Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры № 695
Жазык-аткаруу ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелеринде:
- I главасында:
бешинчи абзацындагы "судьянын" деген сөз "тергөө судьясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
эскертүүдөгү "53" деген цифралар "77" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- III главасында:
1-пунктундагы "судьянын" деген сөз "тергөө судьясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктунун он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган төмөнкү кылмыштарды жасады деп айыпталуучулар: киши өлтүрүү (130-берене); ден соолукка оор зыян келтирүү (138-берененин 3-бөлүгү); айыкпас инфекциялык ооруну жуктуруу (149-берене); зордуктоо (161-берене); сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (162-берене); каракчылык (202-берене); терроризм актысы (239-берене); барымтага алуу (244-берене); куралдуу кошуундарды мыйзамсыз түзүү же ага катышуу (250-берене);";
- X главасынын төртүнчү абзацындагы "административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- XVII главасынын жыйырма экинчи абзацындагы "жана Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттиги" деген сөздөр алып салынсын;
- XX главасында:
үчүнчү абзацындагы "ушул ишти териштирүүнүн же тергөөнүн өткөрүлүшүн текшерген жогорку прокурорлорго же кызмат адамдарына" деген сөздөр "жогору турган прокурорлорго жана тергөөчүлөргө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Эскертүүнүн экинчи абзацындагы "алгачкы текшерүү жүргүзгөн" деген сөздөр "оперативдик издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Соттолгондорду жатак-абакка кабыл алуу үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын жалпы, катуу жана өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарынан (мындан ары - ТА) жатак-абакка которуу жөнүндө чечимдери, ошондой эле алардын же башка документтердин (башка жатак-абактардан которуу) негизинде таризделген ыйгарым укуктуу адам же аны алмаштырган адамдын колу коюлган тапшырма кагазы эсептелет.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелеринде:
- 2-тиркемеге эскертүүнүн 1-пунктундагы "9" деген цифра "10" деген цифралар менен алмаштырылсын.
4. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын каражаттарынын чегинде ишке ашырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |