Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 614 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 227 токтому менен бекитилген |
Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153, 2019-жылдын 18-июлундагы № 357 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонууга тийиш болгон Кыргыз Республикасында чыгарылган же импорттолуп алынып келинген өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү, алар колдонууга чыгарылганга чейин сыноолорду жүргүзүү жана үлгүлөрдүн тибин бекитүү тартибин, тибин бекитүү белгисин колдонуунун техникалык талаптарын, формасын, өлчөмдөрүн, тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр:
стандарттык үлгү - болжолдонгон багытына ылайык сапаттык касиеттерди өлчөөдө же баалоодо аны пайдалануу үчүн аныкталган касиеттерге карата жетишерлик түрдө бир түрдүү жана туруктуу материал;
өлчөө каражаттарынын тиби - бир эле техникалык документтер боюнча даярдалган жана бирдей конструкцияга ээ болгон, бир эле аракет принцибинде негизделген, бир эле багыттагы өлчөө каражаттарынын жыйындысы;
өлчөө каражаттарын сыноо - өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү максатында мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү жана контролду жайылтуу чөйрөсүндө өлчөө каражаттарынын үлгүлөрүн милдеттүү сыноо;
өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү - өлчөө каражаттарынын тиби белгиленген талаптарга шайкеш экендиги жөнүндө метрология боюнча улуттук орган чыгарган чечим;
сыноо протоколу - сыноо натыйжаларын же сыноого тиешелүү башка маалыматты камтыган документ.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Өлчөө каражаттарынын типтерин бекитүү максаты үчүн өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүү тартиби
3. Өлчөө каражаттарынын типтерин бекитүү максаты үчүн өлчөө каражаттарын сыноону метрология боюнча улуттук орган, ошондой эле белгиленген тартипте өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укук алган юридикалык жактар жүргүзөт.
4. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү максатында табыштамачы өлчөө каражатын сыноо үчүн төмөнкүлөрдү берет:
а) эркин формадагы табыштамачы;
б) сыноо программасында каралган санда өлчөө каражаттарынын үлгүлөрүн;
в) эксплуатациялоо документтерин;
г) стандартташтыруу боюнча документти же документтин долбоорун (ал боюнча өлчөө каражаттары чыгарылуучу документ, эгер иштеп чыгуу каралса), ошондой эле эксплуатациялоо документтеринде "Текшерүү методикасы" бөлүмү жок болсо, текшерүүнүн методдору жана каражаттары документтин;
д) 13 х 18 см же 18 х 24 см жалпы көрүнүш сүрөтү менен ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча типтеги сүрөттөлүш долбоорун;
е) өлчөө каражатынын тибин сыноо программасынын долбоорун.
5. Өлчөө каражаттарынын тибин сыноо программасы метрология боюнча улуттук орган тарабынан бекитилет. Табыштамачы менен табыштама келишими боюнча программа метрология боюнча улуттук орган тарабынан иштелип чыгышы мүмкүн.
6. Метрология боюнча улуттук органда өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүү үчүн керектүү жабдуу жок болгон учурда, табыштамачы сыноо үчүн жабдууларды жана өлчөө каражаттарын берет.
7. Сыноо жүргүзүлгөндөн кийин жабдуу жана өлчөө каражаттары табыштамачыга кайтарылып берилет.
8. Өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча сыноо протоколу (үч нускада) жана ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча сыноо акты (эки нускада) таризделет.
9. Сыноолор оң натыйжалуу болсо тибинин сүрөттөмөсү жана текшерүү методикасы бекитилет.
10. Терс натыйжалар алынганда табыштамачыга кайтарыла турган, берилген документтерди тиркөө менен, өлчөө каражатынын тибин бекитүү мүмкүн эместиги жөнүндө сыноо актысынын корутундусу таризделет.
3. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү тартиби
11. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулууга тийиш болгон, Кыргыз Республикасында чыгарылган же импорт боюнча алынып келинген өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тиби бекитилүүгө тийиш.
12. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү тууралуу чечимди метрология боюнча улуттук орган өлчөө каражаттарын сыноонун жана стандарттык үлгүлөрдү лабораториялар аралык аттестациялоонун оң жыйынтыгынын негизинде кабыл алат.
13. Типтери бекитилген өлчөө каражаттарына ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча өлчөө каражатынын тибин бекитүү тууралуу тастыктама берилет.
14. Типтери бекитилген стандарттык үлгүлөргө ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча Мамлекеттик стандарттык үлгүнүн тибин бекитүү тууралуу тастыктама берилет.
15. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, тийиштүү эл аралык келишимдердин негизинде чет өлкөлөрдө жүргүзүлгөн өлчөө каражаттарын сыноонун натыйжаларын таануу жана өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү метрология боюнча улуттук орган тарабынан ишке ашырылат.
16. Сыноолордун натыйжалары жана тибин бекитүүлөр тиешелүү эл аралык келишимдердин негизинде таанылган өлчөө каражаттарына ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүнү таануу жөнүндө тастыктама берилет.
17. Стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү тиешелүү аралык келишимдердин негизинде таанылган стандарттык үлгүлөргө ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча Стандарттык үлгүнүн тибин бекитүү жөнүндө тастыктама берилет.
18. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген типтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестринде катталууга тийиш.
19. Даярдоочу ушул Жобонун 6-главасына ылайык өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисин коюуну камсыз кылат.
20. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгиси Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн өлчөө каражаттарына коюлат. Импорт боюнча алынып келинген өлчөө каражаттарына өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисинин коюлушу милдеттүү эмес.
21. Стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүдө типти бекитүү белгиси эксплуатациялоо документтерине түшүрүлөт жана көрсөтүлөт.
22. Сыноолорду жүргүзүүгө, өлчөө каражаттарын сыноолордун натыйжаларын таанууга жана өлчөө каражаттары менен стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте бекитилген тарифке жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
23. Ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык документтер жана өлчөө каражаттарынын үлгүлөрү жана стандарттык үлгүлөрү тиркелген табыштама метрология боюнча улуттук органга жөнөтүлөт.
24. Метрология боюнча улуттук орган берилген документтердин метрологиялык экспертизасын жана өлчөө каражаттарынын үлгүлөрүн жана стандарттык үлгүлөрдү идентификациялоону ишке ашырат.
25. Метрологиялык экспертизаны ишке ашырууда метрологиялык талаптар, эрежелер жана ченемдер туура колдонулгандыгына талдоо жана баалоо жүргүзүлөт.
26. Метрологиялык экспертизадан кийин документтер жана өлчөө каражаттарынын үлгүлөрү жана стандарттык үлгүлөр бекитилген программага ылайык өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү максатында өлчөө каражаттарына сыноо жана стандарттык үлгүлөргө аттестациялоо жүргүзүү үчүн метрология боюнча улуттук органдын лабораториясына же чарба субъекттеринин метрологиялык кызматтарына жөнөтүлөт.
27. Өлчөө каражаттарын сыноонун жана стандарттык үлгүлөрдүн лабораториялар аралык аттестациясынын оң натыйжасын алгандан кийин, документтер, өлчөө каражаттарынын үлгүлөрү жана стандарттык үлгүлөр, сыноо протоколдору метрология боюнча улуттук органга өткөрүп берилет, ал ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча сыноо актысын тариздейт.
28. Метрология боюнча улуттук орган сыноо материалдарын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн типтерин бекитүү боюнча туруктуу иштеген комиссиянын (мындан ары - Комиссия) кароосуна киргизет, ал өлчөө каражаттарын сыноонун жана стандарттык үлгүлөрдүн лабораториялар аралык аттестациясынын оң натыйжасынын негизинде өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн типтерин бекитүү тууралуу чечим кабыл алат.
29. Комиссиянын курамы метрология боюнча улуттук органдын буйругу менен бекитилет. Комиссия жети мүчөдөн турат, комиссиянын төрагасын жана катчысын кошкондо алар метрология боюнча улуттук органдын кызмат адамдарынын ичинен дайындалат. метрология боюнча улуттук органдын өкүлдөрү, юридикалык жактардын метрологиялык кызматтарынын өкүлдөрү Комиссиянын мүчөлөрү боло алат.
30. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүдө Комиссия өлчөө каражаттарынын текшерүүлөр ортосундагы интервалын жана стандарттык үлгүлөрдү колдонуу мөөнөтүн аныктайт.
31. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген тиби Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестринде катталууга тийиш.
32. Берилген документтерди жана үлгүлөрдү тиркөө менен өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүнүн тибин бекитүү тууралуу тастыктама табыштамачыга берилет.
33. Чоңдуктун өлчөнүүчү параметрлери, уруксат берүү талаптары, деңгээлдер, өлчөөлөр, калыстыктар өлчөө каражаттарынын паспорттук маалыматтарына шайкеш келбеген учурда терс чечим кабыл алынышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 357 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Терс чечим кабыл алынган учурда, Комиссия табыштамачыга баш тартуу жөнүндө кат жүзүндөгү негиздемени жөнөтөт.
4. Өлчөө каражаттарынын бекитилген типке шайкештигин сыноо
35. Өлчөө каражаттарынын бекитилген типке шайкештигин сыноо төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
а) чыгарылып жаткан же импорттолуучу өлчөө каражаттарынын сапатынын начарлашы тууралуу керектөөчүлөрдөн жана мамлекеттик көзөмөл органдарынан маалымат болсо;
б) алардын ченемделген метрологиялык мүнөздөмөсүнө таасир тийгизген, алардын конструкциясына же даярдоо технологиясына өзгөртүүлөр киргизилгенде;
в) өлчөө каражаттарынын бекитилген типке шайкештиги тастыктамасынын колдонулуу мөөнөтү аяктаганда.
36. Жаңы даярдоочу өлчөө каражаттарын өндүрүшкө койгондо өлчөө каражаттарынын жеке менчик ээсине же импорттоочуга кабарлоо Интернеттин (электрондук кат жиберүү жолу менен), телефондун жардамы менен же факс аркылуу жүргүзүлөт.
37. Өлчөө каражаттарынын бекитилген типке шайкештигин сыноодо табыштамачы төмөнкүлөрдү берет:
а) эркин түрдөгү табыштаманы;
б) өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жөнүндө тастыктаманын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн же түп нускасын;
в) тибин бекитүү максаты үчүн өлчөө каражаттарын сыноо актысынын жана (же) четтөө каражаттарынын бекитилген типке шайкештигин акыркы сыноонун актысынын көчүрмөсүн.
38. Табыштамачынын катышуусунда өлчөө каражаттарынын бекитилген типке шайкеш келүүсүн сыноо үчүн туш келди тандоо ыкмасы менен, мезгилдүү сыноо үчүн стандартташтыруу боюнча документтерде белгиленген санда өлчөө каражаттарынын үлгүлөр тобунан тандап алынат.
39. Бекитилген типтеги өлчөө каражаттарынын конструкциялык аткарылышынын саны көп болсо, параметрдик катардын типтүү өкүлү болуп саналган өлчөө каражаттарынын санынын ичинен үлгүлөрдү тандап алууга жол берилет, эгер бул стандартташтыруу боюнча документтерде каралса.
40. Ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн өлчөө каражатынын үлгүлөрүн тандоо актысына метрология боюнча улуттук органдын жана даярдоочунун өкүлдөрү кол коюшат. Импорт боюнча алынып келинген өлчөө каражаттарынын үлгүлөрү тандалып алынган учурда, алып келүүчү уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусунда жаңы келген партиядан тандоо ишке ашырылат.
41. Сыноо аяктагандан кийин өлчөө каражаттарынын үлгүлөрү табыштамачыга кайтарылып берилет.
42. Өлчөө каражаттарынын бекитилген типке шайкештигин сыноо өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү максаты үчүн сыноо жүргүзүүдө метрология боюнча улуттук орган бекиткен программа боюнча жүргүзүлөт.
43. Өлчөө каражаттарынын сапатынын начардыгы жөнүндө маалымат бар болсо, өлчөө каражатынын бекитилген типке шайкештигин сыноо, начарлап кеткендиги жөнүндө келип түшкөн маалыматтардын мүнөзүнө жана параметрине гана текшерүү жүргүзүүнү караган программа боюнча жүргүзүлөт.
44. Бекитилген типке өлчөө каражаттарынын шайкештигин сыноонун натыйжасында ушул Жобонун 4-тиркемесинин формасы боюнча сыноо протоколу (үч нускада) жана ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча сыноо акты (эки нускада) түзүлөт жана Комиссиянын кароосуна жиберилет, ал төмөнкүлөр боюнча чечим чыгарат:
а) өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жөнүндө мурда берилген тастыктаманын колдонулуу мөөнөтүн жокко чыгаруу же узартуу жана Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
б) өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жөнүндө мурда берилген тастыктаманы колдонуунун укуктуулугу жөнүндө.
5. Өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү сыноонун натыйжасын таануу жана өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү тартиби
45. Табыштамачы метрология боюнча улуттук органга төмөнкү документтерди берет:
а) эркин формадагы табыштаманы;
б) даярдоочу өлкө тарабынан берилген өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүнүн тибин сыпаттоо менен өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүнүн тибин бекитүү жөнүндө тастыктаманын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
в) текшерүү методикасы бар эксплуатациялоо документтерин;
г) акы төлөнгөндүгүн ырастаган документтерди.
46. Берилген документтердин метрологиялык экспертизасы метрология боюнча улуттук орган тарабынан 2 күндүк мөөнөттө жүргүзүлөт, андан кийин ал өлчөө каражаттарын сыноонун жыйынтыгын таануу жана өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн Комиссиянын кароосуна киргизилет.
47. Табыштамачы тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин шарттары сакталбаган учурда Комиссия өлчөө каражаттарын сыноонун жана өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү натыйжаларын тааныбай койгонго укугу бар.
48. Оң чечим чыгарылса өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизүү менен, ушул Жобонун 6 жана 7-тиркемелеринин формасы боюнча тастыктама берилет.
49. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүнү таануу жөнүндө тастыктама өлчөө каражатынын тибин бекитүү жөнүндө таанылган тастыктаманын жарактуу мезгилинде өндүрүлгөн өлчөө каражаттарынын эксплуатациялоо мөөнөтү бүткөнгө чейин эксплуатациялоо процессинде өлчөө каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилбеген шартта колдонулат.
Стандарттык үлгүнүн тибин бекитүүнү таануу жөнүндө тастыктама даярдоочу өлкө берген стандарттык үлгүнүн тибин бекитүү жөнүндө тастыктаманын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 357 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Терс чечим чыгарылган учурда Комиссия өлчөө каражаттарынын натыйжасын таануудан баш тартууну негиздөө менен табыштамачыга кат жөнөтөт.
51. Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын табыштамасы боюнча өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн натыйжасын таануу жана тибин бекитүү боюнча жүргүзүлгөн иштерге акы төлөө, мыйзамдык тартипте бекитилген метрологиялык иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери боюнча, ал эми чет өлкөлүк юридикалык жактардын табыштамасы боюнча Стандартташтыруу, метрология жана тастыктама берүү боюнча мамлекеттер аралык кеңештин чечимине ылайык жүргүзүлөт.
52. Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдер метрология боюнча улуттук орган тарабынан сыноолорду өткөрүүсүз төмөнкүлөрдү кабыл алуу үчүн негиз болот:
а) өлчөө каражаттарын сыноонун натыйжаларын таануу жана өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн типтерин бекитүү;
б) импорттолуучу өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизүү.
6. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби
53. Типти бекитүү белгисине карата техникалык талаптар:
а) өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисинин сүрөтү ушул Жобонун 9-тиркемесинин 1-сүрөтүндө көрсөтүлгөн;
б) өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисинин түзүлүш өлчөмү ушул Жобонун 9-тиркемесинин 2-сүрөтүнө ылайык, белгиленген Н базалык өлчөмү менен белгиленет;
в) Н мааниси 6, 8, 10, 15, 25, 40, 60, 100 мм. катарынан тандалат;
г) өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгиси ар бир өлчөө каражаттарына жана өлчөө каражаттарынын ар бир нускасын коштогон эксплуатациялоо документтерине, даярдоочунун товардык белгисинин маркасынын жанына коюлат.
д) өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисинин сүрөтү өлчөө каражаттарынын фонунда айырмаланган, даана, түшүнүктүү жана бир түстүү (ар кандай түстө) жана жөн эле көрүп айырмалана тургандай болушу керек.
е) өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисин коюу өлчөө каражаттарынын кызматынын бардык мөөнөтүндө белгинин так жана даана сүрөттөлүшүн камсыз кылган ар кандай технологиялык ыкмалар менен аткарылат.
54. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби:
а) типти бекитүү белгиси ушул Жобонун 2-5-главаларынын талаптарына ылайык бекитилген типтеги өлчөө каражаттарын маркалоо үчүн колдонулат;
б) өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгиси ушул Жобонун 2-5-главаларына ылайык өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жол-жоболору өткөрүлгөндөн кийин, Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарын өндүрүүнү ишке ашырган же Кыргыз Республикасынын аймагына алып келген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан коюлат.
Эгер, өлчөө каражаттарынын конструкциясы өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисин коюуга мүмкүндүк бербесе, анда аны эксплуатациялоо документтерине гана коюуга жол берилет;
в) стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгиси эксплуатациялоо документтерине коюлат жана көрсөтүлөт;
г) өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисинин өлчөмүн базалык өлчөмү Н) жана коюу ордун аны колдонууга укугу бар даярдоочу же алып келүүчү аныктайт.
д) өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жөнүндө тастыктаманын колдонулуу мөөнөтү бүткөндөн кийин өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисин колдонууга тыюу салынат.
7. Өлчөө техникасын керектөөчүлөрдү маалыматтык тейлөө
55. Кызыкдар болгон жеке жана юридикалык жактарды Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизилген өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жөнүндө маалыматтар менен тейлөөнү метрология боюнча улуттук орган жүргүзөт.
|
| Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
|
| Бекитем
Жетекчи: _________ __________________ (колу) (аты-жөнү) М.О. 20__-ж. "___" _______________ |
Өлчөө каражаттарынын тибинин сүрөттөлүшү
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 357 токтомунун редакциясына ылайык)
__________________________________ __________________________________ __________________________________ __________________________________ __________________________________ (өлчөө каражаттарынын аталыштары __________________________________ жана алардын тибинин белгиси) | Өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген Каттоо N _________________________ N ордуна _________________________ |
______________________ боюнча чыгарылат. ________________________________ (стандарттын же стандартташтыруу документинин белгиси)
Колдонулуу багыты жана чөйрөсү
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Сүрөттөлүшү
__________________________________________________________________
(колдонуу принциби жана конструкциясынын сүрөттөлүшү,
_______________________________________________________________________
модификациялоо күнү,
_______________________________________________________________________
алардын белгилениши жана өзгөчөлүктөрү
_______________________________________________________________________
өлчөмдөөчү метрологиялык нормаларды кошо алганда жалпысынын
_______________________________________________________________________
тибинин негизги техникалык мүнөздөмөсү
_______________________________________________________________________
жана зарыл учурда ишенимдүүлүгүн кошо көрсөтүү
_______________________________________________________________________
менен анын өзүнчө модификациясы)
_______________________________________________________________________
Тибин бекитүү белгиси
___________________________ ______________________________________
(үлгүлөрдөгү жана (же) эксплуатациалоо документтериндеги
_______________________________________________________________________
белгинин орду жана атоо ыкмасы)
_______________________________________________________________________
Комплектүүлүк
__________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Текшерүү
__________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(текшерүү боюнча ченемдик документтин аталышы жана белгиси,
_______________________________________________________________________
эксплуатациялоо шарттарында же оңдоодон кийин өлчөө каражаттарын
_______________________________________________________________________
текшерүү үчүн зарыл болгон негизги жабдуулардын тизмеги)
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Ченемдик документтер
__________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(ачык-айкын типтеги өлчөө каражаттарынын негизги ченемдик
_______________________________________________________________________
документтери, анын ичинде эл аралык документтер)
_______________________________________________________________________
Корутунду
__________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(өлчөө каражаттарынын тибинин ченемдик документтердин
_______________________________________________________________________
талаптарына шайкештиги жөнүндө)
Метрология боюнча улуттук органдын өкүлү:
________________ ______________________________________________ (колу) (аты-жөнү)
Даярдоочу: _______________________________________________________ (ишкана жана анын дареги)
______________________________________ _________ _______________
(иштеп чыгуучу уюмун аталышы (колу) (аты-жөнү)
- уюмдун жетекчисинин кызмат орду)
|
| Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
__________________________________________________________________
(сыноо жүргүзгөн уюмдун аталышы жана дареги)
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(бөлүмдүн (лабораториянын) аталышы жана дареги)
N _________ ПРОТОКОЛ 20__-ж. "__"
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 357 токтомунун редакциясына ылайык)
______________ _______________ сыноо (өлчөө каражаттарынын тибин өлчөө ________________________ каражаттарынын бекитилген тибине шайкештигин __________________ бекитүү максатында) _______________________ (өлчөө каражаттарынын аталышы)
Табыштама N ___________ 20__-ж. "___" ______________
I. Сыноо обьектти
Өлчөө каражаттарынын аталышы (тиби, маркасы, түрү): ______________
Табыштамачы (аталышы, дареги): ___________________________________
Сыноо боюнча ченемдик документтер (аталышы, белгиси): ____________
Сыноо жүргүзүү датасы: ___________________________________________
Үлгүлөрдүн саны (саны, өлчөө каражаттарынын номери, партиясынын номери):
______________________________________________________________
II. Сыноо жүргүзүүнүн шарттары
Параметрлер | Сыноодо ченемдик документтерге коюлган талаптар | Иш жүзүндөгү мааниси |
Абанын температурасы |
|
|
Салыштырма нымдуулук |
|
|
Азыктануу чыңалуусу |
|
|
ж.б. (эгер кошумча талаптар бар болсо) |
|
|
III. Сыноо каражаттары
Ченелүүчү параметрлер | Сыноо каражаттары |
|
| Аталышы, негизги техникалык мүнөздөмөлөрү, тиби, заводдун N | Текшерүү, аттестациялоо күнү |
IV. Сыноонун натыйжалары
____________________ (төмөнкү маалыматтарды милдетүү түрдө көрсөтүү менен эркин формада толтурулат:
1. Өлчөнүүчү параметрлердин аталыштары.
2. Өлчөнүүчү параметрлердин чоңдугу (сыноолор боюнча ченемдик документтерге ылайык).
3. Жол берилүүчү деңгээлдерге/жокко чыгарууларга/калпыстыктарга/ж.б. коюлган талаптар (ченемдик документтерге ылайык).
4. Иш жүзүндө текшерилген параметрлер.
5. Сыноолор боюнча ченемдик документтерде болгон башка параметрлер).
(*) Эскертүү: _____________________________________
Сыноонун натыйжалары сыноого сунушталган үлгүлөргө гана жайылтылат.
Бөлүмдүн/лабораториянын начальниги _____________ (колу) (аты-жөнү)
Адис ___________________ (сыноо жүргүзгөн адистин кызматы, колу) (аты-жөнү)
|
| Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
__________________________________________________________________
(уюмдун аталышы)
_______________________________________________________________________
|
| Жетекчи: _________ __________________ (колу) (аты-жөнү) М.О. 20__-ж. "___" _____________ |
Өлчөө каражаттарын сыноо АКТЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
_________________________________________________________________
(типти бекитүү жана типтин бекитилген типке
_______________________________________________________________________
шайкештиги максаты үчүн)
_______________________________________________________________
сыноого
(өлчөө каражаттарынын аталышы жана алардын белгилери)
__________________________________________________________,
сунушталды.
1. Метрология боюнча улуттук орган ___________ (аткаруучулардын аты-жөнү жана кызмат орду) __________________________ (өлчөө каражаттарынын аталышы жана алардын белгиси) _________________________ сыноо жүргүздү. ___________________________________ (өлчөө каражаттарды даярдоочу-уюмдун же берүүчү-уюмдун аталышы) _______________________________
Текшерүү 20__-ж. "___" _______ "___" _________________ чейин _____________________ негизинде жүргүзүлдү ______________________ (каттын номери жана күнү)
Текшерүү _____________________________________________ жүргүзүлдү. (жүргүзүлгөн жер)
2. Метрология боюнча улуттук орган берген үлгүлөр:
_____________________________________ (өлчөө каражаттарынын аталыштары жана алардын белгиси, ______________________________________ кыскача техникалык мүнөздөмөсү жана белгиси, ___________________________________ берилген үлгүлөрдүн номери жана күнү) __________________________________
3. Сунушталган үлгүлөр менен таанышып жана документтерди карап чыгып, метрология боюнча улуттук орган берилген материалдарды сыноо жүргүзүү үчүн жетиштүү деп тапты. Ошол эле учурда метрология боюнча улуттук орган тарабынан сыноо жүргүзүү үчүн үлгүлөрдүн жана документтердин жарактуулугу белгиленген.
4. Метрология боюнча улуттук орган _______________________ (өлчөө каражаттарынын аталыштары жана алардын белгиси) _________________________ (тиркелген программага же сыноонун типтүү программасына жана _____________________________ сыноонун типтүү программасынын толуктоосуна шилтеме) _______________________ ылайык сыноо жүргүздү.
5. Сыноо жүргүзүүнүн натыйжасында, бул үлгүлөр _____________________________ (өлчөө каражаттарынын аталышы)
а) __________________________ (ченемдик документтердин жана башка документтердин _________________________ аталыштары жана белгилениши) __________________________ талаптарына туура келээрин (туура келбесин).
б) _____________________________ (өндүрүүдө жана пайдаланууда метрологиялык камсыздоо жөнүндө, ___________________ анын ичинде текшерүү тууралуу ченемдик документтердин долбоору __________________________ жөнүндө корутунду) ___________________________ ээ экендигин (ээ эмес экендигин) белгиледи.
6. Сыноо жүргүзүү процессинде төмөнкү кемчиликтер белгиленди: ___________________________ (белгиленген кемчиликтердин тизмеги, ______________________________ анын ичинде сыноого берилген документтер боюнча) ___________________________
7. Жүргүзүлгөн сыноонун натыйжасынын негизинде төмөнкүлөр сунушталды: __________________________ ________________________ (бекитүүнүн максатка ылайыктуулугу, аны Мамлекеттик реестрге киргизүү, ____________________________ типти бекитүү жөнүндө тастыктама берүү тууралуу сунуштар)
8. Сыноодо табылган кемчиликтер: _________________________________ (даярдоочу-уюмдун, берүүчү-уюмдун аталыштары) _______________________ 20__-ж. "___" ___________ чейин четтетсин жана кемчиликтерди четтетүү тууралуу метрология боюнча улуттук органга отчет берсин.
Актыга тиркеме:
1. Сыноо программасы.
2. Стандартташтыруу боюнча документтер, даярдоочу-фирманын проспекти.
3. Эксплуатациялоо документтери, даярдоочу-фирманын документтеринин топтому.
4. Текшерүү методикасы.
5. Өлчөө каражаттарынын тибинин сүрөттөлүшү.
6. Метрология боюнча улуттук органдын сыноосунун протоколу.
Сыноо жүргүзгөндөр: ___________ ________________________ (кызмат ордун, аты-жөнүн көрсөтүү менен сыноо _________________________ жүргүзгөн адамдардын колу)
Акт менен тааныштым: _______________ (табыштамачынын уюмунун жетекчиси, аты-жөнү)
|
| Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жобонун 4-тиркемеси |
(Кыргыз Республикасынын Герби)
_________________________
(типти бекитүүнү жүргүзүүчү уюмдун аталышы)
Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү тууралуу ТАСТЫКТАМА N ____________
20__-ж. "___" ____________ чейин жарактуу
Ушул тастыктама өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестринде ______ (өлчөө каражаттарынын аталышы) _______________________________ (даярдоочу-чыгаруучунун аталышы)
N ______ менен катталган сыноонун оң натыйжаларынын негизинде тиби бекитилгендигин күбөлөндүрөт жана Кыргыз Республикасындагы колдонууга уруксат берилгендигин ырастайт.
Өлчөө каражаттарынын тибин сүрөттө ушул тастыктаманын тиркемесинде келтирилди.
Тибин бекитүүдө белгиленген текшерүүлөр ортосундагы интервал: ____ ___________ (айлардагы же жылдардагы интервал)
Жетекчи ___________________________
20__- ж. "___" _____________ (аты-жөнү)
М.О.
20__-ж. "___" __________ чейин узартылган.
Жетекчи ___________________________
20__- ж. "___" _____________ (аты-жөнү)
М.О.
|
| Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жобонун 5-тиркемеси |
(Кыргыз Республикасынын Герби)
__________________________________________________________________
(типти бекитүүнү жүргүзүүчү уюмдун аталышы)
Мамлекеттик стандарттык үлгүнүн тибин бекитүү тууралуу ТАСТЫКТАМА N ___________
20__-ж. "___" ____________ чейин жарактуу
Ушул тастыктама метрологиялык экспертизанын оң натыйжаларынын негизинде ______________________, (иштеп чыккан уюмдун аталышы) тарабынан иштелип чыгып Мамлекеттик реестрге N _______ менен катталган, Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген ________________________________ (стандарттык үлгүнүн аталышы) мамлекеттик стандарттык үлгүнүн тиби бекитилгендигин ырастайт.
Мамлекеттик стандарттык үлгүнүн тибинин сүрөттөлүшү ушул тастыктаманын тиркемесинде келтирилди.
Жетекчи ___________________________
20__- ж. "___" _____________ (колу)
М.О.
|
| Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жобонун 6-тиркемеси |
(Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби)
__________________________________________________ (типти бекитүүчү уюмдун аталышы)
Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүнү таануу жөнүндө № __________ ТАСТЫКТАМА
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 357 токтомунун редакциясына ылайык)
Ушул тастыктама ______________________________________________ тиби
(типтин белгиси)
_________________________________________________________________
(өлчөө каражаттарынын аталышы)
_________________________________________________________________,
(ишкананын жайгашкан аймактык орду)
_________________________________________________________________
(чыгаруучунун (өлкөнүн) аталышы)
чыгарылган Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын мамлекеттик
реестрине _______________ номери менен киргизилген жана _____________
_________________________________________________________________
(метрология боюнча улуттук органдын аталышы)
_________________________________________________________________
(экспорттоочу өлкө)
тарабынан өткөрүлгөн сыноолордун натыйжаларын таануунун жана бул
типти бекитүүнүн негизинде Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат
берилгендигин ырастайт.
Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү ____________________________________
_________________________________________________________________
(интервалын жылдар же айлар менен көрсөтүү)
Бул тастыктама өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жөнүндө таанылган
тастыктаманын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин өндүрүлгөн өлчөө
каражаттарына жайылтылат.
Жетекчи ____________________________________________ (аты-жөнү)
20___- жылдын "___" ________________
М.О.
|
| Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жобонун 7-тиркемеси |
(Кыргыз Республикасынын Герби)
__________________________________________________________________
(типти бекитүүнү жүргүзүүчү уюмдун аталышы)
Стандарттык үлгүнүн тибин бекитүүнү таануу жөнүндө ТАСТЫКТАМА N ___________
20__-ж. "___" ____________ чейин жарактуу
Ушул тастыктама мамлекеттик стандарттык үлгүнүн тиби _____________ (типтин белгиси) __________________ (иштеп чыгуучу уюмдун аталышы) _____________________ (метрология боюнча улуттук органдын аталышы) ________________________________________ (чыгаруучунун (өлкөнүн) жайгашкан аймактык орду) тарабынан иштелип чыккан, өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине N ________ менен киргизилген жана __________________ (метрология боюнча улуттук органдын аталышы) __________________ (чыгаруучунун (өлкөнүн) жайгашкан аймактык орду) тарабынан жүргүзүлгөн метрологиялык экспертизаны натыйжаларын таануунун жана мамлекеттик стандарттык үлгүнүн бул тибин бекитүүнүн негизинде Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилгендигин ырастайт.
Мамлекеттик стандарттык үлгүнүн тибинин сүрөттөлүшү ушул тастыктаманын милдеттүү тиркемесинде келтирилди.
Жетекчи ___________________________
20__- ж. "___" _____________ (аты-жөнү)
М.О.
20__-ж. "___" __________ чейин узартылган.
Жетекчи ___________________________
20__- ж. "___" _____________ (аты-жөнү)
М.О.
|
| Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жобонун 8-тиркемеси |
Өлчөө каражаттарынын үлгүсүн тандоо АКТЫ
20__-ж. "___" _____________
Мен, __________________________ (аты-жөнү) __________________________ (тандоо жүргүзгөн адамдын кызмат орду) _____________________ катышуусунда (кызмат орду, аты-жөнү) _______________________ (даярдоочу-уюмдун же берүүчү-уюмдун өкүлү) ________________________ (үлгүлөрдү тандоо орду) ________________________ аймагында бекитилген типке шайкештигин сыноо үчүн өлчөө каражаттарынын үлгүлөрүн тандап алдым.
N | Модификациялар боюнча өлчөө каражаттарынын аталыштары жана тиби | Саны | Заводдон чыгарылган номери |
|
|
|
|
Үлгүлөрдү тандоону жүргүзгөн уюмдун өкүлү:
____________________________________
(колу) (аты-жөнү)
Уюмдун өкүлү:
_____________________________________
(колу) (аты-жөнү)
|
| Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана тибин бекитүүнүн белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жобонун 9-тиркемеси |
Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисинин сүрөтү жана өлчөмү
1-сүрөт. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисинин сүрөтү
2-сүрөт. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү белгисинин түзүлүш өлчөмү