Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 363 токтомуна) |
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү СТРАТЕГИЯСЫ
1-глава. Киришүү
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын системасынын дараметин жогорулатууга жана тышкы экономикалык иштерди (мындан ары - ТЭИ) өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн багытталган, орто мөөнөттүү мезгилге бажы кызматын өнүктүрүүнүн жана бажылык башкарууну өркүндөтүүнүн негизги багыттарын аныктоочу документ болуп саналат.
Стратегияны пландоонун мөөнөттөрү бир катар маанилүү шарттардан келип чыккан:
- Кыргыз Республикасы 2015-жылы августта Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) кирди, ошондуктан интеграциялык бирикмеде болуунун он жылдык мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары - бажы кызматы) институттук ийкемдүүлүгүнүн жана жалпы региондо жагдайдын өнүгүүсүнүн мүмкүн болгон сценарийлеринин көз карашынан алганда, маанилүү;
- 2025-жылга карата ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумушчу күчтөрдүн жана капиталдын негизги рыноктору түзүлөт. Кыргыз Республикасынын бир катар артыкчылыктары жана преференциялары жок болот, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарын шайкеш келтирүү евразия экономикалык интеграциясынын өлкөлөрүндө бирдиктүү укуктук мейкиндикти камсыз кылат. Катышуучулардын санынын мүмкүн болгон кеңейиши транзит жана экспорттук-импорттук товарлар агымынын түзүмүнүн жана багытынын өзгөрүүсүнө таасир тийгизиши мүмкүн.
ЕАЭБдин андан аркы өнүгүүсү, 2018-жылдын 1-январынан баштап, бардык бажы процесстеринин автоматташтыруусун караштырган, ЕАЭБнын Бажы кодексинин күчүнө кириши (2017-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасынын № 223 (28) Мыйзамы менен ратификацияланган), ошондой эле 2018-жылдын 20-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №2377-VI токтому менен бекитилген 2019-2022-жылдарга "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын белгиленген артыкчылыктары бажылык жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган стратегиялык документти иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарылчылыгын шарттайт.
Стратегияны иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын учурдагы көрсөткүчтөрү, товарлардын эркин жүгүрүшү үчүн шарттарды түзүү зарылчылыгы жана экономикалык саясаттын негизги багыттарынын бири - бизнеске көмөк көрсөтүүнү ишке ашыруу эске алынган.
Стратегияны иштеп чыгуу үч этаптан турган: талдоо этабы, пландоо этабы, ТЭИ катышуучулары, эксперттик коом, эл аралык уюмдар жана мамлекеттик жөнгө салуунун кызыкдар органдары менен талкуулоо.
Талдоо иштери этабында учурдагы абалды талдоо жана бажы иши чөйрөсүндөгү проблемалуу зоналарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Пландоо этабы Стратегиянын мазмунун иштеп чыгуудан, Стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чараларды пландоодон, ошондой эле буга зарыл болгон ресурстардан жана чыгымдардан түзүлөт. Талкуулоо этабы сын көз караштагы жана объективдүү баа берүүдөн жана бардык кызыкдар жактардын пикирин эске алуудан турат.
2-глава. Учурдагы абалды талдоо. Жетишкендиктер жана проблемалар
Заманбап шарттарда бажы кызматынын иши бажылык жөнгө салуу жана администрациялоо мамилелерин реформалоого, жалпысынан бажы кызматынын андан аркы өнүгүүсүн талап кылган, региондук жана эл аралык чакырыктар жана тенденциялар тарабынан таасирлерге дуушар болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен бекитилген 2011-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жүргүзүлгөн реформалар, негизинен административдик тоскоолдуктарды кыскартууда жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүдө, бажы инфраструктурасын өнүктүрүүдө, ошондой эле бажылык тариздөөдө жумушчу процесстерди автоматташтырууда бир катар оң натыйжаларды берди.
Жүргүзүлгөн реформалардын жардамы менен 2011-2014-жылдары бажы төлөмдөрү боюнча кирешелер 80% тегерегинде жогорулап, 42,5 млрд. сомду түздү. Кыргыз Республикасы ЕАЭБга киргенден кийин, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара соодалашууда товарлардын бажылык администрациялоосун алып салууга карабастан, бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн өсүү темпи сакталууда.
2017-2018-жылдар мезгилинде ишинин жыйынтыгы боюнча бажы кызматы Кыргыз Республикасынын эң маанилүү киреше түзүүчү органдарынын бири болуп саналышын белгилей кетүү зарыл - негизинен өлкөнүн республикалык бюджетинин бардык киреше бөлүгүнүн 25-30%ын түзөт же 2018-жылы 41,7 млрд. сомго камсыз кылды, бул 2017-жылдын жыйынтыктарынан 7,5 млрд. сомго көп. 2019-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин бажы төлөмдөрү боюнча түшүүлөрүн 48,6 млрд. сом өлчөмүндө камсыз кылуу тапшырмасы коюлган.
1-таблица
Бажы төлөмдөрүнүн түшүү динамикасы
Таблицанын графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Эскертүү: Кыргыз Республикасы ЕАЭБга киргенине байланыштуу, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда бажы контролу алып салынган жана бажы төлөмдөрү администрацияланбайт.
Бажы кызматынын ар бир кызматкерине республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 36,6 млн. сом (дээрлик 523000 АКШ доллары) туура келет, бул кызматтын жетишээрлик жогорку натыйжалуулугу тууралуу баяндайт.
Бажы кызматы экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча негизги тапшырмаларынын бирин аткаруунун алкагында, анын ичинде башка укук коргоо органдары менен активдүү өз ара аракеттенүүдө контрабандалык, контрафакттык жана тыюу салынган продукцияларды ташып кирүүнүн жүздөгөн аракеттерине бөгөт коёт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен бекитилген 2011-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу аяктагандан кийинки бир нече жыл Кыргыз Республикасы 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге (2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган) кошулуусунун алкагында бажы кызматынын иши ЕАЭБдин шарттарына адаптацияланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ЕАЭБдин бажы мыйзамдары менен бирдейлештирүүгө багытталган. Бажы органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жүргүзүлдү, ички регламенттер белгиленди, бөлүнүштөрдүн иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жоболор иштелип чыкты жана бекитилди, бажы иши чөйрөсүндө ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча окуу курстары өткөрүлдү. Ошондой эле өздүк курамды ЕАЭБдин тышкы чек арасындагы өткөрмө пункттарына кайра жайгаштыруу боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн, өткөрмө пункттарын ЕАЭБдин техникалык талаптарына шайкеш келтирүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу улантылууда.
2014-жылдын 29-майындагы № 74 Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы бирлигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча "Жол картасы" менен ЕАЭБдин бажы чек арасында кыргыз өткөрмө пункттарын техникалык жабдуу жана жайгаштыруу боюнча иш-чаралардын курамы аныкталды. Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүүнүн алкагында өткөрмө пункттары (товарларды жана транспорт каражаттарын ташып өтүү жерлери) ЕАЭБдин техникалык талаптарына ылайык жайгаштырылууга жана техникалык жабдылууга тийиш:
- чек аранын кыргыз-кытай участогунда: "Эркештам", "Торугарт" автомобилдик өткөрмө пункттары;
- чек аранын кыргыз-өзбек участогунда: "Достук", "Кызыл-Кыя" автомобилдик өткөрмө пункттары, "Кара-Суу", "Шамалдысай", "Кызыл-Кыя" жана "Жалал-Абад" темир жол өткөрмө пункттары;
- чек аранын кыргыз-тажик участогунда: "Кайрагач", "Кызыл-Бел", "Карамык", "Бор-Дөбө" автомобилдик өткөрмө пункттары;
- "Манас" жана "Ош" аба өткөрмө пункттары.
Өткөрмө пункттары боюнча иш-чаралар үч этап менен өткөрүлүүгө тийиш:
I этап - "Торугарт" жана "Эркештам" автомобилдик өткөрмө пункттарын, "Манас" жана "Ош" аба өткөрмө пункттарын - бажылык, санитардык-карантиндик, ветеринардык, карантиндик, фитосанитардык контролдоонун түрлөрү үчүн алып жүрүүчү техникалык каражаттар менен жабдуу (мөөнөтү - 2015-жылдын 8-майына чейин, аткарылган);
II этап - "Кызыл-Кыя", "Кайрагач", "Кызыл-Бел" автомобилдик өткөрмө пункттарын жана "Кара-Суу", "Шамалдысай", "Кызыл-Кыя" темир жол өткөрмө пункттарын - алып жүрүүчү бажылык жана радиациялык контролдоонун техникалык каражаттары менен техникалык жабдуу (мөөнөтү - 2016-жылдын 12-февралына чейин, аткарылган);
III этап - "Торугарт"жана "Эркештам", "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кайрагач", "Кызыл-Бел", "Карамык", "Бор-Дөбө" автомобилдик өткөрмө пункттарын, "Манас"жана"Ош" аба өткөрмө пункттарын, "Кара-Суу", "Шамалдысай", "Кызыл-Кыя" жана "Жалал-Абад" темир жол өткөрмө пункттарын жайгаштыруу жана техникалык жабдуу боюнча бардык жумуштарды бүтүрүү (мөөнөтү - 2020-жылдын аягына чейин, ишке ашыруу баскычында).
Кыргыз өткөрмө пункттарын модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында "Торугарт", "Эркештам", "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кайрагач", "Кызыл-Бел" жана "Карамык" автомобилдик өткөрмө пункттары товарларды жана транспорт каражаттарынын жүк салынуучу бөлүктөрүн (бөлүмчөлөрүн) ачпастан, сканирлөө үчүн арналган инспекциялык-текшерип кароо комплекси (ИТКК) менен жабдылат, бул бажылык контролдоону өткөрүү процессин тездетүүгө жана жалган декларациялоо учурларын азайтууга көмөк көрсөтөт.
Курамы жана каржылоо көлөмү боюнча каралып жаткан иш-чаралар Кыргыз Республикасында алгачкы ирет ишке ашырылып жатат.
Ушуну менен бирге жогоруда аталган багыттарды өнүктүрүүнүн оң динамикасы бажы укук мамилелеринин чөйрөсүндөгү, айрым алганда товарларды туура эмес декларациялоо, товарлардын бажы чек арасы аркылуу өтүүсүнүн жай ылдамдыгы, ошондой эле болгон коррупциялык опурталдар менен байланышкан проблемаларды толук чечүүгө көмөктөшпөйт. Бул факторлордун болушу, бизнес-коомдор үчүн айрым тоскоолдуктарды жаратат, натыйжада бул экономиканын өсүү темптерине жана Кыргыз Республикасынын экономикалык жагымдуулугуна таасирин тийгизет.
Эл аралык интеграциянын шартында өлкөнүн ичинде да, региондо да талдоонун методдорун өркүндөтүү, экономикалык тенденцияларды болжолдоо жана ТЭИнин өзгөрүүлөрүнө оперативдүү чара көрүү, ошондой эле бажы системасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана ылдамдыгы Кыргыз Республикасынын атаандаштык артыкчылыктарынын бири боло алат. Мындан тышкары ЕАЭБдин Бажы кодексинин ченемдерине жана ЕАЭБда ТЭИни бажылык администрациялоо системасын "кагаздан" электрондук технологияларга өтүүсүн мыйзам менен бекемделген ЕАЭБдын укуктук актыларына ылайык, бажы процесстерин санариптөө жана автоматташтыруу боюнча ишти тездетүүнүн курч зарылчылыгы пайда болот. Бул бажы формалдуулуктарынан өтүү процесстерин кыйла тездетүүгө жана бажы операцияларын жүзөгө ашыруунун бардык этаптарында чечимдерди кабыл алууда "адам факторун" азайтууга мүмкүндүк берет.
Бажы органдарда гана эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык контролдоочу мамлекеттик органдарында маалымат системаларын өнүктүрүү жана аларды "Таза коом" улуттук программасынын, "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенишүү системасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2022-жылдарга "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасынын алкагында өз ара интеграциялоо боюнча активдүү иштерди жүргүзүү зарылчылыгы бар.
Алымдарды жогорулатууга, уруксат берүүчү документтерди алуу кыйынчылыктарына, начар инфраструктурага, азыктардын сапатына жана ЕАЭБдин жаңы техникалык регламенттерин аткарууга байланыштуу өндүрүштүн чыгымдары жогорулады жана импорттолуучу чийки материалдардын жогорку салыштырма салмагы менен экономиканын секторлорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү кыскарды. Буга байланыштуу, мамлекеттик контролдоочу органдардан бажы операцияларын жүргүзүүнү автоматташтыруу жана тездетүү бөлүгүндө ТЭИнин катышуучуларына колдоо көрсөтүү боюнча координацияланган чараларды кабыл алуу талап кылынат.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы менен эл аралык кызматташуусун өнүктүрүүнүн натыйжасында өз ара сооданын жана товарлардын транзитинин тышкы экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышын, региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарылчылыгын жана стратегиялык маанилүүлүгүн эске алып, мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участогунда айрым өткөрмө пункттарынын иштөөсүн кайра баштоо зарылчылыгы пайда болду. Жалал-Абад облусу Өзбекстан Республикасынын калкынын саны 5,6 млн. адамды түзгөн Анжиян, Наманган облустары менен чектеш экенин белгилөө зарыл. Ушуну менен бирге, аталган региондо транспорт каражаттарын жана товарларды өткөрүүнүн жеңилдетилген тартибин гана караштырган өткөрмө пункттары иштейт.
Бажылык жөнгө салуунун инновациялык мамилелерине өтүү жана ишке ашыруу бажы кызматынын кадрдык дараметин өнүктүрүүнү жана уюштуруучулук түзүмүн оптималдаштырууну талап кылат.
3-глава. Максаты жана артыкчылыктары
Стратегия бажы процесстерин автоматташтыруу (санариптөө), бажы операцияларын тездетүү, жөнөкөйлөтүү үчүн бажы органдары чечим кабыл алууда тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу сыяктуу бажы кызматын өнүктүрүү тенденцияларын эске алуу менен орто мөөнөттүү келечекке бажы кызматын өнүктүрүүнүн негизги шарттарын жана артыкчылыктарын аныктайт, муну менен ТЭИнин катышуучулары, анын ичинде өлкөнүн транзиттик дараметин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Мындан тышкары, бажы процесстерин санариптөө бажы иши чөйрөсүндө коррупциялык опурталдарды азайтууга мүмкүндүк берет.
Буга байланыштуу, ушул Стратегиянын максаты өнүккөн бажы инфраструктурасы менен тобокелдиктерди башкаруу системасынын негизинде санарип бажысын түзүү болуп саналат.
Стратегиялык максатка төмөнкүдөй алдыга коюлган милдеттерди аткаруу жолу менен жетишилет:
- опурталдарды башкаруу системасын колдонуу жана бажы процесстерин автоматташтыруу, ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенишүүнү өнүктүрүү (кагазсыз декларациялоо) аркылуу бажы операцияларын жүргүзүү процесстерин тездетүү;
- экономикалык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган тышкы экономикалык көрсөткүчтөрдү талдоонун негизинде бажылык администрациялоонун натыйжалуу системасын өнүктүрүү;
- негизги багыттарда мамлекеттин толук катышуу кепилдиги менен бажы инфраструктурасын өнүктүрүү жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн кыйла натыйжалуу формаларын ишке ашыруу;
- кесипкөй адам дарамети жана адилеттүү мотивация бөлүгүндө бажы кызматын жетиштүү ресурстук камсыз кылуу.
Ушуну менен бирге Стратегия Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-ноябрындагы № 183 Мыйзамы менен ратификацияланган Сооданын жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча макулдашуунун жоболорун эске алуу менен иштелип чыкканын белгилейбиз.
4-глава. Тапшырмалар жана чаралар
Алдыга коюлган максатка жетишүү жана көрсөтүлгөн артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашыруу үчүн Стратегияда төмөндө берилген милдеттер жана чаралар, ошондой эле ушул Стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы каралган.
§ 1. Автоматташтыруу жана бардык бажы процесстеринде заманбап санарип технологияларын колдонуу ("Санарип бажысы" долбоору)
Автоматташтыруу жана бардык бажы процесстеринде заманбап санарип технологияларын колдонуу товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөөдө ТЭИнин катышуучуларынын убакыт чыгымдарын төмөндөтөт, ТЭИни жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Мындан тышкары бажы кызматынын кызматкерлеринин ТЭИнин катышуучулары менен байланышын жокко чыгаруунун эсебинен коррупциялык опурталдарды төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Бул тапшырманы аткаруу үчүн төмөнкүлөр пландалууда:
- электрондук бажылык декларациялоону жана товарларды автоматтык түрдө чыгаруу системасын андан ары да өнүктүрүү, өткөрмө пункттарында алгачкы салмак көлөмдүк контролдоону автоматташтыруу, онлайн режиминде бажы төлөмдөрүн төлөөнү ырастоо үчүн коммерциялык банктардын системалары менен бажы кызматынын системасын интеграциялоо, ошондой эле алгачкы документтерде маалыматтардын тактыгын жана толуктугун камсыз кылуу;
- өткөрмө пунктунда "Бир аялдама" принциби боюнча контролдоочу органдардын бирдиктүү автоматташтырылган системасын киргизүү, айыл чарба продукциясынын эл аралык транзити жана ташып өтүүдө бажы чек арасы аркылуу артыкчылыктуу өтүүнүн механизмдерин жайылтуу жана өнүктүрүү, товарларды жана транспорт каражаттарын баруучу бажы органына чейин жеткирүү жана көзөмөлдөөнү контролдоонун электрондук системасын жайылтуу, ошондой эле бажылык текшерип кароону автоматташтыруу.
Мында бажылык контролдоонун жана бажы операцияларын жүргүзүүнүн бардык этаптарында опурталдарды башкаруу системасынын болгон каражаттарын ишке киргизүү жана өркүндөтүү зарыл. Опурталдарды башкаруу системасы жана бажыдан кийинки контролдоо товарларды чыгаруудан кийин бажы процесстерин санариптөөдө негизги артыкчылыктар болуп саналат.
§ 2. Тышкы экономикалык көрсөткүчтөрдү талдоонун негизинде бажылык администрациялоо системасынын натыйжалуулугун жакшыртуу. Транзиттик дараметти өнүктүрүү
ЕАЭБдин алкагында бирдейлештирилген бажы мыйзамдарынын жана тарифтик саясаттын шартында, ошондой эле бажы-логистикалык инфраструктуранын өнүгүүсүнүн жетишсиз деңгээлинде бажы төлөмдөрүн администрациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ыкчам жана адекваттуу чечимдерди кабыл алуу зарылдыгы пайда болду.
Ушул Стратегияны ишке ашыруу башкаруунун бардык деңгээлдеринде аналитикалык курамын күчөтүүгө, бажы кызматынын стратегиялык максаттарын аткаруунун алкагында түзүмдүк бөлүнүштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жана ишин координациялоону жакшыртууга мүмкүндүк берет, ошондой эле опурталдардын улуттук нарктык индикаторлорун колдонуу натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн бажы органдарынын иштерин талдоонун методологиялык курамын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Ушуга байланыштуу тышкы соода ишинде болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөөгө арналган аналитикалык функцияларды өркүндөтүү боюнча иш-чаралар ушул Стратегияда каралган.
Ушул багыттагы негизги милдеттердин бири болуп бажы кызматын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талдоо, бажы органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн иштеринин натыйжалуулугун талдоо, коңшу өлкөлөрдүн тышкы экономикалык саясатынын өзгөрүүсүн кошкондо, тышкы соода иштериндеги өзгөрүүлөрдү жана тенденцияларды экономикалык талдоо, ошондой эле өнүктүрүүнүн стратегиялык альтернативаларын моделдөө, анын ичинде бажылык администрациялоону жакшыртуу, опурталдарды жана чакырыктарды азайтуу боюнча өз учурунда сунуштарды киргизүү, ошондой эле өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу саналат.
Ошондой эле автоматташтыруу, бажы операцияларын жүргүзүүнү тездетүү жана транзиттин дараметин өнүктүрүү бөлүгүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча иш-чараларды туруктуу негизде ишке ашыруу зарыл.
Өзгөчөлүк көз карашынан транзиттик дарамет деп мамлекеттин өз аймагы аркылуу эл аралык транзитти камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн аныктоочу тышкы жана ички факторлордун жана шарттардын жыйындысы түшүнүлөт. Аталган дараметти колдонуунун натыйжалуулугу мамлекет тарабынан колдогу бардык ресурстарды толук колдоно алуу мүмкүндүгү менен аныкталат.
Кыргыз Республикасы Евразиялык континенттин так борборунда жайгашкан жана ыңгайлуу географиялык абалга ээ, бул ага коңшу өлкөлөрдүн чоң рынокторуна жетүү мүмкүндүгүн берет.
Бул учурда Кыргыз Республикасы тоолуу аймакта жайгашканына карабастан, негизги деңиз соода жолдоруна чыгуудан башка, бардык зарыл ресурстарга, авто транспорттук, аба жана темир жол линияларына ээ.
Ушуга байланыштуу бул Стратегия менен төмөнкү иш-чаралар каралат:
- алдыңкы эл аралык тажрыйбаны үзгүлтүксүз изилдөөнүн негизинде бажы-логистикалык борборлорду жана жол боюндагы инфраструктураларды өнүктүрүү боюнча;
- транспорт каражаттарынын салмак-көлөмдүк параметрлерин ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде белгиленген салмак-көлөмдүк параметрлерге ылайык келтирүү жана шайкештөө боюнча;
- уруксат берилген салмак-көлөмдүк параметрлер бөлүгүндө, кышкы (суук) мезгилде жалпы колдонуудагы автомобилдик жолдор боюнча ташууларды ишке ашырууда транспорт каражаттарынын салмак-көлөмдүк параметрлери жол бетине тийгизген таасири тууралуу изилдөө жүргүзүү боюнча;
- транзит жол-жобосу боюнча Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу эл аралык ташуулардын транспорт каражаттарынын жөнөкөйлөтүлгөн өтүүсү үчүн кошумча идентификациялоочу белгилерди жайылтуу жана транзит жол-жобосу боюнча жүрүп бара жаткан эл аралык ташуулардын транспорт каражаттары үчүн "Бир төлөм" принцибинде тиешелүү төлөмдөрдү төлөө механизмин жайылтуу боюнча.
Мындан тышкары, жеке жактар тарабынан интернет-ресурстар аркылуу соода жүргүзүүнүн (интернет-соода) жана интернет-соода аркылуу сатып алынган товарларды, эл аралык почта жөнөтүүлөрдү Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүнүн өсүү темпин эске алып, Кыргыз Республикасынын дайындалган оператору менен интернет-соода аркылуу сатып алынган товарларды (Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары сатып алынгандарды да кошуп) жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүн ташууга катышкан транспорттун түрүнө карата эл аралык почта алмашуу жерлерин (ЭАПАЖ), эл аралык почта алмашуу пункттарын (ЭАПАП) жана аэропорттордогу почтанын алмашуу пункттарын (АПАП) түзүү боюнча шарттарды камсыздоо, ошондой эле опурталдарды башкаруу системасын колдонуу менен мындай товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү процессин автоматташтыруу зарыл.
Ушуну менен бирге ТЭИнин катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды жана өлкөнүн транзиттик жагымдуулугун түзүү максатында ушул Стратегия менен Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 22-июнундагы № 688 "Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында жүзөгө ашырылуучу чек ара, бажы, санитардык-карантиндик, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык жана транспорттук контролду уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жайгаштырууга жана материалдык-техникалык жабдууга жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек арасы аркылуу өткөрмө пунктунун паспортунун формасына карата бирдиктүү талаптар жөнүндө" чечимине ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик участокторунда жайгашкан өткөрмө пункттарынын статусун ачуу/өзгөртүү максатка ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүү боюнча иш-чаралар каралган.
§ 3. Бажы инфраструктурасын өнүктүрүү
Маалыматтык технологияларды жана бажы кызматынын маалыматтык-программалык каражаттарын ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү жана өткөрмө пункттарын жабдуу жана жайгаштыруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигине кошулуусуна карата "Жол картасын" ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын аяктоосу менен бирге, төмөнкүлөр пландалууда:
- оперативдүү бажы экспертизасын жүзөгө ашыруу үчүн бажы лабораториясын түзүү;
- убактылуу сактоо кампаларында, бажы кампаларында, алымсыз соода дүкөндөрүндө, эркин кампаларда жана эркин экономикалык зоналарда бажы контролу астында турган товарларга контролду жогорулатуу жана эсепке алууну жакшыртуу;
- тиешелүү бөлүнүштөрдү атайын техникалык каражаттар менен камсыз кылуу.
Бажы кызматынын кызматкерлерин атайын техникалык каражаттар менен камсыз кылуу бажы контролун тездетүүгө гана эмес, анын натыйжалуулугун жогорулатууга, ТЭИнин катышуучулары үчүн жүктөрдү тариздөө убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет. Мисалы, инспекциялык-текшерип кароо комплексин орнотуу жүктүн ичин идентификациялоого жардам берет, муну менен жүктү кошумча текшерип кароо зарылдыгын жокко чыгарат. Мындан тышкары, бажы контролунун техникалык каражаттарын активдүү колдонуу, адам факторунун катышуусун азайтат, бул өз кезегинде жүктөрдү тариздөөдө коррупциялык опурталдарды азайтууга таасирин тийгизет.
Бажы инфраструктурасын өнүктүрүү жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн кыйла натыйжалуу формаларын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына караштуу "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - "Бажы инфраструктурасы" МИ) базасында товарларды пландоо, ташуу, кампага жыйноо, сактоо, бажылык тариздөө сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин жүзөгө ашырган логистикалык операторду ("Бажытранссервис" долбоору) түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Ошондой эле убактылуу сактоо кампасынын, бажы кампасынын, алымсыз соода дүкөнүнүн иштерин түзүү боюнча бажы-инфраструктуралык долбоорлорго, ошондой эле бажы иши менен байланышпаган коммерциялык долбоорлорго "Бажы инфраструктурасы" МИнин үлүштүк катышуусун камсыз кылуу жолу менен пайда алууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен "Бажы инфраструктурасы" МИнин фонддорун көбөйтүү боюнча иш-чаралар каралган.
§ 4. Бажы иши чөйрөсүндө мыйзам бузууларга каршы натыйжалуу күрөшүүнү уюштуруу
ЕАЭБга мүчө болуу, тышкы соода ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды либералдаштыруу, бажы операцияларын жүргүзүүнү тездетүү жана бажы контролун ишке ашырууда тандоо принцибин жайылтуу шартында бажы органдарынын укук коргоо иштеринин натыйжалуулугуна карата талаптар кыйла өсөт. Кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу, табуу, бөгөт коюу боюнча бажы органдарынын укук коргоо иштеринин негизги багыттары менен бирге, бажы чөйрөсүндө кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу жана террористтик коркунучтардын алдын алуу артыкчылыктуу милдетке айланат.
Ведомстволор аралык маалымат алмашуу үчүн мамлекеттик органдардын маалымат системасын бирдейлештирүү, опурталдар тобуна кирген ТЭИ субъекттерине карата маалыматты эсепке алууну жана маалымат алмашууну жайылтуу, ошондой эле укук коргоо бөлүнүштөрүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү укук коргоо бөлүнүштөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жана оперативдүүлүгүн жогорулатат. Биргелешкен рейддерди, утурлама текшерүүлөрдү өткөрүү жолу аркылуу укук коргоо органдары менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүүсүн активдештирүүнү улантуу, оперативдик курамды оперативдик-издөө көндүмдөрүнө ээ кызматкерлер менен күчөтүү, материалдык-техникалык жана финансылык ресурстар менен камсыз кылуу зарыл.
Бул иш-чаралар товарларды мыйзамсыз ташып өтүүнүн үлүшүн азайтууга мүмкүндүк берет.
§ 5. Коррупцияга каршы күрөшүү жана тышкы экономикалык иштердин катышуучуларынын бажы кызматына болгон ишениминин деңгээлин жогорулатуу
Коррупция багытындагы кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу жана табуу бажы кызматынын ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Ушуга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүүнүн ачыктыгын камсыз кылууга мүмкүндүк берген бажы процесстерин автоматташтыруу менен бирге бажы органдарынын коррупцияга каршы иштерине багытталган бир катар иш-чаралар каралууда, айрым алганда онлайн режиминде жумуш процесстерине мониторинг жүргүзүү үчүн бажы кызматынын борбордук аппаратына видеомаалыматтарды трансформациялоо менен видеокөзөмөлдөө системасын жайылтуу, "электрондук кезек" системасын жайылтуу, бизнес-коом менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүү.
Андан тышкары бажы кызматынын кадыр-баркын жакшыртуу максатында калктын кызматкерлерге жана жалпысынан кызматка карата ишениминин деңгээлин жогорулатуу боюнча бир катар иш-чаралар ишке ашырылат.
§ 6. Башкаруу системасын өркүндөтүү жана кадр дараметин жогорулатуу
Бажы процесстерин автоматташтырууну жайылтуу, ошондой эле негизги соода өнөктөш-өлкөлөр менен өз ара аракеттенишүүнү өнүктүрүү менен бирге бажы кызматынын башкаруу схемасын жана штаттык санын этап-этабы менен оптималдаштыруу зарыл.
Ушул Стратегия, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын бажы кызматы менен бирдикте Кытай Эл Республикасынын (мындан ары - КЭР) бажы кызматынын алдында Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын Өкүлчүлүгүн түзүү маселесин иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды караштырат.
Бул маселени иштеп чыгуунун зарылдыгы, биринчи кезекте, КЭРдин аймагынан импорттолуучу товарлардын ири агымы менен шартталган. Алсак, КЭРдин аймагынан импорттолуучу товарлардын салыштырма салмагы импорттун жалпы көлөмүнөн 53%ын түзөт.
Ушуга байланыштуу, мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай участогу аркылуу ташып өткөрүлүүчү товарлардын агымы жөнүндө маалыматка ыкчам талдоо, барган өлкөсүндө бажы жана мамлекеттик контролдоонун башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга талдоо жүргүзүүнү камсыз кылуу, барган өлкөсүндө бажы кызматы тарабынан колдонулуучу бажы технологияларын изилдөө жана жакшы тажрыйбалары тууралуу маалымдоо максатында КЭРдин бажы кызматынын алдында Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын Өкүлчүлүгүнүн болуу зарылчылыгы келип чыгууда.
Азыркы учурда иштин натыйжалуулугун чечүүчү факторлордун бири болуп бажы кызматынын ишинин кесипкөй менеджменти жана сапаттуу кадр дарамети менен камсыз кылуу саналат.
Бажы кызматынын кадр дараметин жогорулатуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- бажы органдарына кызматка алууда тар багыттагы адистиктер боюнча конкурстук тандоо системасын жайылтуу жана бажы кызматынын тышкы кадр резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо методдорун өркүндөтүү, ошондой эле ички кадр резервин түзүү механизмин киргизүү;
- жетектөөчү курамдагы кызмат орундарга резервден көрсөтүү жана дайындоо механизмин, бажы кызматынын бөлүнүштөрүнүн иштерин баалоо индикаторлорун жана кызматкерлердин иштерин баалоонун учурдагы системасын өркүндөтүү жана автоматташтыруу.
Азыркы учурда бажы органдарынын кадр дараметин түзүү жана өркүндөтүү процессинин эң маанилүү элементи болуп кесипкөй даярдоо жана кайра даярдоо системасы саналат.
Бул аспектиде эң маанилүү болуп кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн жалпы бажы кызматы системасын өнүктүрүүнүн учурдагы жана келечектүү багыттарына жооп берген шарттарды түзүү саналат.
Кызмат орундарынын категориялары боюнча окуу модулдарын иштеп чыгууну, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ЕАЭБ өлкөлөрү, эл аралык уюмдар менен окутуу жаатында кызматташууну кеңейтүүнү кошкондо кадрларды даярдоо жана кайра даярдоонун учурдагы системасын өнүктүрүү, анын ичинде чет тилин үйрөнүү (Englishfriendly, Chinafriendly) жана чет өлкөлөрдө стажировкадан жана кесипкөй даярдыктан өтүү мүмкүндүгү менен бажы кызматынын кызматкерлерин кайра даярдоо программаларын киргизүү, ошондой эле окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонуу менен окутуунун заманбап методикаларын жайылтуу зарыл.
§ 7. Социалдык блок, стимулдаштыруу жана мотивациялоо
Кызматтык милдеттерин аткарууда бажы кызматынын кызматкерлеринин мотивациясын жана демилге көтөрүүлөрүн жогорулатуу максатында бажы кызматынын кызматкерлеринин иштерине дем берүү системасы керек.
Буга байланыштуу Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында дем берүүчү жана компенсациялоочу мүнөздөгү төлөмдөрдү жогорулатууга, ведомстволук турак үйлөрдү, мектепке чейинки, билим берүү жана ден соолукту чыңдоо объектилерин куруу аркылуу бажы кызматынын кызматкерлеринин социалдык жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга багытталган иш-чаралар каралган.
Стратегиянын жогоруда аталган иш-чараларын ишке ашыруу социалдык жактан корголушун камсыз кылууга, Кыргыз Республикасынын бажы органдарына кызматка жогорку кесипкөй адистерди тартууга, ошондой эле бажы органдарынын кадр дараметин сактоо үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
5-глава. Күтүлүүчү натыйжалар жана индикаторлор
Ушул Стратегиянын максатына жетүү бажылык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн негизинде бизнести жүргүзүү шарттарын жакшыртууну жана бажы органдарынын кызмат адамдары менен түздөн-түз байланышпастан, электрондук негизде бажы процесстерин ишке ашыруу мүмкүндүктөрүн камсыз кылат, бул ТЭИ субъекттеринин убакыт жана тиешелүү түрдө материалдык чыгымдарын кыскартууну камсыз кылат.
Ошентип, Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар бажы эрежелерин ыктыярдуу сактоого негизделген ТЭИнин катышуучуларынын ак ниеттүүлүк деңгээлин жогорулатуу менен бирге бажы кызматынын кардарларга ылайыктуу болушуна багытталган. Тышкы сооданы жүргүзүү шарттарын ишкердик субъекттери үчүн бажы мыйзамдарын бузуу пайдасыз болгондой кылып түзүү зарыл. Бажылык укук бузууларды жасоодо финансылык жана репутациялык жоготуулардын чоңдугу ТЭИ катышуучуларына бизнести ак ниет жүргүзүүгө стимул берүүгө тийиш.
Стратегияны ишке ашыруу планы бажылык тазалоо процессине катышкан мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү учурундагы бажылык башкарууда бизнес процесстерин автоматташтырууну камсыз кылат, ушуну менен бажы жана мамлекеттик органдардын көбүнчө электрондук түрдө бизнес менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздоо менен өз кезегинде ТЭИнин катышуучулары үчүн убакыт жана финансылык чыгымдарын кыскартат жана бажылык контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатат.
Бажылык башкаруу процесстерин өркүндөтүү эл аралык рынокто ТЭИнин катышуучуларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана мамлекеттин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат, ошондой эле жалпысынан транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Ушул Стратегияны ишке ашырууга жараша төмөнкү жыйынтыктарга (индикаторлорго) жетүү болжолдонот:
- кошумча текшерүүнү талап кылган опурталдуу жеткирүүлөр катары идентификацияланбаган товарлар үчүн экспорттун бажы жол-жобосу менен товарларды коюуда бажы операцияларын өткөрүүнүн убактысынын чегин кыскартуу (2023-жылга - 1 саатка чейин);
- кошумча текшерүүнү талап кылган опурталдуу жеткирүүлөр катары идентификацияланбаган жана мамлекеттик контролдоонун кошумча түрлөрүнө кирбеген товарларга карата ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосу менен товарларды коюуда бажы операцияларын өткөрүүнүн убактысынын чегин кыскартуу (2023-жылга - 2 саатка чейин);
- кагаз жүзүндөгү документтерди кошумча текшерүүнү талап кылган опурталдуу жеткирүүлөр катары идентификацияланбаган товарлар (транспорт каражаттары) шартында товарларга декларацияда таризделген жалпы санда кагаз жүзүндөгү документтерди жана маалыматтарды бербестен электрондук түрдө таризделген товарларга декларациялардын үлүшүн көбөйтүү (2023-жылга - 100%га чейин);
- кыргыз участогунда ЕАЭБдин тышкы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө бажылык максаттар үчүн талап кылынуучу документтердин санын азайтуу (2023-жылга - 4 документке чейин);
- бажылык текшерүүнүн жалпы санында тышкы экономикалык иштердин катышуучуларын категориялоо жана опурталдарды башкаруу системасын колдонуу жыйынтыктарынын негизинде жүргүзүлгөн бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузууларды алдын алууга багытталган бажылык текшерүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү (2023-жылга - 70%га чейин);
- бажы лабораториясын түзүү;
- эл аралык талаптарга ылайык бажы инфраструктурасын өнүктүрүү.
Бажылык тазалоону тездетүү жолу менен ТЭИнин катышуучулары үчүн чыгымдарды кыскартуу сыяктуу бул жыйынтыктардын айрымдарын өлчөөгө болот, ошол эле учурда коррупцияны кыскартууга экономикалык таасир берүү, эл аралык атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, улуттук коопсуздуктун ачык-айкындуулугу жана кыйла жогорку деңгээли сыяктуу башка жыйынтыктарды сан менен өлчөө кыйынга турат.
Бажылык тазалоонун убакытын 2 саатка чейин кыскартуу экономикалык көз караш менен караганда өзүнөн өзү жогорку деңгээлде пайдалуу болоору күтүлүүдө.
6-глава. Финансылык ресурстар жана булактар
Ушул Стратегияны ишке ашырууну каржылоо республикалык бюджет тарабынан бөлүнгөн каражаттардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фондунун каражаттарынын, гранттык негизде тартылган каражаттардын, ошондой эле 2015-жылдын 31-мартындагы ЕАЭБга кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу макулдашуу (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы № 102 Мыйзамы менен ратификацияланган) менен каралган каражаттардын эсебинен пландалууда.
7-глава. Стратегияны ишке ашырууда мүмкүн болуучу опурталдар
Стратегияны ишке ашырууда мүмкүн болуучу төмөнкүдөй опурталдар бар:
- Стратегияда каралган иш-чараларды талаптагыдай эмес жана өз учурунда эмес каржылоо;
- тышкы экономикалык иштердин көрсөткүчтөрүнүн өсүү темпинин төмөндөө мүмкүндүгү менен байланышкан макроэкономикалык опурталдар;
- өлкөлөр жана алардын айрым региондорунун ортосунда саясий жана экономикалык мамилелердин абалы жана өнүгүү келечеги. Мисалы, Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кирүүсү жана Бирликтин бажы чек арасын бул өлкөлөрдүн тышкы периметрине которуу. Бул учурда Кыргыз Республикасында КЭР менен гана бажы чек арасы калат, бул түздөн-түз финансылык көрсөткүчтөргө, ошондой эле бажы кызматынын кызматкерлеринин санынын кыскаруу мүмкүндүгүнө таасирин тийгизет;
- кошумча функцияларды жана милдеттерди жүктөө кадрдык курамды тиешелүү кеңейтүү жана кошумча материалдык ресурстарды бөлүү менен коштолбойт;
- Стратегияны ишке ашыруу ийгилиги ошондой эле транспорттук-логистикалык, банктык жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү деңгээли менен тыгыз байланышта;
- тендердик конкурстарды өткөрүү жана кызмат көрсөткөн жеткирүүчүлөрдү аныктоо жыйынтыктарына жараша милдеттерди автоматташтыруу боюнча иш-чараларды аткаруу мөөнөтүнүн узактыгын көбөйтүү;
- санариптештирүү жана маалыматтык технологияларды колдонуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү деңгээли;
- башка мамлекеттик органдардын маалыматтык системасынын өнүгүү деңгээли;
- ЕАЭБдин мыйзамдарына жана башка эл аралык келишимдерге ылайык бажы процесстерин автоматташтыруу боюнча милдеттердин өзгөрүү опурталы.
8-глава. Мониторинг жана баалоо
Ушул Стратегиянын иш-чараларынын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны ишке ашыруу процессин көзөмөлдөөнүн натыйжалуу инструменти болот жана төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- Стратегияны ишке ашыруу планына оңдоолорду киргизүү боюнча өз убагында чечимдерди кабыл алууга;
- ушул Стратегияны ишке ашыруу этаптарынын орто аралык жана жыйынтыктоочу натыйжаларын баалоого.
Бул Стратегияны ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары да тартылат.
Ушул Стратегияга мониторинг жүргүзүү жана баалоо ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Коомдук кеңеши тарабынан да жүзөгө ашырылат.
Бажы кызматынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомдорунун координацияланган күч-аракеттеринин натыйжасында заманбап бажы технологияларын жана сапаттуу аткарылган мамлекеттик функцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө негизделген ишкердик субъекттеринин экономикалык активдүүлүгү үчүн шарттар түзүлөт.