Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 токтомуна) |
Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 31-майындагы № 287, 2023-жылдын 25-январындагы № 38 , 2023-жылдын 7-июлундагы № 343 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электр байланышы, маалыматтарды берүү, почта байланышы жаатындагы жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы ишке лицензияларды жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагына радио электрондук каражаттарды ташып келүүгө уруксатты берүү, кайра тариздөө, токтото туруу, калыбына келтирүү жана жокко чыгаруу тартибин регламенттейт.
Ушул Жобонун талаптары атайын техникалык каражаттарды, шифрлөө техникасын жана маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жана анын чегинен тышкары ташып кетүүгө, ошондой эле колдонууга жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 31-майындагы № 287, 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Электр , почта байланышы жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы лицензиялануучу иштин түрүн жүргүзүүгө ниеттенген жеке жана юридикалык жактар уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү лицензия жана (же) уруксат алууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Электр жана почта байланышы жаатындагы лицензияр болуп байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Лицензия берүүчү) саналат, ал төмөнкүдөй лицензияларды жана уруксаттарды берет:
1) иш үчүн лицензиялар:
- электр байланышы жаатында (ички жана жабык электр байланыш тармактарынын операторлорунан жана кызматтарынан сырткары);
- маалыматтарды берүү жаатында (ички жана жабык электр байланыш тармактарынын операторлорунан жана кызматтарынан сырткары);
- почта байланышы жаатында;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатында;
2) уруксаттар:
- радио электрондук каражаттарды (мындан ары - РЭК) жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү (мындан ары - ЖЖТ), радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө уруксат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 31-майындагы № 287, 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Электр байланышы жаатындагы ишке берилген лицензия төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн камтыйт:
- телеграфтык байланыш кызмат көрсөтүүлөрү - кабыл алуу пунктунда милдеттүү түрдө жазуу менен тамгалар-цифралар менен жазылган билдирүүлөрдү - телеграммаларды аралыкта берүү;
- жергиликтүү телефондук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү - жергиликтүү телефондук байланыш тармагында көрсөтүлүүчү электр байланыш кызматтарын көрсөтүү;
- эл аралык байланыш кызмат көрсөтүүлөрү - эл аралык байланыш тармагында көрсөтүлүүчү электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, ал аркылуу Кыргыз Республикасынын тармагындагы сырткы жабдуу менен башка өлкөлөрдүн тармагындагы сырткы жабдуунун ортосунда байланыш ишке ашырылат;
- шаар аралык байланыш кызмат көрсөтүүлөрү - шаар аралык телефондук байланыш тармагында көрсөтүлүүчү электр байланышы кызматтарын көрсөтүү;
- телематикалык кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү - телефондук байланыштан, телеграфтык байланыштан, маалыматтарды жиберүүдөн тышкары, электр байланыш тармагы аркылуу маалымат берүү үчүн багытталган электр байланыш кызматтарын көрсөтүү;
- көчмө радио телефондук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү - көчмө радио телефондук байланыш аркылуу билдирүүлөрдү кабыл алуу жана жиберүү;
- теле жана радио программаларын жайылтуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр - электр байланышы тармактарында берүүнүн электр сигналдарын жайылтуу.
5. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды Кыргыз Республикасынын аймагында таануу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана учурларда ишке ашырылат.
6. Электр байланышы жаатындагы ишке, маалыматтарды берүү жаатындагы ишке, почта байланышы жаатындагы, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы ишке лицензиялар жана уруксат мөөнөтсүз жана ээликтен ажыратылгыс болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Лицензияны берүү, кайра тариздөө жана (же) лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүгө уруксат "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте берилет.
2-глава Лицензиялоонун принциптери
8. Лицензиялоонун принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензиялоо жол-жоболорунун ачык-айкындыгы;
2) менчигинин түрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинен чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүнүн бирдей негиздери жана шарттары;
3) Лицензия берүүчүлөргө "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензияланууга тийиш ишке байланышкан кошумча лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүгө тыюу салуу;
4) лицензия алуучунун ак ниеттигин таануу, эгерде документтер менен башкача далилденбесе жана негизделбесе;
5) рыноктогу монополизмдин күчөтүлүшүн же лицензиялоодо ишкерликтин эркиндигин чектөөнү жокко чыгаруу;
6) Кыргыз Республикасы катышкан тиешелүү эл аралык келишимдердин шарттарында башка мамлекеттерден алынган же бир тараптуу тартипте таанылган, Кыргыз Республикасынын аймагында жарактуу лицензияларды жана (же) уруксаттарды таануу;
7) лицензиялык контролдоону республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана жүргүзүү. Лицензия берүүчүлөрдүн лицензиялык контролду лицензия алуучунун каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен (мониторинг) жүргүзүүсүнө тыюу салуу.
9. Лицензиялоо жол-жобосу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган принциптерде ишке ашырылат.
3-глава Лицензиянын жана уруксаттын мазмуну
10. Электр байланышы жаатындагы ишке, маалыматтарды берүү жаатындагы, почта байланышы, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы жаатындагы ишке лицензия ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча берилет.
Лицензияда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- лицензиялоочу органдын аталышы;
- юридикалык жактын толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн номери;
- жеке адамдын аты-жөнү, анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документиндеги маалыматтар (жеке ишкерлер үчүн);
- жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө жазуусунун каттоо номери;
- лицензиялануучу иштин түрү;
- лицензиянын колдонуу мөөнөтү;
- иш жүргүзүлүүчү аймак;
- лицензия берилген дата жана каттоо номери;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Уруксат - радио электрондук каражаттарды (РЭК) жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү (ЖЖТ), радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө уруксат ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.
Уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- лицензиялоочу органдын аталышы;
- юридикалык жактын толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн номери;
- жеке жактын аты-жөнү, анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документиндеги маалыматтар (жеке ишкерлер үчүн);
- жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
- уруксат берилген дата жана каттоо номери;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
- ташып келинген техникалык каражаттар жөнүндө маалымат (тиби, маркасы, саны жана ташып келүүгө негиз болгон товарды коштоочу документтер).
12. Лицензиялар жана уруксаттар кагаз жүзүндө же "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык таризделген жана маалыматтык технологияларды пайдалануу менен берилүүчү, кагаз жүзүндөгү лицензияга жана уруксатка тең маанилүү электрондук документ түрүндө таризделиши мүмкүн.
4-глава. Лицензия жана (же) уруксат берүү
13. Лицензия берүүчү "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мөөнөттө лицензияны жана (же) уруксатты берүү тууралуу чечим чыгарат. Чечим Лицензия берүүчүнүн буйругу формасында кабыл алынат.
14. Лицензия берүүчү тарабынан берилүүчү лицензияны берүүдө жана кайра тариздөөдө, лицензиянын жана уруксаттын дубликатын берүүдө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым алынат.
5-глава. Лицензияны жана (же) уруксатты алуу үчүн зарыл болгон документтер
15. Иштин тиешелүү түрүнө лицензия алуу үчүн арыз ээси лицензия берүүчүгө төмөнкү документтерди берет же жиберет:
- лицензия алуу үчүн ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз;
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсүн (жеке адам үчүн);
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, уюштуруу документтерин (юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн);
- арызды кароо жана лицензияны берүү үчүн мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсүн;
- арыз ээсине салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык салык номери ыйгарылгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү;
- юридикалык жактар үчүн - банктык реквизиттери жөнүндө маалыматтар, болсо;
- коммутациялык түйүндөрдү, туташтыруу чекиттерин, пайдаланылуучу протоколдорду жана сигнализация системаларын, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн баяндалышын көрсөтүү менен, байланыш тармагын түзүү схемасынын көчүрмөсүн (топология).
16. Радио электрондук каражаттарды (РЭК) жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү (ЖЖТ), радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө уруксатты алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
- ушул Жобонун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча арызды;
- ташылып келүүчү техникалык каражаттарга товарды коштоочу документтердин көчүрмөлөрү (эсеп-фактура (инвойс), келишим (контракт);
- белгиленген формада берилген, уруксатты тариздөө, төлөө жана алуу укугуна ишеним катты (зарыл болгон учурда);
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документинин көчүрмөсүн;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн;
- уруксатты берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- ташылып келүүчү радио электрондук каражаттар жана (же) жогорку жыштыктагы түзүлүштөр жөнүндө маалымат.
17. Уруксатты алуу үчүн арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- арыз ээсинин аты-жөнү, электрондук дареги, жашаган жери (жеке жак үчүн);
- юридикалык жактын толук жана кыскартылган фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы;
- аппаратуранын тиби;
- ташылып келүүчү аппаратуранын саны;
- ташып келүүгө негиз болгон товарды коштоочу документ;
- шайкештигин ырастоо жол-жоболорун жүргүзүү тууралуу милдеттенме;
- Кыргыз Республикасынын рыногунда сертификацияланбаган продукцияны жайгаштырбоо тууралуу милдеттенме.
18. Ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди арыз ээси мамлекеттик же расмий тилде, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кагаз жүзүндө же электрондук түрдө берет, кагаз жүзүндө берилген учурда документтер көктөлүүгө жана номер коюлууга тийиш.
19. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү ушул Жобонун 15 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди лицензия берүүчүнүн дарегине Кыргыз Республикасынын тышкы иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу беришет.
20. Чет өлкөлүк жактар берүүчү документтер алар түзүлгөн мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан легалдаштырылууга же апостилдештирилүүгө тийиш.
21. Арыз ээси электрондук лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө Лицензия берүүчүгө кайрыла алат, бул тууралуу арызда көрсөтүлүүгө тийиш.
22. Лицензия берүүчүнүн арыз ээсинен ушул Жободо каралбаган документтерди берүүнү талап кылуусуна тыюу салынат.
6-глава. Лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартуу
23. Лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартууга "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн себептер негиз болот. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралбаган негиздер боюнча лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
24. Лицензия берүүчү ушул Жобонун 15-пунктунда каралган документтер менен арыз берилген күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирбестен лицензияны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди чыгарат. Лицензия берүүчү арыз ээсине кабыл алынган чечим жөнүндө баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
25. Уруксатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып 2 (эки) иш күндөн кечиктирилбей чыгарылат. Лицензия берүүчү арыз ээсине кабыл алынган чечим жөнүндө баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
26. Лицензия берүүчүнүн лицензияны жана уруксатты берүүдөн баш тартуусун арыз ээси "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
27. Баш тартуунун негиздери жоюлган учурда арыз кайра каралууга тийиш. Мында арызды кароонун жана лицензия жана (же) уруксат берүүнүн мөөнөтү арыз кайра кароого берилген күндөн тартып эсептеле баштайт.
28. Лицензия берүүдөн негизсиз баш тартуунун же лицензия алуучунун укугун бузуунун натыйжасында келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруу жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
7-глава Лицензияны кайра тариздөө
29. Лицензия төмөнкүдөй учурларда кайра таризделет:
- юридикалык жак кайра уюшулганда;
- юридикалык жактын аталышы өзгөргөндө;
- жеке жактын аты-жөнү өзгөргөндө;
Лицензияны кайра тариздөө үчүн лицензия алуучу кайра тариздөөгө негиз болгон документтердин көчүрмөсүн берет.
30. Лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арыз кайра тариздөөнүн негизин жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен, тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен Лицензия берүүчүгө берилет.
31. Лицензия берүүчү тиешелүү арызды алган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде лицензия кайра таризделет. Лицензияны кайра тариздөөдө Лицензия берүүчү лицензиялардын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
32. Лицензия кайра таризделгенге жана лицензияны колго алганга чейин лицензия алуучу ишин мурда берилген лицензиянын негизинде жүргүзөт.
8-глава. Лицензиялардын жана (же) уруксаттардын реестрлери
33. Лицензиялардын жана уруксаттардын реестри (мындан ары - реестр) берилген лицензиялардын жана (же) уруксаттардын болушун, ошондой эле алардын укуктук статусун ырастаган жалгыз расмий булак болуп саналат.
34. Лицензия берүүчү аларды лицензиялоо кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жүргүзүүчү иштин түрлөрү боюнча реестрлерди жүргүзөт. Реестр Лицензия берүүчүнүн расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жетүү чектелген маалыматтардан сырткары, кызыкдар жактардын анда камтылган маалыматтар менен таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) юридикалык жактын толук жана кыскартылган фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги;
2) жеке жактын аты-жөнү, жашаган жери, ким экендигин күбөлөндүрүүчү документиндеги маалыматтар, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө жазуусунун каттоо номери;
3) лицензиялануучу иштин түрү (кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү);
4) иш жүргүзүлүүчү аймак;
5) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
6) лицензия жана (же) уруксат берилген дата жана каттоо номери;
8) лицензиянын колдонулушун токтото туруунун жана кайра калыбына келтирүүнүн негиздери жана мөөнөтү;
8) лицензияны токтотууга негиз жана токтотулган дата.
9-глава Лицензия берүүчүнүн ыйгарым укуктары
35. Лицензия берүүчү төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды ишке ашырат:
- лицензияларды жана уруксаттарды берүү;
- лицензиялардын жана уруксаттардын дубликаттарын берүү;
- чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары берген лицензияларды таануу;
- лицензияларды кайра тариздөө;
- лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды сактоосун контролдоо;
- лицензиялардын колдонулушун токтото туруу;
- лицензиялардын колдонулушун кайра калыбына келтирүү;
- лицензиялардын колдонулушун токтотуу;
- лицензияларды жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү;
- лицензияларды жана уруксаттарды берүүдөн баш тартуу;
- реестрди түзүү жана жүргүзүү.
36. Лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын сакталышын контролдоону Лицензия берүүчү өз ыйгарым укуктарынын чегинде жүргүзөт. Лицензия берүүчү өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- лицензия алуучу тарабынан жүргүзүлгөн иштин лицензиялык талаптарга ылайык келүүсүнө лицензиялык контролдоо формасында текшерүү жүргүзүүгө. Текшерүүлөр ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт;
- лицензия алуучудан лицензиялык контроль жүргүзүүдө келип чыккан маселелер боюнча зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
- текшерүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде конкреттүү бузууларды көрсөтүү менен лицензиялык контролдоо актыларын түзүүгө;
- лицензия алуучуну аныкталган бузууларды жоюуга милдеттендирген чечимдерди чыгарууга, мындай тартип бузууларды жоюунун мөөнөтүн белгилөөгө;
- лицензия алуучуга карата эскертүү, айып салуу, лицензиянын колдонулушун токтото туруу, лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү сыяктуу таасир этүүчү чараларды колдонууга.
10-глава Жалпы лицензиялык талаптар
37. Ушул талаптар толук болуп саналат.
38. Лицензиялануучу иштин түрүн жүргүзүүдө лицензия алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызмат көрсөтүүлөрүн жана иштин ар бир түрү боюнча квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки экинчи айдын 1ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен макулдашуу боюнча Лицензия берүүчү бекиткен формага ылайык отчет берүүгө (отчеттордун формаларын Лицензия берүүчүнүн расмий сайтынан алууга болот). Байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин которулат;
- жалпы пайдалануудагы тармактарды уюштурууда маалыматтык-сурап билүүчү тейлөөнү уюштурууга. Маалыматтык-сурап билүүчү тейлөө авариялык жана пландуу жумуштарды жүргүзүү убактысынан сырткары, абоненттер/колдонуучулар сутка бою тынымсыз эркин кайрылуулары үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Оператордун жообун күтүү убактысы 10 мүнөттөн ашпашы керек. Маалыматтык-сурап билүүчү тейлөө абонентке/колдонуучуга лицензия алуучунун кайсы болбосун түзүлүшүнөн жооп алынган учурдан тартып акысыз негизде көрсөтүлөт. Маалыматтык-сурап билүүчү тейлөө байланыш операторунун расмий сайтында оператордун онлайн жооп берүүсү формасында же болбосо абоненттерге маалымдоонун автоматташтырылган системасы кызматын пайдалануу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн, мында байланыш оператору абоненттин каалоосу боюнча маалыматтык-сурап билүүчү тейлөө оператору менен байланыштырууга милдеттүү. Эгер абонент мындай колдоону максаттуу багыты боюнча колдонбосо, оператор маалыматтык-сурап билүүчү тейлөөдөн баш тартууга укуктуу;
- кат алышуулардын, телефон менен сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык, ошондой эле байланыш каражаттары аркылуу берилүүчү башка билдирүүлөрдүн купуялуулугун камсыз кылууга;
- өзгөчө кырдаалдар, мамлекеттик чек араларды кайтаруу, улуттук коргоо же укуктук тартип коркунучтарына байланышкан учурларда улуттук коопсуздук, коргоо, укуктук тартип же өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптардын аткарылышын камсыз кылууга.
11-глава. Электр байланыш тармагындагы лицензиялык талаптар
39. Электр байланышы жаатында иш жүргүзүүдө лицензия алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) эл аралык байланышты уюштурууда:
- Кыргыз Республикасынын телефон байланышы тармагынын эл аралык коммутациялоо борбору (мындан ары - ЭАКБ) менен эл аралык оператордун тармагынын эл аралык коммутациялоо борборунун ортосунда эл аралык деңгээлдеги туташтырууну ишке ашырууга. Мында Кыргыз Республикасынын операторунун ЭАКБсы Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш;
- тармактар аралык биригүүнү уюштурууну, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын, ошондой эле стандарттардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Эл аралык электр байланышы союзунун (мындан ары - ЭЭС) стандарттарынын жана регламенттеринин талаптарына ылайык трафикти өткөрүү, өз ара эсептешүү шарттарын камсыз кылууга;
- эл аралык байланыш кызматтарын көрсөткөн Кыргыз Республикасынын электр байланышы операторлорунун ЭАКБларынын башка өлкөлөрдүн экиден кем эмес ЭАКБлары менен, же Кыргыз Республикасында жайгашкан бир ЭАКБ жана башка өлкөдө жайгашкан бир ЭАКБ менен түздөн-түз байланыштырууну камсыз кылууга;
- чакырык жиберген абоненттин номериндеги жиберилүүчү маалыматтарды басып койбоого, модификациялабоого же башка ыкма менен өзгөртпөөгө, эгер мындай өзгөртүүлөр тармактын кодун же нумерациянын географиялык аныкталуучу зонасынын жана/же чакырык жиберген абоненттин жиберилген номерин, жана/же макулдашылган тиешелүү документтердеги тармактар аралык биригүү үчүн төлөм акыларды (тарифтерди) өзгөртүп жиберүүгө алып келе турган болсо;
2) шаар аралык байланышты уюштурууда:
- тармактар аралык биригүүнү уюштурууну, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын, ошондой эле стандарттардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ЭЭСнын сунуштарына ылайык трафикти өткөрүү шарттарын камсыз кылууга;
- чакырык жиберген абоненттин номериндеги жиберилүүчү маалыматтарды басып койбоого, модификациялабоого же башка ыкма менен өзгөртпөөгө, эгер мындай өзгөртүүлөр тармактын кодун же нумерациянын географиялык аныкталуучу зонасынын жана/же чакырык жиберген абоненттин жиберилген номерин, жана/же макулдашылган тиешелүү документтердеги тармактар аралык биригүү үчүн төлөм акыларды (тарифтерди) өзгөртүп жиберүүгө алып келе турган болсо;
3) жергиликтүү байланышты уюштурууда:
- тармакты мындай тармактардын биринин колдонуучусуна жергиликтүү байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуучулар менен ишенимдүү байланышуу мүмкүндүгү берилгендей түзүүгө жана аны пайдаланууга;
- тармактар аралык биригүүнү уюштурууну, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын, ошондой эле стандарттардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ЭЭСнын сунуштарына ылайык трафикти өткөрүү шарттарын камсыз кылууга;
- чакырык жиберген абоненттин номериндеги жиберилүүчү маалыматтарды басып койбоого, модификациялабоого же башка ыкма менен өзгөртпөөгө, эгер мындай өзгөртүүлөр тармактын кодун же нумерациянын географиялык аныкталуучу зонасынын жана/же чакырык жиберген абоненттин жиберилген номерин, жана/же макулдашылган тиешелүү документтердеги тармактар аралык биригүү үчүн төлөм акыларды (тарифтерди) өзгөртүп жиберүүгө алып келе турган болсо;
- тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимдерди, ошондой эле бардык толуктоолорду жана тиркемелерди аларга кол коюлган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Лицензия берүүчүгө берүүгө;
- авариялардын жана табигый кыйроолордун кесепеттерин азайтуу же аларды жоюу жана мындай авариялардан жана табигый кыйроолордон кийин өз тармагынын ишин жана кызмат көрсөтүүлөрдү калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө;
- шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу үчүн акысыз байланыштырууга;
- техникалык мүмкүнчүлүк болгондо жазуу жүзүндө арыз берилгенден жана тиешелүү келишим түзүлгөндөн кийин бардык колдонуучуларга кызматтарды чектөөсүз көрсөтүүгө;
- лицензия алуучу белгилеген максималдуу кыска мөөнөттө техникалык каражаттардын бузулууларын четтетүү боюнча чараларды көрүүгө;
- эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимде башкача белгиленбесе, абонентке жергиликтүү телефон байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн суткасына 24 саат бою пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;
- абонентке жана (же) колдонуучуга телефон байланышы кызматтарын көрсөтүүгө байланышкан маалыматтарды берүү максатында маалыматтык-сурап билүүчү тейлөө системасын уюштурууга;
- абонентке келишим түзүү жана аны аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө. Мамлекеттик жана (же) расмий тилде (зарыл болгон учурда башка тилдерде) даана жана түшүнүктүү формада даярдалган маалымат жалпыга маалымдоо каражаттары, маалыматтык-сурап билүү кызматтары аркылуу, ошондой эле электр байланышы операторунун сүйлөшүү пункттарында, кеңселеринде жана тейлөө борборлорунда абонентке жана (же) колдонуучуга акысыз негизде маалымдалат;
- телефон орнотууга жана жергиликтүү байланыш кызматтарын көрсөтүүгө арыз катталган күндөн тартып 20 иш күндөн ашпаган мөөнөттө жергиликтүү телефон байланышы тармагына туташтырууга техникалык мүмкүнчүлүктүн бар экендигине текшерүү жүргүзүүгө;
- арыз ээси телефон орнотуу боюнча куруу-монтаждоо иштерине акы төлөөдөн баш тарткан учурда, анын арызын жокко чыгаруу жөнүндө кабарлоого;
- абоненттерге жана (же) колдонуучуларга жалпыга маалымдоо каражаттары, оператордун расмий веб-сайты же sms-билдирүү аркылуу электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери өзгөргөндүгү жөнүндө жаңы тарифтер киргизилгенге чейин 10 күндөн кеч эмес мөөнөттө билдирүүгө;
- бөлөк адам кандай болбосун сырткы жабдууну (абоненттик түзүлүштү) колдонуудагы абоненттик линияга өз алдынча туташтырып, өнөктөшүнүн линиясына өз алдынча которулуп алганы аныкталган учурда - өз алдынча туташтырып алууларды жоюуга;
- абоненттик номерлерди алмаштыруу боюнча бардык иштерди абоненттерге жаңы абоненттик номерди кабарлоо менен алдын-ала билдиргенден кийин гана жүргүзүүгө: жеке жактарга - алмаштырууга чейин кеминде 30 иш күн мурда, юридикалык жактарга - кеминде 6 ай мурда;
- абоненттер жана (же) колдонуучулар менен эсептешүүлөрдү улуттук валютада жүргүзүүгө;
- байланыш кызматтарын көрсөтүү максатында телефонду же башка жабдууну имараттын ичинде орнотууда, жергиликтүү телефон байланышы тармагына туташтыруу үчүн акыны бир жолу алууга;
- жергиликтүү телефон байланыштарынын тарификация бирдигин 1 мүнөттөн ашырбай белгилөөгө (жергиликтүү телефон байланыштарынын узактыгын убакытка жараша эсептөө системасы болгон учурда (мындан ары - убакытка жараша эсептөө);
- сүйлөшүүлөрдү убакытка жараша эсептөөдө акынын өлчөмүн аныктоо үчүн пайдаланылуучу телефон байланышынын узактыгын чакырылуучу абонент же ушул телефон номерге туташтырылган жана "абоненттин жообу" сигналын билдирген кандайдыр бир техникалык түзүлүш жооп бергенден кийинки 1-секунддан баштап чакыруучу же чакырылуучу абонент же ал жокто колдонуучунун ордун алмаштырган жабдуу чакырыкты токтоткон учурга чейин эсептөөгө;
- көрсөтүлгөн телефон байланышы кызматтарынын көлөмүндө узактыгы үч секундага жетпеген телефон байланышын эсепке албоого;
- көрсөтүлгөн жергиликтүү телефон байланышы кызматтарынын көлөмүн эсепке алуу үчүн өз тармагында автоматташтырылган эсептөө системасы болууга;
- абонентке жергиликтүү телефон байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөгө эсептин суммасы жөнүндө мындай эсеп чыгарылган датадан тартып 5 күндүн ичинде маалымдоого;
- бузууларды четтетүү мөөнөттөрү бузулган учурда, тармакта авария болгондугуна, жабдуу бузулгандыгына байланыштуу кызматтар көрсөтүлбөгөн мезгил үчүн абоненттик төлөмдү эсептебөөгө же аталган убакытка кайра эсептеп берүүгө;
- электр байланыш операторунун маалыматтык (байланыш) телефондорун берүүгө;
- электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө алдын-ала төлөм картасын колдонуу эрежелерин; электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн алдын-ала төлөм картасынын идентификациялык номерин берүүгө;
- керектөөчү ага андан ары кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүүнү алгандан кийин 30 календардык күндүн ичинде келишимди бир тараптуу бузууга;
- мүмкүндүк болгон учурда келишим бузулган учурдан тартып 30 иш күндүн ичинде телефондун иштешин калыбына келтирүү үчүн техникалык мүмкүндүктү сактоого;
- кайрылууларды/даттанууларды кароо системасынын болушуна;
- жергиликтүү телефон байланышы кызматтарын көрсөтүүдөн баш тартууга, келишимден келип чыгуучу милдеттенмелерди өз убагында эмес, талаптагыдай эмес аткарууга, электр байланышы кызматтарын көрсөтүү үчүн чыгарылган эсеп менен макул болбоого байланыштуу маселелер боюнча дооматтарды телефон байланышы кызматтары көрсөтүлгөн, аларды көрсөтүүдөн баш тартылган же эсеп чыгарылган күндөн тартып 3 айдын ичинде кабыл алууга;
- дооматын билдирген абонентке жана (же) колдонуучуга дооматты кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө. Электр байланышынын оператору абоненттин жана (же) колдонуучунун дооматын негиздүү деп тааныган учурда, ал бул доомат негиздүү деп таанылган күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө канааттандырылууга тийиш;
- келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда абоненттердин жана колдонуучулардын алдында жоопкерчилик тартууга;
Акысыз негизде төмөнкүдөй маалыматтык-сурап билүүчү кызматтарды көрсөтүүгө:
- жергиликтүү телефон байланышы тармагынын коддору жана абонентинин телефон номери жөнүндө (жеке же юридикалык жактын), жергиликтүү телефон байланышы тармагынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери жөнүндө маалымдаманы берүү;
- жергиликтүү телефон байланышы тармагынын оңдоо бюросун чакыруу;
- телефон байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга тоскоол болгон техникалык бузулуулар жөнүндө маалыматты кабыл алуу;
- абоненттин номери техникалык себептер боюнча өзгөргөн же номерлештирүү системасы жана планы өзгөргөн учурда абоненттин номери өзгөргөндүгү жөнүндө билдирүү.
Жазуу жүзүндө эки нускада келишим түзүүгө, анын бири абонентке берилет. Кызматтарды көрсөтүү келишимине төмөнкүлөрдү киргизүүгө:
- электр байланышы операторунун аталышын (фирмалык аталышын), анын филиалдарынын тизмесин, жайгашкан жерин жана иштөө тартибин; электр байланышы кызмат көрсөтүү иши үчүн электр байланышы операторуна берилген лицензиянын (лицензиялардын) реквизиттерин;
- электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмесин, аларды көрсөтүү шарттарын жана тартибин;
- тарифтик планды; электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө тартибин, формасын жана системаларын;
- келишим түзүү жөнүндө арызды кароонун тартибин жана мөөнөтүн;
- абоненттин жана (же) колдонуучунун дооматтарын кароонун тартибин;
- маалыматтык-сурап билүү кызматтарынын телефон номерлерин жана оңдоо бюросун; бузулууларды жоюу мөөнөтүн.
Телефон орнотууга же жергиликтүү байланыш кызматтарын көрсөтүүгө арыз катталган күндөн тартып 30 иш күндөн ашпаган мөөнөттө арыз ээсине төмөнкүлөрдү билдирүүгө (арыз ээсинин каалоосу боюнча жазуу жүзүндө же оозеки формада):
- туташтырууга техникалык мүмкүндүк болгондо - телефонду тиешелүү мөөнөттө же жергиликтүү байланыш кызматтарын көрсөтүү учурунан тартып орнотуу жөнүндө;
- туташтырууга техникалык мүмкүндүк болбогондо куруу-монтаждоо иштеринин калькуляциясын берүүгө жана арыз ээсине аларды аткаруунун наркы жөнүндө билдирүүгө.
Телефондук алдын-ала төлөм картасында төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтүүгө:
- электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнүн аталган алдын-ала төлөм картасын чыгарган электр байланышы операторунун аталышын (фирмалык аталышын);
- лицензиянын реквизиттерин; электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнүн алдын-ала төлөм картасын пайдалануу менен төлөнүүчү электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнүн түрлөрүнүн аталыштарын;
- электр байланышы операторуна аванстык төлөмдүн өлчөмүн, анын төлөнгөндүгүн телефон байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөм картасы ырастайт; электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнүн алдын-ала төлөм картасынын колдонуу мөөнөтүн.
4) телематикалык кызматтарды уюштурууда:
- үн байланышында алгачкы отуз секундасында маалыматты акысыз берүүгө, анын ичинде абонентке кандай кызмат көрсөтүлүп жаткандыгын жана анын тарифи жөнүндө маалымдоо зарыл. Отуз биринчи секунда тарификацияланууга тийиш убакыттын башталышы деп саналат;
- абоненттерден/колдонуучулардан иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы алууга;
- провайдердин өнөктөш программасы колдонулган учурда, телематикалык кызматтардын кызматтарын бир этапта көрсөтүүгө, б.а. кыска номерге же уникалдык кодго бир жолу суроо-талап менен;
- негизги кызмат көрсөтүүгө технологиялык тыгыз байланышпаган жана кызмат көрсөтүүнүн наркын жогорулаткан кошумча кызматтарды көрсөтүүнү болтурбоого;
5) тармактар аралык биригүүнү уюштурууда:
- тармакты мындай тармактардын биринин колдонуучусуна жергиликтүү байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуучулар менен ишенимдүү байланышуу мүмкүндүгү берилгендей түзүүгө жана аны пайдаланууга;
- чакырык жиберген абоненттин номериндеги жиберилүүчү маалыматтарды басып койбоого, модификациялабоого же башка ыкма менен өзгөртпөөгө, эгер мындай өзгөртүүлөр тармактын кодун же нумерациянын географиялык аныкталуучу зонасынын жана/же чакырык жиберген абоненттин жиберилген номерин, жана/же макулдашылган тиешелүү документтердеги тармактар аралык биригүү үчүн төлөм акыларды (тарифтерди) өзгөртүп жиберүүгө алып келе турган болсо;
- тармактар аралык байланыштырууну суранган оператор менен төмөнкүлөр үчүн тармактар аралык биригүүнү же мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө келишимдин шарттарын макулдашууга:
- эки операторду тең электр байланышы тармактарына кошуу жана туташтырууну колдоо;
- аларга жетүү тармактар аралык биригүүгө жетишүү жана колдоо үчүн тармактар аралык биригүүнү суранган операторго талап кылынган жабдуулардын жайгашкан ордун, кабелдик канализацияны, таянычтарды, абоненттик жетүү линиясын жана жер алдындагы курулуштарды кошкондо, электр байланышы каражаттарына жана курулмаларына жетүү мүмкүндүгүн берүүгө;
- аны аткаруу үчүн техникалык мүмкүндүк болсо, тармактар аралык биригүүдөн баш тартпоого. Тармактар аралык биригүүдөн бардык баш тартуулар негизделүүгө тийиш.
Сапаттуу жана үзгүлтүксүз тармактар аралык биригүүнү камсыз кылууга жана бардык байланыштырууларды же алардын айрымдарын бир тараптуу тартипте үзгүлтүккө учуратууга, ошондой эле тармактар аралык биригүүнүн кайсы бир кызматтарын көрсөтүүнү чектөөгө же электр байланышынын бардык тиешелүү каражаттарына жетүү мүмкүндүгүн жабууга жол бербөөгө, төмөнкүдөй учурлардан сырткары:
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгондо; тараптардын макулдашуусу боюнча; электр байланыш операторунун лицензиясы жокко чыгарылганда;
- ишкердик субъектинин иши токтотулганда; аны Лицензия берүүчү карап чыккандан кийин электр байланышы операторлорунун ортосунда талаш-тартыш жаралганда, эгер тараптардын бири электр байланышы операторунун тармагынын ишине материалдык чыгаша келтирилгенин жана/же коопсуздук жаралганын ырастаган документтерди берсе;
- колдонуучулук тариф 60 (алтымыш) календарлык күндүн ичинде үзгүлтүксүз жок болгондо, мында тармактар аралык туташтыруу жөнүндө келишимди бузууну демилгелеген электр байланышы операторунда 60 (алтымыш) календарлык күндүн ичинде колдонуучулук тарифтин жоктугун ырастаган тармактар аралык каналды жүктөө жөнүндө маалыматтар, биллинг системасынын маалыматтары болушу керек;
6) өз ишинде номерлештирүү ресурсун колдонууда:
- өз тармагында Лицензия берүүчүнүн буйругу менен бөлүнүп берилген гана номерлештирүү ресурсун колдонууга;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук системасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү системасын жана электр байланыш тармактарынын номерлештирүү планын сактоого;
7) телеграф байланышын уюштурууда:
- колдонуучуларга иштөө режими жөнүндө (жумуш жана эс алуу күндөрү, телеграммаларды кабыл алуу жеткирүү сааттары) жана көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө зарыл болгон жана так маалыматтарды берүү менен, телеграфтык кызматтардын белгиленген иш тартибине ылайык телеграммаларды кабыл алууну камсыз кылууга;
- телеграфтык отчет боюнча бардык документтерди учурдагы архивде жана узак мөөнөт сакталуучу архивде телеграфтык кат алмашуулардын купуялуулугу, бардык документтердин сакталышы камсыз кылынгандай сактоону уюштурууга;
- телеграф байланышы кызматтарын көрсөтүүдө милдеттенмелер аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучудан дооматтарды кабыл алууга. Дооматтар жазуу жүзүндө кабыл алынат жана милдеттүү түрдө байланыш оператору тарабынан белгиленген тартипте катталууга тийиш;
- колдонуучу милдеттенмелер аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы жөнүндө билген же билиши мүмкүн болгон күндөн тартып бир айдын ичинде дооматтарды кабыл алууга;
- келип түшкөн дооматтарды кароого жана келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде жазуу жүзүндө жооп жиберүүгө;
- телеграмманын мазмунун өзгөртүп, текстти бурмалагандыгы үчүн же телеграмма лицензия алуучунун күнөөсү менен адресатка жеткирилбегендиги же өз убагында тапшырбагандыгы үчүн телеграммага төлөнгөн өлчөмдө материалдык жоопкерчилик тартат. Жиберүүчүгө же адресатка акчалай каражаттын ордун толтуруу оператордун күнөөсү аныкталгандан кийин 20 күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт;
- келүүчү жана чыгуучу телеграммаларды иргөөдө төмөнкүдөй контролдук мөөнөттөрдү сактоого: телеграммалар мамлекеттер аралык байланыш боюнча, шаарлардын ортосунда жана шаар ичинде жиберүүчүдөн адресатка чейин жүрүп өтүүдө: катардагы - 6 саатка чейин, шашылыш - 3 саатка чейин. Телеграф байланышы бар калктуу конуштар менен ушул конуштардын жана шаарлардын ортосунда: катардагы - 12 саатка чейин, шашылыш - 6 саатка чейин, кабарлоолор - 24 саатка чейин, кат-телеграммалар - 48 саатка чейин. Телеграф байланышы жок калктуу конуштар менен ушул конуштардын жана шаарлардын, ошондой эле телеграф байланышы бар конуштардын ортосунда: катардагы - 24 саатка чейин, шашылыш - 6 саатка чейин, кабарлоолор - 24 саатка чейин, кат-телеграммалар - 48 саатка чейин;
- телеграммалар жүрүп өтүүчү мөөнөт телеграммалар берилүүчү пунктка кабыл алынган учурдан тартып адресатка тапшырылган учурга чейинки убакыт катары аныкталат. Телеграммалар жүрүп өтүүчү мөөнөткө (жиберүүчүгө телеграмма тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоону берүү), телеграмма багытталган жердеги байланыш пунктунун белгиленген иштөө режимине ылайык телеграмма жеткирилип берилбей турган убакыт, телеграммалар почта байланышынын каражаттары менен жиберилген убакыт, ошондой эле телеграммаларды же кабарлоолорду байланыш операторуна көз каранды эмес себептер менен жеткирип берүүгө мүмкүн болбогон убакыт кирбейт.
Телеграммаларды категорияларына жараша жеткирүүнү камсыз кылууга:
- "Кезексиз", "Өкмөттүк" категориялары - сутка бою;
- "шашылыш" категориясы - жеткирилүүчү участоктун иштөө мезгилинде, белгиленген контролдук мөөнөт - 2 саат;
- "катардагы" категориясында - жеткирилүүчү участоктун иш тартиби боюнча телеграмма алынган күнү. Абоненттик орнотмолору бар ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын дарегине келген телеграммаларды телеграфтан түздөн-түз ошол орнотмолорго сутка бою, телеграммаларды берүү үчүн белгиленген контролдук мөөнөттөрдүн ичинде жиберүүгө. Телеграф байланышы жок айылдык байланыш бөлүмдөрүнө даректелген телеграммаларды телефон аркылуу берүүгө. Телефон байланышы жок учурда адресаттарга почта аркылуу жиберүүгө.
Телеграфтык документтерди сактоону камсыз кылууга:
- банктардын которуу телеграммалары - 7 айдын ичинде;
- эл аралык телеграммалар жана аларга тил каттар - 7 айдын ичинде;
- ички телеграммалар жана аларга тил каттар - 2 айдын ичинде.
Сактоо мөөнөтү телеграммаларга жана документтерге дата коюлган күндөн тартып эсептелет;
- ар кандай категориядагы телеграммаларды иргөө мөөнөттөрүн төмөнкү таблицага ылайык колдонууга:
Таблица
Телеграммаларды иргөөнүн контролдук мөөнөттөрү
Телеграммалардын категориялары | Бардык ишканаларда иргөөнүн контролдук мөөнөттөрү | |||
жиберүү | жеткирүү | |||
саат | мин. | саат | мин. | |
Категориядан тышкары, өкмөттүк, шашылыш |
| 30 | 2 | - |
Катардагы | 1 |
| - | - |
"Шторм" Билдирүүлөрдү коммутациялоо борбору/жиберилген пункттан келип жеткен пунктка |
| 4/10 | - | - |
"Авиа" Билдирүүлөрдү коммутациялоо борбору/жиберилген пункттан келип жеткен пунктка |
| 6/15 | - | - |
"Авария байланышы" Билдирүүлөрдү коммутациялоо борбору/жиберилген пункттан келип жеткен пунктка |
| 6/15 | - | 30 |
|
|
|
|
|
Телеграммаларды иргөөгө кошумча контролдук мөөнөттөрдү сактоого:
- "Авария байланышы" көп сөздүү телеграммаларды жиберүүгө убакыт телеграммада 20дан ашык сөз болсо - 30 мүнөткө чейин узартылат;
- телеграммадагы сөздүн санына жараша 20дан 30 минутага чейин узартылат;
- 150дөн ашык сөздү камтыган өкмөттүк жана шашылыш телеграммаларды берүүгө 10 мүнөткө чейин кошумча контролдук мөөнөт берилет; кызматтык сурап-билүү телеграммаларын аткарууга 1 саат мөөнөт берилет.
12-глава. Маалыматтарды берүү жаатындагы лицензиялык талаптар
40. Маалыматтарды берүү тармагын уюштурууда жана кызматтарды көрсөтүүдө лицензия алуучу милдеттүү:
1) сутка бою жана акысыз төмөнкүдөй маалыматтык-сурап билүүчү кызматтарын көрсөтүүгө:
- маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүгө тарифтер жөнүндө, маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү аймагы (тейлөө аймагы) жөнүндө маалыматтарды берүүгө;
- абоненттин жеке эсебиндеги абал жөнүндө маалыматты берүүгө;
- абоненттен/колдонуучудан маалыматтарды берүү кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга тоскоолдук жараткан техникалык бузулуулар жөнүндө маалыматтарды кабыл алууга;
- маалыматтарды берүү боюнча көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат берүүгө жана зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) лицензия берүүчү менен макулдашпастан акысыз маалыматтык-сурап билүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин кыскартпоого;
3) байланыш операторлору атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө тергөөчүгө жана байланыш тармактарында контрчалгындоо ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле бул органдарга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматты берүүгө, аларга байланыштын бардык тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн, маалымат базаларынын, байланыш операторунун автоматташтырылган системаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга;
4) конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырыктарды, согушка, зомбулукка жана порнографиялык мүнөздөгү, диний жана улуттук чыр-чатакты козутууга, адамдын ар-намысын кемсинтүүгө пропагандалоону камтыган маалыматтык материалдарга жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде мыйзамдар менен тыюу салынган башка маалыматтарга жетүүнү чектөө боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүгө;
5) маалыматтарды пайдаланууга берүүгө тоскоолдук жараткан бузулууларды бекитилген мөөнөттө четтетүүгө;
6) абоненттерге жана (же) колдонуучуларга жалпыга маалымдоо каражаттары, расмий сайт жана смс-билдирүүлөр аркылуу маалымат берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлоого;
7) дооматтар катталган күндөн тартып 30 календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө жазуу жүзүндөгү дооматтарды кароого жана дооматтарды кароонун жыйынтыгы жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүүгө;
8) кызмат көрсөтүүлөрдүн нормалдуу режиминин бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон оңдоп-түзөө жана алдын алуу иштерин жүргүзүү башталуучу мөөнөт жана анын узактыгы жөнүндө абонентке кабарлоого.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык)
13-глава. Почта байланышы жаатындагы лицензиялык талаптар
41. Лицензия алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткаркы, кат алмашуулардын сырын сактоого жана кат-кабарлардын же башка почта жөнөтмөлөрдүн мазмунун ачыкка чыгарбоого;
- почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык колдонуучулары үчүн почта байланышы кызматтарын бирдей жетүү укугунда көрсөтүүгө;
- почта байланышы ишканаларынын ишин почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуучулар үчүн ыңгайлуу режимде камсыздоого;
- практикалык иште почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуучулардын аларды тейлөөнү жакшыртууга багытталган сунуштарын эске алууга;
- кабыл алынган почта жөнөтмөлөрдүн жана акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга;
- почта жөнөтмөлөрү, акча каражаттары иргелүүчү жана сакталуучу жайды зарыл болгон жабдуулар жана өрттөн коргоочу сигнализация каражаттары менен жабдууга;
- акча каражаттарын, баалуу буюмдарды жана почта жөнөтмөлөрүн сактоо үчүн багытталган жайларга ички жана сырткы кулпулар салынган темир каалгаларды орнотууга, терезелеринин ички бетине жапкыч жана темир тор орнотууга;
- почта жана акча каражаты ташылуучу транспорт каражаттарын ага бөтөн адамдар кире албай тургандай жабдууга;
- республиканын аймагында почта жөнөтмөлөрүн лицензия алуучу бекиткен мөөнөттүн ичинде кабыл алууну, иргөөнү жана жеткирүүнү камсыз кылууга;
- лицензия алуучунун күнөөсү боюнча почта жөнөтүүлөрү жоголгон же почта аркылуу акчалай которуу боюнча акча каражаттары төлөнбөгөн учурда жөнөтүүчүгө же алуучуга почталык жана башка жыйымдарды төлөөгө, колдонуучунун пайдасына келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүдөн тышкары лицензия алуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын 25% өлчөмүндө үстөк айып төлөп берет;
- Кыргыз Республикасынын ичинде жөнөтүлүүчү почта жөнөтүүлөрүн алуучунун жана жөнөтүүчүнүн даректерин мамлекеттик жана расмий тилдерде жазууну камсыз кылууга;
- почта байланышынын жашыруун сырын түзгөн акча каражаттарын которуулар жөнүндө маалыматты "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга берүүгө;
- терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелерин жана аны ишке ашыруу жол-жоболорун, анын ичинде алардын аткарылышын контролдоонун талаптагыдай механизмин жана кызматкерлерди жалдоодо тандоонун тийиштүү жол-жоболорун иштеп чыгууга;
- кардардын идентификациясына тиешелүү маалыматтарды жана жазууларды, ошондой эле акча каражаттары же мүлк менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды эсеп жабылган учурдан тартып беш жылдан кем эмес сактоого. Мындай жазуулардагы маалыматтар кийин кароо жана иликтөө үчүн тиешелүү далилдерди берүү максатында айрым операцияларды (бүтүмдөрдү) калыбына келтирүүгө мүмкүн болгондой жетиштүү болууга тийиш;
- терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымат берилгендигин ачыкка чыгарбоого. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга мындай маалымат берилгендиги жөнүндө үчүнчү жактарга билдирүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет. Акча каражаттары же мүлк менен операцияларды жүргүзгөн уюмдардын кызматкерлери бул уюмдардын кардарларына же башка жактарга терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымат берилгендиги жөнүндө билдирүүгө укуктуу эмес;
- акча каражаты же мүлк кылмыш жолу менен алынды же терроризмди (экстремизмди) каржылоого байланыштуу же ушул максатта колдонулат деп шектенүүгө негиздер болгон учурда терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө;
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышы жана ишке ашырылышы үчүн жооптуу атайын кызмат адамдарын дайындоого;
- "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте кардардын ким экендигин (юридикалык же жеке жактын) идентификациялоого жана верификациялоого, алынган маалыматтарды жазып алууга;
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн Террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерге же массалык жок кылуучу куралдарды жайылтууга тиешеси бар адамдардын тизмесин өз ишинде колдонууга жана кардар аталган Тизмеде болгон учурда акча каражаттары жана мүлк менен операцияларды токтотуп коюу боюнча чараларды көрүүгө.
131-глава. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы лицензиялык талаптар
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
411. Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак гана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы лицензиат болушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
412. Лицензиат төмөндө айтылгандардын: Мобилдик байланыш терминалынын эл аралык идентификаторунун (IMEI), Мобилдик абоненттин эл аралык идентификаторунун (IMSI) же эл аралык ISDN-мобилдик байланыш терминалынын номеринин (MSISDN) жок дегенде биринин байланыш түзүлүшүнүн идентификатору катары талаптагыдай аныктоону камсыз кылган жана байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн арналган түзүлүштөрдү борборлоштуруп каттоону камсыз кылган жеке иштеп чыгуусунун программалык камсыздоосуна ээ болушу керек. Лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган негиздерде аталган программалык камсыздоонун баштапкы кодунун ээси болууга, ошондой эле GSMAнын ассоциацияланган мүчөсүнөн колдонуу укугун алуу аркылуу маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүн ырастоого тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
413. Лицензиаттын штатында жогорку техникалык билими, байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн арналган түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы 3 (үч) жылдан кем эмес ырасталган эмгек стажы, алар менен эмгек келишимдери түзүлгөн 3төн (үч) кем эмес кызматкердин болушу милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
414. Лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялануучу колдонулуп жаткан, ташып келинген жана транзиттик түзүлүштөрдүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн арналган түзүлүштөрдүн маалыматтар базасын жүргүзүүгө жана өз ишин жүргүзгөн бардык мезгилде маалыматтар базасын сактоону камсыз кылууга;
2) маалыматтар базасында идентификациялык коддору окшош эки же андан көп түзүлүштөр аныкталган учурда бул жөнүндө ыкчам-издөө ишин жүзөгө ашыруучу укук коргоо органдарына билдирүүгө;
3) иши токтотулган же болбосо лицензиясы токтотулган же жокко чыгарылган учурда өзүнүн маалыматтар базасында сакталган маалыматтарды Лицензиарга толук көлөмдө берүүнү камсыз кылууга;
4) байланыш тармактарында атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо ишин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өзүнүн маалыматтар базасынан Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген түзүлүштөрдүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн арналган түзүлүштөрдүн идентификацияланган эл аралык уникалдуу идентификациялык коддору жөнүндө маалыматты, ошондой эле бул органдарга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды берүүгө, аларга атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда маалыматтар базаларынын жана автоматташтырылган системалардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга;
5) бажы жана салык органдарына GSMA ассоциациясынын маалыматтарына негизделген өндүрүүчү-заводдун баасы, түзүлүштөрдү чыгарган өлкө, түзүлүштүн аталышы жана модели жөнүндө маалыматтарды берүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык)
415. Лицензиатты программалык камсыздоо контрафакттык продукцияларды табуу предметине байланыш түзүлүшүнүн идентификациялык кодунун жана/же өзгөчөлүктөрүнүн негизинде каттоого алынган байланыш түзүлүшүнүн аутенттүүлүгүн аныктоого, программалык камсыздоо каражаттары боюнча бажы башкармалыгы менен маалыматтарды синхрондоштурууга, ошондой эле GSMA ассоциациясынын маалыматтарына негизделген ташып келинген же өндүрүлгөн түзүлүштөрдү чыгаруучу заводдун наркын берүү үчүн салык органдарына кошулууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
416. Лицензиатты программалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле "Ак", "Кара", "Боз" тизмелерине идентификациялык коддорду киргизүү мүмкүнчүлүгү менен маалыматтарды берүүгө арналган түзүлүштөрдү эл аралык уникалдуу идентификациялык коддорунун маалыматтар базасына каттоону жана сактоону камсыз кылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
417. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана өндүрүлгөн байланыш түзүлүштөрүнүн идентификациялык коддорун каттоо үчүн байланыш түзүлүштөрү ташып келинген күндөн тартып 7 (жети) календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө импорттоочу Лицензиатка электрондук форматта түзүлүштү каттоо жөнүндө арызды, ошондой эле түзүлүштү каттоо үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документин берет. Кызмат көрсөтүүгө акы төлөөнүн өлчөмү монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча идентификациялоо оператору тарабынан белгиленет.
Байланыш түзүлүштөрүнүн идентификациялык коддорун каттоо үчүн документтер идентификациялоо операторунун электрондук порталы аркылуу берилүүгө тийиш, арызга электрондук колтамга коюлат же документтер кагаз жүзүндө берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
418. Электр байланыш операторлору Лицензиаттан тийиштүү суроо-талап алынган датадан тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде операторлордун маалыматтар базасында болгон бардык идентификациялык коддор жөнүндө маалыматтарды Лицензиатка берүүгө, ошондой эле маалымат алмашуу үчүн лицензияны колдонуу мезгилинде жабдууга кошуу жана кошумча жабдууга кошуу жана күнү-түнү тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүн берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
419. Идентификациялоо оператору Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибин сактоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
14-глава. Лицензиялык контроль
42. Лицензиялык контроль лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген лицензиялык талаптардын, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 92, 10, 14, 18, 21, 211, 23-24, 26, 28-30, 33, 34, 39-беренелеринин ченемдеринин жана ушул Жобонун лицензия алуучу тарабынан сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Лицензиялык контроль жүргүзүүдө лицензия алуучу Лицензия берүүчүнүн кызматкерлеринин бардык документтерди жана лицензиялык текшерүү предметине тиешелүү маалыматтарды тоскоолдуксуз алуусун камсыздоого милдеттүү.
431. Лицензия алуучуну пландык лицензиялык текшерүү лицензия берүүчүнүн буйругу менен бекитилген пландык текшерүү жүргүзүүнүн жылдык планына ылайык жүргүзүлөт.
Лицензиялык контроль лицензия берүүчүнүн лицензиялык текшерүү барагын милдеттүү түрдө колдонуусу менен жүргүзүлөт, анын формасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Лицензиялык контроль жүргүзүү планына киргизүүгө төмөнкүлөр негиз болот:
- лицензия берилген датадан тартып бир жыл өткөндүгү;
- буга чейинки лицензиялык текшерүү жүргүзүлгөн датадан тартып бир жыл өткөндүгү;
- лицензия алуучунун буга чейинки жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды жойгондугун текшерүү.
Текшерүүлөр жылына 1 (бир) жолу жүргүзүлөт.
45. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүнүн предмети болуп арыз ээсинин лицензиялык талаптарга шайкештигин изилдөө, ошондой эле лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды аткаруусун текшерүү, мурдагы текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузуулардын лицензия алуучу тарабынан жоюлганын текшерүү, лицензия алуучунун ага карата текшерүү жүргүзүү тууралуу арызы боюнча, ошондой эле лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке же юридикалык жактын арызы боюнча текшерүү саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
451. Лицензия алуучуну пландан тышкары текшерүү төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) аныкталган лицензиялык талаптарды бузууну жоюу жөнүндө лицензия берүүчү тарабынан мурда берилген тиешелүү актыны лицензия алуучунун аткаруу мөөнөтүнүн аякташы;
2) лицензия берүүчүгө лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө жарандардан, анын ичинен жеке ишкерлерден, юридикалык жактардан кайрылуулардын, арыздардын, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалыматтардын түшүүсү;
3) лицензиянын колдонулушу токтотулуп турган мөөнөттүн аякташы;
4) аныкталган лицензиялык талаптарды бузууларды мөөнөтүнөн мурда жоюу фактысын аныктоо максатында лицензия берүүчүнүн пландан тышкары текшерүү жүргүзүүсү жөнүндө лицензия алуучунун өтүнүч катынын болушу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
452. Лицензия берүүчү лицензия алуучуга алдын ала кабарлоо жибербестен, ушул Жобонун 45-1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча пландан тышкары текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
453. Лицензияга чейинки текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп лицензия алууга арыз саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Лицензиялануучу иш жүргүзүлүүчү жерге баруу менен лицензиялык контроль жүргүзүүнүн мөөнөтү 15 (он беш) иш күндөн ашпашы керек.
47. Лицензия берүүчүнүн лицензиялык контроль жүргүзгөн адистеринин жүйөлүү сунуштарынын негизинде татаал жана (же) узакка созулган изилдөөлөрдү, сыноолорду жана атайын экспертизаларды жүргүзүүгө байланышкан өзгөчө учурда лицензиялык контроль жүргүзүүнүн мөөнөтү Лицензия берүүчүнүн буйругунун негизинде бир жолудан ашык эмес жана 10 (он) иш күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
48. Лицензиялык контроль Лицензия берүүчүнүн лицензиялык контроль жүргүзүү жөнүндө буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
49. Лицензиялык контроль жүргүзүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Лицензия берүүчүнүн адистеринин, ишке тартылган көз карандысыз эксперттердин же адистердин (зарыл болгон учурда Лицензия берүүчү тарабынан аныкталуучу) аты-жөнү, кызмат орду;
2) иши текшерилүүчү лицензия алуучунун аталышы;
3) иш жүзүндө лицензиялануучу иш жүргүзүлүүчү жердин юридикалык дареги жана (же) орду;
4) лицензиялык контролдун предмети;
5) лицензиялык контроль жүргүзүү башталган жана аяктаган дата;
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Лицензиялык контроль жүргүзүү жөнүндө буйрукка Лицензия берүүчүнүн жетекчиси кол коёт.
51. Лицензия берүүчүнүн адистери лицензиялык контролдоо башталуучу датадан кеч эмес лицензиялык иштин материалдарында көрсөтүлгөн дарекке барышат.
52. Лицензия берүүчүнүн адистери лицензиялык контроль жүргүзүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) лицензиялык контролду лицензиялык талаптарды бузуунун алдын алуу, аныктоо жана болтурбоо максатында жүргүзүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, лицензиялык контроль жүргүзүлүп жаткан арыз ээлеринин жана лицензия алуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
3) лицензиялык контролду Лицензия берүүчүнүн лицензиялык контроль жүргүзүү жөнүндө буйругунун негизинде жана ушул Жобого ылайык жүргүзүүгө;
4) лицензиялык контролду кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда гана жүргүзүүгө;
5) лицензиялык контролду лицензиялык контроль жүргүзүү жөнүндө буйрукта белгиленген мөөнөттө жүргүзүүгө;
6) лицензия алуучудан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилиши каралбаган жана лицензиялык текшерүү предметине тиешеси жок документтерди жана башка маалыматтарды талап кылбоого;
7) аныкталган лицензиялык талаптар бузууларды жоюу жөнүндө эскертүүнү даярдоого;
8) лицензиялык талаптарды бузууга байланышкан бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө.
53. Лицензия берүүчүнүн адистери лицензиялык контроль жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуксуз:
1) лицензия алуучудан же анын кызмат адамынан лицензиялык талаптарга, ошондой эле байланыш жана лицензиялоо жаатындагы мыйзамдарды сактоонун жалпы талаптарына тиешеси жок документтерди, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;
2) лицензиялык контроль жүргүзүүнүн жыйынтыгында алынган жана мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон сырды түзгөн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары ачыкка чыгарууга жана жарыялоого;
3) лицензия алуучунун каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен лицензиялык контроль жүргүзүүгө.
54. Лицензиялык контроль жүргүзүүдө лицензия алуучулар Лицензия берүүчүнүн лицензиялык контроль жүргүзгөн адистерине лицензиялануучу иштин түрүн ишке ашыруу маселелери боюнча документтерди берүүгө милдеттүү.
55. Лицензиялык контроль жүргүзүүдө лицензия алуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Лицензия берүүчүнүн адистеринен лицензиялык контролдун предметине тийиштүү документтерди алууга;
2) лицензиялык контролдун жыйынтыгы менен таанышууга жана актыда лицензиялык контролдун жыйынтыгы менен таанышкандыгы, лицензиялык контролдун жыйынтыгына, ошондой эле Лицензия берүүчүнүн лицензиялык контроль жүргүзгөн адистеринин айрым иш-аракеттерине макулдугу жана макул эместиги жөнүндө көрсөтүүгө;
3) Лицензия берүүчүнүн адистеринин лицензиялык контроль жүргүзүүдө лицензия алуучулардын укуктарын бузууга алып келген иш-аракеттерине, ошондой эле аракетсиздигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга.
56. Лицензиялык контролдун жыйынтыгы боюнча Лицензия берүүчүнүн лицензиялык контроль жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген адиси инспектордук текшерүүлөрдү каттоо китепчесине жүргүзүлгөн лицензиялык контролдун жыйынтыгы жөнүндө жазат. Лицензиялык контроль жүргүзүүнүн жүрүшүндө Лицензия берүүчү бекиткен форма боюнча эки нускада лицензиялык контроль жүргүзүү актысы түзүлөт, лицензия алуучу көрсөтүлгөн даректе жок болгон учурлардан сырткары.
57. Лицензиялык контролдоо актысына Лицензия берүүчүнүн лицензиялык контроль жүргүзгөн адистери жана лицензия алуучунун жооптуу адамдары кол коёт. Лицензиялык контролдоо актысын ага тиркелген документтер менен бирге Лицензия берүүчүнүн жетекчиси бекитет.
58. Лицензиялык контролдоо актысы лицензия алуучунун лицензиялык ишине кошулат.
59. Лицензиялык контроль жүргүзүүнү аяктоо мөөнөтү болуп лицензия алуучуга же анын жооптуу адамдарына лицензиялык контроль жүргүзүү жөнүндө акты берилген дата же эгер акт ошол күнгө чейин берилбесе Лицензия берүүчүнүн буйругунда көрсөтүлгөн лицензиялык контролдоо аяктаган дата эсептелет.
60. Лицензиялык контролдоо актысын кырып өчүрүүгө жана Лицензия берүүчүнүн лицензиялык контроль жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген адистери менен лицензия алуучунун же анын жооптуу адамдары тарабынан макулдашылган жана колу кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн оңдоолордон сырткары, башкача оңдоолорго жол берилбейт.
61. Лицензиялык контролдоо актысы лицензиялык контроль жүргүзүүнүн жүрүшүндө бузуулар аныкталбаган учурларда да түзүлөт.
62. Лицензия алуучу же анын жооптуу адамдары жок учурда, же болбосо лицензия алуучу лицензиялык контролдоо актысын таанышып чыгуунун белгиси катары кол коюудан, аны алуудан баш тарткан учурда аталган акт түзүлгөн күндөн тартып 3 (үч) иш күндөн кечиктирилбестен тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказдык почта жөнөтмөсү аркылуу лицензия алуучунун дарегине жөнөтүлөт, аны Лицензия берүүчү өзүндөгү лицензиялык контролдоо актысынын нускасына тиркейт.
63. Лицензиялык контролдоо актысында жазылган фактыларга, тыянактарга, сунуштарга макул болбогон учурда, лицензия алуучу Лицензия берүүчүнүн чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык даттанууга укуктуу.
64. Лицензия берүүчү лицензия алуучунун каршы пикирлерин негиздүү деп тааныган учурда лицензиялык контролдоо актысына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.
65. Лицензиялык контролдун жүрүшүндө бузуулар аныкталган учурда Лицензия берүүчүнүн эскертүүсү, лицензиялык контролдоо боюнча актыны даттануу жана каршы пикирлерди изилдөө үчүн берилген мөөнөт аяктагандан кийин таризделет. Аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө эскертүү ал чыгарылган учурдан тартып 30 (отуз) календарлык күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.
66. Эскертүүнү аткаруунун мөөнөтү эскертүү чыгарылган датадан тартып 180 календарлык күндөн ашпашы керек. Эскертүү анда көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбаганда, лицензия алуучунун ырастоочу документтерди берүү менен негиздүү өтүнүчү болгон учурда жазма буйрукту же болбосо эскертүүнү аткаруу мөөнөтү бир жолудан ашык эмес жана 180 (бир жүз сексен) күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
67. Байланыш жаатындагы мыйзамдарды бузуу жөнүндө протоколдор байланыш жаатындагы мыйзамдар бузулган окуянын болушун көрсөткөн жетиштүү маалыматтар болгон учурда Лицензия берүүчүнүн адистери тарабынан түзүлөт.
68. Лицензиялык контролдоонун натыйжасында Лицензия берүүчүнүн адистери лицензия алуучу тарабынан эскертүү аткарылбаганын аныктаган учурда ага карата ушул Жободо каралган чаралар көрүлөт. Текшерүү боюнча материалдар чечим кабыл алуу үчүн Лицензия берүүчүнүн жетекчилигине берилет.
69. Лицензиялык контролдоонун жүрүшүндө лицензиялык талаптардын буга чейинки бузулушу аныкталган учурдан тартып бир жылдын ичинде ошол эле лицензиялык талаптардын сакталбагандыгы түрүндө аныкталган лицензиялык талаптардын эки жолу бузулушу айып пул салуу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болуп саналат, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде айып пул түрүндө жаза чарасы каралган. Лицензия берүүчүнүн адистери Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүшөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Байланыш жаатындагы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
15-глава. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Лицензия берүүчү төмөнкү учурларда лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтото турат:
1) бир жылдын ичинде лицензиялык талаптар үч жолу бузулганда;
2) лицензия берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды бузуулар лицензия алуучу тарабынан белгиленген мөөнөттө жоюлбаганда;
3) лицензия алуучунун анык эмес маалыматтар менен документтерди берүү фактылары аныкталганда;
4) адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү алдын алуучу лицензиялык талаптар лицензия алуучу тарабынан бузулганда.
Лицензиянын колдонулушун токтото туруу убагында анын колдонуу мөөнөтү узартылбайт.
Лицензия берүүчү лицензиянын колдонулушун токтото турган себептер жоюлбаган учурда, лицензия жана (же) уруксат Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарына ылайык жокко чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Лицензия алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) токсон календардык күндүн ичинде ушул Жобонун 71-пунктунда каралган бузууларды жоюуга;
2) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтото турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууларды жойгондугу жөнүндө лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
73. Лицензия алуучу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечимге даттанууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
16-глава. Лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү
74. Лицензиянын колдонулушу лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузууну жойгон шартта, лицензиянын колдонулушун токтото туруу мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып, же болбосо лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузууну мөөнөтүнөн мурда жойгон учурда лицензиянын колдонулушун токтото турууга белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин Лицензия берүүчү тарабынан калыбына келтирилет.
75. Лицензиялык талаптарды бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда лицензия алуучу бул тууралуу Лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт жана лицензиялык текшерүүнү демилгелейт.
76. Лицензия берүүчү отуз күндүк мөөнөттө же болбосо лицензия алуучудан бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлгандыгы жөнүндө кабарлоону алган күндөн тартып беш иш күндөн кечиктирбестен аныкталган бузуулар жоюлгандыгына лицензиялык текшерүү жүргүзөт жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензия алуучуга лицензияны калыбына келтирүү, же болбосо тиешелүү негиздеме менен аны калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү чечимин жиберет жана тиешелүү маалыматтарды реестрге киргизет.
77. Маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып лицензиянын колдонулушу калыбына келтирилди деп саналат.
78. Лицензия алуучу Лицензия берүүчүнүн лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттанууга укуктуу.
17-глава. Лицензияны токтотуу жана жокко чыгаруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
79. Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) лицензия алуучу лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылганда;
2) лицензия алуучунун иши токтотулганда;
3) юридикалык жак жоюлганда;
4) жеке жак белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылганда же ал каза болгондо;
5) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
6) иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен иштин айрым түрү алып салынганда;
7) лицензия жана (же) уруксат берилген иш-аракеттер, операциялар толук көлөмдө жүргүзүлгөндө;
8) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
80. Лицензия берүүчүнүн лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечими ал кабыл алынган күндөн тартып үч иш күндөн кечиктирилбестен лицензия алуучуга жазуу жүзүндө жеткирилет.
Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушу лицензия берүүчү лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып же болбосо лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушу токтотулганда лицензия берүүчү бир иш күндүн ичинде лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизет.
Лицензия алуучуда болгон кагаз жүзүндөгү лицензия жана (же) уруксат лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып жараксыз деп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
81. Лицензия берүүчү лицензиянын колдонулушун токтото турган себептер жоюлбаган учурда, лицензия берүүчүнүн арызын кароонун негизинде соттун чечими менен лицензия жокко чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
18-глава. Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
82. Лицензия берүүдөн негизсиз баш тартуунун же лицензия алуучунун укуктарын жана кызыкчылыктарын бузуунун натыйжасында лицензия алуучу тарткан зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
83. Ишти тиешелүү лицензиясыз же лицензиялык талаптарды бузуу менен жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
|
| Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы _________________________________________________________________________________ (лицензиялоочу органдын - лицензия берүүчүнүн толук аталышы)
ЛИЦЕНЗИЯ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомдорунун редакциясына ылайык)
____________________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (эгер болсо), анын ичинде фирмалык аталышы, уюштуруу-укуктук формасы же жеке жактын, жеке ишкердин, лицензия алуучунун аты-жөнү). Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү:
____________________________________________________________________________________________________
Жеке жактын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтеги маалыматтары:
____________________________________________________________________________________________________
Жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуудагы каттоо номери:
____________________________________________________________________________________________________
Лицензиялануучу иштин түрү: ___________________________________________________________________________
Лицензиянын колдонуу мөөнөтү: _________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________________
(мөөнөттүү, мөөнөтсүз)
Иш жүргүзүлүүчү аймак: ________________________________________________________________________________
Берилген дата: 20__-жылдын "__" _________________
Лицензиянын каттоо номери: ____________________________________________________________________________
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери: _____________________________________________________________
Лицензия: ____________________________________________________________________________________ саналат.
(ээликтен ажыратылуучу, ажыратылбоочу)
Лицензия берген адамдын кызмат орду, колу:
____________________________________________________________________
М.О.
№ ___________________ Бланктын сериясы: ___________________
|
| Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Радио электрондук каражаттарды (РЭК) жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү (ЖЖТ), радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө № ________ УРУКСАТ
Арыз ээси:
____________________________________________________________________________________________________
(чарбакер субъекттин аталышы)
_____________________________________________________________________________________________ атынан
(кызматы, аты-жөнү)
юридикалык дареги: ___________________________________________________________________________________
продукцияны ташып келүүгө ____________________________________________________________________________
(продукциянын, сатылып алынуучу комплекттөөчү буюмдардын аталышы, ОКП коду, көлөмү, саны, сертификаттоого бериле турган товарды коштоочу документ)
____________________________________________________________________________________________________
Берилген дата: 20__-жылдын "__" ______________
___________________________________ | _____________________ | ___________________________________ |
(жетекчи же ыйгарым укуктуу адам) | (колу, мөөрү) | (аты-жөнү) |
___________________________________ |
|
|
(М.О.) |
|
|
|
| Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы (лицензия берүүчүнүн аталышы)
АРЫЗ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Төмөнкү ишти жүргүзүүгө лицензия берүүңүздү суранам:
____________________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________________
(иштин түрүнүн (түрлөрүнүн) так жана толук аталышы)
Электр байланышы жана (же) маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуу үчүн иш жүргүзүлүүчү аймак:
Юридикалык жак үчүн: Юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (эгер болсо), анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы: __________________________________________________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________________________________________ Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн сериясы _______ № _________________ ___________________________________________________________________________________________________________________________ берилген: __________________________________________________________________________________________________________________ Жайгашкан жери: ___________________________________________________________________________________________________________ ИСН ______________________________________________________________________________________________________________________
|
|
Жеке жак үчүн: Аты-жөнү ___________________________________________________________________________________________________________________________ Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтеги маалыматтары: __________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________________________________________ (документтин аталышы) ___________________________________________________________________________________________________________________________ (качан, ким тарабынан берилген)
|
Арызга лицензия алууга зарыл болгон документтер тиркелет: тизмеси жана барактардын саны
Байланыш маалыматтары: телефон номери, e-mail, факс:
__________________________________________________________________________________________________
________________________________ |
| ________________________ |
(колу) |
| (дата) |
________________________________ |
|
|
(М.О.) |
|
|
|
| Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Радио электрондук каражаттарды (РЭК) жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү (ЖЖТ), радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө уруксат алууга АРЫЗ
Юридикалык жактын, жеке ишкердин аталышы ___________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________________
ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (жеке ишкерлер үчүн) тиркелет
Арыз ээсинин юридикалык, почта дареги: ________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________________
Арыз ээсинин телефон номери: _________________________________________________________________________
Радио электрондук каражаттарды (РЭК), жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү (ЖЖТ), радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө уруксат берүүңүздү суранам:
____________________________________________________________________________________________________
(Жабдуунун аталышы, тиби (модели)
____________________________________________________________________________________________________
(саны, бирдиги/комплекти)
____________________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________________
(товарды коштоочу документтердин көчүрмөлөрү - инвойс/эсеп-фактурасы) тиркелет
Ушул продукциянын шайкештигин (сертификациясын) ырастоо жол-жоболорун жүргүзүүгө милдеттенем.
Продукцияны шайкештик сертификатысыз Кыргыз Республикасынын рыногуна чыгарбоого кепилдик берем.
___________________________________ | ____________________ | ___________________________ |
(жетекчи, жеке ишкер) | (колу) | (колун чечмелөө) |
___________________________________ |
|
|
(М.О.) |
|
|