ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 243 «Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 10-майы № 243

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жобосунда:

11-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Фонддун борбордук аппаратынын жана анын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемесинин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын аныкталган штаттык санынын чегинде бекитет;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:

19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19. Мамлекеттик мекеменин түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын Фонддун төрагасы бекитет.";

21-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык үстөк белгилейт, кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;".

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 19-майындагы № 39 (3111) жарыяланды

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев