Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 491 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-декабры № 647
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасынан уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасында:
"Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча борборлор (Түндүк жана Түштүк)" позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борбору";
төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын ӨКМнин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасы".
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жобо
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттештирет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
4. Ишкананын ишин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары - Министрлик) жалпы жетектейт жана координациялайт.
5. Ишкана юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн штампы, бланкы, мамлекеттик жана расмий тилде аталышы жазылган мөөрү, Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар.
6. Ишкананын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде - "Государственное предприятие "Северный центр по реагированию на чрезвычайные ситуации" Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
7. Уюштуруу-укуктук формасы - чарба жүргүзүү укугунда негизделген мамлекеттик ишкана.
8. Ишкана өз ишин толук чарбалык эсептик принцибинде жүргүзөт.
9. Ишкана бардык милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.
10. Ишкананын юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Горький көчөсү, 146.
2. Ишкананын негизги максаттары, милдеттери жана функциялары
11. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Министрликти зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыз кылуу, ишкердик ишин жүргүзүү жана пайда алуу;
- өзгөчө кырдаал болгон жерлерде авариялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис иштердин комплексин жүргүзүү;
- коргоочу курулмаларды калыбына келтирүү жана куруу;
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
12. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу максатында пайдаланылуучу материалдык-техникалык каражаттарды сатып алуу, сактоо жана ташуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- Ишкананын материалдык жана техникалык базасын өнүктүрүү максатында бюджеттен тышкары финансы каражаттарын тартуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
- жээктерди бекемдөө жана башка коргоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу товардык-материалдык каражаттарды өндүрүү;
- Министрликтин материалдык жана финансылык ресурстарынын запасын түзүү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;
- Ишкананын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана пайдаланууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу максатында чарба жүргүзүү укугунда берилген негизги фонддорду убактылуу пайдаланууга берүү.
13. Ишкана өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функциялардын аткарат:
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдык жана финансылык ресурстардын резервин түзүү;
- Министрликтин инфратүзүм объектилерин куруу, инфратүзүмүнүн материалдык техникалык базасын натыйжалуу пайдалануу жана чыңдоо;
- гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу, сактоо, жиберүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар болгон районго, ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттерге жана ШКУга мүчө мамлекеттерге жеткирүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрликтин чечимдерине ылайык өзгөчө кырдаалдардан жапа тарткан объектилерди курулуш жана башка товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыздоо;
- Ишкананын материалдык-техникалык базасын кеңейтүү боюнча уюштуруучулук-техникалык иш-чараларын жүргүзүү;
- күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоо, ошондой эле Министрликтин бөлүнүштөрүнүн керектөөлөрүн камсыздоо үчүн автомай куюучу станцияларды жана пункттарды түзүү жана пайдалануу;
- жээктерди бекемдөө жана башка коргоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу атайын материалдык-техникалык каражаттарды өндүрүү;
- юридикалык жана жеке жактарга (анын ичинде эле чет элдик) акы төлөнүүчү кызматтардын жана тейлөөлөрдүн түрлөрүн көрсөтүү;
- автомай куюучу станцияларды уюштуруу;
- коомдук тамактануу объекттерин уюштуруу;
- куруу-монтаждоо, жасалгалоо, долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүү;
- коммерциялык иш;
- Министрликтин жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыктары үчүн товарларды чыгаруу жана кызматтарды көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен өз алдынча тышкы экономикалык иштерди жүргүзүү;
- Ишкананын өндүрүштүк ишин өнүктүрүү жана көтөрүү маселелери боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк ар кандай мамлекеттик жана коммерциялык уюмдар менен байланыштарды жакшыртуу;
- ички чарбалык жайгаштыруу, өндүрүлгөн продукциянын сапатын жакшыртууга багытталган иш-чараларды, ошондой эле бекитилип берилген жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- Ишкананын чарбалык карамагына берилген негизги фонддорду, жүгүртүлүүчү каражаттарды жана материалдык-техникалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу;
- Министрликти материалдык-техникалык камсыздоо.
14. Ишкана негизги милдеттерди жана функцияларды чечүү менен катар лицензиянын негизинде иштин башка түрлөрүн жүргүзөт.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
15. Ишкана ушул Уставда аныкталган өз милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болууга;
- өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана жоопкерчилик тартууга;
- соттордо доогер жана жооп берүүчү болууга;
- Ишкананын чарбалык карамагындагы мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
- калк керектөөчү товарларды чыгарууга, коммерциялык ишти жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө;
- Ишкананын уставдык милдеттерине ылайык белгиленген тартипте филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана өндүрүштүк участокторду түзүүгө;
- көмөкчү чарбаларды түзүүгө жана күтүүгө, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө;
- Ишкананын уставдык милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө.
16. Ишкананын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- ушул Уставдагы милдеттердин жана функциялардын натыйжалуу аткарылышын камсыздоо;
- Ишкананын кызматкерлерине социалдык, медициналык жана камсыздандыруу милдеттенмелеринин башка түрлөрүн, ошондой эле коопсуз эмгек шарттарын камсыздоо;
- тиешелүү органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөө;
- мамлекеттик ишкананын таза пайдасынын 50 пайызынан кем эмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алыш-бериш эсебине которуу, ал андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберилет;
- жыл сайын Ишкананын келерки финансылык жылга бюджетин иштеп чыгуу жана тескеген мамлекеттик орган менен макулдашуу жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго тиешелүү финансылык жылдын 1-мартынан кечиктирбестен берүү;
- бюджеттин аткарылышы жана финансы-чарбалык иштердин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду тескеген мамлекеттик органдарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин берүү.
4. Ишкананын башкаруу органдары
17. Ишкананын ишин директор башкарат.
18. Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
19. Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын жана эмгек келишиминин негизинде иш алып барат.
20. Ишкананын директорунун эки орун басары болот, алар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
21. Ишкананын бухгалтерин директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
22. Ишкананын директору:
- Ишкананын ишин жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишкананын атынан чыгат, анын кызыкчылыгын бардык мамлекеттик органдарда жана уюмдарда коргойт, келишимдерди, анын ичинен эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана эсептерди ачат, каражаттарды тескөө укугун колдонот;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын баардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жоопкерчилик тартат;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык ырааттамасын бекитет;
- Ишкананын бөлүнүштөрү жана кызматтары жөнүндө жоболорду бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын колдонот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кадрлар менен камсыздоо маселелерин чечет, жалдоо тартибин жана шарттарын, уюштуруу жана эмгек акы төлөө формаларын жана методдорун аныктайт, аларга маяналарды жана кошумча акыларды, жумуш күнүнүн узактыгын жана жумуш аптасын, дем алыш күндөрүн жана өргүүлөрдү берүү тартибин белгилейт, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе;
- Министрликтин чечимдеринин аткарылышын уюштурат, алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду берет;
- Уставга ылайык Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иштерди жүргүзөт.
5. Ишкананын мүлкү жана финансы
23. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык ага чарба жүргүзүү укугунда таандык мүлккө ээлик кылат, аны пайдаланат жана тескейт.
24. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын жана анын бөлүнүштөрүнүн өз алдынча балансында чагылдырылуучу башка материалдык баалуулуктар түзөт.
25. Ишкананын мүлкүн төмөнкү булактар түзөт:
- Уюштуруучу тарабынан чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлк;
- чарбалык иш жүргүзүүнүн натыйжасында түшкөн кирешелер;
- банктардын жана башка кредит берүүчүлөрдүн кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз жана кайрымдуулук төлөмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
6. Ишкананын чарбалык иши
26. Жалпы укукка жөндөмдүүлүккө ээ болуу менен Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишкердик иштин бардык түрлөрүн жүргүзөт.
27. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны менчик ээсинин макулдугусуз ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун же шериктештиктин уставдык капиталына салым (пай) түрүндө салууга же бул мүлктү башкача түрдө тескөөгө укуксуз.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарга мүлктү жана материалдык баалуулуктарды ижарага берүүгө, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардан мүлктү ижарага алууга укуктуу.
28. Ишкананын белгиленген түзүмүнө жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана жоюуга багытталган милдеттерине ылайык чарбалык ишти ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча маселелерди комплекстүү чечүү жана алар болгон учурда калктын жашоо тиричилигин камсыздоо үчүн атайын материалдык-техникалык баалуулуктарды өндүрүүнү;
- кооптуу табигый жана техногендик процесстер болгон зоналарда адам өлүмүнө жол бербөөгө жана материалдык чыгымдарды азайтууга багытталган алдын алуучу пландуу иштерди;
- уставдык милдеттерди аткаруу жана өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу үчүн өндүрүштүк участокторду түзүүнү.
7. Ишкананы жоюу жана кайра уюштуруу
29. Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
30. Ишкананын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
31. Ишкананын иштөө процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.