Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-декабры № 714
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 "Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларынын негизинде тышкы карыздардын жана гранттардын эсебинен толук же жарым-жартылай ишке ашырылуучу мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун аныктоонун, тандоонун, ишке ашыруунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун бирдиктүү процессин өздөштүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28, 35, 62 жана 70-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 "Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жободо:
- 5-пункттун сегизинчи абзацындагы, 23-пункттагы, 32-пункттун экинчи абзацындагы, 45, 48, 65, 68, 74, 77, 96, 126 жана 147-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пунктта:
жыйырма биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши (мындан ары - Кеңеш) - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде аныкталган мааниде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн коллегиялык орган;";
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы абзац менен толукталсын:
"- туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары - бул эл аралык коомчулуктун алдында турган, туруктуу өнүктүрүүнүн үч негизги аспектисинде: экономикалык өсүү, социалдык интеграция жана айлана-чөйрөнү коргоодо бирдей прогрессти камсыздоого багытталган чараларды билдирген 17 максаттан жана 169 тапшырмадан турган комплекс.";
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Долбоордук өтүнмөнү экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароого киргизүүдө долбоордун координаторун бекитүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүү зарыл.";
- 11, 14, 25 жана 27-пункттардагы "гранттык жана техникалык жардам жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир айлык мөөнөттө долбоордук өтүнмөнүн улуттук стратегиялык документтерге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программаларына шайкештиги жана долбоордун экономикалык максатка ылайыктуулугу предметине баалайт.";
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Долбоордук өтүнмөнү кайра иштеп чыгууга бир же эки ыйгарым укуктуу орган тарабынан тең кайтарылган учурда аткаруучу агенттик кайра иштелип чыккан долбоордук өтүнмөнү ушул Жобого ылайык ыйгарым укуктуу органдардын кароосуна кайрадан киргизе алат. Долбоордук өтүнмөнү кайра иштеп чыгууга аткаруучу агенттикке үч жолудан ашык кайтарганда, долбоордук өтүнмө демилгеленген долбоор боюнча кайра кароого кабыл алынбайт. Мында долбоордук өтүнмөнүн шайкеш келбегендиги үчүн бардык жоопкерчилик аткаруучу агенттикке жүктөлөт.";
- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир айдан ашпаган мөөнөттө долбоор же техникалык-экономикалык негиздеме боюнча документтердин улуттук стратегиялык документтерге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программаларына шайкештигин жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү методика боюнча экономикалык максатка ылайыктуулугун баалайт.";
- 34-пункт "экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин "донордун каражаттарынын же республикалык бюджеттин каражаттары болуп эсептелбеген башка булактардын эсебинен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 42-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42. Кеңеш долбоорду кароонун жыйынтыгы боюнча түздөн-түз же сырттагы форматта төмөнкү чечимдерди кабыл алат:";
- 46, 50, 51 жана 54-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөтүнүн Аппараты" жана "Өкмөт" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Президентинин Администрациясы" жана "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 57-1-пункт менен толукталсын:
