Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 681 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 243 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик мүлктү (имараттарды, жайларды, курулмаларды жана жер участокторун) натыйжалуу, сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо жана электрондук аукциондор менен тооруктарды өткөрүү аркылуу ижарага берүү жаатындагы ишти жүзөгө ашырган мекеме болуп саналган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - мамлекеттик мекеме) ишин регламенттейт.
Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) буйруктарын, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик мекеменин уюштуруучусу болуп эсептелет.
3. Мамлекеттик мекеменин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде:
"Государственное учреждение "Аукционный центр" при Фонде по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Аукциондук борбор" ММ";
- расмий тилде: "ГУ "Аукционный центр".
4. Мамлекеттик мекеме өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибуттары бар.
5. Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык алыш-бериш эсептерин белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
6. Мамлекеттик мекеме чарбалык келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, милдеттерди алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
7. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 151.
2. Мамлекеттик мекеменин максаты
8. Мамлекеттик мекеменин максаты мамлекеттик мүлктү электрондук аукциондорду жана тооруктарды (аукцион, конкурс) өткөрүү аркылуу ижарага берүү болуп саналат.
3. Мамлекеттик мекеменин милдеттери
9. Мамлекеттик мекеменин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик имараттарды, жайларды, курулмаларды жана жер участокторун натыйжалуу, сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо;
- юридикалык жана жеке жактарга ижарага берүүгө жаткан мамлекеттик имараттардын, жайлардын, курулмалардын жана жер участокторунун бирдиктүү реестрин түзүү;
- электрондук аукциондорду жана тооруктарды (аукцион, конкурс) өткөрүү аркылуу мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнү камсыздоо;
- мамлекеттик мекеменин компетенциясынын чегинде маалыматтык ресурстарды түзүүгө, каттоого жана тейлөөгө катышуу;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, аларды Фонддун кароосуна киргизүү;
- мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу;
- жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоону камсыздоо.
4. Мамлекеттик мекеменин функциялары
10. Мамлекеттик мекеме өзүнүн компетенциясынын чегинде жана жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик мүлктү (имараттарды, жайларды, курулмаларды жана жер участокторун) берүү жана ижара келишимдерин каттоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Фонддун кароосуна киргизет;
- каттоого түшкөн мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдерин карайт;
- мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдерин каттайт жана эсепке алат;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү (имараттарды, жайларды, курулмаларды жана жер участокторун) ижарага берүү боюнча практикалык чараларды көрөт;
- мамлекеттик мүлктү ижаралоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын белгиленген тартипте карайт;
- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча түшүндүрмө берет;
- электрондук аукциондорду жана тооруктарды өткөрүү аркылуу мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жобосунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- ижара келишимдерин узартууну каттайт;
- тооруктардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу кабарлайт;
- тоорукка коюлуучу объекттер менен сатып алуучуларды тааныштырат;
- ижара келишимдерин каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарын түзүүнү, сактоону, пайдаланууну жана коопсуздукту камсыздайт;
- түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо жана эсепке алуу тартибин иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- тооруктарда объектинин баштапкы (минималдуу) баасын аныктайт;
- тоорукка коюлуучу объектиге берилген материалдардын тууралыгын карайт жана "аукциондук кадамдын" өлчөмүн аныктайт;
- кепилдик төгүмдү киргизүү тартибин ишке ашырат;
- мамлекеттик мүлк объектилеринин ижара акысынын жана баштапкы наркынын эсептелген өлчөмүн макулдашат;
- тооруктун иретин жана тартибин камсыздоочу чараларды, ошондой эле ошол чараларды колдонуу тартибин жана шарттарын ишке ашырат;
- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык кызматташууну Фонд менен макулдашуу боюнча ишке ашырат;
- ижарага берилген мамлекеттик мүлктүн жана мамлекеттик имараттардын, жайлардын, курулмалардын жана жер участокторунун ижара келишимдерин эсепке алат;
- катталган ижара келишимдеринин маалымат базасын түзөт;
- ижара келишимдерин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу жарандарды кабарлайт;
- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча координациялык жана башка комиссияларды, жумушчу топторду түзөт жана алардын ишине катышат;
- мамлекеттик мүлктү (имараттарды, жайларды, курулмаларды жана жер участокторун) сарамжалдуу пайдаланууну контролдойт.
5. Мамлекеттик мекеменин укуктары жана милдеттери
11. Мамлекеттик мекеме мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул Жобо менен аныкталган өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик имараттарды, жайларды, курулмаларды жана жер участокторун ижарага берүү маселелеринде мамлекеттик органдар, уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттешүүнү ишке ашырууга;
- жалпы жана пайдалуу аянтын, баланстык наркын, санын тактоо үчүн мамлекеттик мүлктү (имараттарды, жайларды, курулмаларды жана жер участокторун) инвентаризациялоого;
- ыйгарым укуктуу органдын макулдугусуз ижарага берилип жаткан объекттерди табуу боюнча мамлекеттик органдарды, мекемелерди, ишканаларды текшерүү иш-чараларын белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;
- белгиленген тартипте ижара келишиминин шарттарында мамлекеттик имараттарды, жайларды, курулмаларды жана жер участокторун берүүгө;
- ижара төлөмдөрүнүн эсебин алууга, чогултууга жана төлөнгөндүгү боюнча контролдоого, ижара келишими боюнча төлөмдөрдү мажбурлап өндүрүү жөнүндө сотко доо берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга берилген мамлекеттик мүлктү (имараттарды, жайларды, курулмаларды жана жер участокторун) максаттуу пайдаланууну контролдоого;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, юридикалык жана жеке жактарга кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте сурап алууга;
- электрондук аукциондор жана тооруктар аркылуу мамлекеттик мүлктү (имараттарды, жайларды, курулмаларды жана жер участокторун) ижарага белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү камсыздоого;
- юридикалык жана жеке жактардан белгиленген тартипте накталай эмес жана накталай эсептешүү менен материалдык ресурстарды, мүлктөрдү, анын ичинен негизги каражаттарды сатып алууга;
- башка юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү, анын ичинен накталай эмес эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- кызматкерлерге кеңеш берүү, окутуу жана мамлекеттик мекеменин функцияларын жана башка максаттарды аткаруу үчүн келишимдик негизде адистерди белгиленген тартипте ишке тартууга;
- мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн чет өлкөлөргө жиберүүгө;
- эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
- коомдук кабылдама борборлорун жана колл-борборлорду түзүүгө;
- жарнама берүүгө;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга.
12. Мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүүнүн тартиби, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу маселелери Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
13. Мамлекеттик мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана мамлекеттик мүлктү (имараттарды, жайларды, курулмаларды жана жер участокторун) ижарага берүү процессин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды сактоого;
- оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктүн сакталышы боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн иш чөйрөсүндөгү теориялык жана практикалык билимин, ыкмасын жана көндүмдөрүн жаңылоо максатында мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин квалификациясын колдоого жана деңгээлин өз убагында жогорулатууга;
- башка жактарга белгиленген тартипте өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктү өз багыты боюнча пайдаланууну контролдоого;
- түзүлгөн келишимге ылайык өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга;
- жарандардын укугун жана эркиндигин бузууга жол бербөөгө;
- мамлекеттик мекемеде белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоого.
14. Мамлекеттик мекеменин кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырларды, анын ичинен мамлекеттик мекемеде иштөөнү токтоткондон кийин сактоого, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык милдеттерин аткарууда ага белгилүү болуп калган жарандардын жеке турмушун, ар-намысын козгогон маалыматтарды жашыруун сактоого жана алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого милдеттүү.
6. Мамлекеттик мекеменин ишин уюштуруу
15. Мамлекеттик мекемени Фонддун төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
16. Мамлекеттик мекеменин директору жүктөлгөн функциялык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
17. Мамлекеттик мекемеде директордун бир орун басарынын кызмат орду каралган. Мамлекеттик мекеменин директорунун орун басары директордун сунуштамасы боюнча Фонддун төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
18. Мамлекеттик мекеменин кызматчылары Фонддун төрагасы бекиткен кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык директор тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
19. Мамлекеттик мекеменин түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын Фонддун төрагасы бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 243 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Директордун, директордун орун басарынын милдеттерин Фонддун төрагасы бөлүштүрөт.
21. Мамлекеттик мекеменин директору:
- мамлекеттик мекемени башкарат жана мамлекеттик мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик мекеменин атынан ишеним катсыз чыгат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, уюмдарында жана мекемелеринде мамлекеттик мекеменин кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- мамлекеттик мекеменин иш пландарын, кирешелер жана чыгымдар сметасын, кызматкерлердин функциялык милдеттерин бекитет;
- Фонд менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мекеменин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
- мамлекеттик мекеменин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык үстөк белгилейт, кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- мамлекеттик мекеменин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жоболорун жана ички иш тартибин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык мамлекеттик мекеменин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 243 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Эсепке алуу, пландоо, отчет берүү
22. Мамлекеттик мекеме өз ишинин натыйжаларын бухгалтердик эсепке алат жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчетторду жүргүзөт.
23. Мамлекеттик мекеменин ишин Фонд контролдойт.
24. Мамлекеттик мекеме белгиленген тартипте финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчётту Фондго берет.
25. Мамлекеттик мекеме ички аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик мекеменин карамагында турган каражаттардын эсебинен ички аудит жүргүзөт.
8. Мамлекеттик мекеменин мүлкү
26. Мамлекеттик мекеменин мүлкү ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген.
27. Мүлктү сатуу, сатып алуу жана ижарага берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Фонд менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
28. Мамлекеттик мекеменин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртмө каражаттар, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы мамлекеттик мекеменин өз алдынча балансында көрсөтүлөт.
29. Мамлекеттик мекеменин мүлкүн төмөнкүдөй булактар түзөт:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- гранттар;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
9. Мамлекеттик мекемени кайра уюштуруу жана жоюу
30. Мамлекеттик мекемени кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ишке ашырылат.
31. Мамлекеттик мекеменин иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.