Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-январы № 26
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 10-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелери:
- төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:
"22-1. Аянты 50 чарчы метрден жогору болгон соода залдарында ар бир товардык катарда ата мекендик өндүрүштөгү товарлар үчүн товардын өндүрүлгөн өлкөсүн көрсөтүү менен "Кыргызстанда жасалган" ("Made in Kyrgyzstan", "Изготовлено в Кыргызстане") шелфтокери бар өзүнчө стеллаждар/текчелер бөлүнүшү керек.
Аянты 100дөн 200 чарчы метрге чейинки соода залдарында ар бир товардык катарда ата мекендик өндүрүштөгү товарларды саткан жерде товардын өндүрүлгөн өлкөсүн көрсөтүү менен "Кыргызстанда жасалган" ("Made in Kyrgyzstan", "Изготовлено в Кыргызстане") шелфтокери бар жеңил жарнамалык конструкциялар орнотулушу керек.
Аянты 200 чарчы метрден ашык соода залдарында кыргыз өндүрүшүнөн чыккан товарларды саткан жерлерге керектөөчүлөрдүн көңүлүн буруу үчүн "Кыргызстанда жасалган" ("Made in Kyrgyzstan", "Изготовлено в Кыргызстане") деген маалыматтык көрсөтмөлөр, көрнөктөр, шелфтокерлер жана баннерлер коюлушу керек.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 14-февралындагы № 14(3086) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |