Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-июлундагы № 390 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 17-февралы № 90
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 "Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 "Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-3-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "ташып чыгаруу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "экспорттоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин аталышындагы "ташып чыгарууга" деген сөздөр "экспорттоого" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |