Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме 2 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 токтомуна) |
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо, көрсөтүү тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109, 2022-жылдын 7-сентябрындагы N 486 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо, көрсөтүү жол-жоболорун аныктайт.
2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
акционер - чарбакер коомдун акционеринин (катышуучусунун) укуктарын ишке ашырган ыйгарым укуктуу орган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги же Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
мамлекеттик өкүл - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Финансы министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин же Социалдык фонддун сунушу боюнча чарбакер коомдун башкаруу органдарына көрсөтүлгөн, шайланган же дайындалган адам;
Ведомстволор аралык комиссия - мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мамлекеттик өкүлдөрдү тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия;
директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү - "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде белгиленген критерийлерге шайкеш келген директорлор кеңешинин мүчөсү;
кадрлар резерви - ыйгарым укуктуу орган, Финансы министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Социалдык фонд тарабынан түзүлгөн чарбакер коомдордун башкаруу органдарында мамлекеттик өкүлдүн кызмат ордуна талапкерлердин резерви;
Катчылык - мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруу органдарына мамлекеттик өкүлдөрдү тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгы;
Финансы министрлиги - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Санариптик өнүктүрүү министрлиги - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
Социалдык фонд - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
чарбакер коом (коом) - уставдык капиталдагы акциялары же үлүшү мамлекетке таандык болгон акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109, 2022-жылдын 7-сентябрындагы N 486 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Ыйгарым укуктуу органдын кадрлар резервин түзүү ушул Тартипте белгиленген тартипте Ведомстволор аралык комиссия тарабынан ишке ашырылат.
Социалдык фонддун кадрлар резервин түзүү жана чарбакер коомдун башкаруу органдарына белгиленген тартипте шайлоо үчүн резервдегилерди көрсөтүү Социалдык фонд аныктаган тартипте ишке ашырылат.
Чарбакер коомдун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлерди белгиленген тартипте көрсөтүүгө Финансы министрлигинин түзүмүндө кадрлар резервин түзүү жана даярдоо Финансы министрлиги тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Чарбакер коомдун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлерди белгиленген тартипте көрсөтүүгө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин түзүмүндө кадрлар резервин түзүү жана даярдоо Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109, 2022-жылдын 7-сентябрындагы N 486 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ведомстволор аралык комиссия
4. Ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик органдардын, кесиптик ассоциациялардын жана эксперттик коомдун өкүлдөрүнөн турган, туруктуу иштеген коллегиялык орган болуп саналат, анын милдети ыйгарым укуктуу орган үчүн мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө жана ревизиялык комиссияларга (ревизорлорго) талапкерлерди көрсөтүү үчүн кадрлар резервин түзүү болуп саналат.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын функциялары:
1) кадрлар резервин түзүү максатында конкурстук тандоо өткөрүү;
2) директорлор кеңешинин курамына кадрлар резервинен талапкерлерди жана ревизиялык комиссиялардын мүчөлөрүн (ревизорлорду) тандоо;
3) талапкерлерди конкурстук тандоо үчүн тесттик тапшырмаларды бекитүү;
4) коомдордун башкаруучу кадрдык потенциалын даярдоо маселелерине тийиштүү методикалык колдонмолорду, программалардын долбоорлорун жана башка материалдарды иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу органга сунуштарды киргизүү;
5) коомдун башкаруу жана контролдоо органдарында мамлекеттик өкүлдөр менен ишеним көрсөтүүчүлөрдүн ортосунда өз ара аракеттенүү механизмин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү.
6. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен 13 адамдан түзүлөт, анын жеке курамы төмөнкү органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты - 1 адам;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты - 1 адам;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - 1 адам;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - 2 адам;
- энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - 1 адам;
- транспорт жана коммуникациялар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - 1 адам;
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - 1 адам;
- финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - 1 адам;
- аудит, корпоративдик башкаруу жана бизнес жаатындагы кесиптик ассоциациялар - 3 адам;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы коомдук кеңеш - 1 адам.
7. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы болуп саналат.
8. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн милдеттерин коомдук негизде аткарышат.
9. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоочу Катчылыгы болуп мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
10. Ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишин, жыйындарга мүчөлөрүн иш жүзүндө катыштыруу менен жүзөгө ашырат.
11. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү үчүн кворум 7 (жети) адамдан кем эмес мүчөдөн турушу керек.
Ведомстволор аралык комиссия жыйынга катышкан мүчөлөрдүн 2/3 кем эмес добушу менен чечим кабыл алат. Добуштар тең болгон учурда, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы добушу чечүүчү болуп саналат.
12. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарында кабыл алынган чечимдер протокол түрүндө таризделет, анда жыйын өткөрүлгөн датасы жана жери, жыйындын күн тартибинин маселелери көрсөтүлөт, күн тартибинин ар бир маселеси боюнча талкуулоонун жүрүшү, добуш берүүнүн жыйынтыгы жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө кыскача маалымат камтылат, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери көрсөтүлөт (эгерде мындайлар бар болсо).
13. Катчылыктын функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) талапкерлерден документтерди кабыл алуу жана карап чыгуу, алардын белгиленген талаптарга шайкештигин текшерүү;
2) талапкерлерди конкурстук тандоо жүргүзүү үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүнү камсыз кылуу;
3) тестирлөөнү өткөрүүнү камсыз кылуу;
4) аңгемелешүүнү жүргүзүүнү уюштуруу;
5) Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарын протоколдоо;
6) ыйгарым укуктуу органдын интернет-сайтына кабыл алынган өтүнмөлөр, уруксат берилген талапкерлер, тест өткөрүүнүн, аңгемелешүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматты жайгаштыруу.
3. Кадрлар резервин түзүү тартиби
14. Кадрлар резервин түзүү төмөнкүдөй ырааттуу этаптардын негизинде ишке ашырылат:
1-этап: кадрлар резервин толуктоо жөнүндө кулактандыруу жана талапкерлерден өтүнмөлөрдү кабыл алуу.
2-этап: талапкерлердин документтеринин белгиленген талаптарга шайкештигин текшерүү жана карап чыгуу.
3-этап: тест өткөрүү.
4-этап: Ведомстволор аралык комиссия тарабынан аңгемелешүүнү өткөрүү.
15. Кадрлар резервине конкурстук тандоо жөнүндө маалыматтык билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
16. Талапкерлерден өтүнмөлөрдү кабыл алуу ыйгарым укуктуу орган аныктаган мезгилдин ичинде Катчылык тарабынан ишке ашырылат, мындай мезгилдин узактыгы 30 күндөн кем болбошу керек.
17. Кадрлар резервине тандоого катышуу үчүн бардык талапкерлер төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
1) белгиленген үлгү боюнча түзүлгөн өтүнмө (ушул Тартиптин 1-тиркемеси);
2) белгиленген үлгү боюнча толтурулган анкета (ушул Тартиптин 2-тиркемеси);
3) талапкердин паспортунун көчүрмөсү жана жогорку билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;
4) нотариалдык же иштеген жери боюнча персонал менен иштөө кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн кошумча билими жана квалификациясы (бар болсо) жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
5) акыркы иштеген жери боюнча иш берүүчү тарабынан же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
6) директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер төмөнкүлөрдү көрсөтүшөт:
- талапкердин мурдагы иштеген жерлеринен жана/же бизнес ассоциациялардын ишкер репутациясы жөнүндө пикири менен 2ден кем эмес сунуштама каттарын;
- талапкер жетектөөчү кызматта иштеген мезгилде финансылык отчеттуулуктун коммерциялык уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет, баланс);
- стратегиялык башкаруу, корпоративдик башкаруу, финансылык менеджмент жаатында кошумча билим алгандыгы же квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө башка документтердин, сертификаттардын (бар болсо) көчүрмөлөрүн;
7) ревизиялык комиссиялардын мүчөлүгүнө талапкерлер төмөнкүлөрдү көрсөтүшөт:
- аудитордун квалификациялык сертификаттарынын же CAP, CIPA сертификаттарынын (бар болсо) көчүрмөлөрүн;
- талапкердин ишкер репутациясы жөнүндө аудит, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү коомдук кесиптик уюмдун пикири менен сунуштама катын.
18. Талапкерлердин соттуулугунун бар же жоктугун текшерүү “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынан маалыматтарды алуу аркылуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
19. Эгерде, талапкер Кыргыз Республикасынын резиденти болбосо же Кыргыз Республикасынан тышкары башка мамлекеттин жарандыгына ээ болсо, анда ал жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумчалап соттуулуктун жоктугу жөнүндө тийиштүү мамлекеттин компетенттүү органынын талаптагыдай легалдаштырылган документин берет.
Мындай документтерди легалдаштыруу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык тиешелүү келишимдерге катышуучу өлкөлөрдүн жарандары үчүн талап кылынбайт.
20. Комиссиянын Катчылыгы өтүнмөлөрдү кабыл алууга жараша талапкерлер тапшырган документтердин Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарында мамлекеттик өкүлдөр жөнүндө жобонун 13, 14-пункттарында жана ушул Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигин текшерет.
21. Көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келбеген талапкерлер тестирлөөгө катышпайт.
22. Комиссиянын Катчылыгы өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү аяктаган датадан кийин 10 жумуш күндүн ичинде документтерди текшерип бүтөт жана анын жыйынтыгы боюнча талапкерлерге тесттен өтүүгө уруксат берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн отчетту Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна берет.
23. Ведомстволор аралык комиссия талапкерлердин белгиленген талаптарга шайкештиги жөнүндө отчетту комиссиянын Катчылыгы бергенден кийин 5 күндүн ичинде жыйын өткөрөт, анда тестирлөө тартибин жана шарттарын бекитет, аны өткөрүү датасын жана убактысын аныктайт, ошондой эле тестирлөөгө уруксат алган талапкерлердин тизмесин бекитет.
24. Комиссиянын Катчылыгы тестирлөөгө уруксат алган талапкерлердин тизмеси Ведомстволор аралык комиссия тарабынан бекитилгенден кийин 1 жумуш күндүн ичинде аны ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына ачык жарыялайт.
25. Ведомстволор аралык комиссиянын тестирлөөгө уруксат бербөө жөнүндө чечимине макул болбогон талапкер мындай чечим кабыл алынгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде комиссиянын Катчылыгына жүйөлөштүрүлгөн арызын берүүгө укуктуу, ал тестирлөө өткөрүлгөнгө чейин Ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралууга тийиш.
26. Тесттик тапшырмалар эксперттик коомчулуктун, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен Ведомстволор аралык комиссия сунуштаган тартипте иштелип чыгат.
27. Тестирлөө Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен белгиленген мөөнөттө өткөрүлөт, бирок тестирлөөгө уруксат берилген талапкерлердин тизмеси ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылган датадан 15 жумуш күндөн эрте болбошу керек.
28. Тестирлөөнү уюштуруу боюнча негизги шарттар:
- тестирлөө компьютерде адистештирилген программалык камсыздоону колдонуу менен жүргүзүлөт;
- компьютердик программаны колдонуу менен тестирлөөдө тестирлөөнүн катышуучусу тестирлөө аяктаганда тапшырмаларга өзүнүн жообунун ар биринин туура/туура эмес экендиги жөнүндө маалыматты кечиктирбестен көрүшү керек;
- тесттик тапшырма арасында бир же бир нече туура жообу менен жооптордун варианттары берилген 40тан ашпаган жана 30дан кем эмес суроодон турушу керек, мында бир тесттик тапшырманы түзгөн суроолор ар бир талапкер үчүн өз алдынча суроолордун жалпы базасынан кокустан тандоо методу менен тандалат. Тесттик суроодо бир нече туура жооптор бар болсо, балл жооптун туура тандалган варианттарынын санына жараша эсептелет. Ар бир туура жооп үчүн бир балл ыйгарылат;
- тесттик тапшырмаларды ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына ачык жарыялоо менен бардык суроолору каалаган адам үчүн таанышууга жеткиликтүү болушу керек, мында алардын жалпы саны 300дөн ашпоого тийиш;
- тесттик тапшырмалардын 75 %нан кем эмес суроолоруна туура жооп берген талапкер, тесттен ийгиликтүү өткөн болуп саналат;
- талапкерлерди тестирлөөдө видеого тартуу жүргүзүлөт.
29. Тестирлөөнүн жыйынтыктары тестирлөө аяктаганда, бирок аны өткөрүүдөн кийин бир күндөн кечиктирбестен комиссиянын Катчылыгы тарабынан чыгарылат.
30. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен макул болбогон талапкер компьютердик тестирлөө аяктагандан кийин бир сааттын ичинде жүйөлүү арызды комиссиянын Катчылыгына берүүгө укуктуу, ал Ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйынында каралууга тийиш.
31. Комиссиянын Катчылыгы бир күндүн ичинде тестирлөөнүн жыйынтыгы жөнүндө отчетту даярдоого жана Ведомстволор аралык комиссияга берүүгө милдеттүү, анын ичинде тестирлөөнүн жыйынтыктары менен макул болбогон талапкерлердин арыздарын берет.
32. Ведомстволор аралык комиссия мындай отчетту алгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде жыйын өткөрүүгө жана анда төмөнкүлөрдү ишке ашырууга милдеттүү:
- тестирлөөнүн жыйынтыктары менен макул болбогон талапкерлерден келип түшкөн бардык арыздарды карап чыгууга жана аларды канааттандыруу же четтетүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
- тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн жана аңгемелешүүгө уруксат берилген талапкерлердин тизмесин бекитүүгө;
- аңгемелешүү өткөрүлө турган датаны аныктоого.
Аңгемелешүү тестирлөөнүн жыйынтыктары бекитилген күндөн тартып кырк беш күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек.
Аңгемелешүү жүргүзүү этабында Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү талапкерлерге стратегиялык пландоо, аудит, кадрлар жана сыйлоо, корпоративдик башкаруу, өндүрүштү модернизациялоо жана инновациялар, финансы жана инвестициялар чөйрөсүндө зарыл болгон билимдерге жана көндүмгө ээ болушун текшерүүчү суроолорду берет.
33. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү талапкерлерди «5» баллдык система боюнча баалайт.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө талапкерлердин тизмеси жазылган тийиштүү бланктар берилет, мында талапкерлерди төмөнкүдөй баалар менен баалоо керек:
«5» - эгерде Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү талапкердин жоопторуна толугу менен макул болсо жана талапкер стратегиялык пландоо, аудит, кадрлар жана сыйлоо, корпоративдик башкаруу, өндүрүштү модернизациялоо жана инновациялар, финансы жана инвестициялар чөйрөсүндөгү компетенцияларга ээ деп эсептесе;
«4» - эгерде бааланып жаткан талапкер коюлган суроолорго толугу менен жооп бербесе жана талапкердин жоопторунда айрым кемчиликтер бар болсо, ушуну менен бирге талапкер тигил же бул чөйрөдө жетиштүү билимдерге ээ болсо;
«3» - эгерде көпчүлүк учурларда бааланып жаткан талапкер коюлган суроолорго жооп бербесе, ушуну менен бирге тигил же бул чөйрөдө жалпы түшүнүгү бар болсо;
«2» - эгерде Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү бааланып жаткан талапкер коомдун башкаруу органдарында натыйжалуу иштөө үчүн керектүү болгон тигил же бул чөйрөдө жетиштүү билимге жана көндүмдөргө ээ эмес деп эсептесе;
«1» - эгерде Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү талапкер стратегиялык пландоо, аудит, кадрлар жана сыйлоо, корпоративдик башкаруу, өндүрүштү модернизациялоо жана инновациялар, финансы жана инвестициялар чөйрөсүндө билими жана тажрыйбасы жок деп эсептесе.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын ар бир мүчөсү бланкка кол коёт жана комиссиянын Катчылыгына өткөрүп берет.
34. Туура жооптордун 75 же андан ашык пайызына ээ болгон, башкача айтканда 3,75 же андан көп баллга ээ болгон талапкер ийгиликтүү өттү деп эсептелет, мында ал ар бир талапкер боюнча өз-өзүнчө Ведомстволор аралык комиссиянын ар бир мүчөсү койгон орточо арифметикалык баа катары эсептелет.
Комиссиянын Катчылыгы керектүү эсептөөлөрдү жүргүзөт жана аларды Ведомстволор аралык комиссияга таанышууга берет.
35. Аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер кадрлар резервине киргизилет. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктары протокол менен таризделет, ага Ведомстволор аралык комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коёт.
36. Кадрлар резервине киргизүүнүн жыйынтыгы боюнча Катчылык резервисттердин ранжирленген тизмесин даярдайт. Тизмеде талапкердин орду бардык этаптардын баллын жалпылоонун жыйынтыгы боюнча ранжирлөө аркылуу аныкталат.
Комиссиянын Катчылыгы аңгемелешүүнүн протоколу түзүлгөндөн кийин 1 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын жана резервисттердин ранжирленген тизмесин ачык жайгаштырат.
4. Акционерлер тарабынан мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү тартиби
(Главанын аталышы КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Коомдун башкаруу органынын мүчөсүн шайлоо зарылдыгы келип чыккан учурда, акционер белгиленген тартипте кадрлар резервинде турган талапкерлерди коомдун башкаруу органдарына шайлоо үчүн сунуштайт.
38. Көрсөтүү эң жогорку баллды алган резервисттерден баштап, ээлеген ордуна жараша кезектүү тартипте резервисттердин ранжирленген тизмесинен жүргүзүлөт.
39. Балл тең болгон учурда ранжирленген тизмеден талапкерди көрсөтүүдө төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ болгон талапкерге артыкчылык берилет:
1) директорлор кеңеши үчүн:
- талапкер жетектөөчү кызматта иштеген мезгилде коммерциялык уюмдун финансы-экономикалык көрсөткүчүнүн оң динамикасы түзүлгөн;
- MBA квалификациялык даражасы болгон;
- чет өлкөлүк компаниялардын башкаруу органдарында иштөө тажрыйбасы;
2) ревизиялык комиссия (ревизор) үчүн:
- тигил же бул жетектөөчү кызматта иштөө тажрыйбасы мезгил боюнча алганда 1 жылдан кем болбошу керек (анкетада жана сунушталган документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык);
- талапкер жетектөөчү кызматта иштеген мезгилде коммерциялык уюмдун финансы-экономикалык көрсөткүчүнүн оң динамикасы түзүлгөн;
- CAP/CIPA сертификаттарынын, аудитордук иш тармагында ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген аудитордун квалификациялык сертификатынын болушу.
Жогоруда белгиленген артыкчылыктарга ээ болгон резервисттер биринчи кезектеги тартипте Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине киргизилген чарбакер коомдорго көрсөтүлөт.
40. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине киргизилген чарбакер коомдордун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордуна шайлоо үчүн акционер тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер, ыйгарым укуктуу орган, Финансы министрлиги же Санариптик өнүктүрүү министрлиги Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиялоочу жана жөнгө салуучу иш менен алектенген чарбалык коомдордун директорлор кеңешине көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык макулдашылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109, 2022-жылдын 7-сентябрындагы N 486 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
41. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине киргизилген чарбалык коомдордун жеке аткаруу органынын кызматына же болбосо коллегиялык аткаруучу органынын жетекчисин жана анын орун басарларын шайлоо үчүн талапкерлер тейлөөчү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы N 486 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кадрлар резерви, кадрлар резервине киргизилген адамдын укуктары жана милдеттери
42. Кадрлар резервине киргизилген жана директорлор кеңешинин, ревизиялык комиссияларынын мүчөсү (ревизор) болуп дайындалбаган адам резервде 3 жыл бою турат. Белгиленген мөөнөт аяктаганда, бул адам кадрлар резервине жалпы негиздерде тандалып өтүшү керек.
43. Кадрлар резервинде турган адам төмөнкүдөй негиздер боюнча андан чыгарылат:
1) ыйгарым укуктуу органга берилген арызына ылайык өзүнүн каалоосу боюнча;
2) отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча өзүнүн иши үчүн терс бааларды алганда;
3) өзү жөнүндө анык эмес маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга бергендиги үчүн;
4) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда.
44. Кадрлар резервине киргизилген адам кадрлар резервине киргизүү жөнүндө арызын берүүдө анкетада көрсөткөн маалыматтар (жашаган дареги, байланыш маалыматтары) өзгөргөн датадан тартып, 10 календардык күндүн ичинде бул тууралуу ыйгарым укуктуу органды иш тартибинде кабарлоого тийиш.
6. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүн көрсөтүү жана шайлоо
45. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнө талапкерлер Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүлдөр жөнүндө жобонун 13-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келиши керек.
46. Ыйгарым укуктуу орган “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүн ушул Тартипке ылайык тандайт жана көрсөтөт.
Кадрлар резервинде турбаган, Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүлдөр жөнүндө жобонун 13-пунктунда белгиленген талаптарга жана “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин талаптарына шайкеш келген адамдар директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү катары көрсөтүлүшү мүмкүн.
47. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине киргизилген чарбакер коомдордун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү катары шайлоо үчүн талапкерлерди ыйгарым укуктуу орган тейлөөчү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы N 486 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү катары шайлоо үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан көрсөтүлгөн жана акционерлердин жалпы чогулушунда шайланган адамдар жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
|
| Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо, көрсөтүү тартибине 1-тиркеме |
Форма
|
| Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган |
Арыз
Мен, _____________________________________________________ (аты-жөнү)
мамлекеттик өкүл катарында көрсөтүү үчүн менин талапкерлигимди кароону суранам
________________________________________________________________ (акционердин аталышы)
________________________________________________________________ (чарбакер коомдордун башкаруу органынын аталышы)
________________________________________________________________ (чарбакер коомдордун аталышы)
Колу ____________________ Дата _____________________
_ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _
Документтерди кабыл алгандыгы жөнүндө тил каты
Берилген датасы: __________
Арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алган ыйгарым укуктуу адам ________________________________________________________________ Каттоо номери ______________________
| Белгиленген формадагы анкета |
| Паспорттун көчүрмөсү |
| Билими жөнүндө документтин көчүрмөсү |
| Эмгек китепчесинин көчүрмөсү |
| Кошумча билими жана/же квалификациясы жөнүндө документ |
| Коммерциялык уюмдун пайдасы жана чыгымы жөнүндө отчёттун көчүрмөсү |
| Бизнес-ассоциациялардан сунуштама каттар |
| Аудит, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү кесиптик уюмдардан сунуштама каттар |
| Квалификациялык аудитордун сертификаты же CAP/CIPA сертификаты |
Кошумча документтер
_____________________________________________________________ (документтердин аталышы)
Арызды кабыл алган адамдын колу ________________________
|
| Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо, көрсөтүү тартибине 2-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңешине талапкерлердин анкетасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы N 486 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул анкетада талапкер мамлекеттик үлүш катышкан акционердик коомдун директорлор кеңешине өзүн көрсөтүү үчүн өзү жөнүндө так маалымат берет.
1. Аты-жөнү _____________________________________________
2. Туулган күнү: _______________________________________
3. Төмөндө көрсөтүлгөн критерийлердин кайсынысына ээ экендигин көрсөтүңүз:
Жетекчилик кызмат орундарында иштөө тажрыйбасы (жетектөөчү кызмат орду деп юридикалык жактын жетекчиси же анын орун басары катары иштөө таанылат; уюмдун аталышы, жылдык пайданын өлчөмү жана биржада листингдин бар болушу көрсөтүлөт, эгер бар болсо) |
|
Корпоративдик башкарууну уюштуруунун жогорку деңгээли менен ири компанияларда иштөө тажрыйбасы (уюмдун аталышы, жылдык пайданын өлчөмү жана биржада листингдин бар болушу көрсөтүлөт, эгер бар болсо) |
|
Директорлор кеңешинин (байкоочу кеңештин) мүчөсү катары иштөө тажрыйбасы (жалпы иш стажы) |
|
Директорлор кеңешине (байкоочу кеңешке) караштуу комитеттерде иштөө тажрыйбасы (комитеттердин аталышы) |
|
Көз карандысыз директор катары иштөө тажрыйбасы (жалпы иш стажы) |
|
Акцияларды ачык жайгаштырууга даярдоо жана жарыялоо тажрыйбасы (акциялары жайгаштырылган уюмдун аталышы, жайгаштыруу мезгилинде талапкердин ролу (уюштуруучу, директорлор кеңеши (байкоо кеңешинин) мүчөсү) жайгаштыруу мезгили, жайгаштыруунун акчалай туюнтмадагы көлөмү, жайгаштыруу ыкмасы көрсөтүлөт) |
|
Тармакта иштөө тажрыйбасы (тармактын аталышы, жалпы иш стажы) |
|
Акциялары Кыргыз Республикасына таандык уюмдарда иштөө тажрыйбасы (уюмдардын тизмеси, иштеген мезгили көрсөтүлөт) |
|
Антикризистик башкаруу чөйрөсүндө иштөө тажрыйбасы (уюмдардын тизмеси, иштеген мезгили көрсөтүлөт) |
|
Финансы жана аудит тармагында иштөө тажрыйбасы (уюмдардын тизмеси, иштеген мезгили көрсөтүлөт) |
|
Илимий иш тажрыйбасы (кайсы багытта) |
|
Менчигинин концентрациясы жогору болгон компанияда иштөө тажрыйбасы (уюмдардын тизмеси, иштеген мезгили көрсөтүлөт) |
|
4. Азыркы учурда акционердик коомдорду, чарбакер субъекттерди жана башка уюмдарды башкаруунун коллегиялык органдарына катышуусу (анын ичинде директорлор кеңешинин мүчөсү катары):
Иштеген мезгили | Уюмдун аталышы, ээлеген кызмат орду | Уюмдун иш-аракетинин түрү | Кошумча маалымат (директорлор кеңешинде (байкоо кеңешинде) төрагалык), директорлор кеңешинин (байкоо кеңешинин) алдындагы комитеттерге катышуу, көз карандысыз директор катары катышуу)
| Уюмдун байланыш маалыматтары (телефону, дареги, электрондук дареги) |
|
|
|
|
|
5. Акционердик коомдорду, чарбакер субъекттерди жана башка уюмдарды башкаруунун жана контролдоонун коллегиялык органдарына катышуунун буга чейинки тажрыйбасы (анын ичинде директорлор кеңешинин мүчөсү катары):
Иштеген мезгили | Уюмдун аталышы, ээлеген кызмат орду | Уюмдун иш-аракетинин түрү | Кошумча маалымат (директорлор кеңешинде (байкоо кеңешинде) төрагалык), директорлор кеңешинин (байкоо кеңешинин) алдындагы комитеттерге катышуу, көз карандысыз директор катары катышуу)
| Уюмдун байланыш маалыматтары (телефону, дареги, электрондук дареги) |
|
|
|
|
|
6. Азыркы убакытка чейинки 10 жыл ичиндеги жалпы эмгек ишмердиги:
Иштеген мезгили | Уюмдун аталышы, ээлеген кызмат орду | Уюмдун иш-аракетинин түрү |
|
|
|
7. Негизги компетенциялар:
Компетенциянын чөйрөсү | Квалификация, сертификат, диплом | Квалификацияны, сертификатты, дипломду алуу датасы | Талапкердин тиешелүү компетенциясынын сыпаттамасы (конкреттүү уюмдарда жана мекемелерде иштөө тажрыйбасын көрсөтүүдө жылдык пайданын өлчөмү жана биржада листингдин бар болушу көрсөтүлөт) |
стратегиялык пландоо | ACCA, DipIFR, CPA, IoD Chartered Director, CFA, IoD Certificate in company direction; IoD Diploma in company direction, жана башка документтер |
|
|
аудит |
|
| |
кадрлар жана сыйлыктар |
|
| |
корпоративдик башкаруу |
|
| |
финансы жана инвестиция |
|
| |
өндүрүштү модернизациялоо жана инновациялар |
|
|
8. Кайсы коомдук кесиптик уюмдарга кирериңизди көрсөтүңүз:
________________________________________________________________
9. Сиз бенефициар болуп саналган, ошондой эле өз алдынча же өзүңүздүн бириккен адамыңыз (адамдарыңыз) менен бирдикте добуш берүүчү акциялардын (үлүштүн, пайдын) 20 же андан ашык пайызына ээлик кылган уюмдардын аталышын көрсөтүңүз:
________________________________________________________________
10. Билими:_________________________________________________________
11. Кошумча билими жана кесиптик билими.
Өзүнчө көрсөтүлсүн:
Диплом | Көрсөтүлгөн дипломдорго таандык компетенциясы | Дипломду алган датасы | Талапкердин тиешелүү компетенциясынын сыпаттамасын көрсөтүү (конкреттүү уюмдарда жана мекемелерде иштөө тажрыйбасын көрсөтүүдө жылдык пайданын өлчөмү жана биржада листингдин бар болушу көрсөтүлөт) |
MBA |
|
|
|
DBA |
|
|
|
12. Корпоративдик башкаруу чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу, билим алуу
________________________________________________________________
13. Окумуштуулук даражанын, наамдын, сыйлыктардын болушу:
________________________________________________________________
14. Чет тилдерин билүү (эркин, орто деңгээл, базалык деңгээл):
________________________________________________________________
15. Корпорациялык башкаруу маселелери боюнча илимий-изилдөө иштерин түзүү тажрыйбасы, докладчы катары илимий конференцияларга катышуу тажрыйбасы барбы? Эгер болсо, анда адабияттардын аталыштарын жана булактарын, конференциялардын аталыштарын жана баяндамалардын темаларын, илимий-изилдөө иштеринин темаларын көрсөтүңүз:
________________________________________________________________
16. Талапкердин кесиптик иши жөнүндө сунуштамаларды бере ала турган адамдар) (аты-жөнү, кызмат орду, байланыш маалыматтары):
________________________________________________________________
17. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайылап жасаган кылмыш деп таанылган, кылмыш үчүн жоюлбаган же алып салынбаган соттуулук барбы:
________________________________________________________________
18. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык дисквалификация түрүндө жаза колдонуу менен жоопкерчиликке тартылдыңыз беле?
________________________________________________________________
19. Өзүңүз жөнүндө билдирүүнү максатка ылайыктуу деп эсептеген башка маанилүү маалымат: _______________________________________________________________
20. Жарандык
________________________________________________________________
21. Паспорттук маалыматтар:
________________________________________________________________
22. Байланыш маалыматтары:
Иш телефону:
________________________________________________________________
Мобилдик телефон: ________________________________________________________________
Каттоо дареги:
________________________________________________________________
Почта дареги (индексти көрсөтүү менен):
________________________________________________________________
Электрондук почта: _______________________________________________________________
23. Мен, _____________________________________________________
(аты-жөнү)
ушул анкетадагы маалымат туура экендигин жана мамлекеттик үлүш катышкан акционердик коомдордун башкаруу органдарынын курамдарына көрсөтүү жана шайлануу үчүн талапкер катары менин талапкерлигимди карап чыгууга өз макулдугумду билдирем.
24. Мен, _____________________________________________________
(аты-жөнү)
анкетада камтылган жеке маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча макулдугумду тастыктайм. Бул макулдукту _______________ өзүм бердим жана ал мөөнөтсүз колдонулат.
Анкета түзүлгөн дата: ________________
Колу_______________________________