Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-мартындагы № 154 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 695, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Жатак-абак түзөтүү мекемелеринин бир түрү болуп эсептелет, анда кайтарууга жана бөлүп камоого муктаж эмес соттолгондор кармалат, аларга карата жазалоо максаты көзөмөлдөө шарттарында жетишилиши мүмкүн.
2. Соттолгондорду жатак-абакка жиберүү жана кабыл алуу тартиби
2. Соттолгондорду жатак-абакка жиберүү жана кабыл алуу тартиби
3. Соттолгондорду жатак-абакка кабыл алуу үчүн негиз болуп түзөтүү абагынан (мындан ары - ТА) жатак-абакка которуу жөнүндө соттун чечими, ошондой эле алардын негизинде же башка документтердин (башка жатак-абактардан которуу) негизинде таризделген ыйгарым укуктуу адамдын же аны алмаштыруучу адамдын колу коюлган наряддар эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Соттолгондор жатак-абакта андан ары жаза өтөө үчүн жатак-абак жайгашкан жерге сөзсүз конвойдун коштоосунда жеткирилет.
Соттолгондорду ТМден, тергөө изоляторунан (мындан ары - ТИЗО) жатак-абакка конвой менен коштоп жеткирүү ушул мекемелердин же жатак-абактын кызматкерлеринин катардагы конвой же конвой бөлүмү тарабынын ишке ашырылат. Бардык жеткирилүүчү соттолгондорго өткөрүлө турган коштоо тизмеси түзүлөт, ал тизме мекемеде калат жана кабыл алуу, эсепке алуу, эркиндигинен ажыратылган соттолгондорду которуу, аларды абактан бошотуу маселелери жана соттун өкүмүн, аныктамасын жана токтомун аткарууга байланышкан башка маселелер боюнча жоопкерчилик тартат.
ТМден же ТИЗОдон соттолгондорду жатак-абакка конвой менен которуу Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун (мындан ары - ЖАТ) нарядын мекемелер алган күндөн баштап 3 сутканын ичинде ишке ашырылат.
5. Соттолгондорду кабыл алуу учурунда жатак-абактын кызматкерлери өздүк иштерди текшерип, алардын келген соттолгондорго таандыгын аныктайт, тиешелүү документтерди, наряддарды текшерет. Маалыматтарды тактоо бүткөндөн кийин жатак-абакка келген соттолгондор тинтүүгө алынат, алардын жеке буюмдары кароодон өткөрүлөт. Тыюу салынган буюмдар табылган учурда, алар белгиленген тартипте алынып, жатак-абактын начальнигинин чечими боюнча тиешелүү акт түзүлүп, сактоого өткөрүлөт же жок кылынат.
6. Толук тинтүүгө алынып, аларга таандык буюмдар каралгандан кийин соттолгондор 10 суткага чейин карантин бөлүмүнө жайгаштырылат.
Карантин бөлүмүндө болгон мезгилде соттолгондор мекеменин администрациясынын контролдоосу астында жатак-абактын аймагынын ичинде эркин жүрүү укугуна ээ болушат. Эгерде соттолгондор карантинде бекитилген бөлмөгө жайгаштырылса, аларга күнүнө 2 сааттан кем эмес сейилдөөгө чыгуу укугу берилет. Сейилдөө мекеменин начальниги бекиткен жатак-абактын күн тартибине ылайык берилет.
Соттолгон адам карантин бөлүмүндө жүргөн мезгилде анын мүнөзүнүн өзгөчүлүктөрү, билим деңгээли, кесиби, туугандары менен мамилеси алдын ала иликтенет, ошондой эле ден соолугунун абалы текшерилет жана санитардык-гигиеналык иш-чаралар жүргүзүлөт.
Жатак-абакка келген соттолгондордун өздүк иштери атайын бөлүк тарабынан текшерилет, өздүк иштеги сүрөтү, башка маалыматтары такталат жана соттолуучу карантин бөлүмүндө жүргөн мезгилде зарылчылыкка жараша жаңыртылат. Жатак-абактын администрациясы соттолгондун жазаны андан ары өтөөгө жатак-абакка келгендиги жөнүндө соттолгондун тандоосу (жазуу түрүндө арыз) боюнча туугандарынын бирине дароо билдирет. Билдирүү байланыштын каалаган түрү аркылуу, анын ичинде уюлдук телефондон да берилет.
Карантин бөлүмүндө болгон учурда соттолгондор Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде жана ушул Нускамада белгиленген жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары, өз укуктары жана милдеттери, түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери жана башка соттолгондор менен мамиле түзүү тартиби менен таанышат (сабак өткөрүлөт), жатак-абакта жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылаары жөнүндө эскертилет. Аларга мыйзамда каралган учурларда кызматкерлер тарабынан күч, курал жана атайын каражаттарды колдонуунун тартиби түшүндүрүлөт.
Мындан тышкары ар бир соттолгонго төмөндөгүлөрдүн:
- жолугушуунун, дем алыш жана майрам күндөрү жатак-абактын сыртына кыска мөөнөткө чыгуу;
- жумушка орношуунун жана эмгек акы алуунун;
- өз үй-бүлөсү менен жатак-абактын сыртында ижарага алган же менчик турак үйдө жашоонун;
- жогорку же кесиптик атайын орто окуу жайларында окуунун;
- жатак-абактын аймагында жана жатак-абак жайгашкан жери боюнча административдик-аймактык түзүлүштө жүрүүнүн;
- мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууга сунуштоонун тартиби жана шарттары түшүндүрүлөт.
7. Карантин бөлүмүндө соттолгондорго тарбиялык иштер окутуу, жатак-абактын кызматтарынын кызматкерлери менен маектешүү түрүндө өткөрүлөт, соттолгондорго китеп, газет, журналдарды окууга, борбордук жана жергиликтүү теле-радио берүүлөрдү угуп-көрүүгө мүмкүндүк берилет.
8. Карантин бөлүмүндө иштөө ушул Нускаманын 1-тиркемеси боюнча формада түзүлгөн карантин бөлүмүндө соттолгондорду окутуунун комплекстүү планына ылайык жүргүзүлөт. Комплекстүү планды жатак-абактын начальниги бекитет. Комплекстүү планды ишке ашырууга жатак-абактын бардык кызматтарынын кызматкерлери тартылат.
Соттолгондорду карантин бөлүмүндө окутуунун комплекстүү планынын иш-чараларын аткаруу жооптуу кызматкерлер тарабынан карантин бөлүмүнүн келип-кетүү журналына жазылат, ал ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык формада жүргүзүлөт. Журналды жүргүзүү жоопкерчилиги жатак-абактын атайын бөлүгүнө жүктөлөт.
Соттолгондорду карантин бөлүмүндө окутуунун комплекстүү планында каралган иш-чаралардын аткарылышын жатак-абактын начальниги контролдойт, ал комплекстүү планга ылайык жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча жатак-абактын өздүк курамы менен ай сайын кеңешме өткөрүп турат.
9. Соттолгондор карантин бөлүмүндө жаза өтөп жаткан мезгилде жатак-абактын администрациясы тарабынан соттолгондун өздүк ишиндеги маалыматтардын негизинде жатак-абакта жазасын өтөө мезгилинде соттолгон менен иштөөнүн жеке планы түзүлөт. Аталган планда төмөнкү иш-чаралар каралат:
а) жатак-абакка жайгаштыруу;
б) жумушка орноштуруу;
в) соттолгондун жатак-абактын чегинде жана чегинен сырткары жүрүүсү;
г) жасалган кылмышты эске алуу менен, жатак-абактан тышкары айрым жерлерде болууга жана барууга тыюу салынгандыгы жөнүндө эскертүү;
д) жасалган кылмыштан келтирилген зыянды четтетүү;
е) соттолгондун үй-бүлөсү менен жатак-абактан тышкары ижарага алган же жеке менчик үйүндө жашоо жөнүндө маселени кароо;
ж) эмгек акы албастан коомдук-пайдалуу жумуш аткаруусу;
з) тарбиялоо процессине соттолгондун туугандарын, мамлекеттик, коомдук жана диний уюмдардын өкүлдөрүн жана жана башка адамдарды тартуу.
Жатак-абакта жазаны өтөп жаткан мезгилде соттолгондор менен иштөөнүн жеке планында соттолгондун жеке сапаттарына, ага натыйжалуу тарбиялык таасир көрсөтүүнү, укук бузууларды көзөмөлдөөнү жана алдын алууну камсыздоочу жатак-абактын башка кызматтарынын сунуштарына жараша башка иш-чаралар да каралышы мүмкүн.
Жатак-абакта жаза өтөө мезгилинде соттолгондор менен иштөөнүн жеке планына жатак-абактын кызматкери жана соттолгон адам кол коюшат жана жатак-абактын начальниги тарабынан бекитилет.
Жатак-абактын начальнигинин чечими боюнча жатак-абактын кызматкерлеринин ичинен соттолгон менен иштөөнүн жеке планда каралган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча жооптуу адам дайындалат, ага ушул соттолгон адам менен тарбиялык иш жүргүзүү боюнча жеке жоопкерчилик жүктөлөт.
Жеке планга өзгөртүүлөрдү жана/же оңдоолорду киргизүү зарылчылыгы келип чыкса, ошол эле тартипте жатак-абактын начальниги тарабынан кайрадан бекитилет.
Соттолгон адам карантин бөлүмүндө болуунун акыркы күнү жатак-абактын администрациясынын окутуунун комплекстүү планында каралган иш-чаралар аткарылгандан кийин соттолуучу жаза өтөө режимин жана Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексин бузгандыгы үчүн тиешелүү жоопкерчилик тартаары жөнүндө ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык формада түзүлгөн тил кат берет.
3. Соттолгондорду жатак-абакка жайгаштыруу шарттары
10. Жатак-абакта соттолгондор өткөрмө режими орнотулган атайын жатаканаларда жашашат. Ал жакка башка адамдарга кирүүгө жатак-абактын администрациясынын уруксаты менен гана жол берилет.
Жатак-абакта соттолгон эркектер жана аялдар өз-өзүнчө бөлмөлөргө жайгаштырылат.
Соттолгондорду жатак-абактагы жатакананын бөлмөлөрүнө жайгаштыруу чечимин алардын жеке кулк-мүнөзүн, психологиялык төп келишин эске алуу менен жатак-абактын начальниги кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Жатак-абакта кармалган соттолгондорду материалдык-тиричилик жактан камсыздоо республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен ишке ашырылат жана анда:
- жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ченемдерге ылайык зарыл болгон турак жай жана коммуналдык-тиричилик шарттарын түзүү;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жатак-абакта жаза өтөө шарттары
12. Жатак-абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондор жарандык кийим кийишет, акча жана баалуу буюмдарга ээ болуп, акчаны чектөөсүз пайдалана алышат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин Ички тартип эрежелеринин талаптарын так аткарышат.
13. Жалпы жарандык паспорт жана идентификациялык карта (ID-карта) өздүк иште сакталат. Жатак-абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондордун өздүк ишинде паспорту болбогон учурда, администрация кызматкерлери паспортунун кайда экендигин же жоголгон жагдайларды такташат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Соттолгондор жатак-абактын аймагынын чегинде тургандан жатканга чейин эркин жүрүүгө укуктуу. Жатак-абактын аймагына өз аймагынан тышкары соттолгондор дайыма барып туруучу жатак-абакка жакын жайгашкан дүкөн, ашкана, мончо, чач тарач, медициналык мекеме, почта бөлүмү кирет. Ал жөнүндө алардын аталышы, дареги жана ал жакка барып-келүүгө 2 сааттан ашпаган мөөнөтү көрсөтүлүп, жатак-абактын начальниги тарабынан буйрук чыгарылат. Жатак-абактын начальниги тарабынан объектиге барып-келүү багыты жана болжолдуу убакыты бекитилет. Аталган объекттерге баруу көзөмөлсүз, мекеменин начальнигинин нөөмөт жардамчысынын (мындан ары - МННЖ) уруксаты менен гана ишке ашырылат, эгерде бул соттолгондор менен иштөөнүн жеке планында каралса. Мындан тышкары, соттолгондор түзөтүү мекемелерин жана ага чектешкен аймактарды акы төлөбөстөн көрктөндүрүү жумушуна, ошондой эле маданий-тиричилик шарттарын жакшыртууга тартылышы мүмкүн. Соттолгондор мындай ишке, эреже катары, кезектешүү тартибинде жумуш убактысынан тышкары жана бир аптада эки сааттан ашпаган убакытка чейин тартылат, ал соттолгондун каалоосу боюнча ал иш узартылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ушул Нускаманын 14-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерге барыш үчүн соттолгондорго ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык формада түзүлгөн өткөрмө жазып берилет.
16. Белгиленген тартипте берилген өткөрмө МННЖда сакталат, соттолгонго ушул Нускаманын 14-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерге барган учурда берилет жана барып келгенден кийин МННЖга кайтарылат. Соттолгондун ар бир кетиши жана келиши жөнүндө МННЖ тарабынан атайын журналга тиешелүү белги коюлат (убактысы көрсөтүлөт). Белгиленген мөөнөттө соттолгондун келбегендиги жөнүндө МННЖ тезинен жатак-абактын начальнигине кабарлайт жана соттолгондун жүргөн жерин аныктоо үчүн алдын ала иш-чараларды уюштуруу боюнча анын көрсөтмөсүнө ылайык иш жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Жатак-абактын администрациясынын уруксаты менен соттолгондор мекеменин сыртында, эгерде аткарган жумушунун мүнөзү боюнча же окуусуна байланыштуу, өргүүгө (дем алыш же майрам күндөрү), ошондой эле үй-бүлөсү менен ижарага алган же менчик үйүндө жашагандыгына байланыштуу зарыл болсо, көзөмөлсүз жүрө алышат. Соттолгондордун бул категориясына ушул Нускаманын 15-пункттунда каралган өткөрмөнүн ордуна ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү өздүк күбөлүк берилет.
18. Өздүк күбөлүк соттолгондун жатак-абакта жаза өтөп жатканын ырастоочу, көзөмөлсүз жүрүүгө, жатак-абактан тышкары үй-бүлөсү менен ижарага алган же менчик үйүндө жашоого уруксат берүүчү документ болуп эсептелет.
19. Соттолгондорго өздүк күбөлүк берүүдө өткөрмө алынат жана соттолуучунун өздүк ишинде сакталат.
20. Соттолгондорго өздүк күбөлүк берүүдө документти колдонуу жана аны сактоо тартиби жөнүндө нускама өткөрүлөт. Отряд начальниктери соттолгондордун өздүк күбөлүгүн мезгил-мезгили менен текшерип турууга милдеттүү.
21. Өткөрмөнү жана жеке күбөлүктү берүүнү эсепке алуу жатак-абакта жаза өтөп жаткан соттолгондорго өткөрмөлөрдү жана жеке күбөлүктөрдү берүүнү эсепке алуунун атайын журналында катталат, ал ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык формада жүргүзүлөт. Өткөрмөгө/жеке күбөлүккө атайын журналда каттоого ылайык номер коюлат.
22. Өргүүгө кеткен соттолгондордун өздүк күбөлүгү ал келгенден кийин, ал эми калган соттолгондордуку жатак-абактын аймагынан тышкары көзөмөлсүз жүрүү укугунан ажыратылса алып коюлат. Мындай учурда өздүк күбөлүктүн ордуна өткөрмө берилет.
23. Өздүк күбөлүк же өткөрмө жоголгон, бузулган учурда анын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн текшерилет. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жатак-абактын начальниги тарабынан тиешелүү чечим чыгарылат, күнөөлүү адамдар тартип жоопкерчилигине тартылат.
24. Күн тартибине ылайык жатак-абакта жашаган соттолгондорду күнүнө эки жолу: эртең менен жана кечинде жатак-абактын начальниги тарабынан белгиленген саатта текшерүү болот. Зарыл болгон учурларда сутканын каалаган мезгилинде кошумча текшерүү болушу мүмкүн. Соттолгондорду текшерүү күн сайын соттолгондорду эсепке алуу журналына жазылып турат.
25. Жатак-абактын начальнигинин токтому менен айрым кылмыш кылууга, жаза өтөөнүн тартибин бузууга (качууга, чыр-чатакка, спирт ичимдиктерин ичүүгө ж.б.) шыктуу соттолгондор жатак-абактын кызматкеринин рапорту же сунушу боюнча алдын алуучу эсепке алууга коюлат. Бул категориядагы адамдарды эсепке алуу үчүн ушул Нускаманын 7-тиркемесине ылайык формада жүргүзүлүүчү мекемеде алдын алуучу эсепте турган соттолгондорду эсепке алуу журналы, ушул Нускаманын 8-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн карточкалардан өзүнчө картотека жана ушул Нускаманын 9-тиркемесине ылайык формада толтурулуучу аларды күнү-түнү көзөмөлдөө журналы ачылат.
Журнал жана картотека жатак-абактын ыкчам кызматкери тарабынан толтурулуп, МННЖда сакталат, суткалык көзөмөлдөө журналын МННЖ жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Алдын алуучу эсепке алууда турган соттолгондорду эсепке алуу журналына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет: толук анкеталык маалыматтар (эркиндигинен ажыратылганга чейинки жашаган жери, соттолгондун туугандары жана башка байланыштары, алардын жашаган жеринин дареги, жатак-абактан качкан учурда барышы ыктымал болгон жер).
27. Соттолгондун карточкасында 3x4 өлчөмүндөгү фотосүрөт чапталып, толук анкеталык маалыматтар (эркиндигинен ажыратылганга чейинки жашаган жери, соттолгондун туугандары жана башка байланыштары, алардын жашаган жеринин дареги, жатак-абактан качкан учурда барышы ыктымал болгон жер) жазылат.
28. Алдын алуу эсепке алууга коюлган соттолгондорду суткалык көзөмөлдөө боюнча журнал МННЖ тарабынан күндүз ар бир 2 саатта, түнкүсүн 3 жолудан кем эмес толтурулат. Күндүзгү текшерүү соттолгондун жашаган же иштеген жерине баруу менен же МННЖнын чечими боюнча соттолгон адам белгиленген мөөнөттө нөөмөтчүнүн бөлмөсүнө келгенде жүргүзүлөт. Түнкүсүн текшерүү соттолгонду ойготпостон, уйкуда жаткан жеринде жүргүзүлөт.
29. Иштеген жерин таштай албаган соттолгондорду начальниктин чечими боюнча турган жеринде текшерсе болот.
30. Текшерүүнүн жыйынтыктарын МННЖ суткалык көзөмөл журналына жазып, нөөмөтүн өткөрөөрдө жатак-абактын начальнигине баяндайт, соттолгондун качканы аныкталган учурда анын көрсөтмөсүнө ылайык соттолгондун турган жерин аныктоого карата алдын ала иш-чараларды уюштуруу боюнча тезинен аракет көрө баштайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Үй-бүлөсү менен жашаган соттолгондорду текшерүү ар аптада алар белгиленген убакытта МННЖга каттоодон өтүү үчүн келүү жолу менен ишке ашырылат. Соттолгондор айына 4 жолудан кем эмес жатак-абакка каттоодон өтүү үчүн келиши керек.
Каттоо мезгилдүүлүгү соттолгондордун тобу же жеке ар бир соттолгон адам үчүн жатак-абактын начальнигинин токтому менен белгиленет. Ал токтом соттолгондун жүрүм-турумуна жана өндүрүштүк зарылчылыкка жараша, атап айтканда соттолгон тарабынан аткарылган иштин мүнөзү боюнча алмашуусу мүмкүн.
Соттолгондорду текшерүү ЖННЖ тарабынан күнүгө журналга белгилөө аркылуу жүргүзүлөт.
Текшерүүгө кечигип келген же жүйөлүү себептерсиз келбеген соттолгондорго Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган административдик жаза-чаралары колдонулат жана айып салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Соттолгон адам бир күндөн ашык жашаган же иштеген жеринде өз бетинче болбой калган учурунда, жок болгон күнүн жаза өтөө мөөнөтүнө эсептебөө жөнүндө жатак-абактын администрациясы сотко сунуш киргизет.
33. Жатак-абакта жаза өтөп жаткан соттолгондорго, анын ичинде жатак-абактан тышкары, бирок анын чек арасынын чегинде жашаган соттолгондорго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелери менен белгиленген тизмедеги предметтерди, буюмдарды жана заттарды жашаган бөлмөсүнө, иштеген же барган жерине алып келүүгө, колдонууга жана сактоого тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
34. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
35. Жатак-абакта жазасын өтөп жаткан соттолгондор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартип жана материалдык жактан жоопкерчилик тартышат.
5. Соттолгондорго жатак-абактын аймагынан тышкары жашоого укук берүү шарттары
36. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Нускамада белгиленген тартипте жатак-абакта жаза өтөп жаткан соттолгондорго жатак-абактын аймагынан тышкары, бирок административдик-аймактык түзүлүштүн чегинде жашоого уруксат берилет.
37. Соттолгондорго жатак-абактын аймагынан тышкары, бирок анын чегинде жашоого төмөнкү учурларда:
- үй-бүлөсү менен ижарага алган же өз үйүндө;
- жумуш орундарын берүү жөнүндө чарбакер субъект менен жатак-абактын жетекчилеринин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жумуш берүүчү тарабынан камсыздалган турак-жайда жашоого жол берилет.
38. Соттолгондорго жатак-абактын аймагынан тышкары, бирок анын чегинде (административдик-аймактык түзүлүштө) үй-бүлөсү менен ижарага алган же өз үйүндө жашоого укук бериш үчүн төмөнкүлөр керек:
а) тартип жазасынын жоктугу жана туруктуу иштеген ордунун болуусу;
б) отряд начальнигинин оң мүнөздөмөсү, ушул маселе боюнча пикири жана соттолгондун жазуу жүзүндөгү макулдугу;
в) соттолгондун өзү менен жашай турган жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн өтүнүчү. Ал өтүнүчкө жашай турган турак жайдын тиешелүүлүгүн ырастаган, ал жерде бул үй-бүлөнүн жашай турганын, тууганчылыгын ырастаган жеке документтеринин (паспорт, аскердик билет, туулгандыгы, нике тууралуу күбөлүк ж.б.) көчүрмөсү тиркелет;
г) ушул Нускаманын 10-тиркемесине ылайык формада түзүлгөн, соттолгондун жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн тарбиялык иштер боюнча иш-чараларга катышууга жана жатак-абактын администрациясы менен кызматташууга макулдугу (10-тиркеме);
д) көрсөтүлгөн дарек боюнча соттолгондун жашаган жериндеги коңшуларынын пикири, мында алардын соттолгондор менен тарбиялык иштер боюнча иш-чараларга катышууга жана жатак-абактын администрациясы менен кызматташууга макулдугу көрсөтүлөт;
е) аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын (кварталдык жана үй комитеттери, ошондой эле жергиликтүү шарттарга жараша бул аймактын жашоочулары тарабынан түзүлгөн башка уюмдар) соттолгондун аталган даректе жашоо маселеси боюнча жазуу жүзүндөгү пикирлери, ошондой эле алардын соттолгонду коомдук-пайдалуу акысыз жумушка тартуу үчүн объектти аныктоо жана жумуштун аткарылышын контролдоону ишке ашыруу жөнүндө сунушу.
Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын пикири жатак-абактын администрациясы тарабынан расмий суралат;
ж) турак жай турган жердеги милициянын участкалык инспекторунан соттолгонго мүнөздөмө. Участкалык инспектордун мүнөздөмөсүндө үй-бүлөсүнүн соттолгондун түзөлүшүнө таасир көрсөтүшү, тарбиялоо иш-чараларын ишке ашырууга үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле бул маселе боюнча пикири көрсөтүлөт. Мындан тышкары милициянын участкалык инспекторлору соттолгондорго биргелешкен текшерүүнү жана көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн соттолгондордун жашаган жеринен тышкары жүрүшүн, убактысын чектөө боюнча сунуш киргизе алышат.
Мүнөздөмө жатак-абактын администрациясы тарабынан расмий суралат. Зарылдыгына жараша мүнөздөмө мезгил-мезгили менен суралып турушу мүмкүн;
з) жатак-абактын администрациясынын соттолгондун жашаган жеринин, өзүнчө уктоочу бөлмөсүнүн болушу, жарандык карым-катнаштан тартылып алынган буюмдардын, ошондой эле курал-жарак, спирт ичимдиктеринин ж.б. жоктугун текшергендиги тууралуу акты.
Жатак-абактын аймагынан тышкары үй-бүлөсү менен ижарага алган турак жай аянтында жашаган соттолгонго бир айлык мөөнөт берилет, андан соң жатак-абактын администрациясына соттолгонго карата аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын жазуу түрүндөгү пикири, милициянын участкалык инспекторунун мүнөздөмөсү, коңшуларынын пикири берилет.
39. 38-пунктта көрсөтүлгөн документтерди чогултуу отряд начальнигине жүктөлөт. Документтерди чогултуу үчүн жооптуу адам аларды изилдеп чыгып, үч күндүн ичинде жатак-абактын администрациясынын карап чыгуусуна сунуштайт. Соттолгондорго жатак-абактан тышкары үй-бүлөсү менен ижарага алган же өз үйүндө жашоого укук берүү маселеси боюнча материалдарды кароо учурунда администрация тарабынан соттолгондордун бул тууралуу өтүнгөн жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле зарылчылыкка жараша жатак-абактан тышкары жашоо мезгилинде соттолгонго оң таасир көрсөтө алган башка адамдар чакырылышы мүмкүн.
40. Берилген материалдарды карап чыгып, жатак-абактын комиссиясы соттолгондорго жатак-абактан тышкары үй-бүлөсү менен ижарага алган же өз үйүндө жашоого укук берүү же баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат. Комиссиянын чечими протокол түрүндө түзүлөт жана комиссиянын катчысы кол коет. Протоколдо жыйынга катышкан адамдардын аты-жөнү, айткан пикирлери сөзсүз түрдө жазылат.
41. Жатак-абактын администрациясынын чечиминин негизинде соттолгондорго жатак-абак аймагынан тышкары үй-бүлөсү менен жашоого укук берүү жөнүндө токтом даярдалат, ал ушул Нускаманын 11-тиркемесине ылайык формада түзүлөт.
42. Жатак-абактын администрациясынын соттолгонго жатак-абак аймагынан тышкары үй-бүлөсү менен жашоого укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими соттолгонго жана анын өтүнгөн туугандарына билдирилет. Баш тартуу жөнүндө чечим тиркелген документтер менен соттолгондун өздүк ишине көктөлөт.
43. Жатак-абактын администрациясынын соттолгонго жатак-абак аймагынан тышкары үй-бүлөсү менен жашоого укук берүү же баш тартуу жөнүндө чечими белгиленген тартипте жогору турган органга даттанууга жиберилсе болот.
44. Соттолгонго жатак-абактын аймагынан тышкары үй-бүлөсү менен жашоо маселеси оң жагына чечилген учурда, жатак-абактын начальниги соттолгонду контролдоо жана көзөмөлдөө, аны менен тарбиялык иштерди жүргүзүү боюнча иш-чараларды бекитүү жөнүндө буйрук чыгарат. Буйрукта ошондой эле төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- соттолгонду контролдоо жана көзөмөлдөө, тарбиялык иштерди жүргүзүү боюнча иш-чараларды аткарууга жооптуу адам;
- соттолгонду текшерүүнүн мезгилдүүлүгү жана убактысы, анын ичинде жашаган жана иштеген жери боюнча (жашаган жери боюнча түнкү текшерүү саат 22.00ден - 6.00га чейин чогуу жашаган бардык жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн макулдугу менен ишке ашырылат);
- соттолгондун жашаган жана иштеген жеринен тышкары жүргөн жерин жана убактысын, кыймылын чектөө;
- соттолгондун коомдук-пайдалуу иштерди аткарышы боюнча иш-чаралар.
45. Соттолгондорду контролдоо жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруу, жооптуу адамдан башка соттолгондор менен тарбиялык иштерди жүргүзүү боюнча иш-чараларды бекитүү жөнүндө буйрук милдеттүү түрдө соттолгонго, үй-бүлө мүчөлөрүнө жана башка адамдарга жеткирилет.
46. Соттолгон жатак-абактын аймагынан тышкары жашоо тартибин бузса, буйруктарда жана тарбиялык иштердин планында көрсөтүлгөн тарбиялык иш-чараларды аткарбаса, жашаган жери боюнча коңшулар арызданса же милициянын участкалык инспектору терс мүнөздөмө берсе, үй-бүлө мүчөлөрү соттолгондорду контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча жатак-абактын администрациясы менен кызматташуудан жана тарбиялык иштер боюнча иш-чараларга катышуудан баш тартса, ошондой эле карап чыгууну талап кылган башка негиздер боюнча жооптуу адам жатак-абактын администрациясынын кароосуна соттолгондун үй-бүлөсү менен жатак-абактан аймагынан тышкары жашоо укугунан ажыратуу жөнүндө өтүнүч киргизет.
47. Жаза өтөөнүн белгиленген режимин одоно бузгандыгы, (спирт ичимдиктерин ичүү, текшерүүдө жок болуу ж.б.), коомдук тартипти бузгандыгы, тыюу салынган жерлерге баргандыгы, анын ичинде административдик-аймактык түзүлүштүн чегинен чыгып кетиши, иштеген жерине себепсиз барбагандыгы, ошондой эле токтоосуз бөлүп камоону талап кылган башка учурларда, тартиптик жаза колдонуу жана үй-бүлөсү менен жатак-абактын аймагынан тышкары жашоо укугунан ажыратуу жөнүндө маселени чечүү үчүн соттолгон адам кармалууга жана жатак-абакка алынып келүүгө жатат.
48. Жатак-абактын жана чарбакер субъекттин жетекчилеринин ортосундагы жумуш орундарын берүү жөнүндө түзүлгөн келишимге ылайык жумуш берүүчү тарабынан камсыздалган жатак-абактын аймагынан тышкары турак жайда соттолгондун жашоосу эки тараптын жетекчилери менен макулдашылат.
6. Жатак-абакта жаза өтөп жаткан соттолгондорду эмгекке тартуу
49. Жатак-абакта жаза өтөп жаткан ар бир соттолгон адам жатак-абактын администрациясы белгилеген жайларда жумушта иштөөгө милдеттүү. Жатак-абактын администрациясы соттолгондордун жынысына, жашына, эмгекке жарамдуулугуна, ден соолугунун абалына жана мүмкүн болушунча кесибине жараша эмгекке тартууга милдеттүү.
50. Соттолгондун жумушта иштөөдөн баш тартуусу же токтотуп коюусу жаза мөөнөтүн өтөөнүн белгиленген тартибин бузуу болуп эсептелет жана жаза чараларын колдонууга же материалдык жоопкерчилик тартууга дуушар кылышы мүмкүн. Соттолгондун жумушта иштөөдөн баш тартуусунун же токтотуп коюусунун себебин такташ үчүн жатак-абактын администрациясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча жатак-абактын начальниги тарабынан тиешелүү чечим чыгарылат.
51. Жатак-абакта жаза өтөп жаткан соттолгондор эмгекке тартылат:
- жатак-абактын өз өндүрүшүндө, ишканасында, анын ичинде көмөкчү чарбасында жана айыл-чарба багытындагы талааларда (мындан ары - өз өндүрүшү);
- ЖАТ ишканаларында, өндүрүштүк бирикмелеринде жана мекемелеринде, анын ичинде көмөкчү чарбасында жана айыл-чарба багытында талааларда (мындан ары - ЖАТ ишканалары);
- ЖАТ кирбеген башка-чарбалык субъекттердин ишканаларында (мамлекеттик, жеке ишканалар, дыйкан жана көмөкчү чарбалар), анын ичинде жатак-абактын аймагынан тышкары жайгашкан (мындан ары - чарбакер субъекттердин ишканалары).
Соттолгондор ошондой эле жеке өз алдынча эмгектенүүгө укуктуу.
52. Соттолгондорду ЖАТ жана чарбакер субъекттердин ишканаларына эмгекке тартуу тиешелүү көзөмөлдү жана контролдоону камсыз кылган учурда гана жүргүзүлөт, буга эгерде соттолгон адам жатак-абактын жатаканасында жашап, көзөмөлсүз жүрүүгө же үй-бүлөсү менен өз үйүндө же ижарага алган турак жайда жашоого укугу бар учурлар кирбейт.
53. Соттолгондордун ишканаларда эмгектенүүсү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамы, ишканалардын ченемдик актылары жана ушул Нускама менен жөнгө салынат.
54. Соттолгонду жумушка орноштуруу типтүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Жатак-абактын же ЖАТтын өз өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн жаратылыш кырсыктарын жоюу, Кыргыз Республикасынын улуттук жана мамлекеттик программаларын, ЖАТ жетекчисинин же анын орун басарынын тапшырмаларын аткарууга соттолгондордун жынысын, жашын, эмгекке жарамдуулугун, ден соолугунун абалын, адистигин эске алуу менен жатак-абактын начальнигинин буйругу менен соттолгондун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз эмгекке тартылышат.
55. Соттолгондорду эмгекке тартуу учурунда алар жатак-абактын жатаканасында, же үй-бүлөсү менен өз үйүндө же ижарага алган турак жайда, ошондой эле ЖАТ жана чарбакер субъекттердин ишканаларынын жумуш орундарын камсыздоо жөнүндө түзүлгөн келишимге ылайык берилген турак жайларда жашаса болот.
56. Соттолгондорду жатак-абактын өз өндүрүшүндө эмгекке тартуу жатак-абактын начальнигинин буйругу менен жүргүзүлөт, анда жумушка алуунун негизи: "соттолгондун арызы", "өндүрүштүк же башка зарылчылыкка байланыштуу"; жашаган жери, тарбиялоо иштери боюнча иш-чараларга байланышкан башка маалыматтар, соттолгондорго карата чектөөлөр жана алардын негизги милдеттери көрсөтүлөт.
57. Соттолгондор ЖАТ ишканаларына жумушка орношуу үчүн жумуш орду менен камсыздоо жөнүндө жатак-абактын начальнигинин өзүнчө буйругуна ылайык жөнөтүлөт, анда милдеттүү түрдө жумушка жөнөтүүнүн негизи: "соттолгондун арызы", "өндүрүштүк же башка зарылчылыкка байланыштуу", соттолгондун жашаган жери, тарбиялоо боюнча иш-чараларга байланышкан башка маалыматтар, соттолгондорду чектөөлөр жана алардын негизги милдеттери (жаза мөөнөтүнүн башталышы, аякташы, жатак-абакка качан келгени, мөөнөтүнөн мурда-шарттуу бошонуу мөөнөтү) көрсөтүлөт. Соттолгон адам жумуш берүүчү тарабынан берилген турак жайда жашоо менен жумушка орношуу үчүн жиберилген учурда ал белгиленген убакытка жиберилет, соттолгондун иштеген жана жашаган жеринде контролдоо жана көзөмөлдөө жана тарбиялык иштерди жүргүзүү үчүн жооптуу адамдар дайындалат.
58. Соттолгондор чарбакер субъекттердин ишканаларына жумуш менен камсыздоо жөнүндө түзүлгөн келишимге ылайык соттолгондун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жатак-абактын жетекчисинин өзүнчө буйругунун негизинде жиберилет. Буйрукта милдеттүү түрдө жумуш менен камсыздоо жөнүндө түзүлгөн келишимдин маалыматтары, соттолгондун жашаган жери, тарбиялоо боюнча иш-чараларга байланышкан башка маалыматтар, соттолгондорго карата чектөөлөр жана алардын негизги милдеттери, ошондой эле соттолгон жөнүндө маалыматтар (жаза мөөнөтүнүн башталышы, аякташы, жатак-абакка качан келгени, мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошонуу мөөнөтү) көрсөтүлөт. Соттолгондор жумуш берүүчү тарабынан берилген турак жайда жашоо менен иштегенге жиберилген учурда, алар белгиленген мөөнөткө иштешет, мында соттолгондорду жашаган жана иштеген жери боюнча контролдоочу жана көзөмөлдөөчү, тарбиялоо иш-чараларын аткаруучу жооптуу адам дайындалат.
59. ЖАТ жана чарбакер субъекттердин ишканаларынын жетекчилери соттолгондорду ишке кабыл алууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, жатак-абактын начальнигинин буйруктарынын негизинде жана соттолгондун өздүк күбөлүгүнө ылайык жүргүзүшөт. Көзөмөлсүз жүрүүгө укугу жок соттолгондордун өздүк күбөлүгү жумушка орношууга байланышкан документтери даярдалып бүткөндөн кийин көзөмөл боюнча жооптуу адам тарабынан алып коюлат, атайын бөлүккө өздүк ишке тиркеш үчүн өткөрүлөт.
60. ЖАТтын жана чарбакер субъекттердин ишканаларында жумуштан бошотууга, башка жерге которууга, өргүүнүн бардык түрүн берүүгө, иш сапарына жөнөтүүгө жатак-абактын администрациясынын макулдугусуз жол берилбейт.
61. Жатак-абактарда жаза өтөп жаткан соттолгондорду жумуш менен камсыздоо жөнүндө түзүлгөн келишимге ылайык тиешелүү ишканаларга жумушка орноштуруу жөнүндө буйруктар расмий түрдө жиберилет. Жатак-абактын начальнигинин буйругуна толтурулган, жатак-абактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кадрлар эсеби боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен) өздүк ишинде эмгек китепчеси жана башка керектүү документтер болгон учурда тиркелет, бул документтер соттолгонго жатак-абактын администрациянын макулдугусуз берилбеши көрсөтүлөт.
62. Соттолгондун иштегендиги үчүн эмгек акысы соттун чечимине ылайык (алимент, доону жоюу ж.б.) башка эсептерге которууга жатпаган ошондой эле жатак-абактын эсебине которулуучу каражаттарды кошпогондо соттолгонго накталай берилет же анын банктык эсебине которулат. Ошол эле учурда ЖАТтын, чарбакер субъекттин ишканасынын администрациясы эсептелген эмгек акынын суммасы, иштеген жумуш сааты жана күнү, иштебеген күндөрү, кечиккени, тартип бузуулары жөнүндө жана түзүлгөн келишимде каралган башка маалыматтарды жатак-абактын администрациясынын бухгалтериясына берет.
63. Соттолгон адамдын эмгек акысынан жатак-абакка келген күндөн баштап тамак-ашына, кийим жана коммуналдык-тиричилик кызматы менен камсыздоого, туугандары менен байланыш түзгөндүгүнө, жашаган жеринде жана жумушта жок болгон учурда турган жерин аныктоого кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык ай сайын 20% өлчөмүндө мекеменин банк эсебине которуу менен кармалат.
64. Жумуш орундарын берүү жөнүндө келишимдер жатак-абактын администрациясы менен ЖАТ ишканасынын же чарбакер субъектинин ортосунда жазуу жүзүндө тараптардын биринин сунушу боюнча түзүлөт.
Келишимге жатак-абактын начальниги жана ЖАТ же чарбакер субъект ишканаларынын жетекчиси кол коюп, тараптардын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Ушул Нускаманын 12-тиркемесине ылайык формада түзүлгөн келишим жатак-абактын начальнигине соттолгонду жумушка орноштуруу үчүн ал ишканага жиберүү укугун берген бирден-бир документ болуп эсептелет.
65. Жумуш ордун берүү жөнүндө типтүү келишимдин жоболорун өзгөртүүгө жол берилбейт.
66. Жатак-абакта жаза өтөп жаткан соттолгондор жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жана жатак-абактын администрациясынын уруксаты менен жеке эмгек иши менен иштөөгө укуктуу.
67. Соттолгондун жеке эмгек иши менен иштешине соттолгондун өздүк ишинде зарыл документтери (паспорт, аскердик билет, айдоочулук күбөлүгү ж.б.) болсо, белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш аткаруу укугунан ажыратуу жөнүндө соттун чечими болбосо, ошондой эле жатак-абактын администрациясы ушул эмгек иши менен иштөө соттолгонго терс таасир тийгизбейт жана тарбиялоо иштери боюнча иш-чараларга каршы келбейт деп ишенсе жол берилет.
68. Жеке эмгек иши менен иштеген соттолгондор, ошондой эле пенсия алуучу соттолгондор жатак-абакка келген күндөн баштап аларды кармоого кеткен чыгымдардын ордун (тамак-аштын, кийим-кеченин жана коммуналдык-тиричилик кызмат көрсөтүүсүнүн наркы, ага атайын тамак-аштын жана атайын кийим-кеченин наркы кирбейт) ай сайын, чыныгы сарптоолордун чегинде көрсөтүлгөн сумманы жатак-абактын банк эсебине которуу жолу менен толтурат, ал жөнүндө жатак-абактын бухгалтериясына ырастоочу документти берет.
69. Жеке эмгек иши менен иштөөгө патент алуу, керектүү документтерин тариздөө үчүн соттолгондорго өздүк ишиндеги жеке документтери убактылуу берилиши мүмкүн. Жеке документтерин белгиленген убакытка алган соттолгондор жатак-абактын администрациясынын көзөмөлү алдында гана бир жерден экинчи жерге жөнөтүлөт.
70. Жеке эмгек иши менен иштеген учурда зарылчылык болсо соттолгондорго өздүк ишинде сакталган айдоочулук күбөлүгү, билими жөнүндө диплому жана сертификаттары ж.б. берилиши мүмкүн. Аталган документтерди алган учурда соттолгондор тил кат жазып беришет.
71. Жатак-абак жайгашкан жердеги административдик-аймактык түзүлүштүн тиешелүү органдарында соттолгонго чейин туруктуу жашаган жана катталган, ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери (паспорт, аскердик билети ж.б.) жок соттолгондордун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жатак-абактын администрациясы тарабынан ал документтерди калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлөт. Ким экендигин ырастоочу документтерди калыбына келтирүүнү жатак-абактын жооптуу кызматкеринин көзөмөлү алдында соттолгондор өздөрү ишке ашырат. Калыбына келтирилген документтер соттолгондордун өздүк ишинде сакталып, ушул Нускамада каралган учурларда аларга берилет.
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө Нускамага 1-тиркеме |
|
| Бекитемин N ___ мекеменин начальниги ______________ 201_-жылдын "__" _________ |
Карантин бөлүмүндө соттолгондор менен иштөөнүн БОЛЖОЛДУУ КОМПЛЕКСТҮҮ ПЛАНЫ
N | Теманын аталышы | Сааттардын саны | Жооптуулар |
1 | Соттолгондорду карантин бөлүмүнө кабыл алуу. Соттолгондорду карантин бөлүмүнө жайгаштырууда материалдык-тиричилик жактан шарт түзүү. Соттолгондор менен таанышуу маеги. Жатак-абактын кызматкерлери менен таанышуу |
|
|
2 | Жаза өтөө тартиби жана шарттары, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде жана ушул Нускамада белгиленген өздөрүнүн милдеттери жана укуктары, түзөтүү мекемелеринин администрациясы жана башка соттолгондор менен өз ара мамиленин тартиби менен таанышуу. Жатак-абакта жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертүү | ||
3 | Туугандары менен жолугушуунун, дем алыш жана майрам күндөрү жатак-абактын чегинен сырткары кыска мөөнөткө чыгуунун (бошотуунун) тартибин жана шарттарын түшүндүрүү |
|
|
4 | Жумушка орношуунун жана эмгек акы төлөөнүн тартибин жана шарттарын түшүндүрүү |
|
|
5 | Жатак-абактан тышкары үй-бүлөсү менен өз үйүндө же ижарага алынган турак жайда жашоо тартибин жана шарттарын түшүндүрүү |
|
|
6 | Административдик-аймактык түзүлүштүн чегинде жайгашкан жогорку жана кесиптик орто окуу жайларында сырттан окуунун тартибин жана шарттарын түшүндүрүү |
|
|
7 | Жатак-абактын жана административдик-аймактык түзүлүштүн чегинде бир орундан экинчи жерге баруунун тартибин жана шарттарын түшүндүрүү |
|
|
8 | Мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга сунуштоонун тартибин жана шарттарын түшүндүрүү |
|
|
Эскертүү: Карантин бөлүмүндө соттолгондор менен иштөөнүн комплекстүү планында башка тематика да каралышы мүмкүн (дене тарбия, жайгашкан жерин тазалоо, гигиеналык иш-чаралар, маданий-массалык иштер (теле берүүлөрүн көрүү, адабият окуу, спорттук иш-чараларды өткөрүү ж.б.).
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза мөөнөтүн өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө Нускамага 2-тиркеме |
Карантин бөлүмүндө соттолгондор менен иштөөнүн комплекстүү планына ылайык жооптуу кызматкерлердин карантин бөлүмүнө келип-кетүү ЖУРНАЛЫ
N | Кызматы, аты-жөнү, колу, айы, жылы, убактысы | Келип-кетүүнүн максаты жана соттолгондор менен жүргүзүлгөн иштер | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: Журнал жатак-абактын атайын бөлүгүндө сакталат. Журналга комплекстүү планга ылайык жооптуу кызматкерлер тарабынан белгилер коюлат.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза мөөнөтүн өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө Нускамага 3-тиркеме |
Форма
Өздүк ишке тигилет
ТИЛ КАТ
Мен төмөндө кол коюучу соттолгон __ (аты-жөнү) Ушул тил катты бергенимдин себеби, карантин бөлүмүндө жүргөн мезгилде мага комплекстүү пландын алкагында N ___ жатак-абакта болуу тартиби түшүндүрүлдү. Жеке иш планда каралган иш-чараларды аткарууга милдеттенем. Мага төмөнкүлөр эскертилди:
а) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 50-беренесине ылайык жаза өтөөнүн белгиленген тартибин одоно бузгандар жатак-абактан сот тарабынан мурда аныкталган тартиптеги түзөтүү мекемесине которулушу мүмкүн;
б) эгерде кылган аракеттерим Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин төмөндө көрсөтүлгөн беренелерине дал келсе, жоопкерчиликке тартыларымды билдим:
- 233-берене - массалык тартипсиздиктер;
- 336-берене - эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу;
- 337-берене - эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн баш тартуу;
- 345-берене - жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин кадыресе ишине тоскоолдук келтирүү;
в) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 74-беренесине ылайык материалдык жоопкерчилик тууралуу.
Ушул тил кат өз колум менен жазылды.
201_-жылы "__" _________________________
(соттолгондун колу)
Тил катты алган адам ___________________________ _______
(кызматы, наамы, аты-жөнү) (колу)
201_-жылы "__" ________
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө Нускамага 4-тиркеме |
Өткөрмөнүн алдыңкы бети Өткөрмөнүн АРТКЫ БЕТИ
Өткөрмөнүн алдыңкы бети |
| Өткөрмөнүн арткы бети | ||
| Соттолгондун N ___ ӨТКӨРМӨСҮ Сүрөт орду 3x4 Фамилиясы Аты Атасынын аты Жаза өтөө орду ______________________________________ (нөөмөтчүнүн дареги, телефону) 201_-жылдын "__" _______ чейин жарактуу N ___ мекеменин начальниги ___________ __________________ _______________ (наамы) (колу, мөөрү) (аты-жөнү) 201_-жылдын "__" ________ 201_-жылдын "__" ________ чейин узартылды Өткөрмөнү колдонуу эрежелери: 1. Өткөрмө белгиленген маршруттун чегинде гана жарактуу (арткы бетинде көрсөтүлгөн). 2. Өткөрмөнү башка адамга берсе, маршрутту бузса, өткөрмөдө көрсөтүлгөн убакытта келбесе, кечиксе же өткөрмөнү жоготсо күнөлүүлөр жоопко тартылат. Өткөрмөнү пайдалануу эрежеси мага түшүндүрүлдү. Айы күнү жылы колу | 1. N ___ мекеменин администрациясынын уруксаты менен мекеменин чегинде жайгашкан объекттерге тургандан жатканга чейин барууга укуктуу: 1.2 (объекттин аталышы, дареги, баруу убактысы саат ____ден ____ чейин) 1.3 _____________________________ 1.4 _____________________________ 1.5 _____________________________ 1.6 _____________________________ 1.7 _____________________________ 2. Жүрүү маршрутун жана келүүнүн белгиленген убакытын бузгандыгы аныкталса соттолгон адам кармалууга тийиш, ал жөнүндө N ___ абактын начальнигинин нөөмөт жардамчысына ____ телефону аркылуу кабарланат. 3. Соттолгон адам коомдук тартипти бузгандыгы же башка укук бузгандыгы үчүн кармалса, ал жөнүндө N ___ абактын нөөмөт жардамчысына ____ телефону аркылуу же ЖАТ нөөмөт бөлүгүнө ____ телефону аркылуу кабарлоо зарыл. 4. Өткөрмө таап алсаңыз __________ дареги боюнча мекеменин администрациясына же аймактык ички иштер органынын нөөмөт бөлүгүнө тапшырууңузду суранабыз | ||
Эскертүү:
1. Өткөрмө картондон 9x6 см өлчөмүндө жасалат.
2. Жүрүү маршруту өзгөрүлгөн учурда өткөрмө алмаштырылат.
3. Соттолгон адамга белгиленген үлгүдөгү өздүк күбөлүк берилсе (5-тиркемеде), өткөрмө алынат жана соттолгон адамдын өздүк ишинде сакталат.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө Нускамага 5-тиркеме |
Өздүк күбөлүктүн мукабасы
| Өздүк КҮБӨЛҮК |
Эскертүү: Күбөлүктүн мукабасы боз түстөгү ледеринден жасалат. Ачылып турган күбөлүктүн өлчөмү 6,5x20 см болот.
Өздүк күбөлүктүн ички бети
N ___ мекеме Соттолгондун күбөлүгү N ___ Сүрөт орду 3x4 Фамилиясы _________________ Аты _____________________ Атасынын аты ________________ Жаза өтөө орду _____________________ (нөөмөт бөлүмүнүн дареги, телефону) 201_-жылдын "__" _________ чейин жарактуу Начальник _________ _______________________ (наамы) (колу, мөөрү, аты-жөнү) 201_-жылдын "__" _______ 201_-жылдын "__" _______ чейин узартылды | Иштеген орду _____________ Жашаган жери _____________ Өзгөчө белгилер ______________ КӨҢҮЛ БУРГУЛА 1. Жүрүү маршрутун жана жашаган жеринен сыртта болуунун белгиленген убакытын бузгандыгы аныкталса соттолгон адам кармалууга тийиш, ал жөнүндө мекеменин начальнигинин нөөмөт жардамчысына же Кыргыз Республикасынын ЖАТынын нөөмөт бөлүгүнө _____ телефону аркылуу билдирилет. 2. Соттолгон адам коомдук тартипти бузгандыгы үчүн же башка укук бузуулар менен кармалса, ал жөнүндө мекеменин начальнигинин нөөмөт жардамчысына же Кыргыз Республикасынын ЖАТынын нөөмөт бөлүгүнө ______ телефону аркылуу кабарлоо зарыл. 3. Күбөлүктү таап алган учурда __________ дареги боюнча мекеменин администрациясына же аймактык ички иштер органынын нөөмөт бөлүгүнө тапшырууңузду суранабыз. Күбөлүктү пайдалануу эрежеси менен тааныштым.
Күнү __________ Колу ____________ |
Эскертүү: "Өзгөчө белгилер" графасында жашаган, турган жеринен
мүмкүн болгон тышкары чыгуу убактысы, барганга тыюу салынган жерлер,
ошондой эле көзөмөлсүз эркин жүрө турган аймактын чеги жөнүндө жазылат. Жазуу абактын начальниги тарабынан күбөлөндүрүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө Нускамага 6-тиркеме |
Форма
N ____ мекемеде жаза өтөөчү соттолгондорго өткөрмөлөрдү жана өздүк күбөлүктөрдү берүүнүн эсебин алуучу АТАЙЫН ЖУРНАЛ
Күбөлүктүн N | Берилген күнү | Жарактуулук мөөнөтү | Кимге берилген, аты-жөнү | Жашаган жери | Иштеген жери | Алгандыгы тууралуу колу | Өткөрүп бергендиги тууралуу белги | Жок кылынгандыгы тууралуу белги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: Журналды баштоо алдында анын ар бир барагына номер коюу, боо өткөрүп бекитүү, кол коюп, мөөр менен күбөлөндүрүү керек.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө Нускамага 7-тиркеме |
Форма
Мекемеде алдын алуучу эсепке алууда турган соттолгондорду эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
N | Аты-жөнү | Эсепке алуу күнү | Иш-чаралардын аталышы | Ким өткөрдү (аты-жөнү, кызматы) | Иш-чараларды өткөрүү күнү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө Нускамага 8-тиркеме |
Форма
Алдын алуучу эсепке алууда турган соттолгондун КАРТОЧКАСЫ
Фамилиясы _____________________
Аты ____________________________
Атасынын аты __________________
Туулган жылы, айы, күнү _____________
Улуту _______________
Үй-бүлөлүк абалы __________________
Кайсы сот тарабынан жана качан соттолгон ____________
КЖК беренеси (беренелери) ____________ мөөнөтү ___________________
Мөөнөттүн башталышы ________________ бүтүшү ______________________
Жатак абакка келди __________________ ШЭБ ________________________
Төлөнбөгөн доо ___________________________________________________
Соттолгонго чейинки кесиби (адистиги) ____________________________
Алдын алуучу эсепке алынды _______________________________________
Эсепке алуунун негизи (кыскача маалымат) _________________________
Алдын алуучу эсепке алууда турган соттолгондордун карточкасынын арткы бети
Соттолгондун жакын туугандары _______________________________
Энеси _______________________________________________________
Дареги _________________________________________ тел. ____________
Атасы ____________________________________________________________
Дареги _________________________________________ тел. ____________
Жубайы ___________________________________________________________
Дареги _________________________________________ тел. ____________
Агасы ____________________________________________________________
Дареги _________________________________________ тел. ____________
Иниси ____________________________________________________________
Дареги _________________________________________ тел. ____________
Эжеси ____________________________________________________________
Дареги _________________________________________ тел. ____________
Карындашы ________________________________________________________
Дареги _________________________________________ тел. ____________
Таякеси __________________________________________________________
Дареги _________________________________________ тел. ____________
Таежеси __________________________________________________________
Дареги _________________________________________ тел. ____________
Достору __________________________________________________________
Дареги _________________________________________ тел. ____________
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө Нускамага 9-тиркеме |
Форма
Алдын алуучу эсепте турган соттолгондорду суткалык көзөмөлгө алуу ЖУРНАЛЫ
N | Аты-жөнү | Айы | ||||||||||||||||||||||||||||||
|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 | 31 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө Нускамага 10-тиркеме |
Соттолгондун жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн тарбиялык иштер боюнча иш-чараларга катышууга жана жатак-абактын администрациясы менен кызматташууга МАКУЛДУГУ
Биз төмөндөгү кол коюучулар _________________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы, туугандык жакындыгы)
(өздүгүн аныктаган документтин реквизиттери)
1. Соттолгон ________төмөнкү даректеги _________ турак жайга жашоосуна макулсузбу __________?
2. Жарандык карым-катнаштан алынган буюмдарды (баңгизаттарды ж.б.) турак жайда болтурбоого макулсузбу ___________?
3. Турак жайда атуучу жана дүрмөтсүз куралдарды, спирттик ичимдиктерди болтурбоого макулсузбу ___________________?
4. Соттолгон турак жайда жашап турган мезгилде спирттик ичимдиктерди болтурбоого жана өзүңүз ичпөөгө макулсузбу __________?
5. Соттолгондун коомдук тартипти бузгандыгын жана башка терс көрүнүштөрүн мекеменин администрациясына кабарлоого макулсузбу ________?
6. Жатак-абактын администрациясынын кызматкерлерин сиз жашап турган жайга контролдоо жана көзөмөлдү ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында жашаган жери боюнча соттолгонду текшерүү жана тарбиялык иштерди жүргүзүү үчүн киргизүүгө макулсузбу _____________?
7. Соттолгондорду контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча жатак-абактын администрациясы менен кызматташуудан жана тарбиялык иштер боюнча иш-чараларга катышуудан Сиз баш тарткан учурда, ошондой эле бул макулдашуунун пункттарын бузган жана соттолгон тарабынан жол берилген башка тартип бузуу фактылары катталса, ал ______________________________________ жаза өтөөчү мекемеге кайтарылаары жана жатак-абак мекемесинин аймагынан тышкары жашоо укугу токтотулары жөнүндө кабардарсызбы.
_________________________________________
(аты-жөнү, колу, күнү айы, жылы)
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө Нускамага 11-тиркеме |
Форма
Соттолгонго жатак-абактын аймагынан сырткары үй-бүлөсү менен жашоого укук берүү жөнүндө ТОКТОМ
201_-жылдын "__" ________ N ___
Мен, N ___ мекеменин начальниги _______________________________
(наамы, аты-жөнү)
соттолгон _________________________
(аты-жөнү)
материалдарын карап чыгып, түзөтүү мекемесинин комиссия мүчөлөрүн жана түзөтүү мекемесинин жыйынга катышкан башка адамдарды угуп, төмөндөгүлөрдү
АНЫКТАДЫМ
________________ 201_-жылдын "__" __________
(аты-жөнү)
___________ райондук сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин ______ беренесине ылайык ___ жылга эркиндигинен ажыратылып, абакта ____ режимде жаза өтөө менен соттолгон. ________________________________________ келген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 201_-жылдын "__" ___________ N _____ токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза мөөнөтүн өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 38-пунктунда каралган зарыл материалдар толук чогултулган.
Ишке орношулган _____________
Үй-бүлөсүнүн саны ________ адам.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 92-беренесин (2007-жылдагы редакциясында) жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартиби жөнүндөгү эрежени (2008-жылдагы редакциясында) жетекчиликке алып, ошондой эле түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечиминин негизинде (201_-жылдын "__" _________ N протоколу)
ТОКТОМ КЫЛДЫМ:
1. Соттолгон ________________________________
(аты-жөнү)
үй-бүлөсү менен төмөнкү даректе ____________________ жашоо укугу берилсин.
2. Соттолгонду контролдоо жана көзөмөлдөөнү ишке ашырууга, тарбиялык иштер боюнча иш чараларды аткарууга жооптуу деп _____________________ дайындалсын. (кызматкердин наамы, аты-жөнү, кызматы)
3. Жооптуу кызматкер соттолгондорду контролдоо жана көзөмөлдөөнү, алар менен тарбиялык иштерди жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу боюнча иш-чараларды бекитүү жөнүндө буйруктун долбоорун бир жумалык мөөнөттө кол коюуга киргизсин.
4. Соттолгондорду контролдоо жана көзөмөлдөөнү, алар менен тарбиялык ишти жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар бекитилген күндөн тартып, соттолгондорго үй-бүлөсү менен жашоого уруксат берилсин.
Начальник
_______________ _____________________ ______________________
(наамы) (колу, күнү, айы, жылы) (аты-жөнү)
Токтом мага жарыяланды, соттолгон _________________________________
(колу, күнү, (аты-жөнү) айы, жылы)
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө Нускамага 12-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын ЖАТынын жатак-абактарында жаза өтөп жаткан соттолгондорго жумуш берүү жөнүндө N ___ ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
201_-жылдын "__" ________ _______________ түзүлгөн жери
Жатак-абактын толук аталышы ______________________аркылуу начальниктин аты-жөнү
______________________________ негизинде аракеттенген
Устав, жобо ж.б.
мындан ары "Мекеме" деп аталып, бир тараптан, жана ____________________
жетекчинин аты-жөнү
Ишкананын, уюмдун толук аталышы,
мындан ары "Ишкана" деп аталып, экинчи тараптан төмөндөгүлөр жөнүндө Келишим түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ишкана Мекемеде жазасын өтөп жаткан соттолгон _______________ жумуш берет.
1.2. Мекеме кызматтык нускамага же жобого ылайык эмгек милдетин аткаруу үчүн адистигин, адистиги боюнча иш тажрыйбасын эске алуу менен ишке орноштуруу үчүн Ишкананын макулдугу боюнча соттолгонду жиберет.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Мекеме режимдик талаптарды камсыздайт жана Ишкана менен биргелешип эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана эмгек тартибин сактоо боюнча иш-чараларды ишке ашырат.
2.2. Мекеме каалаган убагында жумуштун жүрүшүн жана сапатын, коопсуздук техникасын жана эмгекти коргоо эрежелеринин сакталышын текшере алат.
2.3. Мекеме макулдашылган күндөрү соттолгондорго жалпы картотекалык текшерүү жүргүзөт.
2.4. Мекеме Ишкананын объекттеринде иштеп жаткан соттолгондордун арасындагы жумушчулар учураган кырсыктарды иликтөө боюнча Ишкананын комиссиясынын ишине катышат.
Мекеме соттолгондорду объекттен төмөнкү учурларда чакыртып алууга укугу бар:
- Ишкана өз милдеттерин аткарбаса;
- Ишкана коопсуздук техникасы жана эмгекти коргоо эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча чараларды аткарбаса;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын ЖАТынын тиешелүү көрсөтмөлөрүн алса.
2.5. Ишкана Мекемеге соттолгондорду жайгаштыруу үчүн зарыл болгон турак жай, ошондой эле иштөө үчүн жабдуу жана мүлк-шаймандар менен өндүрүштүк жайларды берет.
2.6. Ишкана соттолгонду өндүрүштүк зарылчылык боюнча Ишкананын административдик-аймактык түзүлүшүнүн, жайгашуусунун чегинде Мекеме менен макулдашуу боюнча өз объекттерине жиберет.
2.7. Ишкана соттолгонго аткарылган иштин көлөмүнө ылайык жана тарифтик ставка боюнча, Мекеменин атайын эсебине акча которуу жолу менен материалдык сыйлыктар фондунан бардык төлөөлөрдү кошкондо кийинки айдын 5инен кеч эмес эмгек акы төлөйт. Мекеме соттолгондордун эмгек акысынан мекемени кармоо жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу үчүн белгиленген тартипте 20% өлчөмүндө чегерет.
2.8. Эгерде Ишкана соттолгондордун жумушун начарлатуучу келишимдин шарттарынан четтөөгө жол берсе, Ишкана Мекеменин талабы боюнча аныкталган бардык кемчиликтерди акысыз оңдоого милдеттүү.
2.9. Ишкана өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш.
2.10. Өндүрүштө соттолгондор кырсыкка учураса, Ишкана бир жолу берилүүчү жөлөкпул, эмгекке жөндөмдүүлүгүнөн толук же жарым-жартылай ажырагандыгына байланыштуу эмгек акысын жоготкондугуна ай сайын компенсацияны төлөп берүүгө, моралдык чыгымды калыбына келтирүүгө милдеттүү.
2.11. Эгерде тараптардын биринде бул Келишимди бузуу зарылчылыгы келип чыкса, анда келишимди буза турган тарап бул жөнүндө экинчи тарапка жазуу жүзүндө 30 күн эрте эскертүүгө милдеттүү.
3. Тараптардын жоопкерчилиги
3.1. Тараптардын бул Келишимде каралбаган жоопкерчилик чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
3.2. Туумдун айыппулун төлөө Ишкананы ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан же бузууларды четтетүүдөн бошотпойт.
4. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
4.1. Келишимди аткаруу учурда келип чыккан ар кандай кайчы пикирлер тараптардын өз ара макулдугу менен чечилет. Тараптардын бири макул болбогон учурда талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
5. Келишимдин башка шарттары
5.1. Бул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу түрүндө аткарылып, эки тараптын колу коюлган учурда гана жарактуу болуп эсептелет.
6. Келишимдин жарактуулук мөөнөтү
6.1. Келишим тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет, 201_-ж. "__" ________ чейин жарактуу.
6.2. Келишим ___ нускада түзүлөт, тараптардын ар биринде сакталат.
7. Почта жана банк дареги
Ишкана Почта дареги |
| Мекеме Почта дареги |
|
|
|
_____________________________ Алыш-бериш эсеби ____________ МФО _________________________ ИСН N _______________________ Жетекчи _____________________ 201_-ж. "__" ________________ |
| _____________________________ Алыш-бериш эсеби ____________ МФО _________________________ ИСН N _______________________ Мекеменин начальниги ________ 201_-ж. "__" ________________ |