Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-апрели № 216
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 216 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде '"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилүүчү "Электромобиль" аныктамасын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"Электромобиль - ички күйүүчү кыймылдаткычтан эмес, көз карандысыз электр энергия булагынан (аккумуляторлор, отун элементтери, конденсаторлор ж.б.) кубат алуучу бир же бир нече электр кыймылдаткыч менен жүрүүчү автомобиль.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 129 токтому менен "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору жактырылган, анда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257-беренесине электр кыймылдаткычы менен гана жүргөн импорттолуучу транспорт каражаттарын жана электр кыймылдаткычы менен гана жүргөн транспорт каражаттарын электр энергиясы менен кубаттандыруу үчүн жабдууну КНСтен бошотууну сунуштаган өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 2-беренесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз:
1) 2-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
"2. 257-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 15-1 жана 15-2-пункттар менен толукталсын:
"15-1) ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 870380 товардык позициясында классификациялануучу электр кыймылдаткычы менен гана жүргөн транспорт каражаттары;
15-2) ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 85044030, 85044055 жана 85044090 товардык позицияларында классификациялануучу электр кыймылдаткычы менен гана жүргөн транспорт каражаттарын электр энергиясы менен кубаттандыруу үчүн жабдуу;";
2) 3-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
"3. 330-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) электр кыймылдаткычы менен гана жүргөн транспорт каражаттары.";
3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330-беренесине сунушталган электромобилдерди мүлк салыгы салынбоого тийиш категорияга киргизүүчү өзгөртүүлөргө байланыштуу 4 жана 5-пункттарын алып салууну.
Мында бул өзгөртүүлөр Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык ЕАЭБ ТЭИ ТН коду боюнча КНС төлөөдөн бошотуу максатында киргизилип жатканын белгилей кетүү керек.
Ошондой эле электр менен кубаттандыруучу станциялар жана алардын запастык бөлүктөрү мүлк салыгы салынуучу объекттер болуп саналбай тургандыгын белгилейбиз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине оңдоолорду киргизүү сунушталууда, ага ылайык "Техникалык кароо жүргүзүүчү диагностикалык борборлор техникалык кароодон өткөрүүдө өз функцияларын талаптагыдай аткарбаган, техникалык регламенттердин талаптарын сактабаган жана укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда 5-категориядагы айып салууга алып келет.".
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери ченемдик укуктук актыларда камтылган. Демек жоопкерчилик, анын ичинде жазык жоопкерчилиги ченемдик укуктук актыларда каралган конкреттүү талаптарды бузуу үчүн каралышы керек.
Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин төртүнчү абзацы менен диагностикалык борборлорду жоопкерчиликке тартуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала тургандыгы сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бузууну жасаган жак, аны жасоо убагында колдонууда болгон ушул Кодекстин жоболорунда аныкталган негизде жана тартипте жоопкерчиликке тартылууга тийиш, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин процесстик бөлүгү менен бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн тартиби жөнгө салынганын белгилейбиз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренеси менен "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына диагностикалык борборлор тарабынан транспорт каражаттарына техникалык кароо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана техникалык регламенттерде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзүлө тургандыгы боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Аталган Мыйзамдын 16-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык техникалык кароодон өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 239 "Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жободо техникалык кароодон өткөрүү тартиби ушул жобо менен регламенттелгенин белгилейбиз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келтирүү зарыл деп эсептейбиз, ага ылайык Салык кодексине жаңы салыктык жеңилдиктерди берүү жана/же салыктарды төлөөдөн бошотууну берүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары расмий жарыяланган күндөн баштап кеминде 2 ай өткөндөн кийин, алдыдагы салыктык мезгилдин биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет деп белгиленген.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпысынан мыйзамдын долбоорунун концепциясын колдойт жана жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.
|
|