Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-июлу № 380
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
“Үрөн жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-беренесинин 1-пунктунун он биринчи абзацындагы “административдик укук бузуулар жөнүндө” деген сөздөр “бузуулар жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене
“Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 5, 263-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 22-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“22-берене. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик.
Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопко тартылат.”;
3) 23-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене
“Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин-Тоо” гезити, 2015-ж., 23-январь № 5) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-беренесинин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү жарандар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.”.
4-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти