Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 181 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-сентябры № 491
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
2) ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн тийиштүү жылга жана келерки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде каржыласын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 647 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