Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 533
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза тармагында" IV бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 47, 48 жана 49-главалар менен толукталсын:
"
47. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту |
| ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өсүмдүктөргө, жер кыртышына, сугат сууларына пестициддер менен агрохимикаттардын калдыктарына, ошондой эле алардын стандарттарга жана минералдык жер семирткичтердин жана пестициддердин техникалык шарттарына туура келүүсүнө жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн билдирмелери боюнча жер кыртышында азык заттардын жана гумустун болушуна анализ жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 5-глава, 17-пункт |
|
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын толук (мекеменин) аталышы | Агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарба, балык чарба (аквакультура), дыйканчылык, өсүмдүктөрдүн карантини, жерлердин мелиорациясы, жердин күрдүүлүгү, жер, суу ресурстары, ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктура, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү, ошондой эле этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуучу жана контролдоочу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы -Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги (мындан ары - АЧТӨММ); пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, илдеттерден жана отоолордон коргоо, кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу жаатында функцияларды ишке ашыруучу ведомстволук бөлүм - АЧТӨММ Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти (мындан ары - Департамент) |
|
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеке жана юридикалык жактар |
|
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 4, 18, 21 жана 26-беренелер. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө"; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" |
|
5 | Берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Сыноолордун протоколу (анализ жүргүзүү) |
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайларда; - бардык керектөөчүлөрдүн, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (ДМЧА) үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү мүмкүндүгү бар; - жайларда күтүү үчүн орундар, жылытуусу, телефондук байланышка жана Интернет тармагына чыгуу мүмкүндүгү бар; - келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык кезек күтүү принциби боюнча. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА) кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет; - медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (угуу жана көрүү, таяныч кыймыл системасы боюнча ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүүлөр аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалымат такталарында, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланат. Керектөөчүлөрдүн ыңгайы үчүн кызмат көрсөтүүчү жерде кызмат көрсөтүү үчүн керектүү документтердин, өтүнмөлөрдүн үлгүлөрү жана аларды толтуруу тартиби жөнүндө (үлгүлөр) маалымат жайгаштырылган |
|
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүү үчүн чектелген убакыт: - өтүнмөнү жана документтерди кабыл алуу, кароо - 20 мүнөттөн ашык эмес; - тиешелүү анализ жүргүзүү жана жыйынтыктарды даярдоо - өтүнмөнү жана керектүү документтерди берген күндөн тартып, берилген сынамдардын санына жана түрүнө жараша 3төн 10 жумуш күнгө чейин |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдү маалымдоо |
| ||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - АЧТӨММ жана Департаменттин коомдук кабылдамасынан; - оозеки (телефон боюнча же адис менен жеке байланышканда) формада; АЧТӨММ расмий сайтынан (agroprod.kg); - АЧТӨММ жана Департаментке жеке кайрылганда; - маалымат такталарынан, буклеттерден, брошюралардан. Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат бардык кайрылган адамдарга акысыз берилээри кепилденет. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
|
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты таратуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, ТV, маалыматтык сайттар; - гезиттер; - АЧТӨММ расмий сайты (agroprod.kg); - такталар, буклеттер жана брошюралар; - АЧТӨММ жана Департаменттин коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде кызмат көрсөтүү стандарты, такталарга, АЧТӨММ расмий сайтында жайгаштырылат. Иш графиги: - АЧТӨММ: дүйшөмбү - жума, 9.00 баштап 18.00 чейин; түшкү тыныгуу 12.30 баштап 13.30 чейин; - Департамент: дүйшөмбү - жума, 9.00 баштап 18.00 чейин; түшкү тыныгуу 12.30 баштап 13.30 чейин |
|
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| ||
10 | Келген адамдар менен сүйлөшүү | Арыз ээлери менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейджиктери) болууга тийиш. Келген адамдар менен сүйлөшүүдө кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, принциптүү, маселенин маңызын түшүнүүгө аракеттенүү, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алына турган чечимдерди аргументтөө. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө карата калыстыкты сакташат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жана кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол беришпейт. Сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү керектөөчүлөрдүн бардык категориялары, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
|
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
|
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат керсөтүүнү керектөөчүнүн аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн керектөөчү төмөнкү документтерди берет: 1. Жеке жана юридикалык жактардан белгиленген форма боюнча толтурулган өтүнмө. 2. Төмөнкүдөй документтер: - жеке жак үчүн - керектөөчүнүн (ыйгарым укуктуу адамдын) өздүгүн тастыктаган күбөлүк же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - юридикалык жак үчүн - юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. 3. Сынамдын көлөм боюнча үлгүсү: - минералдык жана органикалык жер семирткичтер жана кыртыш - 1 кг; - пестициддер - 0,2-0,5 л/кг; Пестициддердин жана минералдык жер семирткичтердин калдык санын аныктоодо керектөөчү: 1 л суу, 1 кг кыртыш, 0,3-0,5 кг өсүмдүк продукциясын берет. Өтүнмөнүн бланкы жана кызмат көрсөтүү үчүн төлөөгө эсеп Департаменттин бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан берилет. Бардык документтер кабыл алынгандан кийин керектөөчүгө төмөнкүлөр көрсөтүлгөн тил кат берилет: - документтерди кабыл алуу номери жана датасы; - суралып жаткан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн түрү; - тиркелген документтердин санын жана аталышын; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын алган датасы (убакыты) жана документтерди алган (берген) жер; - өтүнмөнү, документтерди жана сынамдардын үлгүлөрүн кабыл алган түзүмдүк бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аты-жөнү. Өтүнмөлөрдүн формалары, аны толтуруунун талаптары жана зарыл болгон документтердин тизмеси/сынамдардын үлгүлөрү кызмат көрсөтүү жеринде, АЧТӨММ маалымат такталарында жана расмий сайтында (agroprod.kg) жайгаштырылат |
|
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылган, ал АЧТӨММ маалымат такталарында жана расмий сайтында (agroprod.kg) жайгаштырылган. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча АЧТӨММ буйругу менен бекитилет |
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында аныкталган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү, толуктугу жана өз убагында көрсөтүлгөндүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө карата жыныстык белгилери, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалына карата басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүгү, керектөөчүдөн кызмат алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, керектүү документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүүсү; - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандарт менен белгиленген талаптарга шайкештиги; - арыздар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу |
|
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта жарым жартылай суроо-талапты кабыл алуу, маалымат алмашуу жана кызматтын жыйынтыгынын даярдыгы жөнүндө кабарлоо стадиясында ишке ашырылат. Бул үчүн мамлекеттик кызмат алууга суроо-талап, тиешелүү документтерди тиркөө менен төлөм тууралуу квитанцияны же сканерленген өтүнмөнү, талап кылынган документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн тиркөө менен электрондук почта (dephim@mail.ru) аркылуу жөнөтүү зарыл. Жооптуу кызматкер өтүнмөнү электрондук почта аркылуу алып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө анализ жүргүзүү үчүн керектүү сынамдардын үлгүлөрүн берүүнүн датасын жана убакытын дайындоо менен документтерди кабыл алуу же өтүнмөнү кабыл алуудан жана/же кызмат көрсөтүүдөн жүйөлүү баш тартуу жөнүндө кабарлоо жиберет. Кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы керектөөчүгө же укуктары нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ыйгарым укуктуу адамга суроо-талаптын түп нускасын жана кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн квитанциясын көрсөткөндөн кийин берилет. Керектөөчүгө жүргүзүлгөн анализ жөнүндө отчет электрондук форматта берилет. Өтүнмөнүн формасы жана аны толтуруу боюнча талаптар АЧТӨММ расмий сайтында (agroprod.kg) жайгаштырылат |
|
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун негиздери жана даттануу тартиби |
| ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Төмөнкү учурлар баш тартуу үчүн негиз болуп саналат: - ушул стандарттын 3-пунктунда белгиленген параметрлерге шайкеш келбегенде; - ушул стандарттын 12-пунктунда саналган документтерди керектөөчү бербегенде; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн толук наркы төлөнбөгөндө |
|
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кызмат көрсөткөн органдын (Департамент, анын түзүмдүк бөлүмдөрү) жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте жогору турган органга (АЧТӨММ) кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат алуучунун атынан даттанууну анын мыйзамдуу өкүлдөрү бериши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу каты эркин формада берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Даттануулар жана дооматтар Кыргыз Республикасынын административдик иштер жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
|
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып турат |
|
48. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту |
| ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Зыянкечтерге каршы химиялык тазалоо (чегиртке жана ААК (америка ак көпөлөгү) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 8-глава, 1-пункт |
|
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарба, балык чарба (аквакультура), дыйканчылык, өсүмдүктөрдүн карантини, жерлердин мелиорациясы, жердин күрдүүлүгү, жер, суу ресурстары, ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктура, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү, ошондой эле этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуучу жана контролдоочу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги (мындан ары - АЧТӨММ); пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, илдеттерден жана отоолордон коргоо, кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу жаатында функцияларды ишке ашыруучу ведомстволук бөлүм - АЧТӨММ Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти (мындан ары - Департамент) |
|
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеке жана юридикалык жактар |
|
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 1, 4 жана 26-беренелер. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө"; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" |
|
5 | Берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Иликтөө актысы; арыз ээси тарабынан көрсөтүлгөн аймактарда зыянкечтерге (чегиртке жана америкалык ак көпөлөк) каршы химиялык иштетүү; аткарылган иштердин актысы |
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайларда; - бардык керектөөчүлөрдүн, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (ДМЧА) үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү мүмкүндүгү бар; - жайларда күтүү үчүн орундар, жылытуусу, телефондук байланышка жана Интернет тармагына чыгуу мүмкүндүгү бар; - келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык кезек күтүү принциби боюнча; жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА) кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет; - медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (угуу жана керүү, таяныч кыймыл системасы боюнча ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүүлөр аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалымат такталарында, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланат. Керектөөчүлөрдүн ыңгайы үчүн кызмат көрсөтүүчү жерде кызмат көрсөтүү үчүн керектүү документтердин, өтүнмөлөрдүн үлгүлөрү жана аларды толтуруу тартиби жөнүндө (үлгүлөр) маалымат жайгаштырылат |
|
| |||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүү үчүн чектелген убакыт: - өтүнмөнү кабыл алуу - 20 мүнөттөн көп эмес; - химиялык иштетүү - өтүнмө жана керектүү документтер берилген датадан тартып 30 календардык күндөн көп эмес (химиялык иштетүү жүргүзүү мөөнөтү зыяндуу организмдин өнүгүү биологиясына ылайык текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет); - аткарылган иштердин актысын даярдоо - химиялык иштетүү жүргүзүлгөн датадан тартып 3 жумуш күндөн ашык эмес; - аткарылган иштердин актысын берүү - 30 мүнөттөн ашык эмес. Аткарылган иштердин актысы керектөөчүгө Департаментке өзү келгенде, каттоо журналына кол коюу менен берилет |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдү маалымдоо |
| ||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - АЧТӨММ жана Департаменттин коомдук кабылдамасынан; - оозеки (телефон боюнча же адис менен жеке байланышканда) формада; АЧТӨММ расмий сайтынан (agroprod.kg); - АЧТӨММ жана Департаментке жеке кайрылганда; - маалымат такталарынан, буклеттерден, брошюралардан. Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат бардык кайрылган адамдарга акысыз берилээри кепилденет. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
|
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты таратуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, ТV, маалыматтык сайттар; - гезиттер; - АЧТӨММ расмий сайты (agroprod.kg); - такталар, буклеттер жана брошюралар; - АЧТӨММ жана Департаменттин коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде кызмат көрсөтүү стандарты, такталарга, АЧТӨММ расмий сайтында жайгаштырылат. Иш графиги: - АЧТӨММ: дүйшөмбү - жума, 9.00 баштап 18.00 чейин; түшкү тыныгуу 12.30 баштап 13.30 чейин; - Департамент: дүйшөмбү - жума, 9.00 баштап 18.00 чейин; түшкү тыныгуу 12.30 баштап 13.30 чейин |
|
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| ||
10 | Келген адамдар менен сүйлөшүү | Арыз ээлери менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейджиктери) болууга тийиш. Келген адамдар менен сүйлөшүүдө кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, принциптүү, маселенин маңызын түшүнүүгө аракеттенүү, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алына турган чечимдерди аргументтөө. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө карата калыстыкты сакташат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жана кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол беришпейт. Сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү керектөөчүлөрдүн бардык категориялары, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
|
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
|
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн керектөөчү төмөнкү документтерди берет: белгиленген формада толтурулган өтүнмөнү; - жеке жак үчүн - керектөөчүнүн өздүгүн тастыктаган күбөлүк (паспорт) же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - юридикалык жак үчүн - анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документти (ишеним катты) берүүсү зарыл. Өтүнмөлөрдүн формалары, аны толтуруунун талаптары жана зарыл болгон документтердин тизмеси кызмат көрсөтүү жеринде жана АЧТӨММ маалымат такталарында жана расмий сайтында (agroprod.kg) жайгаштырылат |
|
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн баасы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт |
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында аныкталган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү, толуктугу жана өз убагында көрсөтүлгөндүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө карата жыныстык белгилери, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалына карата басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүгү, керектөөчүдөн кызмат алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, керектүү документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүүсү; - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандарт менен белгиленген талаптарга шайкештиги; - арыздар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу |
|
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт |
|
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун негиздери жана даттануу тартиби |
| ||
16 | Кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу үчүн негиздер | Ушул стандарттын 3-пунктунда белгиленген параметрлерге шайкеш келбеген учурларда |
|
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кызмат көрсөткөн органдын (Департамент, анын түзүмдүк бөлүмдөрү) жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте жогору турган органга (АЧТӨММ) кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат алуучунун атынан даттанууну анын мыйзамдуу өкүлдөрү бериши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу каты эркин формада берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Даттануулар жана дооматтар Кыргыз Республикасынын административдик иштер жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
|
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып турат |
|
49. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту |
| ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн арыздары боюнча өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөргө каршы химиялык иштетүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 8-глава, 2-пункт |
|
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарба, балык чарба (аквакультура), дыйканчылык, өсүмдүктөрдүн карантини, жерлердин мелиорациясы, жердин күрдүүлүгү, жер, суу ресурстары, ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктура, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү, ошондой эле этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуучу жана контролдоочу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги (мындан ары - АЧТӨММ); пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, илдеттерден жана отоолордон коргоо, кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу жаатында функцияларды ишке ашыруучу ведомстволук бөлүм - АЧТӨММ Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти (мындан ары - Департамент) |
|
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Юридикалык жана жеке жактар (айыл чарба өндүрүүчүлөр) |
|
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 1, 4 жана 26- беренелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө"; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" |
|
| |||
5 | Берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Арыз ээси тарабынан көрсөтүлгөн аймактарда айыл чарба өсүмдүктөрүндөгү жана көп жылдык бак-дарактардагы өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөрүнө каршы химиялык иштетүү; аткарылган иштердин актысы |
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайларда; - бардык керектөөчүлөрдүн, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (ДМЧА) үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү мүмкүндүгү бар; жайларда күтүү үчүн орундар, жылытуусу, телефондук байланышка жана Интернет тармагына чыгуу мүмкүндүгү бар; - келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык кезек күтүү принциби боюнча. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА) кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет; - медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (угуу жана көрүү, таяныч кыймыл системасы боюнча ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүүлөр аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалымат такталарында, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланат. Керектөөчүлөрдүн ыңгайы үчүн кызмат көрсөтүүчү жерде кызмат көрсөтүү үчүн керектүү документтердин, өтүнмөлөрдүн үлгүлөрү жана аларды толтуруу тартиби жөнүндө (үлгүлөр) маалымат жайгаштырылат |
|
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүү үчүн чектелген убакыт: - өтүнмөнү жана документтерди кабыл алуу, кароо - 20 мүнөттөн ашык эмес; - химиялык иштетүү - өтүнмө жана зарыл болгон документтер берген датадан тартып 5 жумуш күндөн ашык эмес; - иштердин натыйжалуулугун баалоо -химиялык иштетүү аткарылган датадан тартып 10 жумуш күндөн ашык эмес; - аткарылган иштердин актысын даярдоо -химиялык иштетүү аткарылган датадан тартып 10 жумуш күндөн ашык эмес; - аткарылган иштердин актысын берүү -30 мүнөттөн ашык эмес. Аткарылган иштердин актысы керектөөчүгө Департаментке өзү келгенде, каттоо журналына кол коюу менен берилет |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдү маалымдоо |
| ||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - АЧТӨММ жана Департаменттин коомдук кабылдамасынан; - оозеки (телефон боюнча же адис менен жеке байланышканда) формада; АЧТӨММ расмий сайтынан (agroprod.kg); - АЧТӨММ жана Департаментке жеке кайрылганда; - маалымат такталарынан, буклеттерден, брошюралардан. Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат бардык кайрылган адамдарга акысыз берилээри кепилденет. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
|
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты таратуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, ТV, маалыматтык сайттар; - гезиттер; - АЧТӨММ расмий сайты (agroprod.kg); - такталар, буклеттер жана брошюралар; - АЧТӨММ жана Департаменттин коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде кызмат көрсөтүү стандарты, такталарга, АЧТӨММ расмий сайтында жайгаштырылат. Иш графиги: - АЧТӨММ: дүйшөмбү - жума, 9.00 баштап 18.00 чейин; түшкү тыныгуу 12.30 баштап 13.30 чейин; - Департамент: дүйшөмбү - жума, 9.00 баштап 18.00 чейин; түшкү тыныгуу 12.30 баштап 13.30 чейин |
|
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| ||
10 | Келген адамдар менен сүйлөшүү | Арыз ээлери менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейджиктери) болууга тийиш. Келген адамдар менен сүйлөшүүдө кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, принциптүү, маселенин маңызын түшүнүүгө аракеттенүү, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алына турган чечимдерди аргументтөө. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө карата калыстыкты сакташат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жана кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол беришпейт. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (угуу жана көрүү, таяныч кыймыл системасы боюнча ДМЧА) үчүн сүйлөшүү түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
|
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
|
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн керектөөчү төмөнкү документтерди берет: 1. Жеке жана юридикалык жактардан белгиленген форма боюнча толтурулган өтүнмө. 2. Төмөнкүдөй документтер: - жеке жак үчүн - керектөөчүнүн (ыйгарым укуктуу адамдын) өздүгүн тастыктаган күбөлүк же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - юридикалык жак үчүн - юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Өтүнмөнүн бланкы жана кызмат көрсөтүү үчүн төлөөгө эсеп Департаменттин бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан берилет. Бардык документтер кабыл алынгандан кийин керектөөчүгө төмөнкүлөр көрсөтүлгөн тил кат берилет: - документтерди кабыл алуу номери жана датасы; - суралып жаткан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн түрү; - тиркелген документтердин санын жана аталышын; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын алган датасы (убакыты) жана документтерди алган (берген) жер; - өтүнмөнү, документтерди жана сынамдардын үлгүлөрүн кабыл алган түзүмдүк бөлүмдүн ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аты-жөнү Өтүнмөлөрдүн формалары, аны толтуруунун талаптары жана зарыл болгон документтердин тизмеси кызмат көрсөтүү жеринде жана АЧТӨММ маалымат такталарында жана расмий сайтында (agroprod.kg) жайгаштырылат |
|
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн баасы | Мамлекеттик кызмат акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылган, ал АЧТӨММ маалымат такталарында жана расмий сайтында (agroprod.kg) жайгаштырылган. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча АЧТӨММ буйругу менен бекитилет |
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында аныкталган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү, толуктугу жана өз убагында көрсөтүлгөндүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө карата жыныстык белгилери, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалына карата басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүгү, керектөөчүдөн кызмат алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, керектүү документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүүсү; - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандарт менен белгиленген талаптарга шайкештиги; - арыздар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу |
|
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүү өзгөчөлүктөрү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө өтүнмөнү электрондук почта аркылуу кабыл алууда кызмат көрсөтүү электрондук форматта жарым-жартылай берилет. Бул үчүн сканерленген өтүнмөнү, талап кылынган документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн тиркөө менен электрондук почта (dephim@mail.ru) жөнөтүү зарыл. Жооптуу кызматкер кызмат көрсөтүү жөнүндө өтүнмөнү алып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнү баштоо же кызмат көрсөтүүдөн жүйөлүү баш тартуу жөнүндө кабарлоо жиберет. Өтүнмөнүн формасы жана аны толтуруу боюнча талаптар АЧТӨММ расмий сайтында (agroprod.kg) жайгаштырылган |
|
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун негиздери жана даттануу тартиби |
| ||
16 | Кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Төмөнкү учурлар баш тартуу үчүн негиз болуп саналат: - ушул стандарттын 3-пунктунда белгиленген параметрлерге шайкеш келбегенде; - ушул стандарттын 12-пунктунда саналган документтерди керектөөчү бербегенде; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн толук наркы төлөнбөгөндө |