Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 25-сентябры № 503
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 13-пунктунун он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайым келишимдерин түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен алдын ала макулдашуу боюнча зайым каражаттарын тартууга;";
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Директор Кызмат менен макулдашуу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.";
- 24-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.";
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Ишкана менен макулдашылгандан кийин Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы жыл сайын Кызматтын төрагасы тарабынан бекитилет.";
- 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Ишкана өз ишин Кызмат менен макулдашылган жылдык иш пландын жана кирешелердин жана чыгашалардын бюджетинин негизинде, ошондой эле Кызматтын стратегиясынын алкагында Кызмат тарабынан бекитилген 3 же андан ашык жылга узак мөөнөттүү иш пландын негизинде жүзөгө ашырат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 331-пункт менен толукталсын:
"331. Ишкананын директору жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кызмат менен макулдашылган мамлекеттик ишкананын алдыдагы жылга карата бюджетинин долбоорун, ошондой эле финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүүгө киргизет.
Ишкананын бюджетинин болжолдуу долбоору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен 31-декабрга чейин макулдашылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 391-пункт менен толукталсын:
"391. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоону жүргүзөт жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө берет.";
- 42-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине ал тарабынан бекитилген таза кирешенин бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот, андан кийин отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 9-октябрындагы № 84 (3156) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |