Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 17-июлу № 388
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону натыйжалуу киргизүү максатында, ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 690 "Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктундагы "30-июнунда" деген сөздөр "31-октябрында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 8-пунктундагы "30-июнуна" деген сөздөр "31-октябрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып келүүчү жана сатылуучу товарлардын идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш айрым түрлөрүнүн тизмеги ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| 1-тиркеме |
|
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып киргизилүүчү жана сатып өткөрүлүүчү товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеси жана милдеттүү маркалоону киргизүүнүн МӨӨНӨТТӨРҮ
№ | Товарлардын аталыштары | Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коду (ЕАЭБ ТЭИ ТН) | Маркалоону киргизүү мөөнөтү | Эскертүү |
1 | Арак | 220860 | 2020-жылдын 1-ноябры | 2021-жылдын 1-майынан тартып маркаланбаган продукцияны жүгүртүүгө тыюу салынат |
Ликер-арак ичимдиктери | 220830 220870 220890 | |||
Күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар | 220840 220850 | |||
Шараптар | 220410 жана 220430 кошпогондо, 2204, 2205, 2206 | |||
Коньяктар (коньяк спиртинен тышкары) | 2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900 | |||
Газдалган шарап, шампанды кошкондо | 220410 | |||
Алкоголу аз ичимдиктер | 220890 | |||
2 | Тамекилер (чыпкалуу, чыпкасыз) жана ысытылуучу тамеки менен буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси ысытылуучу капсула) | 2402 | 2020-жылдын 1-октябры | 2021-жылдын 1-апрелинен тартып маркаланбаган продукцияны жүгүртүүгө тыюу салынат |
".
|
| 2-тиркеме |
|
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып келүүчү жана сатылуучу товарлардын идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ
№ | Товарлардын аталышы | Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коду (ЕАЭБ ТЭИ ТН) | Ыктыярдуу маркалоо жүргүзүү мөөнөттөрү |
1 | Алкоголдук продукция: |
| 2020-жылдын 1-январынын 31-октябрына чейин |
Арак | 220860 |
| |
Ликер-арак ичимдиктери | 220830 220870 220890 |
| |
Күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар | 220840 220850 |
| |
Шараптар | 220410 жана 220430 кошпогондо, 2204, 2205, 2206 |
| |
Коньяктар (коньяк спиртинен тышкары) | 2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900 |
| |
Газдалган шараптар, шампанды кошкондо | 220410 |
| |
Алкоголу аз ичимдиктер | 220890 |
| |
2 | Тамекилер (чыпкалуу, чыпкасыз) жана ысытылуучу тамеки менен буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси ысытылуучу капсула) | 2402 2403 | 2020-жылдын 1-январынын 30-сентябрына чейин |
3 | Бут кийим товарлары: |
|
|
| Үстү таманына жип менен да, шпилька, мык менен да, винт менен да, заклепка менен да же кандайдыр бир башка ушундай жол менен бекитилбеген жана бириктирилбеген, таманы жана үстү резинадан же пластмассадан жасалган суу өткөрбөгөн бут кийим | 6401 | 2020-жылдын 1-январынан 3-сентябрына чейин |
| Таманы менен үстү резина же пластмассадан жасалган башка бут кийим | 6402 |
|
| Таманы резинaдан, пластмассадан, табигый же композициялык териден жана үстү табигый териден жасалган бут кийим | 6403 |
|
| Таманы резинадан, пластмассадан, табигый же композициялык териден жана үстү текстиль материалдарынан жасалган бут кийим | 6404 |
|
| Башка бут кийим | 6405 |
|
".