Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июну № 295
Жалпы билим берүү уюмдарында билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун жогорулатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 12, 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 , токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жалпы билим берүү уюмдарында билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Жалпы билим берүү уюмдарынын аймактары металл (торчолуу) тосмо менен курчалышы жана жашылдандырылышы керек.
Айыл жергесинде жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарында тосмолордун жеңил конструкциясына, ошондой эле жашыл тосмолорго жол берилет. Тосмону бойлой бак-дарактарды отургузуу тилкеси каралышы керек.
Жалпы билим берүү уюмунун аймагын жашылдандыруу анын аянтынын 50%нан кем эмес эсебинде каралат. Жашылдандыруу климаттын өзгөчөлүктөрүнө жана региондун биологиялык түрдүүлүгүнө ылайык болууга тийиш жана катар-катары менен (чөптүн формалары, бадалдар, бактар) жүргүзүлөт.";
- 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Дене тарбия-спорттук жабдуулар окуучулардын бою-жашынын өзгөчөлүктөрүнө ылайык келиши керек.
Спорттук снаряддар жана жабдуулар бүтүн, оң абалда жана туруктуу орнотулууга тийиш.
Жалпы билим берүү уюму жыл сайын, окуу жылынын башталышынын алдында спорттук жабдууларды баалоо боюнча комиссия түзөт.
Комиссиянын курамына жалпы билим берүү уюмунун администрациясынын өкүлү, дене тарбия жана спорт мугалими, экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын кызматкери кирет.
Комиссия спорттук жабдуулардын окуучулардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуздугун баалоону жүргүзөт.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча баалоонун жыйынтыгын спорттук жабдуулардын абалынын журналына жазуу менен кабыл алуу актысы түзүлөт.
Коопсуздук баалоодон өтпөгөн оң эмес абалдагы дене тарбия-спорттук жабдууларды колдонууга тыюу салынат.";
- 107-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Микроклиматты жакшыртуу максатында окуу жайларды жана рекреацияларды жашылдандыруу пайдаланылат. Жайларды жашылдандыруу үчүн фитонциддик активдүүлүгү жогору болгон, уулуу заттарды жана көмүр кычкыл газды өзүнө сиңирип алуу жөндөмүнө ээ өсүмдүктөр колдонулат. Ички жашылдандыруу үчүн тикенектүү жана уулуу өсүмдүктөрдү колдонууга, ошондой эле эвакуациялоо жолдоруна орнотууга тыюу салынат.";
- 113-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Окуу жайдагы көмүртектин диоксидинин орточо концентрациясы миллионго 1500 бөлүкчөдөн (ppm) ашпоого тийиш.";
- 147-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"147. Канализациясы жок райондордогу айылдык калктуу конуштарда жалпы билим берүү уюмдарынын имараттары локалдык тазалоо курулмаларын орнотуу аркылуу ички канализация менен жабдылат.
Сырткы чуңкурлуу дааратканаларды курууга жалпы билим берүү уюмунун имараты суу менен камсыздалбаган учурда гана уруксат берилет.
Айылдык калктуу конуштарда жалпы билим берүү уюмдарынын чуңкурлуу дааратканаларына өткөрбөс тосмолор орнотулуусу керек. Канализациясы жок коомдук дааратканаларды люфт-клозет түрүндө орнотууга жол берилет.
Сырткы дааратканаларды жайгаштыруу үчүн жерди тандоо, аларды орнотуу жана жабдуу колдонулуудагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
Сырткы дааратканалардын айланасындагы аймак түшкөн суулар агып кетүү үчүн жантайтылып асфальт же плитка төшөлүүгө жана жашылдандырылууга тийиш.
Жалпы билим берүү уюмдарында дааратканаларга кирүү эркек балдарга жана кыздарга өзүнчө болуп, табигый жана жасалма жарыктандыруу болушу зарыл, анын ичинде дааратканага чейинки жол да жарыктандырылышы керек. Дааратканалар жалпы билим берүү уюмунун имаратынан 25 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылышы керек.
Сырткы чуңкурлуу дааратканалар каалгалары бар кабиналар менен жабдылууга тийиш, бийиктиги жерден 1,8 метрден кем эмес, жерге 0,2 м жетпеген тосмолор менен бөлүнүп туруусу зарыл. Кабиналар 0,8 м х 1 м өлчөмүндө болушу керек. Кыздар үчүн дааратканалардын кабиналарынын бири 1,8 м х 1,2 м өлчөмүндө болууга тийиш.
Дааратканалардын жана жуунуучу бөлмөлөрдүн полунун үстү жуула турган, жылчыксыз, кемтиксиз, жаракасыз жана башка механикалык бузулуулары жок болууга тийиш. Дубалдары оңой тазалана тургандай болушу керек.
Дааратканаларда даарат кагазын кармагычтар, кол жуучу раковиналар, бут менен баскычы бар чакалар орнотулушу керек.
Жалпы билим берүү уюмдарында сырткы дааратканалар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өзүнчө кабиналарды эске алып, дааратканаларга кире турган жерде пандустарды орнотуу менен курулууга тийиш.
Люфт-клозет тибиндеги дааратканаларда тартып-соруп алма же соруп алма желдеткич системасын орнотуу зарыл.
Дааратканалардагы санитардык приборлордун саны орточо эсеп менен - 40 кызга 1 унитаз, 80 уул балага 1 унитаз жана 2 писсуар каралат.
Люфт-клозеттердин чуңкурлары жылчыксыз бүтөлөт. Чуңкурдун түбү жана дубалдары бетондолот же 0,5 метрден кем эмес калыңдыкта бышкан кыш, жыгач (ортосуна топурак салып, тапталып) менен көтөрүлөт. Кыш менен көтөрүлгөн чуңкурдун ички бети шыбалат, жыгачтан жасалган бөлүктөрү чайырланат. Чуңкурду тазалоо үчүн люктар тыгыз, эки капкак менен жабылат.
Короо сыртына чатырчасы (бастырмасы), экран-тосмолору жок дааратканаларды орнотууга жана чуңкуру 2/3 көлөмдөн ашыкча толгон дааратканаларды пайдаланууга жол берилбейт.
Дааратканалардын санитардык абалын атайын тейлөөчү персонал камсыздайт.
Тейлөөчү персоналда атайын жайда же шкафта сакталууга тийиш болгон маркерленген тазалоочу инвентарь, щеткалар, чүпүрөктөр, дезинфекциялоочу каражаттардын запасы ээ болууга тийиш.
Жайларды жана санитардык-техникалык приборлорду тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн дезинфекциялоочу каражаттар колдонулат. Дезинфекциялоочу каражаттар мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүккө, шайкештиги жөнүндө декларацияга, каражаттарды колдонуунун тартиби жөнүндө нускамага ээ болушу керек.
Дезинфекциялоочу каражаттарды сарптоо дезинфекциялоо каражаттарын колдонуу боюнча нускамага ылайык тазалануучу аянттын 1 кв. метрине эритмени сарптоо ченеми эсебинде жүргүзүлөт.
Дезинфекциялоочу каражаттардын эритмелери куюлган идиштер капкак менен жабылып, каражаттын аталышы, анын концентрациясы, арналышы жана даярдалган датасы көрсөтүлүүгө тийиш. Жарактуулук мөөнөтү өткөн дезинфекциялоочу каражаттарды жана эритмелерди колдонууга тыюу салынат.
Раковиналар, эшиктердин туткалары дезинфекциялоочу каражаттар менен сүртүү ыкмасы аркылуу тазаланат.
Унитаздар, сырттагы дааратканалар жана биодааратканалар суу чачыратуу жолу менен дезинфекцияланат.
Жууп-тазалоо үчүн маркерленген тазалоочу инвентарь, щетка, чүпүрөк, дезинфекциялоочу жана тазалоочу каражаттар берилет, алар атайын жайларда жана шкафта сакталат.
Тазалоочу инвентарь жууп-тазалоодон кийин капкагы тыгыз жабылган идиште дезинфекциялоочу эритмеге салынып, дезинфекцияланат. Дезинфекциялоодон кийин тазалоочу материал суу менен чайкалат жана кургатылат.";
- 154-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Сууну күндүн нуру түздөн-түз тийген пластик идиште сактоого, ошондой эле сактоо мөөнөтү 3 сааттан ашпоосу талап кылынган ичүүчү сууну кайталап кайнатууга жол берилбейт.";
- 213-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Билим берүү уюмунун аймагындагы бак-дарактарды окуу процесси учурунда химиялык дарылоого тыюу салынат.".
5. Министрликтер жана административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 21-июнундагы № 52 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |