Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 3-августу № 105
Укук коргоо органдарында кызмат отөөнү уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу боюнча ишти өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн 2020-жылдып 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында конкурс өткөрүүнүн жана кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 13-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 33-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Конкурстун катышуучуларынын тизмеси өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен бирге укук коргоо органынын расмий сайтында жайгаштырылат.";
- 37-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "37. Ушул Жобонун 11 жана 12-пункттарында корсотулгон жактарды кошпогондо, укук коргоо органдарына кызматка биринчи жолу кирип жаткан жарандар укук коргоо органдарынын окуу жайларында баштапкы кесиптик даярдоо курстарынан өтүүсүнүн жыйынтыктарынын негизинде кадрлар резервине киргизилет";
- 39-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүндө белгиленген куракка жеткен учурда.
Кадрлар резервинен чыгарылган талапкерлерге он төрт жумуш күндүн ичинде билдируу жиберилет.";
- 40-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40. Конкурстун катышуучусу өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен макул болбогон учурда, ошондой эле кадрлар резервинен чыгарылганда, ал укук коргоо органынын расмий сайтына маалыматтар жайгаштырылган күндөн же билдирүү алган учурдан тартып он жумуш күндүн ичинде укук коргоо органына арыз берүүгө укуктуу.";
2) аталган токтом менен бекитилген Конкурстук тандоосуз кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмегинде:
- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:
"3. Кинология тармагындагы жетектөөчү курамдын кызмат орундары.
4. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин кызмат орундары (IТ-адистер).".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын ички иштер чойресундогу, экономикалык кылмыштарга каршы курошуу чойросундогу, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгу, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдар учун атайын алгачкы кесиптик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызмагкерлерин даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмьштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин тизмесинде:
4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билим берүү мекемелери:
- милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясы;
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча ведомстволук бөлүм.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |