Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 491 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июлу № 397
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 647 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Куткаруусервис" мамлекеттик ишканасын кошуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасы кайра уюштурулсун.
1-1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасынан уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 647 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасында:
"Куткаруусервис" мамлекеттик ишканасы" деген позиция алып салынсын;
- "Өзгөчө кырдаалдын чара көрүү боюнча механикалаштырылган базалар (Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас)" деген позицияда ", Жалал-Абад" деген сөздөр алып салынсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-апрелиндеги № 89 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Куткаруусервис" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Куткаруусервис" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |