Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 12-июну № 333
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 333 токтому менен жактырылган |
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбоору менен "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине толуктоо киргизилүүдө, ага ылайык чек арага танапташ эмгекчи-мигранттар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жеке ишкердик менен алектенген, анын ичинде рыноктордо иштеген Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө ай сайын 3 пайыз өлчөмүндө белгиленген. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына карата камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынган орточо айлык эмгек акынын өлчөмү - бул өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген өлчөмү. Алсак 2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн 2018-жылга орточо айлык эмгек акы Кыргыз Республикасы боюнча 16427 сомду түздү, 3 пайыз өлчөмүндөгү тарифтик ставка боюнча төлөнө турган сумма 493 сомду түзөт. Ошону менен бирге республиканын райондорунда жана шаарларында орточо айлык эмгек акынын өлчөмү төмөн экенин белгилейбиз. Алсак, Ысык-Көл облусунда - 12001 сом, Жалал-Абад облусунда - 14600 сом, Нарын облусунда - 14925 сом, Баткен облусунда - 11026 сом, Ош облусунда - 10307 сом, Талас облусунда - 12511 сом, Чүй облусунда - 14114 сом. Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтик ставкасы алардын ишкердик ишинин түрүнө карабастан белгиленген жана Кыргыз Республикасынын аймагында алган кирешесинин суммасына көз каранды эмес экенин белгилейбиз.
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимдерде каралган шарттарда мамлекеттик социалдык камсыздандырууга алынууга тийиш жана мамлекеттик камсыздандыруу боюнча жөлөк пулдардан жана пенсиялык камсыз кылуудан пайдаланышат.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1412-ХII токтому менен ратификацияланган Эл аралык Эмгек Уюмунун 1962-жылдын 6-июнундагы № 118 Социалдык жактан камсыз кылуу жагынан өлкөнүн граждандарынын, чет өлкөлүктөрдүн жана граждандыгы жок адамдардын тең укуктуулугу жөнүндө конвенциясына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1413-ХII токтому менен ратификацияланган Эл аралык Эмгек Уюмунун 1982-жылдын 21-июнундагы № 157 Конвенциясына ылайык ар бир мүчө мамлекет пенсиялык камсыздоо жаатында мамлекеттер ортосунда эл аралык келишим кол коюлган шартта "пропорциялуулук" принцибинин негизинде анын мыйзамдары боюнча укуктуу болгон майыптыгы, улгайгандыгы жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча, эмгектик мертинүү алган жана каза болгон учурларда акчалай жөлөк пулдарды төлөп берүүгө кепилдик берет.
2019-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында, Жогорку Евразия экономикалык кенешинин жыйынында Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин башчылары тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлган, ага ылайык пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө бирдей укуктарды камсыздоо, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аймактарында эмгекчилердин ээ болгон пенсиялык укуктарын коргоо каралган, бул мигранттардын өздөрү үчүн зор мааниге ээ. Ошентип ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен, анын ичинде Казакстан Республикасынан келген чет өлкөлүк жарандар Макулдашуу күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын жарандарындай эле камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт жана пенсиялык камсыздоого укук алышат. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аймактарында эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарында дагы ушундай эле укуктар жана милдеттер пайда болот. Азыркы учурда Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен ушундай Макулдашууларды иштеп чыгуу маселеси актуалдуу экенин белгилөө зарыл.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жарандардын өздүк камсыздандыруу эсептеринде эсепке алынат жана пенсиянын өлчөмүндө чагылдырылат. Келечектеги пенсиянын өлчөмү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүнөн жана алардын төлөнгөн мезгилинен түздөн-түз көз каранды болот. Төгүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы канчалык жогору болсо, өздүк камсыздандыруу эсебинде пенсиялык топтоолор ошончолук көп болот.
Ошондой эле эмгек мигранттары менен жергиликтүү жумушчу күчтөрдүн атаандаштык маселесин, андан тышкары тапкан акчасын мигранттар өлкөдөн алып чыгып кетерин дагы эске алуу керек. Эл аралык тажрыйба көрсөтүп жаткандай жумушчу күчтөрдүн миграциясын жөнгө салуу механизми эмгек рыногундагы кырдаалды эске алып, улуттук эмгек ресурстарын артыкчылыктуу тартипте пайдаланууну камсыз кылууга жана улуттук эмгек рыногун коргоого, ошондой эле чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууну жана колдонууну контролдоого багытталган. Мисалга алсак, Европа Бирлигинин (мындан ары - ЕБ) өлкөлөрүнүн иммиграциялык саясаты өлкөгө квалификациясы төмөн жумушчу күчтөрдүн киришин чектөөгө, мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшүүгө жана ЕБ өлкөлөрүнүн аймагындагы чет өлкөлүктөргө карата улуттук укуктук ченемдерди бирдейлештирүүгө багытталган жалпы тенденцияга ээ. Мамлекеттердин бардыгы мамлекеттин жана анын жарандарынын, ишкерлердин жана иммиграттардын өздөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берген, ошондой эле эл аралык ченемдерге шайкеш келген тышкы эмгек миграциясын жөнгө салган механизмдерди иштеп чыгууга умтулушат.
Мындан сырткары Ишкердик субъекттердин экономикалык активдүүлүгүн калыбына келтирүү жана ишине колдоо көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга иш-аракеттер планынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 210 токтомуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө ушул жылдын 1-мартынан баштап 31-майына чейинки мезгил үчүн отчет берүү боюнча мөөнөтүн узартуу, ушул эле отчеттук мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип төлөгөндүгү үчүн өнбөгөн калдыктардын суммасына туум эсептебөө боюнча бир катар чаралар көрүлдү, ошондой эле үстүдөгү жылдын май айынан баштап август айына чейин жеке ишкерлерди камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу каралууда. Ушуга байланыштуу пенсияларды жана жөлөк пулдарды өз убагында каржылоо жана жарандардын нааразычылыгынан улам, социалдык чыңалуунун күчөп кетүү тобокелдигин болтурбоо максатында Пенсиялык фонддун бюджетине түшпөй калган кирешелердин ордун толтуруу үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды табуу керек болот.
Ошону менен бирге Мыйзам долбоору менен сунушталган чек арага танапташ эмгекчи-мигранттарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу боюнча ченем дагы Пенсиялык фонддун бюджетинин киреше бөлүгүнүн төмөндөшүнө алып келерин, алардын эмгек ишин легализациялоого жана чектеш мамлекеттердин жарандарынын эмгек миграциясын контролдоодо коррупциялык механизмдерге бөгөт коюуга, жеке эмгек ишкердигине патент берүүдөн түшкөн каражаттардын эсебинен бюджетти толуктоого таасир тийгизбей турганын белгилеп кетмекчибиз. Ошондой эле иш берүүчүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качуу максатында жергиликтүү жумушчуларга караганда чек арага танапташ эмгекчи-мигранттарды жалдоо алар үчүн кыйла пайдалуу жагдай түзүү менен тобокелдиктерди алып келиши мүмкүн, өз учурунда ал жергиликтүү калктын арасында жумуш менен камсыз болгон адамдардын санынын кыскарышына алып келет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандарынын улгайганда, ооруп, же эмгекке жөндөмсүз болуп калганда, багар-көрөрүнөн ажыраганда мыйзамдарда (Кыргыз Республикасынын Конституциясы 53-бер.) каралган тартипте жана жагдайларда социалдык жактан камсыз болууга, бош кызмат орундарын ээлөөгө, ички эмгек рыногун чет өлкөлүк жумушчу күчтүн агымынан коргоого болгон конституциялык укугун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.