Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июлу № 363
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарт түзүү жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын модернизациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия), 1-тиркемеге ылайык;
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Стратегияны ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Стратегия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан ишке ашырылары белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-августундагы N 65 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ресурстар | Күтүлүүчү натыйжа | Ишке ашыруу формасы | Аткаруучулар |
I. Бардык бажы процесстерде заманбап санариптик технологияларды автоматташтыруу жана колдонуу ("Санариптик бажы" ДОЛБООРУ) | ||||||||
1 | Бажылык администрациялоо системасын өркүндөтүү | Электрондук бажылык декларациялоону жана товарларды автоматтык түрдө чыгаруу системасын андан ары өнүктүрүү | 1.1.1. Алгачкы документацияда маалыматтардын тактыгын жана толуктугун (алдын ала маалымдоо), анын ичинде электрондук документ түрүндө берилүүчү алдын ала маалымдоого юридикалык күч берүүнү камсыздоо | 2019-жылдын 1-ноябры | Бюджеттин чегинде | Бажылык операцияларды автоматташтыруу аркылуу өткөрүү пункттарында, бажылык тариздөө жайларында бажы контролунан өтүү убакытын тездетүү | МБКнын буйругунун негизинде алдын ала кабарлоонун модернизацияланган системасын (БАМС модулун) киргизүү | МБК |
1.1.2. Алдын ала маалымдоо этабында опурталдарды башкаруу системасын киргизүү | 2020-жылдын 1-декабры | МБКнын буйругунун негизинде алдын ала кабарлоонун модернизацияланган системасын (БАМС модулун) киргизүү | МБК | |||||
1.1.3. Маалыматтык кабарлоону колдонуу аркылуу маалыматтарды андан ары ТЖМге жөнөтүп, маалыматтарды БАМСка автоматтык трансформациялоо менен ЕАЭБдин тышкы чек араларынын кыргыз участокторунда жайгашкан өткөрмө пункттарында алгачкы салмак көлөмдүк контролдоону автоматташтыруу | 2020-жылдын 1-декабры | БАМС менен салмак жабдыктарын интеграциялоону жана МБК менен ТЖМдин ортосундагы Макулдашуунун негизинде таразалоо актысынын маалыматын өткөрүп берүү боюнча МБК менен ТЖМдин маалыматтык өз ара аракеттенишүүсүн камсыз кылуу | МБК, ТЖМ | |||||
1.1.4. Тышкы экономикалык иштердин катышуучуларын категориялоо системасын киргизүү | 2019-жылдын 1-декабры | МБКнын көрсөтмөсүнүн негизинде тышкы экономикалык иштин катышуучуларын категориялоо системасын киргизүү | МБК | |||||
1.1.5. Электрондук декларациялоону, анын ичинде товарларга декларация бергенге чейин товарларды чыгарууну өркүндөтүү (автокаттоо, авточыгаруу) | 2023-жылдын 1-декабры | МБКнын буйругунун негизинде товарлардын айрым топтору үчүн электрондук декларациялоо системасын (БАМС модулун) киргизүү | МБК | |||||
1.1.6. Онлайн режиминде электрондук түрдө бажы төлөмдөрүн төлөөнү ырастоо үчүн бажы кызматынын маалыматтык системасын коммерциялык банктардын системалары менен, анын ичинде "Түндүк" системасы аркылуу интеграциялоо | 2020-жылдын 1-декабры | Коммерциялык банктар менен маалыматтык өз ара аракеттенишүүнү камсыздоо боюнча макулдашууларды түзүү | МБК, коммерциялык банктар | |||||
1.1.7. Товарларды текшерип кароону талап кылган оперативдик маалыматтар болгон учурларды кошпогондо, опурталдарды башкаруу системасын талдоонун негизинде бажылык текшерип кароону ишке ашырган системаны киргизүү | 2019-жылдын 1-декабры | МБКнын буйругунун негизинде опурталдарды башкаруунун модернизацияланган системасын (БАМС модулун) киргизүү | МБК | |||||
1.1.8. ТЭИнин катышуучулары үчүн товарлардын айрым категориялары боюнча бажы төлөмдөрүн алдын ала онлайн эсептөөсүн алуу жана бажы операциялары боюнча маалыматтарды онлайн алуу мүмкүнчүлүгү менен МБКнын расмий сайтын модернизациялоо | 2020-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | ТЭИнин катышуучуларынын маалымдуулугун жакшыртуу | МБКнын буйругунун негизинде модернизацияланган расмий сайтты ишке киргизүү | МБК | |||
1.2. Өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жайларында бажы операцияларын жүргүзүү убактын кыскартуу | 1.2.1. Өткөрмө пункттарында контролдоочу органдардын өз ара аракеттенүү тартибин, анын ичинде убакыт чектерин белгилөө менен контролдун бардык түрлөрүн жүргүзүү жана алдын ала маалымдоодон маалыматтарды колдонууну иштеп чыгуу | 2019-жылдын 1-декабры | Бюджеттин жана каржылоонун башка булактарынын чегинде | Бажы операцияларын автоматташтыруу аркылуу өткөрмө пункттарында бажы контролунан өтүү убакытын тездетүү | Өткөрмө пункттарында контролдоочу органдардын ведомстволор аралык буйругу менен өткөрмө пункттарында контролдоочу органдардын өз ара аракеттенишүү тартибин бекитүү | МБК, тийиштүү МжВ | ||
1.2.2. "Бир аялдама" принциби боюнча өткөрмө пункттарында мамлекеттик органдар тарабынан биргелешип контролдоону ишке ашыруу үчүн программалык камсыздоону киргизүү бөлүгүндө БАМСты өркүндөтүү | 2022-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Биргелешкен буйрук менен бекитилген Өткөрмө пункттарында контролдоочу органдардын өз ара аракеттенишүү тартибинин негизинде өткөрмө пункттарында мамлекеттик органдардын биргелешип контролдоосунун маалыматтык автоматташтырылган системасын (БАМС модулу) киргизүү | МБК, ВФКМИ, ТЖМ, МЧК | ||||
1.2.3. Чыгаруу убакытын изилдөөнүн негизинде натыйжалуулукту мезгилдүү талдоону жүргүзүү менен Өткөрмө пункттарында контролдоочу органдардын өз ара аракеттенүү тартибин оптималдаштыруу | 2019-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Өткөрмө пункттарында контролдоочу органдардын ведомстволор аралык буйругу менен Өткөрмө пункттарында контролдоочу органдардын өз ара аракеттенишүү тартибин бекитүү | МБК | ||||
1.2.4. Бажы чек арасы аркылуу ("Жашыл коридор") артыкчылыктуу өтүү үчүн кошумча идентификациялык белгилерди киргизүү | 2019-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | МЧК, ИИМ, ТЖМ, ВФКМИ менен бирдикте айыл чарба продукциясын КР аймагы боюнча ташуучу транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүүсү тууралуу актыга кол коюлган | МБК | ||||
1.2.5. ЕАЭБдин бажы чек арасынын кыргыз участогунда жайгашкан өткөрмө пункттарында БАМС системалары менен ИТК программалык камсыздоону интеграциялоо | 2021-жылдын 1-марты | Бюджеттин чегинде жана каржылоонун башка булактарынын эсебинен | ИТК программалык камсыздоосу БАМС системалары менен интеграцияланган, МБКнын буйругунун негизинде ИТКны ишке киргизүү | МБК | ||||
1.2.6. Контролдун электрондук системасын жайылтуу жана жеткирүүлөр чынжырынын коопсуздугун камсыз кылуу | 2021-жылдын 1-июлу | Бюджеттин жана каржылоонун башка булактарынын чегинде | Контролдоонун электрондук системасын (БАМС модулу) киргизүү жана жеткирүүлөр чынжырынын коопсуздугун камсыз кылуу | МБК | ||||
II. Тышкы экономикалык көрсөткүчтөрдү талдоонун негизинде бажылык администрациялоо системасынын натыйжалуулугун жакшыртуу, транзиттик дараметин өнүктүрүү | ||||||||
2 | Эл аралык сооданын динамикалык өзгөрүү шарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин ыкчам жөнгө салуу | 2.1. Башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо үчүн маалыматтык-аналитикалык системаны түзүү | 2.1.1. БАМСтын маалыматтарынын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынан жана башка булактардан алынган маалыматтардын негизинде отчётторду генерациялоонун автоматташтырылган системасын өркүндөтүү | 2019-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Бажылык администрациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн тышкы экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүүсүнө ыкчам чара көрүү системасы түзүлгөн | БАМСтын зарыл болгон маалыматтарынын параметрлери жана критерийлери боюнча отчет түзүлдү | МБК |
2.1.2. Нарктык индикаторлорду түзүүнүн натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү | 2019-жылдын 1-октябры | Бюджеттин чегинде | МБКнын буйругу менен нарктык индикаторлорду түзүүнүн методикасы бекитилди | МБК | ||||
2.1.3. Тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү | Дайыма | Бюджеттин чегинде | БАМСка опурталдар профилдери киргизилди, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын өркүндөтүү боюнча сунуштар даярдалып, белгиленген тартипте ЭМге киргизилди | МБК, ЭМ, тийиштүү МжВ | ||||
2.2. Тышкы соода иштерин жөнгө салууда бирдиктүү ыкманы камсыз кылуу үчүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү | 2.2.1. Электрондук кол тамганы колдонуу менен бажы операцияларын жүргүзүү үчүн товарларды өткөрүү контролуна катышуучу мамлекеттик контролдоочу органдардан онлайн режиминде уруксат берүүчү документтерди жана маалымдама-информациялык маалыматтарды алуу жана алмашууну караган тийиштүү ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана киргизүү | 2020-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Онлайн режиминде уруксат берүүчү документтерди жана маалымдама-информациялыкмаалыматтарды алуу жолу менен бажы операцияларын жасоо үчүн убакыт кыскартылды. Электрондук декларацияда билдирилген маалыматтарды ырастаган кагаз документтерин берүү зарылдыгын алып салуу | Электрондук кол тамганы колдонуу менен бажы операцияларын аткаруу үчүн уруксат берүүчү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн колдонуу мүмкүндүгүн караган тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте КР Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү. Маалыматтык өз ара аракеттенишүү жөнүндө ведомстволор аралык макулдашууларга кол коюу | ЭМ, МБК, ССМ, ВФКМИ, АЧТММ, ММТМ, МжВ, "Бирдиктүү терезе" МИ | ||
2.2.2. Товарларды өткөрүүдө контролдоого катышуучу мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын интеграциялоо, анын ичинде бажы операцияларын жүргүзүү үчүн "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымдама-информациялык жана уруксат берүүчү маалыматтарды онлайн алуу | 2023-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Ведомстволор аралык макулдашууларга кол коюу, бажылык тариздөөдө уруксат берүүчү документтердин электрондук форматтарын колдонууну камсыз кылуу | ЭМ, МБК, МТБМК, ССМ ДКМТД, МСК, ТЖМ АССГКА, ССМ ОАМСЭКА, СӨП, КТЧКТЧМА, ЭМ СМБ, ВФКМИ, КСРБ | ||||
3 | Транзиттик потенциалды өнүктүрүү ("Ак жол" /Welcome&-easyroad долбоору) | 3.1. КР аркылуу ташылуучу транзиттик агымдарды турукташтыруу жана көбөйтүү | 3.1.1. Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун макулдашуусун ишке ашыруу боюнча пландын "Транзит эркиндиги" 11-беренесин жана 2018-2022-жылдарга КР соода жана транспорт жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча башка иш-чараларды ишке ашырууну камсыз кылуу | 2013-жылдын 15-январы (жарым жыл сайын) | Бюджеттин чегинде жана башка булактардын эсебинен | Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу транзиттик ташуулардын агымын көбөйтүү | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 639 буйругу менен түзүлгөн Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңешке отчет жиберилген | ЭМ, МБК, МжВ |
3.1.2. Транспорт каражаттарынын салмак көлөмүнүн параметрлерин Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде белгиленген салмак көлөмдүн параметрлерине шайкеш жана ылайык келтирүү, транспорт каражаттарынын эсепке алынбаган комбинацияларын киргизүү жолу менен мыйзамдагы боштуктарды жоюу (транспорт каражаттарынын айрым комбинацияларын кошууга карата) | 2019-жылдын 1-сентябры | Бюджеттин чегинде | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтомуна тиешелүү оңдоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору даярдалып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизилди | ТЖМ, МБК | ||||
3.1.3. Салмак көлөмдүн параметрлери жол берилген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына андан ары өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жылдын кыш (суук) мезгилинде жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча ташууларды жүзөгө ашырууда жол бетине транспорт каражаттарынын салмак параметрлеринин таасири жөнүндө изилдөө жүргүзүү | 2020-жылдын 31-марты | Бюджеттин чегинде жана башка булактардын эсебинен | Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтомуна тиешелүү оңдоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору даярдалып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизилди | ТЖМ, МБК | ||||
3.1.4."Бир төлөм" принциби боюнча эсептелген төлөмдөрдү төлөө механизмин киргизүү менен Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы аймагы аркылуу эл аралык ташуулардын транспорт каражаттарын жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү үчүн кошумча идентификациялык белгилерди киргизүү | 2020-жылдын 1-марты | Бюджеттин чегинде | КРде ЕАЭБдин бажы аймагы аркылуу эл аралык ташуулардын транспорт каражаттарынын жөнөкөйлөтүлгөн өтүүсү үчүн кошумча идентификациялык белгилерди киргизүү жөнүндө МБКнын буйругу чыкты | МБК, ЭМ, ТЖМ, КТЧКТЧМА, ЭККМК, ИИМ, коммерциялык банктар | ||||
3.1.5. "TIR EPD" алдын ала маалымдоо системасынын иштөөсүн жандандыруу | 2019-жылдын 1-сентябры | Бюджеттин чегинде жана башка булактардын эсебинен | Өткөрмө пункттарында бажы контролунан өтүү убакытын тездетүү үчүн E-TIR системасын киргизүүгө даярдануу, опурталдарды алдын ала баалоо | БАМСта "TIR EPD" алдын ала маалымдоо системасын (БАМС модулун) жаңыртуу жөнүндө МБКнын буйругу чыкты | МБК | |||
3.1.6. ЭЖТ операцияларын санариптештирүүгө даярдоо жана E-TIR пилоттук долбоорун чектеш мамлекеттердин биринин катышуусу менен киргизүү | 2020-жылдын 31-декабры | БАМСты E-TIR системасы менен коштоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү | ||||||
3.1.7. ЭЖТ системасын колдонуу үчүн ачык болгон Кытай Эл Республикасы менен чектеш бажы пункттарынын тизмесине "Торугарт" өткөрмө пунктун киргизүү боюнча зарыл иш-чараларды өткөрүү | 2019-жылдын 1-июлу | ЭЖТ системасын колдонуу үчүн ачык бажы пункттарынын тизмесине "Торугарт" өткөрмө пунктун киргизүү тууралуу кабарлоо белгиленген тартипте КЭРдин бажы кызматына жиберилди | ||||||
3.1.8. ЕАЭБдин аймагына импорттоодо салык салууну кайра кароону талап кылган товарлардын тобу боюнча сунуштарды киргизүү жана талдоо жүргүзүү | 2019-жылдын 1-ноябры | Бюджеттин чегинде | Товарлардын белгилүү топтору үчүн реэкспортту өнүктүрүү | ЕАЭБдин аймагына импорттоодо салык салууну кайра кароону талап кылган товарлардын топтору боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине белгиленген тартипте жиберилди | ЭМ, МСК, МБК | |||
3.1.9. Эл аралык почта жөнөтүүлөрүн жана интернет-соода аркылуу сатып алынуучу товарларды ташууга катышуучу транспорттун түрүнө жараша (анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары), Кыргыз Республикасынын дайындалган оператору тарабынан эл аралык почта алмашуу жайларын, эл аралык почта алмашуу пункттарын жана аэропортко караштуу почта алмашуу пункттарын түзүү боюнча шарттарды камсыз кылуу | Зарылдыкка жараша | Бюджеттин чегинде жана айрым булактардын эсебинен | Логистикалык инфраструктураны түзүү жана эл аралык почта жөнөтүүлөр жана интернет-соода аркылуу сатып алынуучу товарларга карата транзиттик потенциалды өнүктүрүү | Аэропортторго караштуу эл аралык почталык алмашуу жайлары, эл аралык почталык алмашуу пункттары жана почта алмашуу пункттары түзүлдү | МКК, МККга караштуу "Кыргыз почтасы" МИ, МБК | |||
3.1.10. Опурталдарды башкаруу системасын колдонуу менен алдын ала маалымдоонун негизинде эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө жана интернет-соода аркылуу сатып алынуучу товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү процессин автоматташтыруу |
|
|
| БАМСты модернизациялоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү |
| |||
III. Бажы инфраструктурасын өнүктүрүү | ||||||||
4 | Бажы инфраструктурасын өнүктүрүү | 4.1. Бажы кызматынын бажылык маалымат технологияларын жана маалыматтык-программалык каражаттарын ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келтирүү | 4.1.1. Төмөнкү бөлүктөрдө БАМС программалык камсыздоосун өркүндөтүү: |
| Бюджеттин чегинде | Жалпы процесстердин алкагында маалыматтык өз ара аракеттенүүдө бажы документтерин шайкеш келтирүү жана бирдейлештирүү | ЕАЭБдин алкагында эл аралык келишимдер менен каралган бажы чөйрөсүндөгү жалпы процесстерди ишке ашыруу үчүн БАМСты модернизациялоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү | МБК |
- бажылык транзит бажы жол-жобосуна ылайык ЕАЭБдин аймагы боюнча товарларды ташууну контролдоо системасын; | 2023-жылдын 1-декабры | |||||||
- ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары товарларды иш жүзүндө ташып чыгууну ырастоону жана контролдоо системасын; | 2023-жылдын 1-декабры | |||||||
- жалпы маалыматтык ресурстарды түзүүнү, жүргүзүүнү жана пайдаланууну (реестрлерди, тизмелерди, классификаторлорду); | 2022-жылдын 1-декабры | |||||||
- бажы жол-жоболорунда товарларды жайгаштыруу боюнча бажы операцияларын жүргүзүүнү, анын ичинде бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү; | 2022-жылдын 1-декабры | |||||||
- атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана алардын эсебин жүргүзүүнү; | 2022-жылдын 1-декабры | |||||||
- бажы контролунда болгон товарларды эсепке алууну; | 2023-жылдын 1-декабры | |||||||
- ЕЭКтин чечимдерине жана ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келтирүү алкагында айрым системаларды | 2023-жылдын 1-декабры | |||||||
4.2. Бажы лабораторияларын түзүү | 4.2.1. Бажы лабораториясын түзүү боюнча уюштуруу иш-чараларын жүргүзүүнү жана экспертизалардын төмөнкү түрлөрүн жүргүзүүгө карата бажы лабораторияларын түзүү боюнча тийиштүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизүүнү камсыз кылуу: 1) тамак-аш объекттерине (товарларга) жана айыл-чарба продукцияларына экспертиза; 2) жеңил өнөр жай объекттерине (товарларга) экспертиза; 3) баңгизат жана психотроптук заттарга экспертиза; 4) химиялык өнөр жай товарларына экспертиза; 5) маданий баалуулуктарга, коллекциялык буюмдарга жана диний багыттагы объекттерге экспертиза; 6) асыл таштарга, металлдарга жана зер буюмдарга экспертиза | 2020-жылдын 1-сентябры | Бюджеттин чегинде жана башка булактардын эсебинен | Бажы экспертизаларын ыкчам жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү | Бажы лабораториясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун бекитүүгө киргизүү | МБК, ЭМ, эл аралык уюмдар жана финансы институттары | ||
4.2.2. Бажы лабораториясын түзүү жана жайгаштыруу | 2023-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде жана башка булактардын эсебинен | Белгиленген тартипте бажы лабораториясын ишке киргизүү | МБК, эл аралык уюмдар жана финансылык институттар | ||||
4.2.3. Тандоонун критерийлерине ылайык бажы лабораториясынын кызматкерлерин комплекттөө | 2023-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде жана башка булактардын эсебинен | ||||||
4.3. Убактылуу сактоо кампасында (УСК), алымсыз соода дүкөндөрүндө (АСД), бажы кампаларында (БК), эркин кампаларда (ЭК) жана эркин экономикалык зоналарында (ЭЭЗ) бажы контролдоосу астында жайгашкан товарларга эсепке алууну жана контролдоону жогорулатууну жакшыртуу | 4.3.1. Товарларды чыгаруу, сатуу, товардын калдыктарынын болушун онлайн мониторингдөө, ошондой эле электрондук отчетту түзүү мүмкүнчүлүгү менен убактылуу сактоо кампаларында (УСК), алымсыз соода дүкөндөрүндө (АСД) жана бажы кампасында (ТС), эркин кампаларда (ЭК), эркин экономикалык зоналарда (ЭЭЗ) коюлган товарларды эсептөө системалары жана БАМСтын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенишүүнү камсыздоо | 2022-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде жана башка булактардын эсебинен | Бажы контролунда болгон товарларга карата бажы контролун өркүндөтүү | Товарларды чыгаруу, сатуу, товардын калдыктарынын болушун онлайн мониторингдөө, ошондой эле электрондук отчетту түзүү мүмкүнчүлүгү менен УСК, АСД, БК, ЭК товарларды эсепке алуу системала-рынын жана БАМСтын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенишүү ишке ашырылган | МБК, УСКнын, АСДнын, БКнын, ЭКнын ээлери, ЭЭЗдин Башкы дирекциясы | ||
4.4. Өткөрүү пункттарын жабдуу жана жайгаштыруу бөлүгүндө Бажы бирлигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча "жол картасын" ишке ашыруу | 4.4.1. "Эркештам", "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кызыл-Бел", "Кайрагач" өткөрмө пункттарын азыктандырган электр тармагынын кубаттуулугун көбөйтүү | 2019-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Өткөрмө пункттарын ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирүү | Мыйзамда белгиленген тартипте жумуштарды сатып алууга конкурс өткөрүлдү, аткарылган жумуштардын актысына кол коюлду | МБК, "УЭХК" ААК | ||
4.4.2. "Торугарт" жана "Эркештам", "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кайрагач", "Кызыл-Бел", "Карамык" автомобилдик өткөрүү пункттарын, "Кара-Суу", "Шамалдысай", "Кызыл-Кыя" жана "Жалал-Абад" темир жол өткөрүү пункттарын ФБК жана "Крокус Интернэшнл" АК менен өз ара аракеттенүүдө жайгаштыруу жана толуктап жабдуу боюнча иш-чараларды аяктоо | 2020-жылдын 1-декабры | Бюджеттин жана техникалык жардамдын чегинде | 2015-жылы 31-мартта Бишкек шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну (2015-жылдын 18-майындагы № 102 КР Мыйзамы менен ратификацияланган) ишке ашыруунун алкагында объекттерди ишке киргизүү боюнча "Крокус Интернэшнл" АКтан актыларды алуу | МБК | ||||
4.4.3. "Торугарт" өткөрмө пунктун суу менен камсыз кылуу системасын түзүү боюнча техникалык-экономикалык максатка ылайыктуулугун карап чыгуу | 2019-жылдын 31-октябры | Бюджеттин чегинде | Долборлоо-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча кызматтарды сатып алууга белгиленген тартипте конкурс өткөрүлдү, аткарылган иштердин актысына кол коюлду | МБК | ||||
4.4.4. Деңиз деңгээлинен 2800 метрден жогору бийиктикте жайгашкан өткөрмө пункттарында кислороддук камсыздоосу менен реабилитациялык-адаптациялык медициналык бөлмөлөрдү жабдуу ("Торугарт", "Эркештам", "Карамык", "Бор-Дөбө") | 2019-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Бийик тоолуу шарттарда кызмат өтөө үчүн бажы кызматынын кызматкерлеринин шарттарын жакшыртуу | Белгиленген тартипте зарыл болгон жабдууларды сатып алууга конкурс өткөрүлдү, өткөрүп алуу - өткөрүп берүү актысына кол коюлду | МБК | |||
5 | Бажы инфраструк-турасын өнүктүрүү жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн кыйла натыйжалуу формаларын ишке ашыруу | 5.1. "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын базасында толук баалуу логистикалык операторду түзүү ("Бажытранс-сервис" долбоору) | 5.1.1. Кызмат көрсөтүүнүн кеңири спектрин жүзөгө ашыруучу логистикалык операторду түзүү боюнча бизнес план иштеп чыгуу: пландоо, ташуу, кампага жайгаштыруу, сактоо, товарларды бажылык тариздөө | 2020-жылдын 1-декабры | "БИ" МИнин өздүк каражаттарынын эсебинин | Бажы иши чөйрөсүндөгү сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу | Инвестицияларды тартуу боюнча келишимдер түзүлдү, МБК менен бизнес-план жана ишке ашыруу планы макулдашылды | "БИ" МИ |
5.1.2. Логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн укуктук негиздерди даярдоо (тийиштүү уруксат берүүчү документтер) | ||||||||
5.1.3. Логистикалык базаны түзүү үчүн тиешелүү инфраструктурасы бар аймакты сатып алуу (болгон аянттарды кайра профилдөө) | ||||||||
5.1.4. Логистикалык кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл автопарк менен камсыздоо (транспорт каражаттарын сатып алуу/ижарага алуу) | ||||||||
5.1.5. Долбоорду ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды издеп табуу | ||||||||
6 | Киреше алууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен "Бажы инфраструктурасы" МИнин фонддорун көбөйтүү | 6.1. Өндүрүштүк-чарбалык жана коммерциялык иштерди кеңейтүү | 6.1.1. Убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн иштерин түзүү боюнча бажы-инфраструктуралык долбоорлордо "Бажы инфраструктурасы" МИнин үлүштүк катышуусун камсыз кылуу. 6.1.2. Бажы иши менен байланыштуу эмес долбоорлорду ишке ашыруу | 2023-жылдын 1-декабры | "БИ" МИнин өздүк каражаттарынын эсебинен | "БИ" МИнин 50% таза кирешесинин которууларынын эсебинен республикалык бюджетке кошумча түшүүлөр | Бажы-инфраструктуралык долбоорлордо "БИ" МИнин үлүштүк катышуусунда келишимдер түзүлгөн | "БИ" МИ |
IV. Бажы иши чөйрөсүндө укук бузууларга натыйжалуу каршы күрөшүүнү уюштуруу | ||||||||
7 | Бажы кызматынын укук коргоо иштерин жөнгө салган ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү | 7.1. Жазык мыйзамдарында-гы жана бузуулар жөнүндө мыйзамдардагы боштуктарды толтуруу. Жазык мыйзамдарын жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарды, анын ичинде ЕАЭБде интеграциялоонун алкагында актуалдаштыруу | 7.1.1. Төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү: 1) жазык жоопкерчилигин белгилөө бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине: - көркөм, тарыхый жана археологиялык дөөлөт болгон маданий баалуулуктардын, буюмдардын, валюталардын ж.б. белгиленген мөөнөттө КР аймагына кайтарылбагандыгы үчүн; - бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкандыгы үчүн (гумандаштыруу максатында жазык жоопкерчилигинин босоголук суммасын көбөйтүү). 2) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине: - "Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөн товарларды бажылык контролдон жашыруу" укук бузуу өзгөчөлүгүн эске алуу менен, аны Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 259-беренесинен өзүнчө беренеге бөлүп чыгаруу; - мурда колдонууда болгон Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган өзгөчө бөлүктү (33-главаны) бажы иши чөйрөсүндөгү конкреттүү бузууну мүнөздөгөн ченемдер менен толуктоо (501, 504-5, 504-9, 504-11 - 504-13, 504-18 - 504-26, 504-28 - 504-30, 504-32 - 505-беренелер) | 2019-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Кылмыштардын алдын алуу, кылмыштуу кол салуулардан инсанды, коомду жана мамлекетти коргоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы боштуктарды толтуруу | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тиешелүү мыйзам долбоорлорун киргизүү жана жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорлору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилди | ЭМ, ЮМ, МБК, МжВ |
8 | Бажы мыйзамдарын бузууну алдын алуу боюнча оптималдуу жана натыйжалуу шарттарды түзүү | 8.1. Алдын алуучу жана башка чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берген материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү | 8.1.1. Бажы кызматынын укук коргоо бөлүнүштөрүн атайын жабдылган транспорт каражаттары, бажы контролунун техникалык каражаттары жана ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн атайын каражаттар менен жабдуу | Дайыма | Бюджеттин чегинде жана башка булактардын эсебинен | Укук бузууларды табуунун натыйжалуулугун жогорулатуу | Сатып алуудан кийин оперативдүү-издөө иштерин жүргүзүү үчүн бажы контролунун техникалык каражаттарын жана атайын каражаттарды берүү жөнүндө МБКнын буйругу чыкты | МБК |
| 8.2. Опурталдар тобуна кирген ТЭИ субъекттерине карата маалыматтык эсепти жана маалымат алмашууну жүргүзүү | 8.2.1. Бажы эрежелерин бузгандар боюнча, бузуулардын түрлөрү боюнча, жөнөтүүчү өлкөлөр боюнча, товарлардын түрлөрү боюнча бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү | 2019-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Укук бузуу субъекттери боюнча БАМСтын базасында МБКнын маалыматтык борборун түзүү | МБКнын буйругу менен укук бузуулардын субъекттери боюнча маалымат базасы түзүлдү | МБК | |
9 | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн негизинде, анын ичинде "Түндүк" маалыматтык системасын колдонуу менен электрондук форматта маалыматты берүүнү уюштуруу | 9.1. Ведомстволор аралык маалымат алмашуу үчүн мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын бирдейлештирүү | 9.1.1. МБК жана МЧК, ЭККМК, ФЧМК, ИИМ МТББ, МСК, МКК, УСК, ЮМ жана башка мамлекеттик органдар ортосунда маалыматтык ресурстар аркылуу ыкчам маалымат алмашууну камсыз кылуу | 2020-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Оперативдүү маалыматка жетүү жана оперативдүү маалыматты алуу убактысын кыскартуу | МБК жана МЧК, ЭКККМК, ФЧМК, ИИМ МТББ, МСК, МКК, УСК, ЮМ жана башка мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык ресурстар аркылуу ыкчам маалымат алмашуу жөнүндө ведомстволор аралык макулдашууларга кол коюлду | МБК, МжВ (тизме боюнча) "Түндүк" ВЭӨС |
9.1.2. Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу өткөн декларацияланган накталай акча же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттер боюнча электрондук маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2019-жылдын 1-сентябры |
|
| МБКнын буйругу менен декларацияланган накталай акча каражаттары же жүгүртүү инструменттери боюнча электрондук маалымат базасы түзүлдү | МБК | |||
V. Коррупцияга каршы аракеттенүү жана тышкы экономикалык иштердин катышуучуларынын бажы кызматына ишеним деңгээлин жогорулатуу | ||||||||
10 | Бажы кызматында коррупциялык опурталдардытөмөндөтүү | 10.1. Тартип жана коррупциялык укук бузууларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасын киргизүү | 10.1.1. Коррупциялык кызмат ордун аныктоо, ошондой эле бажы органдарында кызматкерлер тарабынан кызмат өтөөдө маалыматтарды колдонуу үчүн тартип жана коррупциялык укук бузуулар боюнча автоматташтырылган маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2019-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Коррупцияга каршы чараларды көрүү үчүн жогорку коррупциялык опурталдар менен кызмат орундарынын категорияларын (функцияларын) аныктоо | МБКнын буйругу менен коррупцио-гендик кызмат орундарын аныктоо үчүн тартиптик жана коррупциялык укук бузуулар боюнча автоматташтырылган маалымат базасы түзүлдү | МБК |
10.2. Бажылык тариздөө жайларына жана өткөрмө пункттарына видеокөзөмөлдөө системасын киргизүү | 10.2.1.Борбордук аппаратта онлайн мониторинги менен кызматтык жайларда жарандар менен байланышууда бажы органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерин аныктоо үчүн видеожабдыктар менен жабдуу | 2020-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Кызмат адамдарынын иштеринин ачыктыгы, кызмат адамдары жана ТЭИнин катышуучуларынын ортосунда коррупциялык байланышты түзүү мүмкүндүгүнүн жоктугу, ошондой эле ар бир кызматкердин ишинин натыйжалуулугун талдоо | Бажылык тариздөө жайларында жана өткөрмө пункттарында видеокөзөмөлдөө системасы киргизилди | МБК | ||
11 | 11. ТЭИнин катышуучу-ларынын бажы кызматына ишеним деңгээлин жогорулатуу | 11.1. Бажы органдарынын кызматкерлерине калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгуу | 11.1.1.Бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана жарандык коом институтунун өкүлдөрү менен биргеликте иш-чараларды өткөрүү (тегерек столдор, бажы мыйзамдары чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды коомдук талкуулоо ж.б.) | Дайыма | Бюджеттин чегинде | Бажы кызматынын кадыр-баркын түзүү Бажы органдарында коррупцияга каршы күрөшүү жаатында коомчулук менен кайтарым байланышты уюштуруу | Бизнес чөйрөсүнүн жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү Анкеталоо, сурамжылоо жүргүзүлдү, анкеталоонун жыйынтыгы тууралуу жетекчиликтин атына рапорт даярдалды | МБК, Коомдук кеңеш, КК |
11.1.2. Жүргүзүлүүчү өзгөртүүлөр жана жаңылыктар жөнүндө ТЭИнин катышуучуларына маалымдоо үчүн МБКга караштуу Консультативдик кеңештин ролун жогорулатуу | Дайыма | |||||||
11.1.3. Бажы кызматынын иштерин баалоо боюнча социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү (анкеталоо, сурамжылоо, фокус топтор) | Дайыма | |||||||
11.1.4. Коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн МБКнын байланыш маалыматын кеңири жайылтуу (буклеттер, ишеним телефондору, веб-сайт, электрондук почта, коомдук кабылдама). Жалпыга маалымдоо каражаттарында бажы кызматынын ишин чагылдыруу | Дайыма | Ар жылдык медиаплан бекитилди | ||||||
VI. Башкаруу системасын өркүндөтүү жана кадр дараметин жогорулатуу | ||||||||
12 | Бажы кызматынын уюштуруу түзүмүн өркүндөтүү | 12.1. Иш процесстерин автоматташтырууга жараша бажы органдарынын түзүмүн этап-этабы менен оптималдаштыруу жана негизги соода өнөктөш-өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү | 12.1.1. Бажы процесстерин автоматташтырууга жараша МБКнын штаттык санын жана башкаруу схемасын оптималдаштыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды актуалдаштыруу | Зарылдыгына жараша | Бюджеттин чегинде | Бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ТЭИнин субъекттерине көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу | Бажы процесстерин автоматташтыруудан улам МБКнын башкаруу схемасын жана штаттык санын оптималдаштырууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилди | МБК |
12.1.2. Кытай Эл Республикасынын бажы кызматынын алдында Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын өкүлчүлүгүн түзүү маселесин Кытай Эл Республикасынын бажы кызматы менен бирдикте иштеп чыгуу | 2020-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде |
| КР менен КЭРдин бажы кызматынын ортосунда Кытай Эл Республикасынын бажы кызматында Бажы кызматынын өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун демилгелөөнүн, Кытай Эл Республикасынын бажы кызматында Бажы кызматынын өкүлчүлүгүн түзүүнүн максатка ылайыктуулугу тууралуу (каржылоо булагын аныктоону кошкондо) ТИМдин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын дарегине МБКнын каттары белгиленген тартипте жөнөтүлгөн. Өкүлчүлүктү түзүү тууралуу чечим кабыл алууда белгиленген тартипте КР Өкмөтүнүн кароосуна КЭР БКга караштуу Бажы кызматынын өкүлчүлүгү маселеси боюнча токтом долбоорлору КР Өкмөтүнүн кароосуна киргизилди | МБК, кызыкдар МжВ | |||
13 | Адам ресурстарын башкаруу системасын өркүндөтүү | 13.1. Кадр саясаты системасын киргизүү | 13.1.1. Функцияларынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен иштердин багыттары боюнча конкурстук тандоону өткөрүү аркылуу бажы органдарына кызматка кабыл алуу системасын өркүндөтүү | 2020-жылдын 1-январы | Бюджеттин чегинде | Сапаттуу кадр курамын түзүүнүн эсебинен бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөө тартибине толуктоолор киргизилди | МБК |
13.1.2. Бажы кызматынын тышкы кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо методун кеңейтүү (эссе жазуу ж.б.) | 2020-жылдын 1-январы | |||||||
13.1.3. Кадрлардын ички резервин түзүү механизмин киргизүү | 2020-жылдын 1-январы | Бюджеттин чегинде | Кызматкерлер-дин өнүгүүсүнө, кызмат боюнча кесипкөй жана карьералык өсүүгө мотивациясын жогорулатуу. Бош кызмат ордун ээлөөгө кызматкерлердин даярдалган курамынын болушу | МБКнын буйругу менен кадрлардын ички резервин түзүү жана иштөө тартиби бекитилди | МБК | |||
13.2. Бажы органдарынын бөлүнүштөрүнүн иштеринин натыйжалуулугун баалоо системасын модернизациялоо | 13.2.1. Бажы органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жана кызматкерлеринин иштеринин натыйжалуулугун баалоонун автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2021-жылдын 1-июлу | Бюджеттин чегинде | Бөлүнүштөрдүн жана кызматкерлердин аткарган функцияларынын натыйжалуулугун жогорулатуу | МБКнын буйругу менен түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жана бажы органдарынын кызматкерлеринин иштеринин натыйжалуулугун баалоонун автоматташтырылган системасы киргизилди | МБК | ||
13.2.2. Квалификациялык экзаменди өткөрүү аркылуу кызматкерлердин иштерин натыйжалуу баалоо механизмин өркүндөтүү | 2020-жылдын 31-марты | Бюджеттин чегинде | Кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун объективдүү баалоо | МБКнын буйругу менен бажы органдарында кызмат орундарын ээлеген адамдар үчүн квалификациялык экзамен (аттестация) өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого толуктоолор киргизилди | МБК | |||
13.2.3. Кызматкерлердин билим деңгээлине жана алардын кесипкөй квалификациясына ылайык кадрларды дайындоо жана которуу (ротация) системасын өркүндөтүү | 2019-жылдын 31-декабры | Бюджеттин чегинде | Кызматкерлер-дин билиминин жана кесипкөй квалификациясынын негизинде өздүк курамды оптималдуу жайгаштыруу | МБКнын буйругу менен Бажы кызматынын ички тартибинин типтүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди | МБК | |||
13.3. Даярдоо, кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү | 13.3.1. Кызмат орундарынын категориялары боюнча окуу модулдарын иштеп чыгуу, мамлекеттик органдар, ЕАЭБ өлкөлөрү, эл аралык уюмдар менен окутуу жаатында кызматташууну кеңейтүүнү кошпогондо кадрларды даярдоо жана кайра даярдоонун системасын иштеп чыгуу жана жайылтуу, анын ичинде чет тилдерине окутуу (Englishfriendly, Chinafriendly) жана чет өлкөдө стажировкадан өтүү жана кесипкөй даярдоо мүмкүнчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын МБКсынын кызматкерлерин кайра даярдоо программаларын ишке киргизүү | Дайыма | Бюджеттин чегинде | Бажы органдарынын иштеринин акыркы натыйжаларынакадрларды кесипкөй даярдоонун ролун жана таасирин жогорулатуу | МБКнын буйругу менен бажы кызматы системасында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо тартиби бекитилген, анын ичинде инновациялык ыкмаларды колдонуу менен (аралыктан окутуу) заманбап окутуунун методикасын киргизүүнү кошкондо | МБК | ||
13.3.2. Инновациялык ыкмаларды колдонуу менен заманбап окутуу методикасын киргизүү (аралыктан окутуу) | 2020-жылдын 1-декабры | Бюджеттин чегинде | Кызматтан ажыратпастан үзгүлтүксүз квалификациясын жогорулатуу жана карьералык өсүү квалификациясын жана потенциалын өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү | МБК | ||||
VII. Социалдык блок, стимулдаштыруу жана мотивациялоо | ||||||||
14 | Бажы кызматынын кызматкерлеринин иштерин мотивациялоо | 14.1. Бажы кызматынын кызматкерлеринин турак жай-тиричилик шарттарын жакшыртуу | 14.1.1. Бажы кызматынын кызматкерлери үчүн ведомстволук турак жай жана социалдык багыттагы башка объекттерди куруу (бала бакча, спорттук-ден соолук чыңдоо комплекстери) | 2023-жылдын 1-декабры | МБКнын жана "БИ" МИнин бюджетинин чегинде | Бажы кызматынын кызматкерлерин стимулдаштыруу | Жумуштарды сатып алууга конкурс өткөрүлдү. Аткарылган жумуштардын актысына, ишке киргизүү актысына кол коюлду | МБК, "БИ" МИ, куруу боюнча маселелерге ыйгарым укуктуу МжВ |
Кыскартуулардын тизмеси:
АК | - | Акционердик коом |
БДСУ | - | Бүткүл дүйнөлүк соода уюму |
ТЭИ | - | Тышкы экономикалык иштер |
ТЖМ АССГКА | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги |
КТЧКТЧМА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
ВФКМИ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
"БИ" МИ | - | "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы |
"Бирдиктүү терезе" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы |
"Кыргыз почтасы" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы |
МЧК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
ЭККМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) |
ФЧМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ИИМ МТББ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы |
ССМ ДКМТД | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти |
ССМ ОАМСЭКА | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти |
БАМС | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ИТК | - | Инспекциялык-тыкыр кароо комплекси |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
КК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Консультативдик кеңеши |
АСД | - | Алымсыз соода дүкөнү |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ЭЖТ | - | ЭЖТ Конвенциясына ылайык Эл аралык жол ташуулары |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
МжВ | - | Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ЖӨБ | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу |
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
КНС | - | кошумча нарк салыгы |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
"УЭХК" ААК | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому |
Коомдук кеңеш | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Коомдук кеңеши |
КСРБ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору |
"Түндүк" ВЭӨС | - | "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенишүү системасы |
УСК | - | убактылуу сактоо кампасы |
ЭК | - | эркин кампа |
ЭЭЗ | - | эркин экономикалык зона |
БК | - | бажы кампасы |
ФБК | - | Россиянын Федералдык бажы кызматы |
ЭМ СМБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун Бишкек стандартташтыруу жана метрология борбору |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |