Загрузка документа…
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында конкурс өткөрүүнүн жана кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө
Жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-декабрындагы № 630, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 105, 2023-жылдын 9-августундагы № 399, 2025-жылдын 18-июлундагы № 426 , 2025-жылдын 29-декабрындагы № 841 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана прокуратура жана улуттук коопсуздук органдарынан тышкары Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында конкурс өткөрүүнүн, кадрлар резервин түзүүнүн укуктук негиздерин, тартибин жана шарттарын аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Конкурс өткөрүүнүн максаты жана маселелери болуп кыйла даярдыгы бар жарандарды, мунун ичинде билимин, кесиптик билимин, ишкердик, жеке жана моралдык сапаттарын эске алуу менен кадрлар резервине киргизүү үчүн тандоо саналат.
Конкурс жарандардын жөндөмүнө жана кесиптик даярдыгына жараша кадрлар резервине кирүүгө тең укуктуулугун камсыз кылат.
2. Кадрлар резерви - укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлөөгө талапкер болгон, кызмат ордуна коюлган талаптарга жооп берген жана конкурстук тандоодон өткөн талапкерлердин тобу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 399 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кадрлар резерви Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарындагы бош кызмат орундарын ээлөөгө (толуктоого) талапкерлердин даярдалган курамын түзүү үчүн калыптандырылат.
4. Кадрлар резервин түзүү, ошондой эле конкурстарды өткөрүү укук коргоо органдарынын кадр бөлүмдөрү тарабынан камсыз кылынат.
5. Ушул Жобо аскердик кызмат өтөө каралган жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнө карата колдонулбайт.
2. Конкурстук комиссия
6. Кадрлар резервин түзүү үчүн укук коргоо органы конкурстарды өткөрөт. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү укук коргоо органынын кадр бөлүмүнө жана конкурстук комиссиясына (мындан ары - комиссия) жүктөлөт.
7. Курамы жетиден кем эмес жана он бирден көп эмес мүчөдөн турган комиссия укук коргоо органы тарабынан түзүлөт, анын жеке курамы укук коргоо органынын жетекчисинин, укук коргоо органынын ыйгарым укуктуу жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
Комиссиянын түзүмү жана курамы:
- комиссиянын төрагасы - укук коргоо органынын жетекчиси аныктаган жетекчинин орун басары, укук коргоо органынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө - ошондой бөлүмдүн жетекчиси аныктаган жетекчинин орун басары;
- комиссиянын катчысы - укук коргоо органынын кадр бөлүмүнүн кызматкери (чечимдерди чыгарууда жана кабыл алууда добушу жок).
Комиссиянын мүчөлөрү:
- укук коргоо органынын укуктук камсыздоону ишке ашыруучу бөлүмүнүн жетекчиси (орун басары);
- укук коргоо органынын кадрдык бөлүмүнүн жетекчиси (орун басары);
- укук коргоо органынын ички иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси (орун басары).
Комиссиянын курамына мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын, укук коргоо органынын ардагерлер кеңешинин, жарандык коом институттарынын өкүлдөрү, тийиштүү багыттагы көз карандысыз эксперттер кириши мүмкүн.
3. Конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары
8. Конкурсту укук коргоо органы жарыялайт. Конкурс өткөрүү тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жана укук коргоо органынын расмий сайтында жайгаштырылат.
9. Конкурс жарыялоого негиз болуп кадрлар резервинде бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер жок болгон учур саналат.
10. "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары конкурска катышууга укуктуу.
11. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кол коюлган эл аралык макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары окуу жайларда окуган бүтүрүүчүлөр кадрлар резервине конкурстук тандоосу жок кирүүгө укуктуу.
12. Укук коргоо органдарынын окуу жайларынын бюджеттик окуу формасынын жана башка мамлекеттердин ошого теңдеш окуу жайларынын укук коргоо органдарынын квотасы боюнча бюджеттик жана контракттык окуу формасынын бүтүрүүчүлөрү өздүк иштери таризделген жери боюнча андан ары кызматын өтөөгө кадрлар карамагына багытталат жана конкурстук тандоодон өтпөстөн милдеттүү түрдө ишке орноштурулат.
13. Конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
- жеке арызын;
- кадрларды эсепке алуу баракчасы/анкета;
- өмүр баяны, 2 нускада (өз колу менен жазылган жана басылган);
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 105 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- тийиштүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктоочу документтердин, ошондой эле окуу учурунда алган баалары менен документтердин тиркемелеринин көчүрмөлөрү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирип жаткан жарандардан тышкары);
- аскердик билетинин көчүрмөсү (эркектер үчүн) (түп нускасы конкурска келген учурда көрсөтүлөт);
- паспортунун (түп нускасы конкурска келген учурда көрсөтүлөт) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- балдардын туулгандыгы тууралуу (эгерде балдары болсо) жана никелешүү жөнүндөгү (никеде турган болсо) күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
- укук коргоо органында кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө аскердик-врачтык комиссиясынын корутундусу;
- үчтөн кем эмес сунуш кат;
- параметрлери укук коргоо органы тарабынан белгиленүүчү сүрөттөр;
- никени бузуу тууралуу (эгерде никеси бузулса) күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- Ф.А.А. алмаштыруу тууралуу (эгерде мурда атын, атасынын атын, фамилиясын алмаштырса) күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- өлгөндүгү тууралуу (жакын туугандары каза болгон учурда) күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- акыркы иштеген ордунан күбөлөндүрүлгөн кызматтык мүнөздөмө (эмгек стажы жок болгон учурда жашаган жери боюнча мүнөздөмө).
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсүн күбөлөндүрүүчү ыйгарым укуктуу органдын сертификаты.
Берилген документтердин аныктыгы жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчиликти документтерди берген талапкер тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 105, 2023-жылдын 9-августундагы № 399, 2025-жылдын 18-июлундагы № 426, 2025-жылдын 29-декабрындагы № 841 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Конкурска катышуу үчүн талапкер тарабынан тапшырылган документтерди кабыл алуу жана андан ары кароо укук коргоо органынын кадр бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
15. Укук коргоо органынын кадр бөлүмдөрү мамлекеттик сырлар менен иштөөгө тийиштүү уруксат берүүнү жол-жоболоштуруу, ошондой эле талапкер берген маалыматтын аныктыгын текшерүү максатында, анын жазуу түрүндөгү макулдугу менен атайын текшерүү жүргүзөт. Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга жетүүнү жол-жоболоштурууда талапкерди текшерүү иш-чараларын өз компетенциясынын чектеринде улуттук коопсуздук маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
16. Укук коргоо органдарына кызматка кирип жаткан жарандардын ден соолугунун абалына коюлуучу талаптар "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык аныкталат.
17. Укук коргоо органынын кадр бөлүмдөрү ушул Жобонун 13 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча талапкерлердин конкурска катышуусуна жол берилгендиги жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-декабрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
171. Конкурска катышуу менен байланышкан чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге барып келүүгө жол кире, турак жайды ижарага алуу, жашап туруу, байланыш каражаттарынын кызматын пайдалануу) конкурстун катышуучулары өз каражаттарынын эсебинен төлөшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-декабрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Конкурска катышууга жол берүүдөн баш тартылган талапкерлерге жети жумуш күндүн ичинде конкурска катышууга жол берүүдөн баш тартылгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлөт.
4. Конкурстун этаптары
19. Конкурс үч этапта өткөрүлөт:
- биринчи этап - дене бойлук даярдыгы боюнча ченемдерди тапшыруу. Талапкерлердин дене бойлук даярдыгына жана дене бойлук көрсөткүчтөрүнө талаптар укук коргоо органы бекиткен ченемдер боюнча аныкталат;
- экинчи этап - тестирлөө (компьютердик технологияларды колдонуу менен же болбосо жазуу жүзүндөгү тестирлөө);
- үчүнчү этап - конкурстун катышуучусу менен аңгемелешүү.
Конкурстун этаптары комиссиянын кеминде үчтөн эки курамынын катышуусунда жүргүзүлөт. Комиссиянын келбей калган мүчөлөрүнүн ордун алмаштырууга жол берилбейт.
20. Конкурстун катышуучусу тарабынан конкурстун этаптарын өткөрүү эрежелери жана жол-жоболору бузулган учурда, ал четтетүү жөнүндө протоколду түзүү менен конкурска андан ары катышуудан четтетилиши мүмкүн, протоколго комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коюшат.
21. Конкурстун биринчи этабы - дене бойлук даярдыгы боюнча ченемдерди тапшыруу 5 баллдык шкала боюнча бааланат.
Бир көнүгүү боюнча гана ченемди аткарбаган, канааттандырарлык эмес деген бааны алган конкурстун катышуучусу бул этаптан өткөн жок деп эсептелет жана кийинки этаптарга киргизилбейт.
22. Конкурстун экинчи этабы - тестирлөө дене бойлук даярдыгы боюнча ченемдерди тапшыруу аяктаган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.
Тестирлөөнү өткөрүү үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлгөн тапшырмалар пайдаланылат.
23. Тестирлөө конкурстун катышуучуларынын мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат, укук коргоо кызматы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин аныктоо, ошондой эле талапкердин инсандык кесиптик маанилүү психологиялык сапаттарын ачуу үчүн өткөрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 399 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Тестирлөөнү өткөрүү жол-жоболору, тапшырмадагы суроолордун саны, алардын татаалдыгынын даражасы, тестирлөөнүн жыйынтыгын баалоо методикасы, тапшырмаларды аткарууга бөлүнгөн жалпы убакыт, ошондой эле тестирлөөдөн өтүү үчүн босоголук маани (тапшырмадагы суроолордун жалпы санындагы туура жооптордун пайызы) укук коргоо органы тарабынан аныкталат.
25. Укук коргоо органы төмөнкүлөргө укуктуу:
- тесттик тапшырмаларды даярдоо үчүн окуу жайлардын, Кыргыз Республикасында тестирлөөнү өткөрүүгө расмий лицензиясы бар жана аккредитациядан өткөн Тестирлөө борборлорунун адистерин келишимдик негизде тартууга;
- укук коргоо органдарынын окуу жайларынын, окуу борборлорунун базасында, ошондой эле Кыргыз Республикасында тестирлөөнү өткөрүүгө расмий лицензиясы бар жана аккредитациядан өткөн Тестирлөө борборлорунда компьютердик тестирлөөнү өткөрүүгө.
26. Конкурстун катышуучуларынын алган баллынын саны жазуу жүзүндөгү тестирлөө жол-жобосу аяктагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде аныкталат.
Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы автоматтык түрдө аныкталат.
27. Экинчи этапта босоголук мааниден төмөн жыйынтыкты көрсөткөн конкурстун катышуучулары конкурстун үчүнчү этабына киргизилбейт.
Тестирлөөнүн жыйынтыктары менен конкурстун катышуучуларынын тизмеси укук коргоо органынын расмий сайтына жайгаштырылат.
28. Тестирлөө жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча комиссия конкурстун үчүнчү этабы - аңгемелешүүнүн катышуучуларын аныктайт. Аңгемелешүүнү өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду тууралуу маалымат, аңгемелешүүгө кирүүгө жол берилген конкурстун катышуучуларынын тизмеси тестирлөө аяктаган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен укук коргоо органынын расмий сайтына жайгаштырылат.
29. Аңгемелешүү конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде өткөрүлөт.
Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө конкурстун катышуучусунун моралдык-адеп-ахлактык, иштеги жана кесиптик сапаттары аныкталат, дене бойлук даярдыгы боюнча ченемдерди тапшыруунун жана тестирлөөнүн жыйынтыктары бааланат.
30. Конкурстун бардык этаптарын өткөрүүдө видео жазуу жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 841 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Аңгемелешүүнү өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу чечим кабыл алат. Чечим конкурстун катышуучусунун катышуусуз кабыл алынат.
Комиссиянын ар бир мүчөсү "макул" же "каршы" деген добуш берет, мында "калыс" деген жооптун вариантын берүүгө жол берилбейт.
Комиссия мүчөлөрүнүн добушу тең болуп калган учурда, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
32. Комиссия конкурстун катышуучусуна карата төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- укук коргоо органынын кадрлар резервине киргизүүгө сунушталат;
- укук коргоо органынын кадрлар резервине киргизүүгө сунушталбайт.
33. Конкурстун жыйынтыгы протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү кол коюшат жана укук коргоо органынын кадр бөлүмүнө жөнөтүлөт.
Конкурстун катышуучуларынын тизмеси өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен бирге укук коргоо органынын расмий сайтында жайгаштырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Конкурстук тандоодон өтпөй калган конкурстун катышуучуларынын документтери укук коргоо органынын кадр бөлүмүндө алты айга чейинки мөөнөткө сакталат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин талап кылынбаган документтер жок кылынууга тийиш.
35. Укук коргоо органынын кадр бөлүмү конкурс аяктагандан кийин укук коргоо органдарына кызматка биринчи жолу кирип жаткан талапкерлердин укук коргоо органдарынын окуу жайларында баштапкы кесиптик даярдоо курстарынан өтүүсү боюнча уюштуруу иш-чараларын жүргүзөт.
5. Кадрлар резервин түзүүнүн тартиби
36. Кадрлар резерви укук коргоо органы тарабынан өз алдынча конкурстук тандоодон өткөн жарандардын ичинен түзүлөт.
37. Ушул Жобонун 11 жана 12-пункттарында көрсөтүлгөн жактарды кошпогондо, укук коргоо органдарына кызматка биринчи жолу кирип жаткан жарандар укук коргоо органдарынын окуу жайларында баштапкы кесиптик даярдоо курстарынан өтүүсүнүн жыйынтыктарынын негизинде кадрлар резервине киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
Укук коргоо органдарында мурда кызмат өтөгөн жарандар конкурсту тандоо аяктагандан кийин, баштапкы кесиптик даярдоо курстарынан өтпөстөн түздөн-түз кадрлар резервине киргизилет.
Жарандарды кадрлар резервине киргизүү укук коргоо органынын жетекчисинин, ыйгарым укуктуу жетекчисинин буйругу менен таризделет.
38. Кадрлар резервине киргизилген талапкер ал жөнүндө он жумуш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабарланат.
39. Кадрлар резервинен жарандар төмөнкү учурларда чыгарылат:
- жеке арызын бергенде;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
- сунушталган бош кызмат ордунан баш тартканда;
- окутуу, квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо курстарынан жана стажировкадан өтүүдөн баш тартканда;
- укук коргоо органында кызмат ордуна дайындалганда;
- "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган учурларда.
- “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүндө белгиленген куракка жеткен учурда.
- бош кызмат ордун сунуштоо үчүн чакырууга эки жолу келбей коюудан (бул жөнүндө акт түзүлөт).
Кадрлар резервинен чыгарылган талапкерлерге Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо, окутуу курстарынан, квалификациясын жогорулатуудан, кайра даярдоодон жана стажировкадан өтүүдөн баш тартканда, бош кызмат ордун сунуштоо үчүн чакырууга эки жолу келбегенде жана "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган учурларда он төрт жумуш күндүн ичинде билдирүү жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 105, 2023-жылдын 9-августундагы № 399 , 2025-жылдын 29-декабрындагы № 841 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Корутунду жоболор
40. Конкурстун катышуучусу өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен макул болбогон учурда, ошондой эле кадрлар ревервинен чыгарылганда, ал укук коргоо органынын расмий сайтына маалыматтар жайгаштырылган күндөн же билдирүү алган учурдан тартып он жумуш күндүн ичинде укук коргоо органына арыз берүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Конкурстун катышуучусу укук коргоо органынын чечими менен макул болбогон учурда талаш-тартыш соттук тартипте чечилет.