Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 453
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын элементтеринин улуттук тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
1) Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө жободо:
- 12-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- салттуу оюндар;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмегинде:
- IV бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Салттуу оюндар";
- төмөнкүдөй мазмундагы 37-1 - 37-4-пункттар менен толукталсын:
"
37-1 | "Аркан тартыш" | Күчтү жана шамдагайлыкты талап кылуучу бул оюн чоң майрамдарда, аш-тойлордо ойнотулган. Оюнга эркектер, аялдар, ал тургай улгайган адамдар да катыша алышат. Калыс киши 10 метрге чейинки узундуктагы кыл аркан же кендир жип берет. Анын эки учу тоголоктолуп түйүлөт. Оюндун максаты каршылашын өз тарабына тартып кетүү болуп эсептелинет. Чоң той-аштарда катышуучулар уруу, урук атынан чыгышкан. Белине чейин жылаңачтанып, булгаарыдан тигилген шым, буттарына жеңил бут кийим кийишкен, же жылаңайлак ойношкон. Арканды мойнуна асып, колтуктан өткөрүп андан соң колдоруна кармашкан. Бири-бирине далыларын салып, арканды тартууга аракеттенишкен. Каршылаштардын ортосунан бирдей аралыкты ачып чийин чийилип, аркандын так ортосун белгилеш үчүн жип байланган. Жип кайсы тарапка оогонуна карап жеңүүчүнү аныкташкан. Оюндун экинчи вариантында оюнчулар тизелеп отурушуп, арканды моюндарына артышып, аягын буттарынын ортосунан өткөрүшкөн. Оюнчулардын бири жыгылып, аны коюлган белгиден ары сүйрөп кеткенде көрүүчүлөргө өзгөчө күлкү-тамаша жараткан. Бул оюнду команда менен да ойношкон. Ал учурда аркан тартуу уруулар арасында же бир канча адамдар арасында өткөрүлгөн. Жеңүүчүлөр оюнду уюштуруучулардан байге алышкан |
| Кыргыз Республикасы |
37-2 | "Алты бакан селкинчек" | Алты бакан-көңүл ачуунун бир түрү. Ачык талаага үч-үчтөн пирамида түрүндө алты бакан орнотулат. Үстүңкү учу кайыш менен байланып, ылдыйкы учу жерге көмүлгөн. Эки пирамиданын ортосунда дагы бир бакан орнотулуп, ага үч жоон аркан байланып селкинчек жасалган. Селкинчектин бир тарабына жигит, экинчи тарабына селки кыз туруп, акыйнек айтышат. Адатта оюнду жигит баштайт |
| Кыргыз Республикасы |
37-3 | "Жоолук таштамай" | "Жоолук таштамай" же "тап орун"- (жүз аарчыны ыргытуу). Бул оюн көк чептүү аянтта айлуу түндө же жылуу кечте ойноло турган жаштардын оюну. Оюнчулар тегерек тизилип, тизелеп отурушат. Чүчүкулак тартып, алып баруучу тандалат. Ал кол жоолукту алып, отургандардын аркасы менен басат. Басып баратып билгизбестен ортону карап отургандардын бирине жоолукту таштайт. Эгерде ал өз убагында сезип калса тез тура калып, тигил бош орунга отурганга чейин аркасынан кубалап жөнөйт. Качкан оюнчу бош орунга эртерээк чуркап жетпесе, кууган оюнчу жоолук менен урат. Эгерде отурган оюнчу жоолук ташталганын сезбей калса, анда тигил айланып келип аркасынан жоолукту алып, аркага чапкылаганда тура калып качып жөнөйт. Кууган оюнчу "тап ордуңду" деп кыйкырат. Бул мезгилде ал билгизбей башка оюнчуга жоолукту таштап, оюнду улап кетет. Кийинки оюн ушундай тартип менен уланып кете берет |
| Кыргыз Республикасы |
37-4 | "Тогуз коргоол" | Кыргыз элинин улуттук логикалык оюндарынын ичинен (уюм тууду, киште, чатыраш ж.б.) эң колориттүүсү. Тогуз коргоол (коргоол - тоголок, бир көлөмдөгү майда таштар) оюну адамдын математикалык амалдарды тез аткаруу, оозеки эсептөө, бир нече оюн ахвалдарын эске тутуу жөндөмүнө негизделип, анын стратегиялык жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт. Адамдын интеллектин жогорулатат, баамчыл болууга тарбиялайт, "жети өлчөп, бир кес" дегендей сабырдуулукка үндөйт. Тогуз коргоолдун эрежеси: Тактадагы эки атаандаштын ар биринин тогуздан үйүнө тогуздан коргоол салынат. Оюн баштаган адам өз үйлөрүнүн бириндеги коргоолдор менен жүрүш жасап, жүрүш жасалган үйгө бир коргоол таштап, катары менен үйлөргө сала баштайт. Эгер аяккы коргоол атаандаштын чуңкурчасынын бирөөсүнө түшүп, анын ичиндеги коргоолдордун саны жуп болсо, жүрүү натыйжалуу болуп, оюнчу коргоолдун баарын чуңкурчактан өзүнүн казанына алат. Ал эми, аяккы коргоол атаандаш жакка түшүп жана ал так сан болбосо ("туз" эрежесинен башка (туз - атаандаш жактан утуп алынган чуңкурча), (ылдый жакта жазылгандай) жана аяккы коргоол өз тарабындагы чуңкурчанын бирөөсүнө түшсө, коргоолдордун санына карабастан, аларды эч ким албайт. Атаандаш акыркы коргоолду чуңкурчасына, же коргоолдорду казанга салып, оюн саатын которгондо гана жүрүш бүттү деп саналат (казан - ортодогу топтогон чуңкурча). Тогуз коргоолдо эң чоң статусу "туз" деп эсептелинет. Эгер акыркы коргоол атаандаштын чуңкурчасына кирсе жана анын ичинде үч коргоол болсо, анда ал оюнчунун тузу деп жарыяланат. Ошентип, кимдин чуңкурчасында көп коргоол болсо, ал жеңишке ээ болуп, "тузга" түшкөн баардык коргоолдорду өзүнүн казанына алат. Оюн бир тараптын чуңкурчасында коргоол калбай калганда токтойт. Кимдин чуңкурчасында коргоолдор бар болсо, атаандаштын калган коргоолдорун өзүнө алат. Сексен бирден ашык коргоол чогулткан оюнчу жеңүүчү деп саналат |
| Кыргыз Республикасы |
".