Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 557
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмегин бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 453, 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 149 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Материалдык эмес маданий мурас жаатындагы эксперттик кеңеш Материалдык эмес маданий мурастын элементтеринин улуттук тизмегинин жүргүзүлүшүнө жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин Адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын репрезентативдик тизмесине киргизилишине координация жана туруктуу мониторинг жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин УЛУТТУК ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 453, 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 149 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Элементтердин түрлөрү | Элементтердин мүнөздөмөсү | Элементтердин аталышы | Жайылтылуучу тармагы |
I | ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК | |||
1 | Эпостор | "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги кырааты менен айтылган кыргыз элдик ырларын, сөздөрдү, обондорду, мимиканы, артисттик искусствону камтыган синтездөөчү энциклопедиялык чыгарма болуп саналат. "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпикалык үчилтиги кыргыз элинин жашоосунун жана турмуш-тиричилигинин энциклопедиясы болуп саналат | "Манас", "Семетей", "Сейтек" | Кыргыз Республикасы |
2 | Кенже эпостор | Фольклордун эпикалык формасында жазылган көлөмдүү ыр түрүндөгү чыгармалар. Эпостордо элдин тарыхы, социалдык-маданий абалы, карым-катнашы, каада-салты жана үрп-адаты, келечекке болгон үмүттөрү кеңири чагылдырылган. Идеясына, окуялардын мүнөзүнө ылайык мифтик, баатырдык жана социалдык-турмуштук жанрдык топторго бөлүнөт | "Жаңыл Мырза", "Эр Төштүк", "Эр Табылды", "Курманбек", "Кедейкан", "Олжобой менен Кишимжан", "Саринжи Бөкөй", "Жаныш-Байы ш", "Кожожаш", "Сейитбек", "Жоодарбешим", "Эр Солтоной", "Мендирман", "Жолойкан" жана башкалар | Кыргыз Республикасы |
3 | Элдик поэмалар | Кыргыз элдик фольклорунда поэтикалык жанр кеңири популярдуулукка ээ болгон. Элдик поэмалар кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгында баатырдык, социалдык-турмуштук, лирикалык-романтикалык жанрларга бөлүнөт | "Карагул ботом", "Кыз Сайкал", "Шырдакбек", "Гүлгаакы", "Ак Мактым", "Кулмырза менен Аксаткын", "Жалайыр жалгыз", "Ак Мөөр", "Тайлак баатыр", "Эр Эшим", "Нарынбай", "Муңдук, Зарлык", "Кыз Дарыйка", "Ак Бермет", "Качкан кыз" жана башкалар | Кыргыз Республикасы |
4 | Фольклор | Элдик ырлар кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырат. Алар үрп-адаттарды жана каада-салттарды, осуяттарды, сабактарды, сүйүнчүлөөнү, куттуктоону, жоготууларды, кошокторду, айтыштарды, эмгек ырларын, балдар, лирикалык ырларды ж.б. өзүнө сиңирип алган. Бул ырлардын обондору күүгө келтирилген формада аткарылган. Макалдар жана лакаптар - атадан балага, муундан муунга өткөн, өсүп келе жаткан муундун дүйнө таанымын калыптандырууда, анын көркөм-эстетикалык баалуулуктарын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойногон элдин эң бай мурасы. Макалдар жана лакаптар - тарыхты, чындыкты, жашоонун маанисин, өткөндү, адамдын адам баласына жана айлана-чөйрөгө болгон мамилесин, анын дүйнөгө, табиятка, жашоого болгон көз караштарын, тилектерин жана үмүттөрүн, үрп-адаттарды жана каада-салттарды, элдин мүнөзүн чагылдырат. Табышмактар - предметтин же жаратылыш кубулуштарынын каймана мааниде сыпатталышын өзүнө сиңирип алган, суроо түрүндө берилүүчү кыска поэтикалык санат сөз түрүндөгү элдик оозеки чыгармачылыктын эң байыркы жана өтө кеңири тараган жанрларынын бири. Калптар - элдик ооз эки чыгармачылыктын жанры, анча чоң эмес көлөмдөгү прозалык же ыр түрүндөгү баяндама, ал эреже катары күлкүлүү болот, сюжеттин негизинде чындык бурмаланган сүрөттөлүш жатат | Макалдар, лакаптар, жаңылмачтар, табышмактар, чечендик өнөр (чечендик искусство) балдар фольклору, жомоктор, эмгек ырлары, ырым-жырым ырлары, лирикалык ырлар, балдарды тарбиялоого байланышкан ырлар | Кыргыз Республикасы |
5 | Айтыш өнөрү | Төкмө акындардын айтышы өзүнө импровизатордук искусствону жана комузда кол ойнотуп аткаруу чеберчиликтерин камтыйт. Айтыштар - бул оозеки жарыштар, тексттин мазмунуна жана ыргагына, түзүлүшүнө, метрикалык өлчөмүнө жараша тиешелүү обон менен коштолуучу үлгү болоорлук ырлар | Төкмө акындардын айтышы | Кыргыз Республикасы |
II | САЛТТУУ КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ | |||
6 | Кийиз буюмдарын жасоо | Кийизден буюмдарды (кийиз, ала кийиз, шырдак) жасоо чеберчилиги жана ыкмасы эзелтеден бери муундан муунга, энеден кызына өткөрүлүп келген. Кийизден буюмдарды жасоо элдик чыгармачылыктын түрлөрүнүн бири болуп саналат. Негизги чарбачылык иши мал чарбачылыгы болгон көп кылымдык көчмөн жашоо мүнөзү кийиз жасоо менен байланышкан кол өнөрчүлүктүн өнүгүүсүндө кыргыз аялдарынын жогорку деңгээлдеги чеберчилигине шарт түзгөн. Кийизди чеберчилик менен колдонуунун натыйжасында кыргыз чеберлери ала кийиз, шырдак, жабык баш, аяк кап сыяктуу бай оймо-чиймелер салынган буюмдарды жасашкан жана пайдаланышкан. Чеберлер жана зергерлер оймо чиймелерине курчап турган табияттын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын элестерин түшүрүшкөн. Байыркы кылымдан бери келе жаткан, кеңири тараган оймо-чиймелердин негизги түрлөрү болуп: "мүйүз" "жагалмай канат", "бычак учу", "карга тырмак" жана "кыял", "ит куйрук", "бадам" ж.б. саналат. Кийиз жасоо үчүн чеберлер күзүндө кыркылган койдун жүнүн тандашат. Жүн кыска болушу керек, ал үчүн аны кыркышат. Белгилүү бир көлөмдөгү жакшы сабалган жүндү чийдин үстүнө тарамдап жаят. Кайнак сууну текши сээп, түрмөк кылып орошот. Кайнак сууну дагы бир нече жолу сээп, түрмөктү аркан менен катуу таңып аны ары-бери тоголотуп, бут менен көпкө тепкилешет. Кийиз киргенден кийин түрмөктү чийден алып, ага кайрадан ысык суу сээп ороп коюшуп, 3-4 аял катар чөгөлөй отуруп, билектин жардамы менен басышат. Бул процесс "кийиз басуу" деп аталат | Ак калпак, (ак кийизден жасалган калпак), кийиз, ала-кийиз, шырдак, боз үй жасоо боюнча салттуу билимдер жана ыкмалар, кийиз жапкыч (үзүк, туурдук) жана башкалар | Кыргыз Республикасы |
7 | Ала кийиз | Оймолуу кийиздерди жасоо элдик искусствонун эң кеңири жайылган жана жакшы өнүккөн түрү, кыргыздар бул өнөр менен бирге жан дүйнөнүн ыргагын бере алган. Кыргыздарга оймолуу кийиздерди жасоо техникасынын эки түрү белгилүү, мында алардын ар бири буюмдун белгилүү бир багытына жана ал үчүн өзгөчө орнаментине байланыштуу болот. Оюу салынган кийиз ала кийиз деп аталат. Ала кийиз жасоо процесси төмөнкүдөй: төшөлүп жайылган чийге бир өңдүү жүн калың салынат. Анын бетине түйдөктөлгөн түстүү жүн менен оюунун көчөтү түшүрүлөт андан кийин түшүрүлгөн орнаментке жараша оюунун ички бөлүгү ар түстөгү жүндү таптап жулуу менен толтурулат, Геометрикалык фигуралардын четтери көпчүлүк учурда эки түстөгү жүн менен жээктелет. Бул чеберчиликти, көндүмдү, табитти жана өңдү сезгичтикти талап кылган негизги чыгармачылык процесс, анткени мында эч кандай трафареттер колдонулбайт. Оюуларды ойлоп табышкан. Кээ бир учурларда гана эски кийиздерден көчүрмөлөрдү алышкан. Андан кийин басууга киришишкен |
| Кыргыз Республикасы |
8 | Шырдак | Шырдак - жасоо техникасы абдан татаал келип, кийизден жасалат, ага түшүрүлгөн оюулар өтө көркөмдүү жана ачык даана сүрөттөлүшкө ээ. Түстөрү шайкеш келген өтө кооз килем, оймо түшүрүлгөн түстүү кийиздерди кесүү, кайра аларды бири-бирине кошуп жөрмөө, үстүнө шоона бастыруу, шырдакты шыруу сыяктуу бир топ түйшүктүү аракеттерден кийин гана даяр болот |
| Кыргыз Республикасы |
9 | Өрмөкчүлүк | Өрмөкчүлүк - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Кыргыздын кол өнөрчүлүгүндө чыйратылган жиптен жасалган килемдер "таар" деп аталат. Буюмдун кооз көрүнүшү жүгүртүлгөн жиптин түрүнө жана өңүнө жараша болот. Өрмөкчүлүк менен бүткөн эң чоң килем "Шалча" деп аталат. Кыргыздарда өрмөкчүлүктүн кыйла тараган түрү оймолуу кездеме "терме" деп аталат, ал карама-каршы түстөрдөн бир тараптуу жана эки тараптуу оюусу бар калың кездемеден турат. Терме "казан кулак", "кайкалак", "калем кап", "бачайы көчөт", "алтымыш жиптүү ай көчөт", "токсон жиптүү тор көчөт" сыяктуу берилген фонунун жана оймосунун бирдей катнашы менен айырмаланат. Ошондой эле ачык фонго түшүрүлгөн "тай туяк" жана көк түскө түшүрүлгөн "бычак учу" оюулары кеңири тараган. Четтери "араа тиш" оюусу менен кооздолот. Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө түктүү жана түксүз килем согуу деп бөлүнөт |
| Кыргыз Республикасы |
10 | Түктүү өрмөкчүлүктөн жасалган буюмдар | Элдик көркөм мурастын бай, көп түрдүүлүгүнүн ичинде түктүү өрмөчүлүк өзгөчө орунду ээлейт. Аймактык түктүү өрмөчүлүк Кыргызстандын түштүк райондорунда кыйла кеңири өнүккөн жана үй чарбасында колдонулганы менен мүнөздөлөт. Түктүү өрмөкчүлүк ыкмасы менен жасалган ар бир буюм чарбада жана турмуш-тиричиликте колдонулуп жана ошол эле убакта элдин эстетикалык табитине да жооп берген. Түктүү буюмдардын ичинен эң баалуусу бул - килем. Үйлөнүү үлпөттөрүндө, аштарда, майрам күндөрү, конокторду тосууда төргө кийиз менен таардын үстүнө килем салынат. Кыргыз килемдери бышыктыгы жана сапаттуулугу менен айырмаланат, койдун, эчкинин, төөнүн жүнүнөн жасалат. Түктүү килем согууда көбүнчө жазда кыркылган койдун жүнү колдонулат. Кылчык жүн килемдин негизи болуп, ал эми уяң жүн түгүнө жумшалат. Эреже катары килемдерге кыргыздын кол өнөрчүлүк чеберчилигинин негизги мүнөзү өңдөрдү, фонду жана оюуну кезек-кезеги менен салуунун, ошондой эле негизги өңдөр - көк менен кызылды айкалыштыруунун жардамы менен чагылдырат. Көпчүлүк түктүү килемдердин бети эки бөлүктөн турат - жердигинен жана кыюусунан, мында ар бир бөлүгү орнамент салууда өзүнүн салттарына баш иет: оймонун белгилүү бир мүнөзүнө жана анын жайгаштырылышына, түстөрдүн дал келишине. Кыргыздарда килем жасоо бир катар элдик салттарды сактоо менен коштолот. "Килем ашар" аттуу жамааттык жардам көрсөтүү кеңири колдонулат. Килем жасоодо иштин башынан аягына чейин чеберге тууган, коңшу жана тааныш аялдар жардам беришет. Килем жасоону баштоонун алдында килемдин ээси жардамга келгендер үчүн тамак-аш даярдайт жана "килем ашарга" келгендер да дасторкон алып келишет. Килем согулуп бүткөндө жардамга келгендер белек алышат. Түктүү килемдер кыргыздардын элдик көркөм-кол өнөрчүлүк чыгармачылыгынын чоң жетишкендиги болуп саналат. Алар ар түрдүү көргөзмөлөрдө көрсөтүлөт, өлкөгө келген бийик даражалуу конокторго белекке берүү үчүн, ошондой эле мааракелерге, юбилейлик күндөргө арнап согушат | Араби, түктүү килемдер | Кыргыз Республикасы |
11 | Ат жабдыктары | Ат жабдыктары - атка токуп минүү үчүн керектелүүчү буюмдардын жалпы аталышы. Ар бир буюмдун өзүнүн орду жана функциясы бар. Жасоонун мааниси жана технологиясы боюнча эркектердин жана аялдардын ат жабдыгы деп бөлүнөт. Аларды чеберчилик менен көркөмдөп жасоо элибиздин материалдык маданияты менен байланыштуу болот. Ат жабдыктарынын кооздугу жана баалуулугу күйөөгө узатуучу кыздын аттанаар атын токууда өзгөчө көрүнгөн | Ээр, үзөңгү, жүгөн, нокто, чылбыр, көмөлдүрүк, басмайыл, чап олоң, куюшкан, желдик, тердик, камчы | Кыргыз Республикасы |
12 | Зергерчилик иши | Ар кандай металлдардан кооз буюмдарды жасоо: күмүштөн, дат баспаган металлдан, жезден, колодон, калайдан, кара темирден жана башкалардан. Кыргыз элинин салтына көптөгөн кылымдардан бери белгилүү болгон, ал эми чеберчиликтин сырларына муундан муунга берилип келген күмүштөн жасалгаларды жана предметтерди жасоо кирет | Желбирөөч, сөйкө, шакек, билерик, тумар, чачпак, топчу, төөнөгүч, ийне, кемер кур | Кыргыз Республикасы |
13 | Жыгач иштетүү | Жыгач усталык кыргыздарда илгертен пайда болгон өнөр. Буга элдин кол өнөрчүлүк чыгармачылыгынын туу чокусу болуп калган боз үйдүн, комуздун деталдарын жыгачтан жасоо мисал болот. Жасаган ээрлери, үкөк, сандыгы, бешиктери аркылуу бүткүл кыргыз элине таанымал болгон мыкты чебер усталардын аттары белгилүү | Боз үйдүн жыгач деталдарын жасоо боюнча уста (түндүкчү, уук-керегечи), бешик уста, комуз уста | Кыргыз Республикасы |
14 | Курак куроо кол өнөрчүлүгү | Курак куроо чеберчилиги ата-бабаларыбыздан калып, илгертеден бери өнүгүп келүүдө. "Курак" - ар кандай түрдөгү кездемелердин кесигинен тигилген күндөлүк тиричиликте колдонулуучу ар кандай буюмдар. Бул көркөм чыгармачылыктын негизги шарты буюмдарды үнөмдүү пайдалануу. Байыртадан бери курак куроо техникасы менен жасалган жана тиричиликте пайдаланылуучу буюмдар колдонмо көркөм өнөрүнүн үлгүсү болуп келген. Мындай буюмдар жана предметтер кыргыздын күйөөгө кетүүчү кыздарынын себинин негизин түзөт. Курак куроо техникасы жууркандарды, төшөктөрдү, жаздыктарды, көшөгөлөрдү, дасторкондорду, табак каптарды, күзгү каптарды, кашык каптарды, чай туткучтарын жана ат жабдыктарынын ар кандай предметтерин жана башкаларды жасоодо кеңири колдонулган | Курактын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет: табакча, каттама курак, чий курак, жылдыз курак, мүйүз курак жана башкалар | Кыргыз Республикасы |
15 | Улуттук салттуу кийимдерди жасоо | Улуттук салттуу кийимдерди жасоо - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Кыргыз элинин улуттук кийимдеринин түрү бай. Кийимди өтө чеберчилик менен тигүү, кооздоо, оймо түшүрүү негизинен элдик оозеки чыгармачылыкта сакталып келген, кийим жөнүндө маалыматтар жазылып калган булактардан дагы кездешет. Биздин күнгө чейин сакталып келген элдик маданий мурастын казынасы болгон кыргыздын баатырдык эпосторунда кийимдин ар кандай түрлөрүнүн жана өзгөчөлүктөрүнүн сыпатталышы камтылган. Эркектердин улуттук кийимдери: ак кийизден жасалган калпак (ак калпак), баалуу жандыктардын терисинен тигилген баш кийим (тебетей), койдун терисинен тигилген тон (тон, ичик), кементай, чепкен, кемсел, күрмө, бешмант, шым, өтүк (көк жеке өтүк). Аялдардын улуттук кийимдери: элечек, шөкүлө, кышкы тумак (тебетей), кыздар кийүүчү баш кийим (такыя топу), чыптама, белдемчи жана башкалар | Кийимдин негизи түрлөрү төмөнкүлөр болуп саналат: ак калпак (ак кийизден жасалган элечек, шөкүлө, тебетей, чапан, белдемчи, жана башкалар | Кыргыз Республикасы |
16 | Сайма саюу | Сайма саюу - элдик көркөм өнөрдүн кеңири жайылган түрлөрүнүн бири болуп саналат. Сайма саюу ыкмалары жана өнөрү, чеберчилиги энеден кызга өткөн. Сайма көптөгөн тиричилик буюмдарын эстетикалык жактан кооздогон, өзгөчө сайманын салттуу үлгүлөрү боз үйдүн ички жана тышкы жабдууларында жакшы ачылып берилген. Үй тиричилигинде пайдаланылган буюмдарга ("ашкана башын" саймалоо) сайма түшүрүү элдин кадимки жасала турган иши катары кабыл алынган. Ички жасалгалар уздардын бийик чеберчилигин күбөлөндүрүп турат. Оймо түшүрүлгөн ала кийизден баштап, алты катка чейин керилте жүк жыюу кыргыздардын байыртан келе жаткан салты болгон. Сайма саюу санап саюу, илип саюу, басып саюу болуп бөлүнөт. Санап саюуга "терс кайрык", "жөрмөмө", "мүшкүл" тигиштери кирет. Негизги жана толтуруучу болгон "Илме", "илмедос", "туура сайма" илме саймалары эң кеңири таралган болуп саналат. Бул саймалар саналбагандыктан, саймачыга чыгармачылык менен көркөмдөп саюуга мүмкүнчүлүк берет. Сайма кыюу сайма менен кыюуланат, басып сайылган "басма", "дурия", "чыраш", "суурма", "көптүрмө", "жөрмө" сыяктуу тигиштер көп кездешет. Сайма саюу үчүн симметрия, ыргак, өсүмдүктөрдүн жана жарым-жартылай геометриялык мотивдердин кайчылаштырылган композициясы, алардын тикесинен жайгаштырылышы мүнөздүү. Көпчүлүк учурда канаттуулардын, текелердин, төөлөрдүн элесин элестеткен айбанаттардын мотивдери кездешет | Тигиштердин түрлөрү боюнча сайма 3 түргө бөлүнөт: 1) санап саюу: терс кайрык, жөрмөмө, мүшкүл; 2) илип саюу: илме, илмедос, туура сайма; 3) басып саюу: басма, дурия, чыраш, суурма, көптүрмө, жөрмө | Кыргыз Республикасы |
III | МАЙРАМДАР | |||
17 | Нооруз | Нооруз майрамы, анын ырым-жырымдары жана үрп-адаттары биздин күнгө чейин сакталып келген жана адамдардын жашоосуна жаңы нерселердин келишин, алардын бактылуу жана бейпил жыл болоорунан үмүттөнүүсүн билдирет. Адамдар жаздын башталышын, жаратылыштын ойгонуусун майрамдашат |
| Кыргыз Республикасы |
18 | Чечкор майрамы | Түшүм майрамы эгин бастыруу менен байланышкан жана мифтик каармандарга - Бабадыйканга (жердин пири) арналган, кененчиликти, ийгиликти тартуулоочу, жакшылык ыроолоочу жана боорукер элдердин, иштермандардын жана жолоочулардын колдоочусу - Кадыр-акеге арналган, бул сыйкырдуу буйруулар менен түшүндүрүлгөн бардык жасалуучу ырым-жырымдар менен байланыштуу |
| Кыргыз Республикасы |
19 | Курман айт | Майрам мусулмандардын ай календары боюнча Рамазан айынын 10унда башталат. Курман айтта ар бир мусулман Мухаммед пайгамбардын илимин жактоочулукту символдоштурган, курмандыкка чалынган малдын этинен жасалган тамактан ооз тийиши керек. Айт күнү жана андан кийинки 3-4 күн бою кыргыздар конокторду сыйлоо үчүн салттуу тамактарды бышырышат, конокко, туугандарыныкына барышат, белектерди тартуулашат |
| Кыргыз Республикасы |
20 | Орозо айт | Көзү өткөн ата-бабаларды эскерүү күнү |
| Кыргыз Республикасы |
IV | САЛТТУУ ОЮНДАР | |||
21 | "Ак терек - көк терек" | Бул оюндун илгерки аталышы "Эл чабар" деп аталат. Байыртадан бери кыргыздарда кабар берүү ыкмасы болгон, анда чабарман (кабар таркатуучу) айылдан айылга ат менен чаап элге кабар таркаткан. Бул 10 жана андан да кеп баладан турган балдардын топтук оюну. Оюндун катышуучулары 20-30 метр аралыкта кол кармашып катарга тизилишет да "Ак терек - көк терек - бизден сизге ким керек" деп чогуу кыйкырышат. Тандалып алынган оюнчу өзүнө максатын аныктап, чынжырды үзүп салууга аракет кылып карама каршы тарапка чуркайт |
| Кыргыз Республикасы |
22 | "Качмай топ" | Оюндун катышуучулары эки топко бөлүнөт. 50x100 метр өлчөмүндөгү аянтчанын эки жак башына мара - сызыкчалар белгиленет. Чүчүкулак боюнча аянтчадан орун ала турган уруучу топ дайындалат. Топ берүүчү тандалып алынат (топту малдын жүнүнөн тоголоктоп жасап алышат). Андан кийин топ уруучулардын кезектешүүсү тактап алынат. Топту уруучу оюнчу марага чыгып, колуна бир метрдик узундуктагы таякты алып жогору карай ыргытылган топту урат. Мүмкүн болушунча катуу ургандан кийин ал карама-каршы марага чейин жүгүрүп жетиши керек. Андан кийин оюнчулар алмашат |
| Кыргыз Республикасы |
23 | "Так теке" | Бул көңүл ачуу салтанаттардын же үйлөнүү үлпөтүнүн учурунда уюштурулган. Анча чоң эмес стол коюлуп, анын бетине өйдө карай кеткен таяк шарнир менен орнотулуп, ал таякчага жыгачтан жасалган кичинекей текенин фигуркасы бекитилет. Столдун астындагы бул таякча жилка менен комуздун кылдарына байланыштырылат. Комуз ойнолгон сайын текенин фигуркасы күүнүн ыргагы менен бирге секирип бийлеген. Ушундай жол менен бир нече текенин фигуркасын бийлетсе болот |
| Кыргыз Республикасы |
24 | "Чүкө атмай" | Чүкөлөрдү колдонуу менен ойнолуучу оюн. Катышуучулар диаметри 3-5 сантиметр тегерек чийип алышат. Ортосуна чүкөлөр коюлат. "Саканы" ыргытуу менен оюндун кезеги аныкталат. Тегеректен 1 метр аралыкта эки жагынан атуучу сызык сызылат. Эгерде чүкө биринчи жолкусунда эле сызыктан чыгарыла атылса, анда калгандары да тегеректин сызыгынан атылат. Эгерде атканда жакшы тийбесе, оюндун жүрүшү кийинки оюнчуга өтөт. Ким көп чүкө атып алса, ошол жеңүүчү болот |
| Кыргыз Республикасы |
25 | "Ордо" | Бул чүкөлөр менен ойноочу байыртадан келе жаткан оюн. Бул оюнду чоң тойлордо жана аларда ойношкон, айылдардын же уруулардын ортосунда мелдештерди да уюштурушкан. Оюнду өткөрүү тууралуу алдын ала сүйлөшүп алышкан: кайсы жерде, канча катышуучу, кандай сыйлыктар болот. Оюнчулардын саны ар бир командада 25 кишиден болуп 50гө чейин жеткен. Оюнду 2 калыс (ар бир топтон бирден) жана чүкөлөрдү чогултуучунун милдетин аткарган 3 киши өткөрөт. Оюн 3 же андан көп күнгө узарып кете берген. Түз жерге тегерек чийилип алынат. Тегеректин борборунан бир тарабына чейинки аралык 35 таманды түзсө, экинчи жак да ошончо болгон. Тегеректин борбору - ордодо анча чоң эмес чуңкурду - казып алып ага күмүштөн, жезден же сөөктөн жасалган тыйынды - "ханды" салышкан. Анын тегерегине ар бир катышуучуга 5тен чүкө, каптал жагынан 249 чүкө коюп чыгышкан. Кимдин чүкөсү айкүр турса, ошол биринчи баштаган. Эгерде оюнчу атканда чүкө тегеректин сызыгынан чыгып кетсе, анда ал оюнду улантат. Калыстар аралыктарын ченеп чыгышат. Тажрыйбалуу оюнчу 20-30 чейин чүкө утуп алышы мүмкүн. Ордодо төмөнкүдөй оюнчулар бар: кадамачы - сызыкка согончогун коюп туруп, кичине бүгүлүп чүкө атуучу, торукмачы - сол бутун сызыкка коюп, сол жакка атуучу, атмакчы - ордо бузуучу - туруп атуучу жана чертмекчи - отуруп алып тизелеп атуучу. Бир күндө 5ке чейин оюнду өткөрүшөт. Азыркы убакта ордо спорттун улуттук түрү болуп эсептелет. 1952-жылдан баштап спорттун улуттук түрлөрүнүн программасына жана Республиканын бирдиктүү спорттук классификациясынын реестрине киргизилген. Республикалык биринчиликтер өткөрүлүп турат |
| Кыргыз Республикасы |
26 | "Кан таламай" | Койдун чүкөлөрү менен ойнолуучу оюн. Оюндун маңызы - ар бир топ (экөө болот) ордону бузуп, "ханды" "жан жөөкөрлөрү" менен туткунга алып кете алуусунда турат |
| Кыргыз Республикасы |
27 | "Ат чабыш" | Узун аралыкка ат чабуу ат-спорттук оюндарына жана көңүл ачууларга кирет. Ат чабыш адам бүйүрүн кызыткан оюндардын ичинен кыргыз элинин жашоосунда эң маанилүү орундардын бирин ээлейт. Анын кыргыз элинин байыркы өткөн тарыхында эле маанилүү орунду ээлегендигин "Манас" эпосунда бул оюндун айтылышынан жана сүрөттөлүшүнөн билүүгө болот. Ат чабышка узак аралыкты чуркап өтүүгө жөндөмдүү курч жана чыдамкай, күлүк аттарды тандашкан. Мурун "ат чабышты" ар кандай себептер менен, көпчүлүк учурда майрамдарда жана аштарда уюштурушкан. Ар бир саяпкер күлүктү ат чабышка салуу үчүн өз алдынча алдын ала таптаган. Аттын турпатына, булчуң этине, кан тамырларына, дем алуусуна, басышына карап күлүктүн жарышка даяр экендигин аныкташкан "сынчылар" болушкан. Азыркы учурда колдонуудагы эрежелерге ылайык ар кандай пародадагы 3 жаштан өйдө аттардын, 13 жаштан жогору чабандестер менен ат чабышка катышуусуна жол берилет. Аралык болжол менен 4төн 50 чакырымга чейин чектелет. Ат чабыштар маанилүү педагогикалык аспектке ээ - алар жаш муундарды шамдагайлыкка, билгичтикке, чыйрактыкка чечкиндүүлүккө, салмактуулукту кармаганга, атты башкара билгендикке тарбиялайт. "Ат чабыш" кыргыз элинин спортунун сүйүктүү жана негизги түрү болуп саналат |
| Кыргыз Республикасы |
28 | "Кыз куумай" | "Кыз куумай" - мурда үйлөнүү үлпөтүнүн үрп-адаты болгон, жаштардын оюну. Бул жарышка кыз жана күйөө бала, алардын достору катышкан, оюндун максаты күйөө бала кызды кууп жетип бетинен өөп, өзүнүн баш кийими менен чаап өтөт, ал бул кыймыл менен ал жеңгендигин билдирген. Ал эми жигит утулуп калса, кыз менен жигит орун алмашып, жигитти кыз кууган жана өз жоолугу менен чаап өткөн. Баалоодо атты башкаруу чеберчилиги, анын аралыктагы күлүктүгү, чабандестин кийиминин кооздугу, аттын жасалгаланышы эске алынган |
| Кыргыз Республикасы |
29 | "Көк бөрү" же "улак тартыш" | Атчандар жигиттердин улакты талашып, бири-биринен тартып алуу оюну. Оюн, үйүр-үйүр мал кышы-жайы дебей ачык асманда оттогондуктан, карышкырлар малга үзгүлтүксүз кол салып, көп чыгымга учураткан мезгилдерде пайда болгон. Оюндун процессинде улакты эңип, аны атаандаштын "тай казанына" ыргытып салуу керек же болбосо улакты эңип алып белгиленген жерге, мисалы өз айылына чейин жетүү керек, андан ары атаандаштар улакты эңип кетүүгө укуксуз. Улакчы жигиттердин кыймыл аракеттерине бир нече тажрыйбалуу улакчылардан турган калыстар тобу көз салып турат. Убакыттын өтүшү менен көк бөрүнүн эрежелери өзгөрүп, катаалдашып кетти. Көк бөрү спорттун бул түрү боюнча атайын мелдештер өткөрүлүп турган Орто Азия өлкөлөрүнүн бир катар спорт мектептеринде окутулат |
| Кыргыз Республикасы |
30 | Жорго салыш | Жорго жүрүш - аттын туяктары жубу менен бирге көтөрүлүп жана түшүп турган эки темптеги ылдам жүрүштүн түрү. Мында жорго жүрүштө аттын бир ыптасы экинчи ыптасына куюлушуп жаткандай көрүнөт да туяктардан эки гана дабыш чыгат. Жорго жүрүш таскактыктан да курчураак келет, ал эми көп учурда талаа таскагынан да курч болот. Бул спорттун түрүн сүйүүчүлөр жоргону минилүүчү аттын жогорку артыкчылыгы катары баалашат. Бул жерде аттын күлүктүгү, чыдамдуулугу гана эмес, эң сонун жорго салып жүрүшү көрсөтүлөт. Жорго жарышка тажрыйбалуу чабандестер катышат. Мелдешке үч жаштан ашкан күлүктөргө гана чыкканга уруксат берилет. Күлүктөр чуркоочу жердин аралыктары 2000ден 10000 метрге чейин болот. Бул үчүн жайык жер же ипподром тандалып алынат. Кезектүүлүктүн тартиби чүчүкулак кармоо аркылуу аныкталат. Чабандестер чүчүкулак кармоонун негизинде жеке номер алышат. Бул номер чыканактан өйдө эки колго кийилиши же тердиктин эки тарабына тең коюлушу керек. Оюндун жүрүшүндө маарага жеткенге чейин аралыкты кыскартууга, өз атаандашынын атын камчы менен чабууга тыюу салынат. Эгерде бул эрежелер чабандес тарабынан бузулса, ал оюндан чыгарылат |
| Кыргыз Республикасы |
31 | "Салбуурун" | Аңчылыктагы жекеме-жеке кармашуу жана мелдеш. Бүркүт же шумкар менен карышкырларга жана түлкүлөргө, коёндорго, кыргоолдорго аң уулоо - спорттун салттуу улуттук түрү |
| Кыргыз Республикасы |
32 | "Оодарыш" | Эки атчан кишинин күч сынашкан оюну. Ат спортунун кеңири тараган түрлөрүнүн бири. Эки атчан ат үстүнөн бири-бирин оодарып түшүргөнгө аракет кылышат. Атаандашын аты менен кошо оодарууга уруксат берилет. Мелдештин түзүлгөн жана бекитилген эрежелерине ылайык "Оодарыш" төрт салмактык категория боюнча өткөрүлөт, алар жеке жана жеке-командалык болушат. Катышуучулардын курагы 19 жаш жана андан өйдө болот. Оюн тегиз, 40 метр диаметрдеги тегерете сызылган аянттын ичинде өткөрүлөт. Таймаштын узактыгы 10 мүнөт. Жеңиш атаандашын аттан оодарып же кулатып түшкөн катышуучуга ыйгарылат (жыгылган адамдын денесинин кайсы бир мүчөсү жерге тийиши керек). Упайлар боюнча жеңиш кармашуудагы артыкчылыгы, беттешүүдө алган эскертүүлөрүнүн аздыгы үчүн ыйгарылат |
| Кыргыз Республикасы |
33 | "Жамбы атмай" | Ат чаап баратып жамбы атуу. Жамбы - бул баштыктагы күмүштүн же дагы бир баалуу металлдын уюткусу, анын оозу жип менен байланган болот. Баштыкча 0,5-1 см жоондуктагы кайыш боо менен чыбык жыгач менен (узундугу 0,5-1 м) баканга (бийиктиги 10-12 м) байланат. Атчан-аткычтын милдети атты чаап келип, баштыктын боосун таамай атуу керек. Калыстар атылуучу аралыкты, аттын күлүктүгүн, көнүгүүнүн туура аткарылгандыгын аныкташат. Азыркы учурда тартылган жипке илинген кайсы бир металлдын уюткусун атышууда |
| Кыргыз Республикасы |
34 | "Күрөш" | Балбандардын кармашы. Күрөш - Кыргызстанда спорттун эң белгилүү улуттук түрлөрүнүн бири. Бул кыргыздардын спорттук кармашы. Күчтүүлөр күрөшү. Кыргыз балбандарынын мелдештеринин өзгөчөлүгү - бардык беттештер күрөшүп жаткандардын күчүн, кайраттуулугун даңазалоо менен беттешти түшүндүрүп турган комузчулардын коштоосунда өткөрүлгөндүгүндө |
| Кыргыз Республикасы |
35 | "Эр сайыш" | Баатырлардын найза менен салгылашуусу. Оюндун маңызы болуп атчандардын талаага чыгып жана атты катуу чаап бара жаткан боюнча найзанын өтпөгөн учу менен теңтайлашуучуну ээрден алып түшүү болуп саналат |
| Кыргыз Республикасы |
36 | "Тыйын эңмей" | Тыйынды жерден эңип алуу. Бул оюндун мааниси атчан атты катуу чаап бара жаткан боюнча жерде жаткан тыйынды эңип кетүүсүндө. Бул оюн ийкемдүүлүктү, шамдагайлыкты, чечкиндүүлүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт |
| Кыргыз Республикасы |
37 | "Ак чөлмөк" | Айлуу жарык түндө ойнолуучу оюн, ал оюнду алып баруучу белгисиз тарапка ыргыткан ак жоолукту (ак жоолуктун ордуна көпчүлүк учурда ак таякча колдонулат) издеп табуудан турат |
| Кыргыз Республикасы |
37-1 | "Аркан тартыш" | Күчтү жана шамдагайлыкты талап кылуучу бул оюн чоң майрамдарда, аш-тойлордо ойнотулган. Оюнга эркектер, аялдар, ал тургай улгайган адамдар да катыша алышат. Калыс киши 10 метрге чейинки узундуктагы кыл аркан же кендир жип берет. Анын эки учу тоголоктолуп түйүлөт. Оюндун максаты каршылашын өз тарабына тартып кетүү болуп эсептелинет. Чоң той-аштарда катышуучулар уруу, урук атынан чыгышкан. Белине чейин жылаңачтанып, булгаарыдан тигилген шым, буттарына жеңил бут кийим кийишкен, же жылаңайлак ойношкон. Арканды мойнуна асып, колтуктан өткөрүп андан соң колдоруна кармашкан. Бири-бирине далыларын салып, арканды тартууга аракеттенишкен. Каршылаштардын ортосунан бирдей аралыкты ачып чийин чийилип, аркандын так ортосун белгилеш үчүн жип байланган. Жип кайсы тарапка оогонуна карап жеңүүчүнү аныкташкан. Оюндун экинчи вариантында оюнчулар тизелеп отурушуп, арканды моюндарына артышып, аягын буттарынын ортосунан өткөрүшкөн. Оюнчулардын бири жыгылып, аны коюлган белгиден ары сүйрөп кеткенде көрүүчүлөргө өзгөчө күлкү-тамаша жараткан. Бул оюнду команда менен да ойношкон. Ал учурда аркан тартуу уруулар арасында же бир канча адамдар арасында өткөрүлгөн. Жеңүүчүлөр оюнду уюштуруучулардан байге алышкан |
| Кыргыз Республикасы |
37-2 | "Алты бакан селкинчек" | Алты бакан-көңүл ачуунун бир түрү. Ачык талаага үч-үчтөн пирамида түрүндө алты бакан орнотулат. Үстүңкү учу кайыш менен байланып, ылдыйкы учу жерге көмүлгөн. Эки пирамиданын ортосунда дагы бир бакан орнотулуп, ага үч жоон аркан байланып селкинчек жасалган. Селкинчектин бир тарабына жигит, экинчи тарабына селки кыз туруп, акыйнек айтышат. Адатта оюнду жигит баштайт |
| Кыргыз Республикасы |
37-3 | "Жоолук таштамай" | "Жоолук таштамай" же "тап орун"- (жүз аарчыны ыргытуу). Бул оюн көк чептүү аянтта айлуу түндө же жылуу кечте ойноло турган жаштардын оюну. Оюнчулар тегерек тизилип, тизелеп отурушат. Чүчүкулак тартып, алып баруучу тандалат. Ал кол жоолукту алып, отургандардын аркасы менен басат. Басып баратып билгизбестен ортону карап отургандардын бирине жоолукту таштайт. Эгерде ал өз убагында сезип калса тез тура калып, тигил бош орунга отурганга чейин аркасынан кубалап жөнөйт. Качкан оюнчу бош орунга эртерээк чуркап жетпесе, кууган оюнчу жоолук менен урат. Эгерде отурган оюнчу жоолук ташталганын сезбей калса, анда тигил айланып келип аркасынан жоолукту алып, аркага чапкылаганда тура калып качып жөнөйт. Кууган оюнчу "тап ордуңду" деп кыйкырат. Бул мезгилде ал билгизбей башка оюнчуга жоолукту таштап, оюнду улап кетет. Кийинки оюн ушундай тартип менен уланып кете берет |
| Кыргыз Республикасы |
37-4 | "Тогуз коргоол" | Кыргыз элинин улуттук логикалык оюндарынын ичинен (уюм тууду, киште, чатыраш ж.б.) эң колориттүүсү. Тогуз коргоол (коргоол - тоголок, бир көлөмдөгү майда таштар) оюну адамдын математикалык амалдарды тез аткаруу, оозеки эсептөө, бир нече оюн ахвалдарын эске тутуу жөндөмүнө негизделип, анын стратегиялык жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт. Адамдын интеллектин жогорулатат, баамчыл болууга тарбиялайт, "жети өлчөп, бир кес" дегендей сабырдуулукка үндөйт. Тогуз коргоолдун эрежеси: Тактадагы эки атаандаштын ар биринин тогуздан үйүнө тогуздан коргоол салынат. Оюн баштаган адам өз үйлөрүнүн бириндеги коргоолдор менен жүрүш жасап, жүрүш жасалган үйгө бир коргоол таштап, катары менен үйлөргө сала баштайт. Эгер аяккы коргоол атаандаштын чуңкурчасынын бирөөсүнө түшүп, анын ичиндеги коргоолдордун саны жуп болсо, жүрүү натыйжалуу болуп, оюнчу коргоолдун баарын чуңкурчактан өзүнүн казанына алат. Ал эми, аяккы коргоол атаандаш жакка түшүп жана ал так сан болбосо ("туз" эрежесинен башка (туз - атаандаш жактан утуп алынган чуңкурча), (ылдый жакта жазылгандай) жана аяккы коргоол өз тарабындагы чуңкурчанын бирөөсүнө түшсө, коргоолдордун санына карабастан, аларды эч ким албайт. Атаандаш акыркы коргоолду чуңкурчасына, же коргоолдорду казанга салып, оюн саатын которгондо гана жүрүш бүттү деп саналат (казан - ортодогу топтогон чуңкурча). Тогуз коргоолдо эң чоң статусу "туз" деп эсептелинет. Эгер акыркы коргоол атаандаштын чуңкурчасына кирсе жана анын ичинде үч коргоол болсо, анда ал оюнчунун тузу деп жарыяланат. Ошентип, кимдин чуңкурчасында көп коргоол болсо, ал жеңишке ээ болуп, "тузга" түшкөн баардык коргоолдорду өзүнүн казанына алат. Оюн бир тараптын чуңкурчасында коргоол калбай калганда токтойт. Кимдин чуңкурчасында коргоолдор бар болсо, атаандаштын калган коргоолдорун өзүнө алат. Сексен бирден ашык коргоол чогулткан оюнчу жеңүүчү деп саналат |
| Кыргыз Республикасы |
V | КААДА-САЛТТАР ЖАНА ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР | |||
38 | Баланын төрөлүшү | Баланын төрөлүшү, ат тандоо (сүйүнчүлөө, жентек, бешикке салуу, кыркын чыгаруу, тушоо кесүү, мүчөл жаш жылдар) |
| Кыргыз Республикасы |
39 | Үйлөнүү тою | Куда түшүү (сөйкө салуу, сүт акы, нике кыюу, отко киргизүү) |
| Кыргыз Республикасы |
40 | Каза болгондорду көмүү, ашын өткөрүү | Бул цикл бир нече этаптардан турган: сөөк коюу ырым-жырымдары - каза болгондугу тууралуу кабар берүү - "кабар айтуу", "кара кийүү" - кара жамынуу-кошок кошуу - "өкүрүү", конокторду кабыл алуу жана жайгаштыруу - "конок алуу", каза болгон адамды жуу - "сөөк жуу", каза болгон адамды кепинге ороо - "кепиндөө", "узатуу", каза болгон адамга куран окуу - "жаназа окуу", "сөөктү коюу", "топурак салуу". Коюлгандан кийинки ырым-жырымдар - мүрзөдөн кайткан адамдардын өкүрүп келүүсү, каза болгон адамдын кийимдерин жана өздүк буюмдарын таркатып берүү - "мүчө" (эгерде аял киши өлгөн болсо, анда "жыртыш" деп кездеменин кесиндисин таркатышкан) жана эскерип куран окутуу - кара ашы. Эскерүү цикли: үчилтиги, жетилиги, кыркынан жана ашынан турат. Акыркы ырым-жырым менен каза болгон адамга аза күтүү бүтөт. Эскерүүнүн акыркы күнүндө - аш берилип, "аза кийимин чечүү" ырым-жырымын өткөрүшкөн. Каза болгон адамдын жакын туугандары, аялы, кыздары кара түстөгү аза күтүү кийимдерин чечишкен |
| Кыргыз Республикасы |
41 | "Жаңы үйгө кирүү" | Жаңы үйгө кирүү. Жаңы үйгө киргенде жакын туугандары, достору жана тааныштары келишет, алар эң керектүү буюмдарды жана үй жандыктарын (көбүнчө - жылкы) тартуулашкан |
| Кыргыз Республикасы |
42 | "Табак тартуу" | Тамак тартуу, конокторду сыйлоо. Табакты туура тартуу (эт менен тамак) - бул өзүнчө искусство, каада-салтты билүүнүн жана сылыктыктын жана меймандостуктун эрежелерин сактоонун көрсөткүчү. Табак тартуу коноктун курагына жана коомдогу абалына туура келүүсү абзел |
| Кыргыз Республикасы |
43 | "Ооз тийүү" | Тамакты ооз тийүү, Меймандостуктун эскиден калган салты. Эгерде үйгө адам келсе, ал сөзсүз үйгө кирип, бир чыны чай ичип же үй ээлери менен бирге тамактанып, жок дегенде бир нерсе ооз тийип кетүүсү абзел |
| Кыргыз Республикасы |
44 | "Көрүндүк" | Белек. Бул "көрүү" деген сөздөн келип чыккан. Көрүндүктү биринчи жолу көрүп жаткан кыркы чыккан ымыркайга, келинге же күйөө балага жакшы ниеттери менен беришкен |
| Кыргыз Республикасы |
VI | ЭЛДИК МУЗЫКА | |||
45 | Күү | Күүлөр комузда, кыл кыякта, чоордо, темир комузда, жыгач ооз комузда, сурнайда жана башка музыкалык аспаптарда аткарылышы мүмкүн. Эң кеңири белгилүү болуп программалык камтылган күүлөр саналат, анда окуя салттуу аткарууда, бирок кайырмаларда ар кандайча баяндалган. Күүнүн башы алгач жай башталып, акырындап күүлөнө баштайт. Күү ырдын тексти же сөзү жок аткарылат, башкача айтканда күү гана жана аспаптык коштоо. Комуз күүсү үч жанрга бөлүнөт. Биринчисине обондуу күүлөрдү киргизсе болот. Экинчи топ кол ойноткон күүлөрдү камтыйт (айтым күүлөр) - ал кыргыздын элдик аспаптар музыкасынын эң бир өзгөчөлүү жана колориттүү жанрынын тобунун бири. Акыркы чоң топко салттуу классикалык багыттагы кесипкөй комузчулардын чыгармачылыгына өнүккөн ири масштабдагы классикалык күүлөр (залкар күүлөр) кирет ("Камбаркан", "Ботой", "Шыңгырама", "Кербез" жана алардын жанрдык түрлөрү). Чыгармачылык практикада күүнүн жогоруда аталган үч түрү өз ара бири-бири менен аралашып чертилиши жана комуз үчүн аралашма же өтмө жанрдык типтеги чыгармалар жаралышы мүмкүн. Мында аткаруучулардын салттуу мектептери эстрадалык-виртуоздук жана ири масштабдык түрдөгү техникага бөлүнөт | "Камбаркан", "Ботой", "Шыңгырама", "Кербез", "Кара өзгөй" жана башкалар, "Ак куу", "Улардын учушу", "Эки күү", "Чоор күү" жана башкалар, "Күйгөн", "Секетпай", "Кыздын арманы", "Эсте секет" жана башкалар, "Жайлоодо", "Күкүк", "Боз үйдө", "Кыз куумай" жана башкалар, "Ураан", "Кайра качпа", "Байге", "Топ жылкы" жана башкалар, "Кер өзөн", "Жайкама", "Кербен күү", "Сурнай күү" жана башкалар | Кыргыз Республикасы |
46 | Аспаптар менен аткарылуучу искусство | Кыргыздардын музыкалык маданиятында салттуу аспаптар бар, алар негизги төрт топко квалификацияланат: Музыкалык аспаптар: үйлөмө - хордофондор (кылдуу), аэрофондор (үйлөмө), мембрфондор (урма), жана идиофондор (өзү үн чыгаруучу). Кылдуу жана кылдуу-таякчалуу аспаптардын категориясына комуз, кыл-кыяк, наама кирет. Аталган музыкалык аспаптардан үн үч кылды чертүү же эки кылга кылдуу таякчаны сүрүү жолу менен чыгарылат. "Үйлөмө" музыкалык аспаптардын тобуна: чогойно, чоор, чопо чоор, ышкырык чоор, тулга чоор, кол чоор, сурнай, сыбызгы, керней жана анын түрлөрү - мүйүз керней, жезнай, чымылдак кирет. Бул категориядан үн аспаптардын тешигине абаны үйлөө жана анын тешиги аркылуу үндүн чыгышы менен чыгарылат. Урма аспаптардын категориясына барабандар жана жылаажындар - добулбас (добулбаш), доол, дап, нагыра, чылдырман, ошондой эле каба, кылдуу чертме комуз кирет; өзү үн чыгаруучулардын тобуна - темир ооз комуз, жыгач ооз комуз жана дирилдек, аса-муса, шылдырак, аса-таяк, коңгуроо, жылаажын, жекесан, зуулдак, жалбырак, быпылдак, ышкырык, чымылдак жана башкалар сыяктуу аспаптар кирет | Салттуу кыргыз музыкалык аспаптарын шарттуу түрдө төрт топко бөлүүгө болот: 1. Кылдуу аспаптар (комуз, кыл кыяк) 2. Үйлөмө аспаптар (чоор, чопо чоор, сыбызгы, сурнай, керней) 3. Урма аспаптар (добулбас, доол) 4. Какма аспаптар (ооз комуз, жыгач ооз комуз) | Кыргыз Республикасы |
VII | АЙТЫШ (ТӨКМӨ АКЫНДАРДЫН АЙТЫШЫ) | |||
47 | Айтыш | Айтыш - кыргыз элинин оозеки элдик чыгармачылык жанры. Анын негизин кыргыз элинин элдик чыгармачылыгынын өзөгүн түзүүчү оозеки импровизация "төкмө" түзөт. Элдик импровизатор-акындардын чыгармачылыгы кыргыздардын вокалдык музыкасынын өзгөчө катмары болуп саналат. Акындар жана алардын искусствосу эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болушкан, вокалдык жана поэтикалык чеберчиликти айкалыштырып кыргыздардын ооз эки чыгармачылыгынын негизги өзгөчөлүктөрүн көрсөткөн. Айтыш комуздун коштоосу менен же коштоосуз диалог түрүндө эки акындын (кээде андан көп) элдин алдында музыкалык-поэтикалык айтышы. Диалог түрүндөгү акындык жанрлар - эл ичинде кеңири тараган, жалпы "кайым айтышуу" деп аталган ыр-поэтикалык айтыштардын кесиптик көркөм формасы. Диалог түрүндөгү айтыштын тиби боюнча "кыз жигит", "акыйнек" жаштардын ыр жанры, "сармерден" ыр-поэтикалык турнирлер жана башкалар жаралган | Төкмө-айтыш, салтанаттуу айтыш, санат айтыш, алым сабак жана башкалар | Кыргыз Республикасы |
VIII | БОЗ ҮЙ | |||
48 | Боз үйдү жасоонун салттуу билимдери жана ыкмалары | Боз үй - көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздардын салттуу турак жайы болгон. Көптөгөн кылымдар бою пайдаланылып келе жаткан бул турак жай улам жакшыртылып келген. Боз үй ылдам тигилет жана ташууга жеңил жана ыңгайлуу. Бир жерден экинчи жерге көчкөндө анын жыгач конструкциялары (ууктары, керегелери жана босого-таяк, эшиктери), кийиздери (үзүктөрү жана туурдуктары), чийлери төөлөргө, аттарга, өгүздөргө жүктөлгөн. Боз үй жыгачтан (талдан) жана кийизден жасатып, формасы тегерек болот. Функционалдык жактан боз үй аял жагы (эпчи жак) жана эркек жагы (эр жак) болуп экиге бөлүнөт. Эр жак - боз үйдүн кожоюнуна арналган боз үйдүн кире беришинен сол жагы. Анда эркектин кийимдери, ат жабдыктары, аңчылык буюмдары менен "ала-бакан" болгон. Эпчи жак - боз үйдүн кире беришинен оң жагы аялдар жагы болуп саналат. Ал жакка боз үйдүн калган бөлүгүнөн чий менен тосулган ашкана, бешик жайгаштырылган. Ал сырт жагынан кийизден жасалган, атайын үзүк жана туурдук менен жабылат, жазы боолор менен бир канча жеринен бастырылып бекитилет, ич жагы туш-кийиз, килемдер менен жасалгаланып, аскер жана ат жабдыктары илинет |
| Кыргыз Республикасы |
IX | МЕДИЦИНА МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН САЛТТУУ БИЛИМ | |||
49 | Медицина менен байланышкан салттуу билим | Кыргыздардын чөп дарыларды пайдаланып адамдарды дарылоосу менен байланышкан таанып-билүүсү тереңдиги жана көп түрдүүлүгү менен айырмаланган. Көпчүлүк чөптөр элдик медицинада колдонулган. Кыргыздар ар бир дары чөптүн дарылык касиетин, аларды чогултуу мезгилин жана сактоо ыкмасын мыкты билишкен. Дарылоо максатында жер-жемиштер, жалбырактар, сабактар жана тамырлар пайдаланылган, алардан ар кандай маңыздар, кайнатмалар, майлар жана порошоктор даярдалган. Алар кан кеткенде, жүрөк ооруларында, дем кысылганда жана котур болгондо жардам беришкен. Ошондой эле киндик энелер болгон, алар кош бойлуу аялдарды төрөтүп, наристенин киндигин кесишкен |
| Кыргыз Республикасы |
X | ВЕТЕРИНАРИЯ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН БИЛИМ | |||
50 | Ветеринария менен байланышкан билим | Жаныбарлар жөнүндө билүү, аңчылык учурунда табигый ресурстарды пайдалануу, мал жаюу эрежеси табиятка аяр мамиле кылууга негизделген. Кыргыз малчылары мал - жандыкты коргошкон, өзгөчө жылкыны ысыктан, сууктан коргой билишкен. Жылкыны узак жолго чаптырып же оор жүк жүктөгөндө узак убакытка тургузуп коюп таң ашырышкан, андан кийин гана сугарып жана тойгузушкан. Терчил аттардын аркасын сүртүп, үстүн ат жабуу менен жапкан. Малчылардын малдын бооз экендигин, семиз арыгын билүү ыкмалары да болгон. Анткени тулумдоо методу менен бээнин, уйдун качан туурунун болжолдуу мөөнөтүн жаңылбай айтышкан. Ошондой эле кой-эчкинин да бооз экендигин аныкташкан. Малга жасалган алгачкы хирургиялык операция катары малды бычууну айтса болот. Ар бир мал жандыгынын түрүнө жараша колдонулуучу ылайыктуу ыкмалар ойлонуп табылган | Сыныкчы | Кыргыз Республикасы |
50-1 | Тайган таптоо билимдери жана көндүмдөрү | Тайган таптоого байланышкан билимдер жана көндүмдөр асыроо, үйрөтүү, машыктыруу сыяктуу иш-чараларды өзүнө камтыйт. Бул билимдер жана көндүмдөр байыркы каада-салттарды сактоо менен туруктуу, жашоо-тиричиликке ыңгайлуу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кеңири жайылган. Тайган таптоо боюнча билимдерге жана көндүмдөргө төмөнкүлөр кирет: иттерди селекциялык жалгаштыруу, күчүктөрүн тандоо, туура тамактандыруу режими, машыктыруу жана үйрөтүү. Туура тамактандыруу күчүктөрдүн торолушу жана чыдамкай болушу үчүн эне сүтүнөн эрте ажыратпоону, ошондой эле акырындык менен алардын рационуна зарыл болгон калорияларды камтыган азыктарды кошууну болжолдойт. Бул тукумдагы иттерди тамактандыруу режими катуу талапка ээ, мында ашыкча тамактандырбоо талабы аткарылат, бул алардын дене боюн жакшы формада сактоого мүмкүндүк берет. Тайгандарды дарылоонун жана дене боюнун формасын чыңдоонун салттуу ыкмалары сакталып калган жана ийгиликтүү колдонулуп келет. Тайгандарды үйрөтүү жана машыктыруу алты ай толгондон тартып, аларды аңчылыкка үйрөтүп баштаган кезде башталат. Аң улоо учурунда өзүнүн жеминин артынан кууган тайгандарга тиешелүү көндүмдөр, ошондой эле алардын эң негизги сапаты болгон тайманбастыгы калыптанат. Тайгандар жаныбарларды тик жана таштуу жарларда кууганда тамандары жаракат албашы үчүн анын тамандарына атайын тигилген, ичине туз салынган бут каптарды кийгизишет жана тамандары чыдамкай болушу үчүн түнү бою кармашат. Тайган таптоо боюнча салттуу билимдер жана көндүмдөр бүгүнкү күндө маанилүү бойдон калууда жана кеңири колдонулууда, бул аталган элементтин туруктуулугун жана жашоого ыңгайлуу экендигин билдирет |
| Кыргыз Республикасы |
XI | САНЖЫРА | |||
51 | Санжыра | Бул категорияга кыргыз элинин этногенезиси жана ата теги жөнүндө ооз эки маалыматтар кирет |
| Кыргыз Республикасы |
XII | ТАБИЯТ ЖӨНҮНДӨ ЭМПИРИКАЛЫК БИЛИМ |
|
|
|
52 | Табият жөнүндө эмпирикалык билимдер | Ааламга жана табиятка тийиштүү болгон билим жана салт-санаа кайсы бир деңгээлде астрономиялык билим жана ай-күн календары менен байланыштуу. Кыргыздардын арасында метрология жана убакытты эсептөө менен алектенген кесипкөйлөр-эсепчилер болгон. Алар жылдан жылга байкоо жүргүзүшүп, аба-ырайын болжолдошуп, көчүүнүн оптималдуу мөөнөтүн аныкташкан. Күнүмдүк жашоодо жыл мезгилдеринин алмашышына негизделген күн календарын пайдаланышкан. Жылдын башталышы күн менен түндүн жазгы теңелүүсүнө 21-мартка туура келген. 12 жылдан турган циклди мүчө деп аташкан | Астрономиялык билимдер | Кыргыз Республикасы |
XIII | ЫНТЫМАК | |||
53 | Ынтымак | Кыргыз эли маанилүү маселелерди чечүүдө биргелешүүгө жана тилектештикке таянышкан. Ынтымакта жана биримдикте чечим чыгарышкан. Бир адамдын же бир уруунун башына мүшкүл түшкөндө бири-бирине жардам берип, аны бирге көтөрүшкөн. Тилектештикти билдирүү иш-аракеттери төмөнкүдөй бөлүнөт: курултай, уруулардын жыйыны (топ), кошумча (ыража) жана башкалар |
| Кыргыз Республикасы |
XIV | АШАР | |||
54 | "Ашар" | Үйлөрдү салууда, арыктарды, кудуктарды казууда өз ара жардамдашуу |
| Кыргыз Республикасы |