Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомуна) |
Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө кайрылуунун, дайындоонун жана которуунун тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- арыз берүүчү - бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн (мындан ары - "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү) өзүнө же болбосо анын камкордугундагы адамга дайындоо үчүн же болбосо жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним кат боюнча кайрылган адам;
- аймактык органдар - калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын жазуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн аймактык бөлүмдөрү;
- аймактык бөлүнүштөр - калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы мамлекеттик ишканалардын аймактык бөлүмдөрү.
3. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү бала төрөлгөндө төлөмдү дайындоо үчүн кайрылганда, анын ичинде эркиндигинен ажыратылган жерлердеги аялдардан төрөлгөн балага да дайындалат.
Эркиндигинен ажыратылган жерлердеги жана "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө өз алдынча кайрылууга мүмкүндүгү болбогон аялдарга төлөм жарандык мыйзам чөйрөсүндө белгиленген тартипте таризделген, түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан берилген ишеним катты көрсөткөн, ишеним көрсөтүлгөн адамдын кайрылуусунун негизинде дайындалат.
Бир мезгилде төрөлгөн эки жана андан ашык балдарга "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар бир балага дайындалат. Бул учурда ар бир балага өзүнчө арыз берилет.
4. Төлөмдүн бул түрүнө кайрылган күнгө чейин чарчап калган балдарга "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү дайындалбайт.
5. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнүн өлчөмү бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда жашаган адамдарга райондук коэффициентти эсепке алуусуз эсептелет.
2-глава. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби
6. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо үчүн бала төрөлгөн өлкөгө карабастан аймактык органдарга/аймактык бөлүмдөргө төмөнкү учурларда кайрылуу керек:
- баланын ата-энеси/ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жараны болсо;
- баланын ата-энеси/ата-энесинин бири кайрылман статусу бар адам болсо;
- баланын ата-энеси/ата-энесинин бири 1994-жылдын 9-сентябрында кол коюлган Балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык жөлөкпулдарды, компенсациялык төлөмдөрдү жана алименттерди төлөө жаатындагы жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) катышуучу чет мамлекеттин жараны жана Кыргыз Республикасында жашоого укугу болсо.
7. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо үчүн жаңы төрөлгөн баланын ата-энесинин, баланы асырап алгандардын, камкорчулардын бири же жарандык мыйзамдарга ылайык таризделген ишеним катты көрсөткөн ишенимдүү адам кайрыла алат.
8. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү дайындала турган адамдын иш жүзүндө жашаган жери арыз берүүчү тарабынан көрсөтүлөт.
9. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо үчүн кайрылуу күнү болуп Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - "ЖААК" АМС) "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо жөнүндө арыз ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү документтер менен бирге катталган күн эсептелет.
"Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арызды берүү мөөнөтү бала төрөлгөн күндөн тартып 6 (алты) айга толгон күндү кошкондо алты айдан ашпоого тийиш.
Эгерде "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдү чектөө жөнүндө арыз берүүнүн мөөнөтү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими колдонулган мезгилде аяктаса, анда өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынгандан кийин "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдү дайындоо жөнүндө арыз берүүнүн мөөнөтү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режимин алып салган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин узартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)
10. "ЖААК" АМСте бала төрөлгөндүгү тууралуу акты катталган жазуусу бар болгондо, арыз берүүчү "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө кайрылган учурда паспортту көрсөтүүгө тийиш.
Эгерде арыз берүүчү төмөндөгү жоопкерчиликтин биринде болсо, төмөнкүдөй кошумча документтер берилет:
- камкорчу болсо - жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн, балага камкорчуну дайындоо тууралуу соттун чечиминин көчүрмөсү;
- асыроочу болсо - жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн, асыроо тууралуу соттун чечиминин көчүрмөсү;
- ишеним көрсөтүлгөн жак болсо - жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;
- кайрылман болсо - кайрылмандын күбөлүгү;
- Макулдашууга катышуучу чет мамлекеттин жараны болуп эсептелген ата-энелерге - убактылуу жашоо укугу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын, кайрылмандардын жана "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн алууга укугу бар чет өлкөлүк жарандардын баласы Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары төрөлгөн учурда - мамлекеттик же расмий тилге которулган жана котормочунун колу менен нотариуста күбөлөндүрүлүп, жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте мыйзамдаштырылган/апостилдештирилген чет мамлекет тарабынан берилген паспорт/баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоого Макулдашууга катышуучу болбогон чет мамлекеттин жараны/жарандыгы жок ата-энеси кайрылган учурда - "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө арыз берүүгө/алууга Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген экинчи ата-энеси тарабынан берилүүчү ишеним кат;
- "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоого Макулдашууга катышуучу болбогон чет мамлекеттин жараны/жарандыгы жок болгон ата-эне кайрылган учурда - кайрылган ата-энесинин убактылуу жашоо укугу, ата-энесинин бирөөсүнүн убактылуу жашоо укугу же убактылуу жашоо укугуна күбөлөндүрүлгөн көчүрмө жана "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө арызын берүүгө/алууга Макулдашууга катышуучу чет мамлекеттин жараны болуп эсептелген, ата-энесинин бирөөсүнүн ишеним каты.
11. Аймактык органдын/аймактык бөлүмдүн кызматкери "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоого арыз берүүчү кайрылганда жана/же төрөлгөндүгүн каттоого арызды түзүүдө төлөө тартиби жана ушул Жобонун 10-пунктунда аталган "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо үчүн керек болгон документтерди, ошондой эле арыз берүүчү "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн ала турган банктардын тизмеси жөнүндө арыз берүүчүгө түшүндүрөт.
12. Ата-энесинин фамилиясы/аты/атасынын аты паспортто (убактылуу жашоо укугунда, кайрылмандын күбөлүгүндө) жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө (фамилиясын/атын/атасынын атын которууда, никени каттоодо же бузууда, каталардын же так эместиктер болгондо) көрсөтүлгөнгө дал келбесе, ата-энесинин паспортунда жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө көрсөтүлгөн тиешелүү маалыматтарды туура келтирүү үчүн аймактык органга/аймактык бөлүмгө арыз менен кайрылуу зарылдыгы жөнүндө арыз берүүчүгө түшүндүрүлөт.
13. Арыз берүүчүгө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоодон баш тартылат, эгерде:
- алар берген документтер жасалма экендиги аныкталса;
- бала толугу менен мамлекеттин камсыздоосунда болсо, ага жетим балдар жана баланы төрөгөн аял эркиндигинен ажыратылган жерлерде жайгашкан учурлар кирбейт;
- ата-энеси экөө тең Макулдашууга катышуучу чет мамлекеттин жараны болуп эсептелбеген учурда.
3-глава. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арызды түзүү тартиби
14. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арызды түзүү ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бергенден кийин аймактык органда/аймактык бөлүмдө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.
"ЖААК" АМСте баланын туулгандыгы тууралуу жазуу актысы катталган учурда бала, ата-энеси тууралуу маалымат жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн реквизиттери, "ЖААК" АМСте катталган баланын туулгандыгы тууралуу жазуу актысынын негизинде арызда автоматтык түрдө түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарында жана/же Макулдашууга катышуучу чет мамлекеттердин жарандарында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары бала төрөлгөн учурда "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арызды түзүү чет мамлекетте берилген бала туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн/паспорттун жана арыз ээси берген ушул Жобонун 10-пунктунда аталган документтердин негизинде жүзөгө ашырылат.
Мында жарандарды жекелештирген эсепке алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте идентификацияланган жеке номер (мындан ары - ИЖН) алдын ала балага ыйгарылат.
Бала, ата-энеси тууралуу маалыматтар, чет мамлекет берген туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн/паспорттун реквизиттери "ЖААК" АМСте автоматтык түрдө же колго толтурулат.
15. Аймактык органдын/аймактык бөлүмдүн кызматкери электрондук арызды толтурган учурда төмөнкү иш-аракеттерди жүзөгө ашырат:
1) баланын ата-энесинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына же Макулдашууга катышуучу мамлекеттердин жарандыгына тиешелүүлүгүн текшерет;
2) ушул Жобонун 10-пунктунда аталган документтерди берүү керек болгон учурда документти 1 нускада көчүрөт жана аны "ЖААК" АМСте сканерлейт. Мында "ЖААК" АМСте документтер пакети (арыз жана сканерден өткөрүлгөн документтер) автоматтык түрдө түзүлөт, андан кийин берилген документтердин түп нускасын арыз ээсине кайтарып берет;
3) ишеним көрсөтүлгөн жак "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө кайрылганда "ЖААК" АМСте арыздын формасына төмөнкү маалыматтарды киргизет:
- арыз берүүчүнү- ишеним кат арыз берүүгө гана толтурулган учурда;
- ишеним көрсөтүлгөн жак - ишеним кат арыз берүүгө жана "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн алууга таризделген учурда;
4) арыз ээсине "ЖААК" АМСке киргизилген банктардын тизмесинен банкты тандоону сунуштайт. Бул учурда транзиттик эсептер боюнча банктык реквизиттер "ЖААК" АМСте автоматтык түрдө түзүлөт;
5) "ЖААК" АМСке киргизилген маалыматтардын берилген документтерге ылайыктуулугун, толуктугун жана киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерет;
6) "ЖААК" АМСте электрондук арызды ырастайт;
7) "ЖААК" АМС аркылуу түзүлгөн электрондук арызды кагазга басып чыгарат жана киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү үчүн арыз берүүчүгө берет;
8) так эместиктер жана/же каталар бар болсо "ЖААК" АМСке керек болгон түзөтүүлөрдү киргизет, андан кийин арыз ээсинин жеке колун коюу үчүн 2 (эки) нускада арызды кайрадан басып чыгарат;
9) арыз ээсине арыздын 1 (бир) нускасын берет, ал эми арыздын экинчи нускасын папкага арыз ээси берген документтердин көчүрмөлөрү менен чогуу тиркейт;
10) арызды кабыл алуудан баш тарткан учурда арыз ээсине баш тартуу себебин түшүндүрөт ("балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө башка жерден кайрылганын/дайындалганын, бала төрөлгөн датадан тартып кайрылуунун алты айлык мөөнөтүнүн өтүп кеткенин, арызды каттаган учурда баланын чарчап калгандыгын, документтер тиешелүү түрдө таризделбегендигин жана/же жоктугун (колунун, мөөрдүн жоктугу, оңдоолордун болушу, документ окууга мүмкүн болбогон абалда экендиги), эгерде ата-энесинин экөө тең Макулдашуунун катышуучусу болбогон мамлекеттин жараны болуп эсептелсе);
11) "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арызды толтуруунун тууралыгына, маалыматтардын жана тиркелген документтердин толуктугуна жана аныктыгына жеке жоопкерчилик тартат.
16. "ЖААК" АМС аркылуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү камсыздайт:
1) ушул Жобонун 10-пунктунда аталган сканерленген документтерди тиркөө менен "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу электрондук арызды онлайн режиминде социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүнү;
2) "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арызды каттоодо автоматташтырылган контролдоону, төмөнкү бөлүктө:
- арызды бир жолу берүү;
- баланын төрөлгөн датасы;
- "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арызды берген баланын ата-энесинин жарандыгы;
- каттоо үчүн милдеттүү болгон жерлерди толтуруу;
- мурдагы фамилиясы/аты/атасынын аты менен "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу катталган арыз бар болсо, баланын фамилиясын/атын/атасынын атын мамлекеттик каттоого чейин өзгөрткөн учурда жаңы электрондук арызды каттоонун мүмкүн эместиги;
- мурдагы ИЖН менен "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу мурда катталган арыз бар болгондо баланын ИЖНи өзгөргөн учурда (асыроо, төрөлгөн датасын өзгөртүү, ИЖНдин каталарын оңдоо) жаңы электрондук арызды каттоонун мүмкүн эместиги;
- "ЖААК" АМСте баланын туулгандыгы тууралуу жазуу актысы өчүрүлүп калса, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мурда "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү дайындалса/чегерилсе, ошондой эле төлөнсө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу жаңы арызды каттоо мүмкүн эместиги;
3) "ЖААК" АМСте "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арызды жана сканерленген документтерди сактоону;
4) жазуу актысында "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо жөнүндө арыз жазуу жүзөгө ашкандан кийин баланын туулгандыгы тууралуу жазуу актысына оңдоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизген учурда жана өчүрүлүп калса, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга онлайн режиминде кабарлоону;
5) "ЖААК" АМСте баланын туулгандыгы тууралуу жазуу актысында "өлүү төрөлгөн" белгиси менен, ошондой эле чарчап калгандыгы жөнүндө жазуу актысында, ошону менен катар перинаталдык болсо "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арызды берген учурда "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арызды каттоого бөгөт коюну;
6) социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасынан (мындан ары - СЖКМС) арызды ката кеткен же так болбогон учурда кайтарса, бир күндүк мөөнөттө арызды оңдоону жана оңдолгон арызды онлайн режиминде социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүнү;
7) "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арызды түзгөндө банктын реквизиттерин жана транзиттик эсептин номерин автоматтык түрдө толтурууну.
4-глава. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо жана чегерүү тартиби
17. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо жөнүндө чечим социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо же аны дайындоо жөнүндө арыз берүү фактысы арыз берүүчүдө болбогондугу тууралуу СЖКМСдан түшкөн суроо-талапка маалымат алынгандан кийин бир иш күндүн ичинде кабыл алынат.
18. Эгерде СЖКМСга суроо-талап жиберүү аркылуу арыз эсине "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү мурда эле дайындалганы же буга чейин "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо жөнүндө арыз менен башка жашаган жери боюнча кайрылганы аныкталса жана бул факты жөнүндө маалымдабаса, анда ушул кайрылган жеринен "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоодон баш тартуу жөнүндө чечим социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бир иш күндүн ичинде кабыл алынат.
19. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн эсептөө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзүлгөн банктарда ачылган транзиттик банктык эсептерге накталай эмес формада каражаттарды которуу жолу менен социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан жүргүзүлөт.
20. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери СЖКМСке "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арыз түшкөн күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде:
- "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн төлөө боюнча акча каражаттарын которууга электрондук өтүнмөнү түзөт;
- "1 С бухгалтерия" программасына төлөм тапшырмасын киргизет;
- "Казна бюджет" автоматташтырылган маалыматтык системасына өтүнмөнү жана төлөм тапшырмасын киргизет, андан кийин социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы транзиттик эсепке каражаттарды которуу үчүн электрондук кол коюу аркылуу төлөмдү бекитет;
- банкка социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форматта электрондук жана кагаз жүзүндөгү "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн алуучулардын эсебине акча каражаттарын которууга коштоочу каты бар жыйынды ведомостун жиберет;
- каталар табылган учурда аларды оңдоо үчүн СЖКМС аркылуу арызды "ЖААК" АМСке кайтарып берет;
- өтүнмөнү жана төлөм тапшырмасын туура жана өз убагында түзүү үчүн жоопкерчилик тартат.
21. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган СЖКМС аркылуу төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- онлайн режиминде СЖКМС аркылуу автоматтык түрдө түзүлгөн "электрондук ишти" андан ары түзүү үчүн "ЖААК" АМСтен сканерленген документтерди тиркөө менен "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арызды кабыл алууну;
- социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арыздарды каттоонун электрондук журналын түзүүнү;
- бир жолку арыз берүүнүн жана баланын толук мамлекеттик камсыздоодо тургандыгын текшерүү бөлүгүндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо тууралуу арыздарды кабыл алууда автоматташтырылган контролдоону;
- баланын туулгандыгы тууралуу жазуу актысы өчүрүлгөндүгү тууралуу кабарламаны калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алган учурда "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо жана/же чегерүү жол-жобосун токтотууну;
- калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баланын туулгандыгы тууралуу жазуу актысына оңдоолор киргизилген учурда - баланын жана ата-энесинин ИЖНин жана фамилиясын, атын, атасынын атын текшерүүнү эске алуу менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоону жана чегерүүнү;
- калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга онлайн режиминде ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо жана төлөө статусу тууралуу кабарламаны жиберүүнү.
|
| Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Арызды каттоо номери: |
|
|
Катталган датасы: |
| ____________________________________________ |
|
| (аймактык органдын/аймак бөлүмдүн аталышы) |
Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоо жөнүндө АРЫЗ
№ | Арыз берүүчү жөнүндө маалымат: | ||||
1. | ИЖН: | ||||
2. | Ф.А.А. | ||||
3. | Туулган датасы: | 4. | Жынысы: | ||
5. | Өздүгүн ырастаган документ(*): | ||||
6. | Кайрылган учурда иш жүзүндө жашаган жери боюнча дареги(**): | ||||
| Облус: | Район: | Калктуу конуш: | ||
| Көчө: | Үй №: | Батир | ||
|
| ||||
7. | Уюлдук телефон(**): | 8. | Тел.(**): | ||
9. | e-mail (бар болсо)(**): | ||||
10. | Банктын аталышы: | ||||
11. | Банк эсебинин номери: | ||||
12. | Банктын ИНН: | 13. | Банктын БИК: | ||
(*) Өздүгүн ырастаган документ: паспорту, кайрылмандын күбөлүгү, 1994-жылдын 9-сентябрындагы балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык жөлөкпул, компенсациялык төлөм жана алимент төлөө жаатында жарандардын кепилденген укуктары жөнүндө макулдашууга катышуучу мамлекеттин чет элдик жарандары үчүн жашоо укугу.
"Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоону өтүнөм.
(керектүүсүн белгилөө керек)(**)
£ балага | £ камкордукка алынган балага | £ ишеним кат боюнча |
(**) арыз берүүчүнүн оозеки сөзү боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан толтурулат.
"Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү дайындала турган бала тууралуу маалымат
1. | ИЖН: | 2. | Жынысы: |
3. | Ф.А.А. | ||
4. | Туулган датасы: | 5. | Кайсыл мамлекетте төрөлгөн: |
6. | Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн/чет элдик паспорттун №: | ||
7. | Документ берген мекеме: | ||
Ата-энеси жөнүндө маалымат
№ |
| Атасы | Энеси |
1. | ИЖН: |
|
|
2. | Ф.А.А. |
|
|
3. | Туулган датасы: |
|
|
Менин арызымда көрсөтүлгөн маалыматтар толук жана туура экендигин билдирем. Мага бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн чектөөнүн жана төлөөнүн шарттары түшүндүрүлдү.
Туура эмес маалымат бергендигим үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тарта тургандыгым жөнүндө мага маалымат берилгенин ырастайм жана бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоого менин арызымды жана документтерди социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүүнү суранам.
Бала ата-энесинин бири/камкорчу/асырап алган адам менен чогуу жашагандыгын ырастайм (керектүүсүнүн асты сызылат).
Арыз берүүчүнүн колу: _________ |
| Арыз толтурулган датасы: _________ |
|
|
|
Арызды кабыл алган ыйгарым укуктуу адам: | Ф.А.А. ________________________ | ________________________ |
|
| (колу жана дата) |
|
| Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн чектөө жана төлөө статусу жөнүндө БИЛДИРҮҮ 20__-жылдын ___________
Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү билдирет.
1. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү иштетилүү процессиндеги арыз берүүчүлөрдүн тизмеси:
№ | Арыз берүүчүнүн ИЖНи | Арыз берүүчүнүн Ф.А.А. | Баланын ИЖНи | Баланын Ф.А.А. |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
2. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү дайындалган арыз берүүчүлөрдүн тизмеси:
№ | Арыз берүүчүнүн ИЖНи | Арыз берүүчүнүн Ф.А.А. | Баланын ИЖНи | Баланын Ф.А.А. | Төлөм дайындалган дата |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
3. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү которулган арыз берүүчүлөрдүн тизмеси:
№ | Арыз берүүчүнүн ИЖНи | Арыз берүүчүнүн Ф.А.А. | Баланын ИЖНи | Баланын Ф.А.А. | Төлөм которулган дата |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
4. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоодон баш тартылган арыз берүүчүлөрдүн тизмеси:
№ | Арыз берүүчүнүн ИЖНи | Арыз берүүчүнүн Ф.А.А. | Баланын ИЖНи | Баланын Ф.А.А. | Себеби |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|