Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 614 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу № 357
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227 "Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, тибин бекитүүнүн белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону, Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү жол-жоболорун жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227 "Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, тибин бекитүүнүн белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону, Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталган токтом менен бекитилген Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жободо:
- 49-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"49. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүнү таануу жөнүндө тастыктама өлчөө каражатынын тибин бекитүү жөнүндө таанылган тастыктаманын жарактуу мезгилинде өндүрүлгөн өлчөө каражаттарынын эксплуатациялоо мөөнөтү бүткөнгө чейин эксплуатациялоо процессинде өлчөө каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилбеген шартта колдонулат.
Стандарттык үлгүнүн тибин бекитүүнү таануу жөнүндө тастыктама даярдоочу өлкө берген стандарттык үлгүнүн тибин бекитүү жөнүндө тастыктаманын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.";
- жогоруда аталган Жобонун 6-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстинде:
- токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы "Ченөө" деген сөз "Өлчөө" деген сөз менен алмаштырылсын;
- преамбуладагы "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" деген сөздөр "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жободо:
Жобонун аталышындагы жана 2-7-главаларындагы "Ченөө" жана "ченөө" деген сөздөр "Өлчөө" жана "өлчөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-55-пункттарындагы ар түрдүү сандагы жана жөндөмөдөгү "Ченөө" жана "ченөө" деген сөздөр тиешелүү санда жана жөндөмөдө "Өлчөө" жана "өлчөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
33-пунктундагы жана 2-тиркемесиндеги "ченелүүчү" жана "Ченелүүчү" деген сөздөр "өлчөнүүчү" жана "Өлчөнүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган Жобонун 1-5, 7-9-тиркемелериндеги "Ченөө" жана "ченөө" деген сөздөр "Өлчөө" жана "өлчөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесиндеги "ченемдөөчү" деген сөз "өлчөмдөөчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
Жобонун аталышындагы жана 2-главасындагы "Ченөө" жана "ченөө" деген сөздөр "Өлчөө" жана "өлчөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-16-пункттарындагы "Ченөө" жана "ченөө" деген сөздөр "Өлчөө" жана "өлчөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган Жобонун 1-4-тиркемелериндеги "Ченөө" жана "ченөө" деген сөздөр "Өлчөө" жана "өлчөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жобонун 6-тиркемеси |
(Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби)
__________________________________________________ (типти бекитүүчү уюмдун аталышы)
Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүнү таануу жөнүндө № __________ ТАСТЫКТАМА
Ушул тастыктама ______________________________________________ тиби
(типтин белгиси)
_________________________________________________________________
(өлчөө каражаттарынын аталышы)
_________________________________________________________________,
(ишкананын жайгашкан аймактык орду)
_________________________________________________________________
(чыгаруучунун (өлкөнүн) аталышы)
чыгарылган Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын мамлекеттик
реестрине _______________ номери менен киргизилген жана _____________
_________________________________________________________________
(метрология боюнча улуттук органдын аталышы)
_________________________________________________________________
(экспорттоочу өлкө)
тарабынан өткөрүлгөн сыноолордун натыйжаларын таануунун жана бул
типти бекитүүнүн негизинде Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат
берилгендигин ырастайт.
Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү ____________________________________
_________________________________________________________________
(интервалын жылдар же айлар менен көрсөтүү)
Бул тастыктама өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жөнүндө таанылган
тастыктаманын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин өндүрүлгөн өлчөө
каражаттарына жайылтылат.
Жетекчи ____________________________________________ (аты-жөнү)
20___- жылдын "___" ________________
М.О.".