Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 358 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 токтомуна) |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга (мындан ары - жабыр тарткандар) жардам көрсөтүү маселелерин жөнгө салат.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жардам берилет жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо көрсөтүлөт.
3. Жабыр тарткандарга жардам юстиция органдарын, аймактык адвокатураларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын тартуу менен ички иштер, социалдык өнүктүрүү, балдарды коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар (кризистик борборлор, консультациялык-алдын алуу борборлору) (мындан ары - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъектилер) тарабынан көрсөтүлөт.
2-глава. Калкка үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү жардам жөнүндө маалымдоо тартиби
4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъектилер үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга көрсөтүлүүчү жардам жөнүндө маалыматты расмий сайттарда жана/же маалыматтык стенддерде, шаарлардын жана айылдардын аймактарында жайгаштырышат:
1) тийиштүү аймакта жардам көрсөтүүчү органдын, уюмдун аталышы;
2) даректер, байланыш маалыматтары (телефон номерлери, расмий электрондук даректери);
3) иштөө графиги;
4) жардамдын түрлөрүнүн тизмеги.
3-глава. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү тартиби
5. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, анын ичинде качкындар жашаган жери боюнча жардамга кайрыла алышат:
1) ыйгарым укуктуу ички иштер органынын аймактык бөлүмдөрүнө;
2) социалдык өнүктүрүүнүн ыйгарым укуктуу органынын аймактык бөлүмдөрүнө;
3) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө (жашы жете элек балдары менен жабыр тарткандар);
4) саламаттык сактоонун дарылоо-алдын алуу уюмдарына;
5) билим берүү уюмуна (билим берүү уюмдарынын директоруна, тарбия иштери боюнча башчысына; социалдык педагогуна, психологуна, класс жетекчисине);
6) мэрияларга, айыл өкмөттөрүнө;
7) коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга (убактылуу жашоо борборлоруна, консультациялык-алдын алуу борборлоруна, кризистик борборлорго).
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар жашаган жери боюнча аксакалдар сотуна да кайрылууга укуктуу.
6. Субъектилер ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык формада үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча жарандардын кайрылууларын эсепке алуу журналын жүргүзүшөт.
Саламаттык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасында зомбулукту, кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык колдонмодо белгиленген форма боюнча журналды жүргүзүшөт.
Ички иштер органдары арыздарды (билдирүүлөрдү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катташат.
7. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар жөнүндө арыздар (билдирүүлөр) журналда катталат.
8. Жабыр тарткан адам үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъектке төмөнкү документтерди берет (эгерде болсо):
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти;
- үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча берилген убактылуу коргоо ордерин же аксакалдар сотунун чечимин;
- белгиленген үлгүдөгү зомбулук учурларын медициналык документтештирүүнүн толтурулган формасын (форма № 003-3/у).
9. Жабыр тарткандарга жардам төмөнкү негизде берилет:
- үй-бүлөлүк зомбулук фактысы жөнүндө билдирген кандай болбосун адамдын кабарлоосунун;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу субъекттердин кайрылууларынын;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туруктуу иштеген "Система-112" бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматынан түшкөн маалыматтын;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынан алынган маалыматтын.
10. Ички иштер, социалдык өнүктүрүү, балдарды коргоо боюнча органдардын аймактык бөлүмдөрү, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жардам ошондой эле жабыр тарткан адамдын телефон аркылуу, анын ичинде анонимдүү кайрылуусунун негизинде көрсөтүлөт.
Эгерде жабыр тарткан адам телефон аркылуу үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганы жөнүндө билдирсе, анда аймактык бөлүмдүн жооптуу адиси:
- жардам алуу үчүн түздөн-түз кайрылуусуна мотивациялайт;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүчү башка субъекттер жөнүндө маалымат берет.
Телефон аркылуу кайрылуу кайрылууларды эсепке алуу журналында катталат.
11. Аймактык бөлүмдөрдүн адистери тарабынан алынган маалыматтын булактары жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылбайт.
Жабыр тарткандардын жакын туугандарына аймактык бөлүмдөрдүн адистери тарабынан жабыр тарткандардын макулдугу менен маалымдалат.
12. Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы жөнүндө маалыматты кабыл алган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъект жабыр тарткан адам макул болгон шартта жабыр тарткандарга жардам көрсөтөт (жашы жете электердин жана аракетке жөндөмсүз деп расмий түрдө таанылган адамдардын макулдугу талап кылынбайт).
13. Эгерде жабыр тарткан адам жардамдын башка түрлөрүн алууга муктаж болсо, анда жабыр тарткан адам аймактык бөлүмдүн адиси тарабынан компетенциясына жабыр тарткан адамга зарыл болгон жардамды көрсөтүү кирген субъектке кайра жөнөтүлөт.
14. Жабыр тарткан адамды кайра жиберүү аймактык бөлүм тарабынан ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кайра жиберүү жөнүндө бланкты арыз ээсине берүү аркылуу ишке ашырылат.
15. Жабыр тарткан адамды кайра жиберүү жөнүндө бланк эки нускада толтурулат, анын бири жабыр тарткан адамга берилет, экинчиси кайра жиберген субъектте сакталууга тийиш.
16. Кайра жиберүү жөнүндө бланк жабыр тарткан адам кайра жиберилген субъект тарабынан Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарына ылайык кириш документ катары катталууга тийиш.
17. Жабыр тарткан адам кайра жиберилген үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъект кайра жиберген адамга кайра жиберилген жабыр тарткан адамга жардам көрсөтүлгөндүгү же көрсөтүлбөгөндүгү жөнүндө кайра жиберген учурдан тартып он күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.
18. Жабыр тарткан адам аныкталган/кайрылган учурда:
1) социалдык өнүктүрүү органдарынын аймактык бөлүмдөрү:
- жабыр тарткан адамды алгачкы сурамжылоо жүргүзүшөт жана журналга катташат;
- кайрылган учурда жабыр тарткан адамдын алгачкы көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөт (медициналык жардамга, коопсуз жерге жайгаштырууга, алгачкы психологиялык, социалдык, укуктук жардам көрсөтүүгө муктаждыгы);
- үй-бүлө мүчөлөрүнүн этибарсыз мамилесинен жабыр тарткандардын (жашы жете электер, улгайган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, багуудагы башка адамдар) социалдык, медициналык жана укуктук жардам алууларына токтоосуз көмөктөшөт;
- жабыр тарткандарга төмөнкүдөй социалдык колдоо көрсөтүлөт: убактылуу баш калкалоочу жай берүү, биринчи кезектеги турмуш-тиричилик, медициналык маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө, социалдык камсыздоону тариздөө боюнча жардам көрсөтүү;
2) ички иштер органдары:
- үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу боюнча чараларды көрүшөт;
- коргоо ордерин беришет жана узартышат, коргоо ордерин берүү жана узартуу тартибин, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жоопкерчиликке тартуу тартибин түшүндүрүшөт;
- коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдошот, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча соттун чечиминин аткарылышына көмөктөшөт;
- коргоо ордеринин шарттары боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды оңдоп-түзөө программасынан өтүүгө милдеттендиришет;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугу менен социалдык өнүктүрүү органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө (коргоо ордери узартылган учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө) маалымдашат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды анын макулдугу менен медициналык күбөлөндүрүүгө, соттук-медициналык экспертизага жиберишет (өзүнүн ата-энесинен жана башка мыйзамдуу өкүлдөрүнөн жабыр тарткан жашы жете электер медициналык күбөлөндүрүүгө алардын макулдугусуз жиберилишет);
- үй-бүлөлүк зомбулук жашы жете элек балага карата жасалган учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө токтоосуз маалымдашат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралганда, аны коопсуз жерге же баш калкалоочу жайга токтоосуз жайгаштырышат;
- зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды медициналык мекемеге жеткирүүнү уюштурушат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга социалдык кызматтар жөнүндө маалымат беришет;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугу менен, жасалган зомбулук жөнүндө маалыматты үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын иштеген жерине жөнөтүшөт;
3) балдарды коргоо боюнча органдар:
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жашы жете электер жөнүндө арыздарды кабыл алышат жана катташат;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык бала жана үй-бүлө жашаган (турган) жерине барышат, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан баланы социалдык коштоону андан ары уюштуруу үчүн чараларды көрүшөт;
- эмгек мигранттарынын үй-бүлөсүнүн балдарын өзгөчө контролго алышат (үй-бүлөнүн материалдык абалына карабастан);
- расмий түрдө камкордукту/көзөмөлдүктү тариздебестен туугандары жана башка адамдар менен жашаган балдарды орундаштыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүшөт;
4) саламаттык сактоо уюмдары:
- жабыр тарткандар кайрылганда саламаттык сактоо системасынын ведомстволук документтерине ылайык үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын документтештиришет;
- жабыр тарткандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүшөт, медициналык калыбына келтирүүнү ишке ашырышат;
- бейтапка амбулатордук медициналык картадан же бейтаптын стационардык картасынан белгиленген тартипте көчүрмө беришет;
5) билим берүү уюмдары:
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан окуучулар жөнүндө арыздарды (билдирүүлөрдү) кабыл алышат жана катташат;
- окуучуларга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарга токтоосуз маалымдашат;
- жабыр тарткан балага социалдык педагогдордун жардамын беришет, жабыр тарткан окуучу жана аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү менен иш жүргүзүшөт;
- окуучулардын психикалык жана дене-бойлук абалына туруктуу байкоо жүргүзүшөт;
- чейрек сайын окуучулардын жана ата-энелердин (аларды алмаштырган адамдар) арасында үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө, коргоо жана сактоо боюнча чаралар жөнүндө алдын алуучу иштерди жүргүзүшөт;
- үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча окуучулар үчүн билим берүүчү жана тарбиялоочу программаларды ишке ашырышат;
- үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган окуучуларды эсепке алышат, социалдык жардамга муктаждыктарына талдоо жүргүзүшөт;
6) мэриялар, айыл өкмөттөрү:
1) аймактагы коомдук өз алдынча башкарууларды тартуу менен тейлеген аймакта үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам берүүнү уюштурушат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттер аркылуу жардам беришет;
3) үй-бүлөлүк зомбулукту жасоо коркунучу жөнүндө ички иштер органдарына маалымдашат.
19. Юстициянын аймактык органдары:
- консультациялык-укуктук жардам берүү боюнча кабинеттердин ачылышын камсыздашат;
- "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тийиштүү адамдарга квалификациялуу юридикалык жардамдын көрсөтүлүшүн камсыздашат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча кабыл алынган ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматты таратышат.
20. Аймактык адвокатуралар:
- "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө", "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктук маселелер боюнча консультацияларды беришет;
- укук коргоо, сот жана башка мамлекеттик органдарга арыздарды, даттанууларды, өтүнүчтөрдү жана башка документтерди түзүүгө жардам беришет;
- жабыр тарткандардын кызыкчылыктарын сот жана башка мамлекеттик органдарда коргошот.
21. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө социалдык, укуктук, юридикалык, психологиялык жана башка колдоо, жардам көрсөтүүгө укуктуу.
|
| Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү тартибинин 1-тиркемеси |
Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча жарандардын кайрылууларын эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
____________________________________________________________________________________
(органдын же уюмдун аталышы)
№ | Кайрылган күн жана убакыт | Маалыматтын булагы | Жабыр тарткан адамдын аты-жөнү, туулган датасы | Жашаган жери | Жашы жете электер кайрылганда ата-энелери (аларды алмаштырган адамдар) жөнүндө маалыматтар | Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу башка субъекттерден алынган жардамдын түрү | Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча кайсы субъекттерге кайра жиберилген | Кайрылуунун формасы (түздөн-түз/ телефон боюнча, анонимдүү) | Маалымат берилди (үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча кайсы субъекттерге маалымат берилгендиги көрсөтүлсүн) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
Эскертүү: журналдын барактарына номерлер коюлуп, боолонуп, органдын же уюмдун мөөрү жана жетекчисинин колу коюлушу керек.
|
| Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү тартибинин 2-тиркемеси |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды жардам алуу үчүн кайра жиберүү жөнүндө БЛАНК
_____________________________________________________________________________________,
(органдын же уюмдун аталышы)
_____________________________________________________________________________________
(үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын аты жөнү)
_____________________________________________________________________________________
(зарыл болгон жардамдын түрүнүн кыскача баяндалышы)
______________________________________________________________________ жардам алуу үчүн
______________________________________________________________________________ жиберет
(үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам кайра жиберилген субъекттин аталышы)
________________________________________ |
| _________________________ |
(Жабыр тарткан адамдын колу) |
| (Дата) |
________________________________________ |
| _________________________ |
(Органдын/уюмдун жетекчисинин колу) |
| (Дата) |