Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2019-жылдын 30-декабры № 724
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Калкка медициналык жардам көрсөтүү сапатынын деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө";
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча облустук борборлор үчүн биологиялык материалдарды жана кургак учукка каршы препараттарды ташууну уюштурууга;";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы";
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - бул Мамлекеттик кепилдиктер программасына катышкан менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыздоочу Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилдеген көлөмү, түрлөрү жана шарттары.";
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Шашылыш медициналык жардам, анын ичинде дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келүүчү абалдан чыкканга чейин бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт.";
- 19-пунктунда:
1-пунктчасынын экинчи абзацындагы "5" деген цифра "6" деген цифра менен алмаштырылсын;
3-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "5" деген цифра "6" деген цифра менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесинде:
"Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 1-тиркеме" деген сөздөр "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 1-тиркеме" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- I бөлүмүнүн 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. 6 жашка чейинки курактагы балдар.";
- жогоруда аталган Программанын 2-тиркемесиндеги "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 2-тиркеме" деген сөздөр "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 2-тиркеме" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Программанын 3-тиркемесиндеги "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 3-тиркеме" деген сөздөр "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 3-тиркеме" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-январындагы № 5 (3077) жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |