Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-июну № 283
Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Белгиленсин:
- бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнүн өлчөмү 4000 (төрт миң) сомду түзөөрү;
- бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнүн өлчөмү 50000 (элүү миң) сомду түзөөрү;
- 2019-жылдын 1-июлуна чейин бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дайындоого кайрылуу жана аны дайындоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын "балага сүйүнчү" пилоттук долбоорунун алкагында электрондук форматта маалымат алмашуу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө биргелешкен чечиминин негизинде жүргүзүлөрү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 "Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо:
- 2.1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөгө кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 1 жана 2-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 4-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомду ишке ашыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүшсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет, ал эми ушул токтомдун 1-пункту 2019-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |