төлөөчүнүн мамлекеттик реестри ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жүргүзүлөт.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы бюджетке салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү топтогон жана аларды өз убагында жана толук төлөөнү контролдогон, жеке ишкер катары жеке жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелерин белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын аткарылышын камсыздоо эсептелет.
Кайрымдуулук уюмдарын салык органдары тарабынан сертификаттоо аталган ченемдик укуктук актыларда каралган салык органдарынын милдеттерине жана функцияларына ылайык келбейт.
Мындан тышкары мыйзам долбоорунун 5-беренесине ылайык коммерциялык эмес уюмдун ишин кайрымдуулук деп таануунун фактылары белгиленген, анда алардын бирине ылайык келүүсү уюмду кайрымдуулук деп эсептөөгө жетиштүү болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу, кайрымдуулук уюмун сертификаттоону, ага тете эле Кайрымдуулук боюнча комиссияны түзүүнү максатка ылайыктуу эмес деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандын негизинде мыйзам долбоорунун редакциясын андан ыйгарым укуктуу салык органы тууралуу жоболорду, ошондой эле кайрымдуулук уюмдарын сертификаттоо жана Кайрымдуулук боюнча комиссияны түзүү тууралуу жоболорду алып салууга карата кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда, 14-беренесинин 1-бөлүгүндө, 23-беренесинин 6-бөлүгүндө, 25-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 26-беренесинин 4-бөлүгүндө жалпысынан мыйзамга карата бланкеттик шилтемелер колдонулат.
Мында белгилей кетчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5386-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасынын нускамасынын 78-пунктуна ылайык жалпысынан мыйзамдарга карата бланкеттик шилтемелерге жол берилбейт.
Ошондой эле "мыйзам чыгаруу" түшүнүгү жалпыланган түшүнүк болуп эсептелет жана кеңири чечмелөө мүмкүндүгүн берген бүдөмүк мааниге ээ. Алсак, "Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар деп коомдук мамилелерди жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын жыйындысы түшүнүлөт.
Бланкеттик (шилтеме) ченеминин мазмуну шилтеме берилген түз аракеттин ченеми кабыл алына элек болгондуктан коомдук мамилелер жөнгө салынбаган убакыт аралыгы пайда болушун алып келет, бул потенциалдуу коррупциялык ченем болуп эсептелет.
Жогоруда баяндалгандын негизинде мыйзам долбоорунун тиешелүү жоболорун кайра карап чыгууну жана мыйзам долбоорундагы шилтемелер болгон ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгууну жана талдоону, алардын жөнгө салуу чөйрөсүнө же тармагына шилтемени көрсөтүүнү сунуштайбыз.
5. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун эске алуу менен мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна" деген сөздөрдү "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
6. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 89-беренесине ылайык юридикалык жак ишинин мүнөзүн, түрүн жана уюштуруу-укуктук формасын көрсөтүүнү камтыган өзүнүн фирмалык аталышына ээ болот.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 25-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 42-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "аталышы" деген сөздү "фирмалык аталышы" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
7. Мыйзам долбоорунун 12-беренеси менен Кайрымдуулук боюнча комиссиянын чечимине даттануу тартиби каралган.
Мында белгилеп кетүүчү нерсе, "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 5-пунктуна ылайык административдик жол-жоболор - администрациялык органдын кызыкдар адамдын арызынын, администрациялык органдын демилгесинин негизинде укуктарды жана/же милдеттерди белгилөө (берүү, ырастоо, күбөлөндүрүү, каттоо, камсыз кылуу), өзгөртүү же токтотуу, анын ичинде административдик актыны берүү (аны кабыл алуу, макулдашуу, бекитүү), же болбосо кызыкдар жакты, анын мүлкүн каттоо же эсепке алуу, же болбосо мамлекеттик бюджеттин эсебинен мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктөн акча каражаттарын, башка мүлктү берүү жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча аракеттер.
Аталган Мыйзамдын 1-беренесине ылайык, бул Мыйзам административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырууда административдик органдар жана жеке, юридикалык жактар ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле административдик актыга, иш-аракеттерге жана административдик органдын аракетине же аракетсиздигине даттануу тартибин аныктайт.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 12-беренесин жогоруда аталган Мыйзамга шайкеш келтирүү жагынан кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 29-беренесинин 5-пункту боюнча да ушул сыяктуу эскертүү берилет.
8. Мыйзам долбоорунун 45-беренеси менен кайрымдуулук уюмдары жана алардын иши үчүн салык преференцияларын берүү каралган.
Мында белгилей кетчү жагдай, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен кайрымдуулук уюмдарына карата бир катар салык жеңилдиктери (КНС, кирешеге салык, сатуудан салык) каралган.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары - бул салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын системасы.
Ушуга байланыштуу белгилей кетчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүүгө тыюу салынат.
Жогоруда айтылганды эске алып, мыйзам долбоорунун 45-беренесинин 2 жана 3-пункттарын алып салууну сунуштайбыз.
9. Мыйзам долбоорунун 46-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилген.
Ошол эле мезгилде көңүл бурчу жагдай, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керек болгон учурда, киргизилген ченемдик укуктук актынын долбооруна көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрү жана толуктоолору бар ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен катар, каралып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алган учурда кайра карап чыгууга тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылар тууралуу маалымат мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катта чагылдырылган эмес.
Мында, эгерде талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы аныкталган болсо, мыйзам жана мыйзам алдындагы актылар ортосунда укуктук боштукту болтурбоо максатында мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу керек.
Ушул сыяктуу эскертүүлөр "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 5-беренеси боюнча да берилет.
10. Мыйзам долбоорунун 46-беренесинин 5-бөлүгү менен "Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.
Бирок аталган Мыйзамдын жоболору меценаттык жана соопчулук ишин, ошондой эле кайрымдуулук уюмдарынын ишин жүзөгө ашыруу тартибин кыйла конкреттүү жөнгө салат, ошол эле учурда сунуш кылынган мыйзам долбоору кайрымдуулук уюмдарынын ишин гана жөнгө салуу үчүн гана багытталган.
Баяндалгандын негизинде "Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таанууну максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
1. Мыйзам долбоорунун аталышын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 9 жана 86-пункттарынын талаптарын эске алуу менен кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 2-беренесин алып салууну сунуштайбыз, анткени мыйзам долбоору менен киргизилген өзгөртүүлөр кайрымдуулук ишин жөнгө салууга багытталган эмес, ошондой эле бардык эле коммерциялык эмес уюмдар кайрымдуулук уюмдары болуп эсептелбейт.
3. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-6 жана 8-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз. Бул сунуштун негиздемеси болуп төмөнкүлөр эсептелет.
Алсак, "Кайрымдуулук уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык "коммерциялык эмес уюм аны кайрымдуулук деп таануу үчүн ушул Мыйзамдын 3-беренесинде аталган чөйрөлөрдө ишти жүзөгө ашырууга өз кирешелеринин жарымынан кем эмесин коротууга тийиш".
Ушундан улам, кайрымдуулук уюмунун бардык кирешелери кайрымдуулукка гана жумшалбастыгын белгилейбиз. Демек, түзүлүү формасы боюнча коммерциялык эмес уюм болуп эсептелген кайрымдуулук уюмунда салыктык укук мамиленин катышуучусу сыяктуу салыктык милдеттери пайда болот.
Мында жеке жак кайрымдуулукка салык эсептерин алуусу кайрымдуулук принцибинин өзүнө, башкача айтканда киреше табууну ойлобогон негизде, материалдык пайда табуусуз болгон ишке каршы келет.
Белгилей кетчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Кодекс) 153-беренесине ылайык "кайрымдуулук ишмердиги" - жарандарга жана юридикалык жактарга активдерди пайда көздөбөй берүү (акысыз негизде же жеңилдетилген шарттарда) же болбосо аларды сатууга кеткен чыгымдардан ашпаган акыга кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу боюнча кайрымдуулук ишмердик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кайрымдуулук максаттарын ишке ашырууга багытталган жеке жана/же юридикалык жактардын ыктыярдуу иш-аракети.
Ошондой эле Кодекстин 208-беренеси менен акча каражаттарды жана мүлктү (баланстык наркы боюнча) кошуп алганда акысыз негизде менчик формасына карабастан кайрымдуулук уюмдарына, ошондой эле маданий жана спорттук уюмдарга салык төлөөчүнүн салык алынуучу кирешесинен 10 пайыздан ашпаган өлчөмдө салыктык жылдын ичинде өткөрүп берилген активдер, аларды өткөрүп берген салык төлөөчүнүн пайдасына бул активдер кириштелбей турган шарттарда жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга тийиш.
Кодекстин 212-беренесине ылайык кайрымдуулук уюмдарынын кирешеси салык салуудан бошотулат.
Мындан тышкары Кодекстин 251-беренеси менен Кыргыз Республикасынын меценаттык жана кайрымдуулук иштери жөнүндө мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максаттарында кайрымдуулук уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылган беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.
Кодекстин 315-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пункту менен сатуудагы салыкты төлөөдөн кайрымдуулук уюмдары көрсөткөн кызматтар, иштерди аткаруу, товарларды сатуу бошотула турганы белгиленген.
Кодекстин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, социалдык жактан камсыздоо жана балдарды же улгайып калган курактагы аз камсыз болгон жарандарды коргоо чөйрөсүндө иштерди жүргүзүүчү уюмдардын 2-топтогу мүлк объекттери салык салууга жатпайт.
Жогоруда айтылгандын негизинде, Кодекс менен топтолгон жылдык кирешеден эсептөөлөрдү көрсөтүү түрүндө, ошондой эле кайрымдуулук уюму өзү кирешеге салыктан, КНС, сатуудан салык жана мүлккө салыкты төлөөдөн бошотуу түрүндө кайрымдуулук уюмдарына жардам көрсөтүү үчүн жетиштүү жеңилдиктер каралганын белгилейбиз.
4. Мыйзам долбоорунун 4-беренеси менен "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин 14-пункт менен толуктоо сунушталууда, ал боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү кайрымдуулук уюмдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адам кайрымдуулук уюмунан алган материалдык жардамга эсептелбейт.
Ошону менен катар белгилей кетчү жагдай, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
12-беренесине ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбей турган төлөмдөрдүн түрлөрү так белгиленген, анын ичинде майыптарга, пенсионерлерге, жетим балдарга, көп балалуу энелерге кайрымдуулук максатында көрсөтүлгөн бир жолку материалдык жардам, өндүрүштөн ажыратуу менен окууга жиберилген студенттерге (аспиранттарга) уюмдун каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле ишканалар, уюмдар, мекемелер жана фонддор тарабынан кайрымдуулук максаттарында белгиленүүчү жана төлөнүүчү стипендиялар бар.
Ошентип, бир жолу берилүүчү материалдык жардамга камсыздандыруу төгүмдөрү салынбайт, ал эми калган учурларда материалдык жардамга колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү салынууга тийиш болуп эсептелет.
Мындан тышкары белгилей кетчү жагдай, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу эмгектик мертинүүнүн же кесиптик дартка чалдыгуунун, майыптыгынын, карыгандыгынын, баккан адамынан айрылгандыгынын жана анын өлүмүнүн натыйжасында камсыздандырылган адамдар өздөрүнүн иштеп тапканын же кирешесин жоготкон учурда жумуш берүүчүлөр менен жарандардын милдеттүү камсыздандыруу салымдарынын эсебинен камсыз кылуунун мамлекет тарабынан кепилденген түрлөрүнүн системасы болуп эсептелет.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун негизги принциптери болуп камсыздандырылган адамдарды социалдык жактан коргоонун жалпыга бирдей жана милдеттүү мүнөздө болушу, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун субъектилеринин тең укуктуулугу жана укуктук жактан корголушу саналат.
Алсак, мыйзам долбоорунун 4-беренесинин концепциясы "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкү принциптерине каршы келет:
- камсыздандырылган адамдарды социалдык жактан коргоонун жетишилген деңгээлине мамлекеттик кепилдик;
- камсыздандырылган адамдардын эмгектик салымдарын, камсыздандыруу учурунун жана башка факторлордун себептерин эске алуу менен аларды социалдык жактан коргоонун дифференциациялык деңгээли;
- камсыздандырылган адамдардын жеке жоопкерчилиги, мында алардын өзүнүн социалдык камсыздандырылышын тариздөөгө жана каржылоого түздөн-түз катышуусу каралат;
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандары, республикада жашаган, "Мамлекеттик социалдын камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздерде жана шарттарда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга салым кошкон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия алууга укуктуу.
Жогоруда айтылганды эске алуу менен мыйзам долбоорунун 4-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
Жалпысынан белгилей кетчү жагдай, сунушталган мыйзам долбоорлору дыкаттык менен иштеп чыгууга, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускама менен белгиленген мыйзам чыгаруу техникасынын эрежелерине ылайык келтирүүгө муктаж.
Өз кезегинде маалымат катары билдиребиз, мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Эрматов, Т.З.Зулпукаров, А.А.Сасыкбаева, Н.В.Никитенко демилгелеген "Кайрымдуулук уюмдары жана кайрымдуулук иши жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна аларды сунушталган редакцияда кабыл алуу максатка ылайыксыз деген расмий корутунду берилген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 307 токтому).
Мындагы талдоо көрсөткөндөй, сунуш кылынган мыйзам долбоорлорунун жоболору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары мурда демилгелеген мыйзам долбоорлорунун жоболорун кайталайт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган мыйзам долбоорлорун сунуш кылынган редакцияда кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт жана аларды ушул корутундуда баяндалган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыгууну сунуштайт.