Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-ноябры № 598
"Арстанбап" жана "Сары-Челек" реликт жаңгак-жемиш токойлорунун өзгөчө статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине)" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Эргешов тарабынан демилгеленген "Арстанбап" жана "Сары-Челек" реликт жаңгак-жемиш токойлорунун өзгөчө статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине)" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 598 токтому менен жактырылган |
"Арстанбап" жана "Сары-Челек" реликт жаңгак-жемиш токойлорунун өзгөчө статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине)" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Эргешов тарабынан демилгеленген "Арстанбап" жана "Сары-Челек" реликт жаңгак-жемиш токойлорунун өзгөчө статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине)" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. "Арстанбап" жана "Сары-Челек" реликт жаңгак-жемиш токойлорунун өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча (мындан ары - мыйзам долбоору).
1) Преамбулага ылайык мыйзам долбоору Дашман мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында жайгашкан токойлорду укуктук жактан коргоону жөнгө салууга багытталат.
Мында мыйзам долбоорунун аталышында жана текстинде "Арстанбап токойлору" деген түшүнүк колдонулууда, бул укуктук коллизияларга алып келиши мүмкүн, анткени "Арстанбап-Ата" токойлору өзүнө Арстанбап-Ата токой чарбасынын, Жай-Терек токой массивинин жана Дашман мамлекеттик жаратылыш коругунун аймактарын камтыйт.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "Арстанбап токойлору" деген сөздөрдү "Дашман массивинин токойлору" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 35-пунктуна ылайык мыйзам долбоорунун беренеси өзүнө ченемдик тапшырмаларды камтыган негизги түзүмдүк элемент болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун ченемдик тапшырмаларды камтыбаган 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорун мыйзам долбоорунун преамбуласында караштырууну сунуш кылабыз.
3) "Арстанбап-Ата" жана "Сары-Челек" токойлору "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана токой мамилелери чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен укуктук мамилелери жөнгө салынуучу мамлекеттик коруктардын аймактарында жайгашкан.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтому менен бекитилген республикалык маанидеги Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде "Арстанбап-Ата" токойлорунун аймагында XV кылымда курулган, архитектуралык эстелик болуп саналган "Арстанбап" мавзолейи катталган. Ошондой эле "Арстанбап-Ата" жана "Сары-Челек" токойлорунун аймактарында "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан коргоого алынган жана Кыргыз Республикасынын эли үчүн уникалдуу баалуулук болуп эсептелген изилдене элек тарыхый-маданий мурастын объекттери жайгашкан.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүн "ушул Мыйзамдын" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында талаптарды толук эске алуу жана терминдерди бирдей колдонуу максатында төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 2-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого";
- мыйзам долбоорунун бардык тексти боюнча "жердин тарыхый-маданий көрөсөндүү жерлери" деген сөздөр "тарыхый-маданий мурас объекттери, ошондой эле жердин көрөсөндүү жерлери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "жашыл экономика" түшүнүгүнүн аныктамасын караштыруу зарыл.
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык жалпысынан мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерге жол берилбейт.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорун жогоруда аталган Нускаманын 78-пунктунун талаптарына ылайык келтирүү зарыл.
6) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган учурлардан тышкары, салыктык укук мамилелерди жөнгө салуучу нормаларды киргизүүгө тыюу салынат.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну зарыл деп эсептейбиз.
7) Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталып жаткан мыйзамдан келип чыгуучу мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырмасы берилет. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
8) Ошондой эле мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мыйзам алдындагы бир катар актыларды бекитүү каралат.
Мында аталган жоболорду ишке ашыруу боюнча нормалар мыйзам долбоорунун корутунду бөлүгүндө болбогондуктан мыйзам долбоорун ушул бөлүгүндө толуктап иштеп чыгуу сунушталат.
2. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
Кыргыз Республикасынын Салык кодекси чарбакер субъекттерге салык салууда бирдиктүү мамилени караштырат жана Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктарды жана жыйымдарды милдеттүү төлөө, салык салуунун акыйкаттуулук, аныктык, салык системасынын бирдейлик, салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдардын туруктуулугу жана ачык-айкындыгы принциптерине негизделет.
Алсак, айрым чарба жүргүзүүчү субъекттерге ар кандай жеңилдиктерди берүү салык салуунун бирден бир негизги принциптерин - адилеттүүлүк принцибин бузууга алып келет.
Мындан тышкары, көптөгөн салык жеңилдиктерин түзүү салык мыйзамдарынын жазма буйруктарын аткарууну кыйындатат, салык жыйноо процессин татаалдаштырат.
Бул иш-чаралар бюджеттин кирешесинин бир бөлүгүн курмандыкка чалууга өтө маанилүү себептер болгондо гана (аларды башка булактардын эсебинен ордун толтуруу зарыл) жүйөлүү болушу мүмкүн.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясына ылайык фискалдык саясаттын негизги милдети болуп салык салуунун ар кандай режимдерин колдонгон субъекттердин жана экономика тармактары менен ар түрдүү секторлордун субъекттеринин салыктык түйшүгүн максимумдук баланстап теңдештирүү саналат.
Ошентип "Арстанбап-Ата" жана "Сары-Челек" токойлорунун аймагында экономикалык ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жана жеке жактарды пайда салыгынан бошотуу салык салуунун акыйкаттуулук принцибинин бузулушуна жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешелеринин азайышына алып келет.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин алып салуу керек жана анын калган бөлүгүн толуктап иштеп чыгууну зарыл деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Арстанбап" жана "Сары-Челек" реликт жаңгак-жемиш токойлорунун өзгөчө статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине)" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун ушул корутундуда айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.