Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 358 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 токтомуна) |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби (мындан ары - Тартип) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселеси боюнча мамлекеттик органдардын жана алардын аймактык бөлүмдөрүнүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибин белгилейт.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүчү субъектилер болуп төмөнкү мамлекеттик органдар (мындан ары - мамлекеттик органдар) эсептелет:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган);
2) прокуратура органдары;
3) ички иштер органдары;
4) социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
5) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
6) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
7) ыйгарым укуктуу юстиция органы;
8) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган;
9) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүчү мамлекеттик органдар, алардын аймактык бөлүмдөрү "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктардын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бир катар субъекттер менен өз ара аракеттенишет.
2-глава. Өз ара аракеттенүүнүн милдеттери жана түрлөрү
4. Өз ара аракеттенүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө калктын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
2) калкты үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана алардын аймактык бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын системасын өркүндөтүү.
5. Өз ара аракеттенүүнүн алкагында ишке ашырылуучу иштердин түрлөрү:
1) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды чогултуу, жалпылоо жана талдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын системасынын натыйжалуулугун баалоо;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам берүүнү уюштуруу;
3) үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө өз учурунда маалымдоо;
4) үй-бүлөлүк зомбулукка чара көрүү жана бөгөт коюу;
5) статистикалык отчетторду түзүү.
3-глава. Мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби
6. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жазуу жүзүндөгү суроо-талаптардын негизинде маалымат менен алмашуу түрүндө ишке ашырылат.
7. Координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалымат берүү жөнүндө суроо-талабын алган мамлекеттик орган 7 жумуш күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү.
8. Ушул Тартиптин 7-пунктунда аталган мөөнөттө суроо-талапка жооп берүү мүмкүн болбогон учурда мамлекеттик орган белгиленген мөөнөттө жооп берүү мүмкүн эместиги жөнүндө толук түшүндүрмө менен орто аралык жоопту жиберүүгө милдеттүү. Мында суроо-талапты аткаруу мөөнөттөрү кошумча 10 жумуш күнгө узартылат.
9. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча функциялары тыгыз байланышта болгон мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-июлундагы № 404 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдарынын чектеш функцияларды ишке ашыруу боюнча эриш-аркак иштешүүсүнүн типтүү регламентине ылайык бири-бири менен Өз ара аракеттенүү регламентин түзүшөт.
10. Мамлекеттик органдардын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган координациялайт.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик органдар менен төмөнкүлөр аркылуу өз ара аракеттенет:
- методикалык, маалыматтык материалдарды жиберүү, консультациялык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүү;
- жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо иштерин өркүндөтүү боюнча жазуу жүзүндөгү сунуштарды берүү;
- жылдык отчетту түзүү үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча мамлекеттик органдын иши жөнүндө суроо-талаптарды жиберүү.
4-глава. Мамлекеттик органдардын жана уюмдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүү тартиби
12. Ички иштер, социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, билим берүү, балдарды коргоо боюнча органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча иштери төмөнкүлөр тарабынан координацияланат:
- райондордун аймагында - консультациялык-кеңешме органдардын ишинин алкагында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары;
- шаарлардын аймагында - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттердин ишинин алкагында шаарлардын мэрлери.
13. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары/шаарлардын мэрлери:
- жыл сайын ушул Тартиптин 12-пунктунда аталган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен макулдашуу боюнча аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорунда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча иш-чараларды карашат;
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программасынын алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча иш-чаралардын ишке ашырылышын контролдошот;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин консультациялык-кеңешме органдардын - коллегиялардын, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча комитеттердин кароосуна жылына жок дегенде бир жолу киргизишет;
- үй-бүлөлүк зомбулуктун өтө шашылыш учурларында чара көрүүчү мобилдик топторду түзүүгө жана ишин уюштурууга укуктуу. Мобилдик топтор социалдык өнүктүрүү, ички иштер, балдарды коргоо боюнча, билим берүү органдарынын, саламаттык сактоо мекемелеринин өкүлдөрүнөн турат, курамга мэриянын же айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча ишти жүргүзүүчү жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү макулдашуу боюнча киргизилет;
- мамлекеттик органдардын макулдашылган иши үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүүнү координациялашат.
14. Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттерге жабыр тарткан адамдын макулдугу менен үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө (жыйырма төрт сааттын ичинде) кабарлашат;
2) жашы жете электерге карата үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган фактылары жөнүндө балдарды коргоо боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органга жабыр тарткан адамдын макулдугусуз (жыйырма төрт сааттын ичинде) кабарлашат, окуя болгон жерге барышат;
3) социалдык өнүктүрүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө убактылуу коргоо ордерин берүү жана/же узартуу жөнүндө жабыр тарткан адамдын макулдугу менен (үч күндүк мөөнөттүн ичинде) кабарлайт;
4) социалдык өнүктүрүү органынын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын адистери менен биргеликте, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын адистеринин катышуусу менен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коопсуз жерге токтоосуз жайгаштырышат.
15. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү:
1) үй-бүлөлүк зомбулук фактылары аныкталган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугу менен ички иштер органдарына (жыйырма төрт сааттын ичинде) кабарлашат. Үй-бүлөлүк зомбулук жашы жете электерге жана/же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата жасалган учурларда жабыр тарткандардын макулдугу талап кылынбайт;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коопсуз жерге токтоосуз жайгаштырууда ички иштер органдарына көмөк көрсөтүшөт.
16. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү үй-бүлө менен жүргүзүлүүчү жеке иш планын жана/же баланы коргоо боюнча жеке планын ишке ашырууда консультацияларды, жазуу жүзүндөгү маалыматты алуу жана жолугушууларды уюштуруу аркылуу ички иштер органдары, билим берүү уюмдары, саламаттык сактоо уюмдары менен өз ара аракеттенишет.
17. Саламаттык сактоо уюмдары үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар кайрылган жана аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн учурдан тартып алардын макулдугу менен ички иштер органдарына (жыйырма төрт сааттын ичинде) кабарлашат. Жашы жете электердин жана/же аракетке жөндөмсүз деп таанылгандардын макулдугу талап кылынбайт.
18. Менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдары:
1) жашы жете электерге карата үй-бүлөлүк зомбулук фактылары аныкталган учурда ички иштер органдарынын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерин токтоосуз чакырышат;
2) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар, камкордукка алынганы таризделбестен башка адамдар менен жашаган балдар жөнүндө маалыматты берип турушат.
19. Прокуратура органдары:
1) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөйт;
2) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнө үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузулушун четтетүү боюнча прокурордук чара көрүү актыларын жиберишет.
20. Юстициянын аймактык органдары:
1) жарандык жана жазык сот өндүрүшү чөйрөсүндө зарыл болгон консультациялык-укуктук жардамды жана квалификациялуу юридикалык жардамды уюштуруу үчүн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенишет;
2) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүн ченемдик укуктук актыларды жайылтууга тартышат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча укуктук пропагандалашат.
5-глава. Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалымдоо тартиби
21. Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына чара көрүү максатында аймактык бөлүмдөр үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө бири-бирине токтоосуз маалымдоого милдеттүү:
1) ички иштер органдары - жабыр тарткан адамдын макулдугу менен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар жөнүндө маалымдалышат (жашы жете электердин жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардын макулдугу талап кылынбайт);
2) социалдык өнүктүрүүнүн мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрү - социалдык колдоого муктаж жабыр тарткандар жөнүндө маалымдалышат;
3) балдарды коргоо боюнча органдын аймактык бөлүмдөрү - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жашы жете электер жөнүндө маалымдалышат;
4) саламаттык сактоо уюмдары - медициналык-санитардык жардамга жана медициналык калыбына келтирүүгө муктаж жабыр тарткандар жөнүндө маалымдалышат;
5) билим берүү уюмдары - жабыр тарткан окуучулар жөнүндө маалымдалышат.
22. Аймактык бөлүмдөр маалыматты тез алмашуу үчүн телефонограммаларды пайдаланышат, андан кийин 24 сааттын ичинде аймактык бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберишет.
Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө маалымат атайын журналда милдеттүү түрдө катталат.
Ички иштер органдары кабарлоону ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндөгү макулдукка жабыр тарткан адам кол койгондон кийин алышат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары өз аймагындагы үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган фактылары жөнүндө жыйырма төрт сааттын ичинде маалымдалышат.
6-глава. Мамлекеттик органдардын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштери жөнүндө отчеттору
23. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдар жыл сайын, ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган форма боюнча жана мөөнөттө үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү өзүнүн иши жана аймактык бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө жыйынды отчетту жана маалыматты ыйгарым укуктуу органга беришет.
24. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистикалык отчетторду статистика органдарына беришет.
|
| Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартибине тиркеме |
Форма
Кабарлоого макулдук
Мен, ________________________________________________________________________________
мага карата __________________________________________________________________________
(үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын аты-жөнү жана туугандык даражасы көрсөтүлсүн)
_____________________________________________________________________________________
(үй-бүлөлүк зомбулук жасалган дата жана болжолдуу убакыты)
үй-бүлөлүк зомбулук жасалганы жөнүндө
_____________________________________________________________________________________
(жабыр тарткан адамдын кайрылуусун кабыл алган мамлекеттик органдын же уюмдун аталышы)
ички иштер органдарына кабарлоосуна макулдугумду берем.
| Колу/дата |
|