"57-1. Эгерде тиешелүү жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлса, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү жылдарга мамлекеттик инвестициялардын бюджетине нөл бюджети менен долбоор боюнча сапты киргизет.";
- 69-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Байкоочу кеңештин катчылыгы 5 күндүк мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга байкоочу кеңештин жыйынынын кол коюлган протоколун жөнөтөт.";
- 73-пункттун жыйырманчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүдө долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулоо боюнча донорлор менен үзгүлтүксүз жолугушууларды уюштуруу. Бул жолугушууларга бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (макулдашуу боюнча), экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү чакырылат;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 77-1-пункт менен толукталсын:
"77-1. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери менен контракттар андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү менен 12 айга түзүлөт. Аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга контрактты узартуу жөнүндө билдирет.";
- 79-пункттун онунчу абзацындагы "тышкы жардамды башкаруунун маалыматтык системасына" деген сөздөр "мамлекеттик инвестицияларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 91-1-пункт менен толукталсын:
"91-1. Биринчи жарым жылдык үчүн бекитилген жылдык бюджетти иш жүзүндө аткаруунун жыйынтыгы боюнча биринчи жарым жылдыктын аягына карата бюджет талаптагыдай өздөштүрүлбөгөн учурда (80%дан аз) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жетекчилердин, аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттиктердин долбоорлорунун координаторлорунун, долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө маселени Кеңештин жыйынына алып чыгууга укуктуу.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 95-1-пункт менен толукталсын:
"95-1. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында кандайдыр бир күтүлбөгөн кирешелер келип чыккан учурда келип түшкөн каражаттар толук көлөмдө долбоор аяктаганда республикалык бюджетке которулууга тийиш.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 100-1-пункт менен толукталсын:
"100-1. Аткаруучу агенттиктин конкурстук комиссиясы өзүнүн жыйынынын протоколу менен тандоо/сатып алуулар методдорун, тандоо жана аларды ранжирлөө критерийлерин көрсөтүү менен сатып алууларды жүргүзүү, долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнө кызматкерлерди жалдоо үчүн донор менен макулдашуу боюнча техникалык тапшырмаларды жана квалификациялык талаптарды бекитет.";
- 102-пункттагы "он бир" деген сөздөр "тогуз" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 110-пункттагы "Премьер-министринин" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 116-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"116. Аткаруучу агенттик квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен долбоорду ишке ашыруу жөнүндө кыска отчетту даярдайт жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (электрондук жана кагазга басма түрүндө) берет, анын стандарттык формасы ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген. Долбоордун координатору долбоорду ишке ашыруу жөнүндө отчетту сапатсыз жана өз убагында эмес бергендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 116-1 жана 116-2-пункттар менен толукталсын:
"116-1. Аткаруучу агенттик тарабынан отчет толук көлөмдө берилбеген учурда отчет берилген жок деп эсептелет.
116-2. Отчет толук көлөмдө берилбеген же отчет 2 жолудан ашык берилбеген учурда бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган аткаруучу агенттик, долбоорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына билдирет жана жооптуу кызматкерлерге карата тартиптик жаза жөнүндө маселени көтөрөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 124-1-пункт менен толукталсын:
"124-1. Координатор долбоордун аякташы жөнүндө отчеттун сапатсыз жана өз убагында эмес берилгендигине жеке жоопкерчилик тартат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 142-1-пункт менен толукталсын:
"142-1. Координатор продукцияларды/кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү процессине мониторинг жүргүзүүнүн жана/же долбоордон кийинки мезгилдеги социалдык-экономикалык таасир этүүнү баалоонун натыйжалары жөнүндө отчеттун сапатсыз жана өз убагында эмес берилгендигине жеке жоопкерчилик тартат.";
- жогоруда аталган Жобонун 1-3-тиркемелери ушул токтомдун 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 1-тиркеме | |
|
|
|
|
| "Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобонун 1-тиркемеси |
Долбоордук өтүнмөнүн формасы жана толтуруу боюнча НУСКАМА
1-бөлүм: Долбоор жөнүндө кыскача маалымат Чечим кабыл алуучу жактар үчүн кыскача маалымат. Бөлүмдү кыйла толук баяндалган башка бөлүмдөрдү (2-4-бөлүмдөр) толтургандан кийин толтуруу туура болот. Толтурулбаган уячаларга жол берилбейт, эгерде кайсы бир бөлүм бул долбоор үчүн актуалдуу болбосо, актуалдуу эмес - "а/э" деген белги коюлат | |||||
1.1. Долбоордун демилгечисинин аталышы |
| ||||
1.2. Долбоордун аталышы |
| ||||
1.3. Донор жана финансылык каражаттарды берүү шарттары |
| ||||
1.4. Аткаруучу агенттиктин аталышы - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы |
| ||||
1.5. Долбоордун иш жүзүндө баяндалышы | Долбоорду толук баяндай турган маалымат. Мисалы: [калктуу конуш] менен [калктуу конуштун] ортосундагы эки тилкелүү 10 км автомобиль жолунун курулушу (же реабилитациялоо). Объекттин учурдагы физикалык/техникалык абалы жөнүндө маалымат/баалоо керек | ||||
1.6. Жайгашкан жери | Долбоордун объектисинин географиялык жайгашкан жерин көрсөтүү | ||||
1.7. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы наркы | Долбоорду ишке ашырууга капиталдык чыгымдардын жалпы суммасын көрсөтүү, ага объектти (же долбоорду ишке ашырууну аяктоонун башка формасын) эксплуатацияга киргизүү үчүн зарыл болгон бардык чыгымдардын беренелери кирет | ||||
1.8. Долбоорду баштоонун болжолдонгон датасы (ай/жыл) |
| ||||
1.9. Бүткөрүлгөн объектти (долбоордун натыйжасында түзүлгөн активдерди) эксплуатациялоону баштоонун болжолдуу датасы (ай/жыл) | Долбоордун натыйжасында түзүлгөн активдерди тейлөөнүн башталышы жана/же бул активдер менен продукциялардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүшүн баштоо күтүлгөн дата | ||||
2-бөлүм: Долбоордун негиздемеси | |||||
2.1. Долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгы (чечүүгө тийиш болгон проблемадан/маселеден алып караганда) | Долбоордун жардамы менен чечүү болжолдонгон проблемалардын маңызын жана масштабын жана бул проблема кантип чечиле тургандыгын максималдуу толук баяндоо. Бул проблема башка ыкмалар менен чечилиши мүмкүн болбой турган себепти талдоо керек. Проблеманы чечүүнүн натыйжалуу жана иштиктүү альтернативаларынын жоктугун же башка уюмдар тарабынан (анын ичинде жеке менчик) өндүрүлүүчү алмаштыруучу продукциялардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жетиштүү көлөмдө жоктугун түшүндүрүү | ||||
2.2. Учурдагы окшош же ишке ашырылган долбоорлор | Акыркы 5 жылда ишке ашырылган окшош долбоорлорду санап өтүү жана баяндоо. Алар канчалык ийгиликтүү экендигин түшүнүү үчүн жетиштүү долбоордун натыйжаларын сөзсүз кыскача баяндоо. Аягына чейин ишке ашырылган гана эмес, ишке ашыруу процессинде токтотулган же баш тартылган долбоорлор да алардын токтотулган же баш тартылган себебин көрсөтүү менен көрсөтүлөт | ||||
2.3. Эгерде сунушталган долбоор ишке ашырылбаса, анын кесепеттери | Эгерде долбоор ишке ашырылбаса, эмне болорун жана кесепеттерин баяндоо. Кесепеттери тез арада болобу, кесепеттери орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте болобу. Алар кандай болорун түшүндүрүү | ||||
2.4. Долбоордун максаты жана милдеттери | Максаттары жана милдеттери төмөнкүдөй болууга тийиш: - максималдуу конкреттештирилген жана проблемаларды чечүүгө багытталган (2.1-пункт); - өлчөнүүчү | ||||
2.5. Долбоордун максаттуу бенефициары | Төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек: - аймакка таандыгын көрсөтүү менен (эгерде колдонулса) долбоордун негизги жана кыйыр (эгерде мындайлар болсо) бенефициарлары; - өлчөнүүчү көрсөткүчтөрдө алар кандай конкреттүү пайда ала тургандыгын баяндоо. Мүмкүн болушунча өлчөнүүчү (баалануучу) пайда статистикалык отчеттун категорияларына дал келүүгө тийиш. Динамиканы демонстрациялоо үчүн пайдаланылуучу тарыхый маалыматтар, эгерде алар жеткиликтүү болсо, долбоордук өтүнмөнү баалоодо артыкчылык катары каралат. Келтирилген маалыматтар долбоордун түз жана кыйыр бенефициарларынын жана объекттин долбоордук кубаттуулугун пайдалануунун долбоорлонгон (ченемдик) деңгээлин камсыздоо үчүн жетиштүү санда долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн продукцияларды/кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн болушу жөнүндө ишенимдүү күбөлөндүрүүгө тийиш | ||||
2.6. Долбоордун күтүлүүчү натыйжалары | Долбоордун негизги күтүлгөн жыйынтыктарын жана натыйжаларын санап өтүү. Түз натыйжалар (мисал катары) белгилүү бир датага карата алынган жаңы жолдун километринин санын же мектеп орундарынын же ооруканалардагы койкалардын санын камтышы мүмкүн. Акыркы натыйжалар түз жыйынтыктардын натыйжасы чагылдырууга тийиш жана долбоорду ишке ашыруунун эсебинен проблемаларды (2.1-п.) чечүүгө кирет жана долбоордун ийгиликтүүлүк деңгээлин өлчөөгө мүмкүндүк берет. Мисалы, жолдорду реабилитациялоонун натыйжалары жаңы участокту пайдаланууга берген биринчи жылы кырсыктарды 50%га кыскартуусу мүмкүн. Бейтапкана куруу үчүн бул аймакта медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн (муктаждарды камтуу) жогорулатуу ийгиликтүү натыйжа болушу мүмкүн. Натыйжанын көрсөткүчтөрүнүн максаттуу маанилери жок дегенде орто мөөнөттүү мезгилге (үч жыл) эсептелүүгө тийиш | ||||
2.7. Программалардын же улуттук деңгээлде стратегиялардын максаттарына долбоордун шайкештиги | Максаттарына жетүүгө долбоор өбөлгө болуучу улуттук деңгээлдеги программаларга жана стратегияларга түз шилтемелерди келтирүү. Долбоор кирген программалардын же стратегиялардын конкреттүү пункттарын жана натыйжаларын көрсөтүү | ||||
2.8. Долбоор тармактык программалардын жана стратегиялардын максаттарына жетүүгө өбөлгө болот | Долбоор байланышта болгон тармактык программалардын жана стратегиялардын бөлүмдөрүнө жана күтүлүүчү натыйжаларына түз шилтеме келтирүү менен тармактык программалардын жана стратегиялардын максаттарына жетүү үчүн долбоордун маанилүүлүгүн көрсөтүү. Бюджеттик программалар жана чаралар үчүн пландалган натыйжалуулук индикаторлорунун кайсы максаттуу маанилери долбоор ишке ашырылгандан кийин өзгөрө тургандыгын көрсөтүү | ||||
2.9. Долбоордун аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары менен байланышы | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), ошондой эле долбоор ишке ашырыла турган аймактардын райондук администрациялары тарабынан иштелип чыккан социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын максаттарына жетүү үчүн долбоордун маанилүүлүгүн көрсөтүү | ||||
2.10. Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына шайкештиги | Кыргыз Республикасындагы Улуттук ыктыярдуу серепти туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүү боюнча индикаторлорго түз шилтемелерди келтирүү | ||||
3-бөлүм: Финансылык маалымат Бул бөлүмдө долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык капиталдык, операциялык жана эксплуатациялык чыгымдардын болжолдуу көлөмү көрсөтүлөт | |||||
3.1. Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжолдуу жалпы (капиталдык же башка түз) чыгымдар (сом) | Чыгымдар курулушка чыгымдардан башка курулуш башталганга чейинки техникалык-экономикалык негиздемелерге, архитектуралык жана инженердик долбоорлоого, жерлерди сатып алууга чыгымдар жана долбоорду аяктоо үчүн зарыл болгон бардык материалдарга, жабдууларга жана кызмат көрсөтүүлөргө (консультанттарга чыгымдарды кошкондо) чыгымдар сыяктуу чыгымдарды камтууга тийиш. Капиталдык чыгымдар төмөнкүдөй бааланууга жана көрсөтүлүүгө тийиш: капиталдык чыгымдар жүргүзүлүүчү ар бир тиешелүү жылга [х сумма] сом. Бул баалардын булактары же негиздери көрсөтүлүүгө же айрым документтер түрүндө тиркелүүгө тийиш | ||||
3.2. Долбоордун каражаттарын жылдар боюнча өздөштүрүүнүн алдын ала планы (сом) (жалпы сумма 3.1-пунктта көрсөтүлгөн сумма менен бирдей болууга тийиш) | Каражат бөлүп берүүнүн башталышы күтүлгөн жылдан баштап чыгымдарды, эгерде ал техникалык-экономикалык негиздеме үчүн акы төлөө болсо дагы көрсөтүү. Таблицада долбоор ишке ашырылуучу мезгилдин ичинде жылдар боюнча каражаттарды бөлүүнүн болжолдуу суммалары көрсөтүлөт | ||||
Чыгымдардын негизги беренелери/жыл | 1-жыл | 2-жыл | 3-жыл | 4-жыл | БАРДЫГЫ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
ЖЫЙЫНТЫГЫ |
|
|
|
|
|
3.3. Долбоорду ишке ашыруу боюнча чыгымдарды каржылоо булактары (сом, %) | Төмөндө келтирилген таблицада долбоор боюнча чыгымдарды каржылоонун (кош каржылоо) бардык булактары сом менен, ошондой эле чыгымдардын жалпы көлөмүнүн пайыздары менен көрсөтүлгөн | ||||
Каржылоонун тиби | Сумма (сом) | Салыштырма салмак (%) |
| ||
Республикалык бюджет |
|
|
| ||
Жергиликтүү бюджет |
|
|
| ||
Тышкы кредит |
|
|
| ||
Тышкы грант |
|
|
| ||
|
|
|
| ||
ЖЫЙЫНТЫГЫ |
|
|
| ||
4. Ишке ашыруу Бул бөлүмдө долбоорду ишке ашыруунун баалоо планы келтирилүүгө тийиш. Ал долбоорду ишке ашырууга, ошондой эле долбоордун алкагында кызыкдар тараптар менен өз ара мамилелерди кароого байланышкан тобокелдиктерди ишке ашыруу жана баалоо графигин камтууга тийиш. Сунушталган түзүм жана чечимдерди кабыл алуу процесси функцияларды жана милдеттерди так көрсөтүү менен түшүндүрүлүүгө тийиш, алар кайсы кызмат адамы долбоорго акыркы жоопкерчиликти тартарын аныктоого тийиш | |||||
4.1. Долбоор боюнча пландалган мөөнөттү баяндоо | Бул этаптардын ар бирин аткаруу үчүн пландалган мөөнөттөрдү таблицада көрсөтүү менен долбоорду даярдоонун жана ишке ашыруунун бардык маанилүү этаптарын санап өтүү | ||||
Этап | Мөөнөттөрү |
| |||
Техникалык-экономикалык негиздемени даярдоону аяктоо |
|
| |||
Сатып алуулар жөнүндө билдирүү |
|
| |||
Контрактты ыйгаруу |
|
| |||
Иштердин башталышы |
|
| |||
Компоненттерди ишке ашыруу |
|
| |||
Иштерди аяктоо |
|
| |||
Долбоор эксплуатациялоо үчүн жеткиликтүү |
|
| |||
4.2. Долбоорду ишке ашырууда мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана тобокелдиктерди башкаруу | Долбоорду пландалган ишке ашырууга коркунуч алып келиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоо жана баяндоо. Таблицада келтирилген тобокелдиктердин ар бири үчүн тобокелди башкаруу, жеңилдетүү же азайтуу кандай жол менен ишке ашырыларын көрсөтүү керек. Тобокелдиктердин көп санын киргизүү долбоордук сунуштун начардыгынын белгиси катары каралууга тийиш эмес. Тескерисинче, каралып жаткан өтүнмөдө табылган тобокелдиктердин көп саны кылдат ойлонулган сунуштун белгиси деп эсептелери толук ыктымал | ||||
Тобокелдиктер | Тобокелдиктерди башкаруу | ||||
|
| ||||
|
| ||||
|
| ||||
4.3. Байланыш маалыматы | |||||
Аткаруучу агенттиктин байланышы | Дареги, жумуш телефондордун номерлери, сайты, электрондук почтасы | ||||
Долбоордун координаторунун байланышы | Аты-жөнү, кызмат орду, жумуш жана/же уюлдук телефондордун номерлери, электрондук почтасы | ||||
Аткаруучу агенттиктин жооптуу кызматкеринин байланышы | Аты-жөнү, кызмат орду, жумуш жана/же уюлдук телефондордун номерлери, электрондук почтасы | ||||
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
| "Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобонун 2-тиркемеси |
Долбоор боюнча документтерге же техникалык-экономикалык негиздемеге кыскача маалыматтын ФОРМАСЫ
Аткаруучу агенттиктин аталышы |
| |
Долбоордун аталышы |
| |
Ишке ашыруучу агенттиктин аталышы | Эгерде долбоорду ишке ашырууга катышкан өз алдынча юридикалык жактын статусуна ээ институттук бирдик каралса, көрсөтүлөт | |
Долбоордун уникалдуу номери | Долбоордун номери долбоордук өтүнмөнү алдын ала ийгиликтүү тандоодо ыйгарылат | |
Долбоордук өтүнмөнү жактыруу датасы |
| |
Долбоордун максаты | Эки же үчтөн ашпаган сүйлөм менен туюнтулган бир негизги коомдук-пайдалуу максат көрсөтүлүүгө тийиш | |
Долбоорду физикалык баяндоо | Долбоордун физикалык мүнөздөмөсүн бир-эки сүйлөм менен баяндоо, мисалы: [у] айылында балдарды [саны] жайгаштыруу үчүн [х]м2 аянттагы мектептин жаңы имараты. Эгер болсо долбоордун компоненттерин санап өтүү | |
Жайгашкан жери | Долбоордук объекттин так географиялык абалы жана/же почта дареги. Эгерде ал бир нече жерде жайгашса, мисалы жол долбоору сыяктуу, баштапкы жана акыркы дареги же картадагы координаттары көрсөтүлөт жана басып өткөн маршрут баяндалат | |
Долбоордун болжолдуу капиталдык наркы (сом) | Баштапкы | Долбоордук өтүнмө формасында көрсөтүлгөн болжолдуу жалпы (капиталдык) чыгымдар |
Учурдагы | Болжолдуу жалпы (капиталдык) сарптоолор, алар ушул учурга карата техникалык-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөн | |
Каржылоо булактары (капиталдык) (сом, %) | Долбоорду тең каржылоо булактарын санап өтүү, мисалы: республикалык бюджеттин каражаттарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн (так көрсөтүү) каражаттарынын эсебинен, алардын ар биринин каржылоо көлөмүн жана салыштырма салмагын көрсөтүү менен | |
Болжолдонгон кошумча операциялык жана эксплуатациялык чыгымдар (түзүлгөн активдердин иштөөсүнүн биринчи толук финансылык жылы үчүн) (сом) | Баштапкы | Аткаруучу агенттиктин учурдагы чыгымдарынын бюджетинин максималдуу суммасына кошумча болуп эсептелген долбоордук өтүнмөдө көрсөтүлгөн болжолдуу жылдык операциялык жана эксплуатациялык чыгымдар |
Учурдагы | Болжолдуу жылдык операциялык жана эксплуатациялык чыгымдар, алар ушул учурга карата техникалык-экономикалык негиздемеде чагылдырылат | |
Кошумча операциялык жана эксплуатациялык чыгымдардын булактары (сом, %) | Кошумча операциялык жана эксплуатациялык чыгымдардын булактары көрсөтүлөт. Мисалы: мамлекеттик бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (кайсылар, так көрсөтүү), жеке сектор же алардын комбинациясы (алардын ар биринин каржылоо көлөмүн жана салыштырма салмагын көрсөтүү) | |
Долбоорду баштоонун болжолдуу датасы (ай/жыл) | Баштапкы | Долбоордук өтүнмөдө көрсөтүлгөн баштоо датасы. Бул дата техникалык-экономикалык негиздемени аткаруу датасы болууга тийиш |
Учурдагы | Техникалык-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөн ушул учурга карата долбоорду баштоо датасы | |
Аяктаган долбоордун ишин баштоонун болжолдуу датасы (ай/жыл) (зарылдыгына жараша толтурулат) | Баштапкы | Долбоордук өтүнмөдө көрсөтүлгөн долбоор аяктагандан кийин объекттин ишин баштоонун болжолдонгон датасы |
Учурдагы | Техникалык-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөн ушул учурга карата объекттин ишин баштоо датасы | |
Фискалдык таасирди талдоо | Фискалдык таасир - Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешелерине жана чыгымдарына ишке ашырылган долбоордун натыйжаларынын таасири. Негизги көрсөткүч катары убакыттын кандайдыр бир мезгилиндеги таасир кабыл алынат, ал инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешелеринин көбөйүшүндө жана/же чыгымдарынын азайышында чагылдырылат | |
Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына, программалардын же улуттук деңгээлдеги стратегиялардын максаттарына долбоордун шайкештиги |
| |
Тиркемелердин тизмеси | ТЭН боюнча бөлүмдөн бардык негизги пункттарды жана тиркемелерди санап өтүү | |
| ||
| Аты-жөнү, кызматы | Колу |
Долбоор даярдалды | Аткаруучу агенттиктин жумушчу тобунун мүчөлөрү |
|
Дата |
|
|
Аткаруучу агенттиктеги байланышуучу адам |
|
|
Телефон № |
|
|
Эл. почта |
|
|
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
| "Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобонун 3-тиркемеси |
Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө ар кварталдык кыскача отчеттун формасы жана толтуруу боюнча НУСКАМА
Донор |
|
Кредиттин/гранттын номери (макулдашуу боюнча) |
|
Сектор |
|
Каржылоонун жалпы суммасы | АКШ доллары |
Кредиттин суммасы | АКШ доллары |
Гранттын суммасы | АКШ доллары |
Тех. жардамдын суммасы | АКШ доллары |
Кыргыз Республикасынын салымы (кошо каржылоо): | АКШ доллары |
Кредиттин шарттары: | Кредиттин мөөнөтү (анын ичинен жеңилдетилген мезгил), пайыздык ставка, грант-элемент |
Географиялык камтуу (облустар): |
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйналышын өткөрүүнүн датасы | Протоколдун №, датасы |
Донордун директорлорунун кеңешинин жыйналышын өткөрүүнүн датасы | Датасы |
Сүйлөшүүлөрдүн датасы (тескеменин №, датасы): |
|
Кол коюу датасы (тескеменин №, датасы): |
|
Ратификациянын датасы (мыйзамдын №, датасы): |
|
Долбоордун күчүнө кирген датасы: |
|
Аткаруучу агенттик: |
|
Ишке ашыруучу агенттик: |
|
Долбоорду ишке ашыруунун башталышы: |
|
Долбоорду жабуу датасы: |
|
Долбоорду каржылоону жабуу датасы: |
|
Долбоордун узартылышы (даталары): |
|
Тышкы каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү (отчеттук мезгилди кошкондо долбоордун башынан бери өсүүчү жыйынтык менен): | Кредит: АКШ доллары Грант: АКШ доллары |
Учурдагы жыл үчүн тышкы каржылоо боюнча каражаттардын өздөштүрүлүшү: | Кредит: АКШ доллары Грант: АКШ доллары |
Ички каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү (отчеттук мезгилди кошкондо долбоордун башынан бери өсүүчү жыйынтык менен): | КР салымынын суммасы: АКШ доллары |
Ушул жылга ички каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү: | КР салымынын суммасы: АКШ доллары |
Долбоордун максаты:
Долбоор төмөнкү компоненттерден турат:
1-компонент:
2-компонент:
3-компонент:
4-компонент:
5-компонент:
Долбоорду ишке ашыруунун статусу
1-компонент:
2-компонент:
3-компонент:
4-компонент:
5-компонент:
Долбоор боюнча көйгөйлөр:
Көйгөйлөрдү чечүү жолдору:".