Загрузка документа…
КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-июлу № 379
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун:
1-пунктчасында:
он тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
сексенинчи жана сексен биринчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- курулуш объекттеринин долбоорлору боюнча өрт коопсуздугу жаатындагы корутундулардын болушуна;
- өрт-техникалык экспертизадан өткөн долбоордук документтерге курулушу бүткөн объекттердин шайкеш келүүсүнө;";
2-пунктчасынын он экинчи абзацындагы "жана өрттөрдүн" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
8-пунктунда:
2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- андан ары долбоорлоо жана куруу үчүн корутунду берүү менен коргоо объекттеринин, өрттөн коргоо системаларынын долбоордук документтерине мамлекеттик өрт-техникалык экспертиза жүргүзөт;
- өрт жана аларга байланышкан бөөдө кырсыктар жөнүндө иштерди териштирет жана алгачкы текшерүүнү жүзөгө ашырат, болгон өрт кырсыгын эсепке алып, статистиканы, тиешелүү талдоону жүргүзөт;".
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |