ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 378 «Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

Редакция30.07.2019 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 30-июлу № 378

"Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасы өзүнө Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук платформасын камтыйт.";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга (1-этап - 2018-2022-жылдар) концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

- 2-пунктунун 2.4-пунктчасындагы "Жооптуу аткаруучулар" графасы "Курулуш агенттиги" деген сөздөрдөн кийин "Экотехинспекция" жана "ӨЭЖМК" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-пунктунун 2.5-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев