Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-октябры № 568
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 568 токтому менен жактырылган |
"Айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун жетинчи абзацында эмгектенүүгө патентти берүү функциясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөө сунушталат жана патент үчүн мамлекеттик алым алуу каралган.
Уруксат берүүнүн жаңы түрүнүн, тактап айтканда эмгек патентинин киргизилиши менен чек аранын жанында болгон эмгекчи-мигрант эмгек патенти менен катар жеке эмгектенүү максатында ыктыярдуу патент (мисалы, бала багуу, багбан, котормочу ж.б.у.с. кызматтар) алууга тийиш, же иш берүүчү аны жалданма кызматкер катарында салыктардын тиешелүү түрлөрүн төлөгөндүгүн ырастаган патентти тариздеши керек.
Натыйжада эмгекчи-мигранттын эмгектене баштоо жол-жобосу татаалданат. Анткени Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 2 жана 10-бөлүктөрүнө ылайык милдеттүү жана ыктыярдуу патенттер патентте көрсөтүлгөн иштин түрү боюнча салыктарды төлөөнү күбөлөндүрөт. Иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн патент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык аларды жүргүзүү укугуна карата лицензияларды жана башка атайын уруксат берүүчү документтерди алмаштыра албайт.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. Ыйгарым укуктуу салык органы салыктын базалык суммасынын чегинде салыктын суммасын иштин сезондуулугуна, кирешелүүлүгүнө, түрүнө жана жүргүзүү ордуна жараша тактоого укуктуу.
Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 токтому менен бекитилген. Ошол эле учурда, бул токтомдун 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын суммасына 5ке барабар, бирок салыктын базалык суммасынан жогору эмес коэффициент колдонулат.
Ошентип, салык органдары тарабынан берилген ыктыярдуу жана милдеттүү патент салык төлөөчүнүн патентте көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашырууга жана салык төлөөгө укугун күбөлөндүрөт. Ошондуктан, патент Өзбекстан Республикасынан жана Тажикстан Республикасынан келген чек аранын жанындагы эмгек мигранттары үчүн кандайдыр бир эмгектенүү үчүн уруксат документин алмаштыра албайт.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы аткаруу бийлигинин салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү жыйноочу жана алардын толук жана өз учурунда төлөнүшүнө, жеке ишкерлер катары жеке жактарды мамлекеттик каттоочу мамлекеттик органы болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын негизги милдеттери болуп салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөр толук жана өз убагында келип түшүүсүн камсыздоо саналат. Демек жогоруда аталган Жобого ылайык чет өлкөлүк жеке жактарга Кыргыз Республикасынын аймагында иштегенге уруксат берүү салык органдарынын милдеттерине жана функцияларына шайкеш келбейт.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-пункту менен "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине өзгөртүүнү киргизүү сунушталууда, ага ылайык Кыргыз Республикасына келген жана салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү эмгектенүүгө патенти жок эмгектенип жүргөн чек аранын жанындагы эмгек мигранттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жаза алууга тийиш.
Кайсы ченемдик укуктук актыда патентсиз эмгектенгендиги үчүн жоопкерчилик каралгандыгын тактоо зарыл.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында сот-укуктук реформалар жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, чет өлкөлүк жарандарды каттоо тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик белгиленген Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык күчүн жоготту.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 292-беренесине ылайык Кыргыз Республикасына чет өлкөлүктөрдү же жарандыгы жок адамдарды чакырышкан адамдар тарабынан аларды каттоонун белгиленген тартибин бузуусу 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
Ушуга байланыштуу сунушталган Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктун жогоруда белгиленгендерге ылайык толуктап иштеп чыгуу зарыл.
3. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган, ага ылайык Кыргыз Республикасында эмгектенүү үчүн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштегенге уруксат алууга тийиш.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинде уруксаттардын тизмеги белгиленген, анын ичине Кыргыз Республикасынын аймагында жумуш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жалпы квотанын негизинде берилүүчү жумушка уруксат кирет. Демек сунушталган өзгөртүүнүн "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине шайкеш келерин талдап чыгуу зарыл.
4. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирүү тапшырмасы берилет.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен катар, каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайта карала турган ченемдик укуктук актылар тууралуу маалымат мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында чагылдырыпган эмес.
Мында эгерде талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкса, анда Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн мыйзамдардын жана мыйзамдык актылардын ортосундагы укуктук боштукту жоюу үчүн узартуу керек.
5. Мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме-маалым кат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына жооп бербейт, себеби Мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюу үчүн жайгаштырган күнү жана анын натыйжалары жөнүндө маалымат жазылган эмес.
6. Мыйзамдын долбоорунун маанилүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын аянтында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзамдын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешменин жүрүшүндө мыйзам долбоорунун сунушталган редакциясы толуктап иштеп чыгууну талап кылары белгиленди. Бул үчүн, биринчи кезекте, Өзбекстандан жана Тажикстандан келген чет өлкөлүк жарандардын - жеке жактардын эмгегин контролго алуучу мамлекеттик органды аныктоо керек жана конкреттүү мамлекеттик органга функцияларды жүктөө механизмин иликтеп чыгуу зарыл экендиги белгиленди.
Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө бирдиктүү мамлекеттик миграция саясатын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички эмгек рыногунун кызыкчылыктарын эске алуу менен чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу процесстерин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын милдеттери болуп саналат. Ушуга байланыштуу миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Өзбекстандан жана Тажикстандан келген чет өлкөлүк жарандардын эмгек патенти менен эмгектенүүсүн жөнгө салуучу катарында калтыруу, ошондой эле бул функцияны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтүнө) тапшыруу жагын карап көрүүнү туура деп эсептейбиз.
7. Жалпысынан сунушталган Мыйзамдын долбоору дыкат толуктап иштеп чыгууга, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамада белгиленген ченем жаратуу техникаларына шайкеш келтирүү зарыл экендигин белгилейбиз.
Мыйзамдын долбоорунда "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Бирок Мыйзамдын долбоорунун мамлекеттик тилдеги аталышы менен расмий тилдеги аталышында айырмачылык бар. Мисалы, Мыйзамдын долбоорунун аталышынын мамлекеттик тилдеги бөлүгүндө "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталыштарын шайкеш келтирүү зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайык деп эсептейт.