Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июну № 293
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 23-июнундагы
№ 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана
жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 49 жана 50-беренелерине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 241-беренелерине" деген сөздөрдөн кийин "жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 49 жана 50-беренелерине" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 6-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Автомототранспорт каражаттарын каттоодо, кайра каттоодо жыйымдардын өлчөмү, аларды төлөө тартиби";
69-пунктунда:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"69. Төмөнкү автомототранспорт каражаттарын каттоодо жана кайра каттоодо нөлдүк өлчөмдөгү жыйым аныкталат: ";
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Тартуучу дөңгөлөктү кыймылга келтирүү үчүн энергиянын бирден ашык булагын колдонгон гибриддик автомототранспорттук каражатты каттоо (кайра каттоо) үчүн ушул Эрежелердин 68-пунктунда белгиленген транспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдан 50 пайызга аз жыйым алынат.
Каттоо (кайра каттоо) үчүн жайымды төлөөдөн электр кыймылдаткычтары бар автомототранспорттук каражаттарынын ээлери бошотулат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |