Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 7-августу № 414
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салуу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пунктунун биринчи абзацындагы "Геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо жана иштетүү максатында" деген сөздөр алып салынсын;
- 14-пунктунун онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-пунктунун үчүнчү абзацы "ишеним катта" деген сөздөрдөн кийин ", жетекчини дайындоо жөнүндө чечимде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 40-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40. Иштерди долбоорлоого лицензиялык макулдашуу менен лицензияны алгандан кийин лицензиат ушул Жобонун 54-пунктунда каралган учурлардан тышкары өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң эксперттик корутундулар менен техникалык долбоорду түзөт жана аны, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жер участогун берүү жөнүндө макулдуктун жана/же документтин көчүрмөсүн лицензиарга берет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы менен чектеш участоктордогу жана чек ара тилкесиндеги жер казынасын пайдалануу укугу пайда болгон учурда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты кошумча берилет.";
- 60-пунктунун экинчи абзацындагы "төлөмдөрдү" деген сөз "жыйымдарды" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 77-пунктундагы "төлөмдөрдү" деген сөз "жыйымдарды" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 78-пунктундагы "төлөмдөр" деген сөз "жыйымдар" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9-главасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 4-пунктунда:
"бекитилген" деген сөз "түзүлүүчү жана жыл сайын бекитилүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жер казынасынын аукциондук участокторунун реестрине киргизилбеген жер казынасынын участогуна өтүнмө келип түшкөн учурда аукциондорду өткөрүү жолу менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү ал реестрге киргизилгенден кийин жүзөгө ашырылат.";
- 6-пунктундагы "Жер казынасын аукциондук участоктордун реестрине киргизүү" деген сөздөр "Жер казынасынын аукциондук участокторунун реестрин түзүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун сегизинчи абзацы "кайтарымсыз берүү жөнүндө жобону" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле аукциондун жеңүүчүсү үчүн милдеттүү болгон башка кошумча шарттарды (инвестицияларды жумшоо, квалификациялуу кадрларды тартуу, эксплуатациялоо, фабриканы куруу башталган мөөнөттөр, иш тажрыйбасы ж.б.)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 75-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"75. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын жыйынтык суммасы аукциондун жеңүүчүсү тарабынан 5 банктык күндүн ичинде кирешелердин бюджеттик классификациясынын элементинин тиешелүү кодуна мамлекеттик бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.
- жогоруда аталган Жобонун 1 жана 4-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-августундагы № 66 (3138) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |
| 1-тиркеме |
|
| "Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Аукционго катышууга типтүү өтүнмө
Юридикалык жактар үчүн:
Мен, ______________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
__________________________________________________________________________,
(ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ)
__________________________________________________________________________,
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
(юридикалык жактын толук аталышы, каттоо номери, катталган күнү жана каттаган орган,
дареги, банктык реквизиттери) атынан, (адам кайсы документтин негизинде иш алып
баргандыгы, эгерде өкүл ишеним кат боюнча иш алып барса - анда ишеним каттын
реквизиттери көрсөтүлөт) негизинде иш алып баруу менен.
Жеке жактар үчүн:
Мен, _______________________________________________________________________,
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
____________________________________________________________________________,
(ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ)
____________________________________________________________________________,
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
_______________________________________________________ дареги боюнча жашаган,
(шаар, айыл, көчө, үй жана батир №)
муну менен __________________________________________________________________
____________________________________________________________________________
жер казынасынын участогу (участоктору) боюнча, ________________________________
______________________ лоту (лоттору) боюнча (орду жана убактысы) өтүүчү
аукционго катышуу тууралуу ниетимди билдирем.
Ушуга байланыштуу мен
- ___________________________________________________________________________;
- ___________________________________________________________________________;
квитанциясы (квитанциялары) боюнча __________________________________________
_____________________________________________________________________________
_______________________________________________________________ сом өлчөмүндө,
(жазуу менен)
кепилдик төгүм, ошондой эле аукционго катышуу үчүн
- ___________________________________________________________________________;
- ___________________________________________________________________________
квитанциясы (квитанциялары) боюнча __________________________________________
________________________________________________________________________ сом
(жазуу менен)
өлчөмүндө жыйым төлөдүм.
Аукциондун тооруктарында жеңген учурда төмөнкүлөргө милдеттенем:
1) аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуга;
2) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аукциондо сатып алынган участоктун жер казынасын пайдалануу укугунун наркын аукциондун шарттарында аныкталган мөөнөттөрдө төлөөгө;
3) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл төлөмдөрдү төлөөгө;
4) аукциондун уюштуруучусу тарабынан белгиленген жер казынасынын участогун аукционго коюунун ажырагыс шарттары болгон жер казынасынын участогун пайдаланууга карата талаптарды аткарууга, ал эми аларды аткарбаган учурда — Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун 81-пунктунда белгиленген айып санкцияларын төлөөгө.
Мен тооруктун жеңүүчүсү болуп таанылган жана кийин аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан же жер казынасын пайдалануу укугунан баш тарткан учурда төлөнгөн кепилдик төгүмдүн суммасы кайтарылып берилбей тургандыгына макулмун.
Участоктун жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алганга чейин ушул өтүнмө аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол менен бирге жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өтүнмө ээсинин ортосундагы келишимдин күчүнө ээ.
Ушул өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
1. ____________________________________________________________________________.
2. ____________________________________________________________________________.
3. ____________________________________________________________________________.
4. Кепилдик төгүмдүн жана аукционго катышуу үчүн жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документи.
Өтүнмө ээси өтүнмөнү берүүдө паспортту өзү көрсөтөт.
Өтүнмө ээсинин (ыйгарым укуктуу адамдын) колу:
Дата 20___-жылдын "___" ______________
Кабыл алынды: _______________________________________________________________
(өтүнмөнү кабыл алган адамдын кызмат орду)
(так убакытты көрсөтүү менен өтүнмө кабыл алынган күн)
(өтүнмөнү кабыл алган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана колу).".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун 4-тиркемеси |
Жер казынасынын аукциондук участоктору
Пайдалуу кендердин тобу | Иштин түрү |
1-топ - мунай жана газ | Геологиялык-издөө иштери |
Геологиялык чалгындоо иштери | |
Иштетүү | |
3-топ - калган пайдалуу кендер | Геологиялык-издөө иштери |
Геологиялык чалгындоо иштери (*) | |
Иштетүү (*) |
Эскертүү.
(*) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунан тышкары.".