Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 11-ноябры № 543
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
1) 4-пунктунун экинчи сүйлөмү "атайын" деген сөздөн кийин "жана ведомстволук" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 8-пунктунда:
- 1-пунктчасында:
жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумун, өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу же келип чыгышы жөнүндө кабарлоо тутумун түзөт жана дайыма даярдыкта кармайт;";
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- Жарандык коргонуу жаатындагы концепцияларды, стратегияларды, максаттуу программаларды иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну уюштурат.";
- 2-пунктчасында:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналган Жарандык коргонуу жаатындагы жазма буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берет;";
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- өзүнүн компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзөт;";
- 3-пунктчасында:
экинчи абзацы "бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Жарандык коргонуу жаатында берилген жазма буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү аткарбоо фактысы боюнча күнөөлүү жеке жана юридикалык жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө тиешелүү органдарга кабарлайт;
- Жарандык коргонуу жаатында жана өзгөчө кырдаалдар учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ченемдерди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана укук коргоо органдарына сунуш киргизет;
- Жарандык коргонуу жаатында Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн, уюмдарды жана калкты даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат жана координациялайт;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кырсыктын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүргүзөт;
- калктын жашоо тиричилигин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында Кырсыктын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформанын катышуучуларынын ишин координациялайт жана камсыз кылат;
- өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун Бирдиктүү тутумун иштетүүнү, координациялоону жана методикалык жетектөөнү уюштурат.";
- 5-пунктчасында:
сегизинчи абзацы "үйрөтүүнү," деген сөздөн кийин "Жарандык коргонуу, өрт, радиациялык коопсуздук, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи-жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:
"- жеке коргонуу каражаттарын, химиялык жана дозиметриялык контролдоо приборлорун сактап кармайт;
- жаратылыш, техногендик жана башка коркунучтарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо тутумунун иштөөсүн уюштурат;
- министрликтин кызматкерлерин социалдык жактан коргоону жана камсыздандырууну мыйзамдарга ылайык камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тынчтык жана согуш мезгилине карата Жарандык коргонуу пландарын макулдашат;
- кооптуу жаратылыш процесстеринин зоналарында жер участокторун бөлүп берүүнүн алдын алуу максатында турак үйлөрдү, администрациялык жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө чечимдерди макулдашат;
- калкты жана аймактарды коргоо боюнча атайын алдын алуучу жана кесепеттерин жоюучу иш-чараларды, авариялык-калыбына келтирүү иштерин жана башка иш-чараларды жүргүзөт.";
3) 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Министр Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальнигинин орун басары болуп эсептелет.";
4) 14-пунктунда:
- он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- республикалык жана трансчек аралык өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу учурунда түздөн-түз жетекчиликти өзүнө алат;";
- төмөнкүдөй мазмундагы отуз биринчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишеним кат берет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 27-ноябрындагы № 97 (3169) жарыяланды
Премьер-министр | С.Н. Жапаров |