Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-февралы № 67
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду берүү тартибин жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду (мындан ары - жолдомолор) берүү арыз ээсинин жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын шаардык, райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) тарабынан жүргүзүлөт.";
- 3-пунктунун биринчи абзацындагы "социалдык өнүктүрүү башкармалыгы" деген сөздөр "аймактык бөлүмдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жолдомо алуу үчүн жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө төмөнкү документтер берилет:
- жолдомо алууга жеке арыз;
- сунушталган курорттун аталышын көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн саламаттык сактоо уюмунун медициналык көрсөтмөлөрдүн болушу жөнүндө белгиленген формадагы маалым каты;
- санаториялык-курорттук мекемеде коштоп жүрүү зарылдыгы жөнүндө I топтогу майып үчүн саламаттык сактоо уюмунун корутундусу;
- психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн психиатрдын санаториялык-курорттук дарылануу зарыл экендиги жөнүндө корутундусу;
- паспорттун көчүрмөсү (ID-карта).";
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Ушул Жобонун 5-пунктунда аталган арызды жана документтерди аймактык бөлүмдүн кызматкерлери кабыл алат жана эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) бекиткен форма боюнча Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун (мындан ары - СЖКМТ) маалыматтар базасынын тиешелүү каттоо журналдарында катталат. Жолдомолорду берүү СЖКМТ журналдарындагы каттоого ылайык электрондук кезек тартибинде жүргүзүлөт.";
- 9-пунктундагы "социалдык өнүктүрүү башкармалыгында" деген сөздөр "аймактык бөлүмдө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун биринчи абзацындагы "Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы" жана "тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Аймактык бөлүм" жана "Социалдык камсыз кылуу департаментине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктундагы "социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын" деген сөздөр "аймактык бөлүмдөрдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пунктундагы "тиешелүү бөлүмүнө" жана "социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына" деген сөздөр "Социалдык камсыз кылуу департаментине" жана "аймактык бөлүмгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пунктундагы "Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын" жана "тиешелүү бөлүмүнөн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Аймактык бөлүмдөрдүн" жана "Социалдык камсыз кылуу департаментинен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21 жана 22-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Аймактык бөлүмдөр санаториялык-курорттук мекемелердин администрациясы аркылуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын дарыланууга өз убагында келишин милдеттүү түрдө текшеришет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам санаториялык-курорттук мекемеге келбеген учурда анын себеби аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан териштирилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам дарыланууга келе албаган учурда, жолдомо өз убагында алынып жана кийинки кезектеги адамга берилүүгө тийиш.
22. Аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартибинин сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.".
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |