Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 11-январы № 2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды мамлекеттик колдоо максатында, "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 9-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби, 6-тиркемеге ылайык.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө жободо:
- 2-пунктундагы "туруктуу жашаган жери" деген сөздөр "жашаган жери же же болбосо турган жери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "алардын туруктуу жашаган жери" деген сөздөр "жашаган жери же болбосо турган жери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- каза болгондо.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 6-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 26-январындагы № 6 (3185) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
| Тиркеме |
|
|
Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби
1. Ушул Жарандарды жумушсуз же жумуш издеген катары каттоо тартиби (мындан ары - Тартип) "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана жарандарды жумушсуз же жумуш издеген адам катары каттоонун тартибин аныктайт.
2. Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн кайрылган учурда жумушу жана (же) эмгек акысы (кирешеси) жок, ылайыктуу жумуш издеген (мындан ары - жумушсуз) адамды каттоо жумушсуздун жашаган жери же турган жери боюнча калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү) тарабынан жүргүзүлөт.
3. Жумуш издеген адам катары каттоо үчүн жумушсуз ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө төмөнкү документтерди берет:
- Кыргыз Республикасынын жараны үчүн - паспорт (ID - карта);
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген жашап турууга уруксат;
- качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн - качкындын күбөлүгү;
- кайрылмандын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан бошотулгандар жана эмгек китепчеси жок адамдар үчүн - аскердик билет;
- эмгек китепчеси же камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер;
- кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер.
Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок адамдар паспортун же ким экендигин ырастаган башка документти жана билими тууралуу документин (бар болсо) көрсөтөт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар ушул пунктта көрсөтүлгөн жогоруда аталган документтерге кошумча катары медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым катын көрсөтөт.
4. Жумушсуз жөнүндө жеке маалымат алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жумушсуздун макулдугу менен анын идентификациялык жеке номеринин негизинде "Эмгек рыногу" маалыматтык системасын пайдаланып, тиешелүү мамлекеттик органдардан жана/же уюмдардан "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү электрондук системасы аркылуу маалымат сурайт.
5. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери "Эмгек рыногу" маалыматтык системасына жумушсуздун жеке маалыматтарын киргизет, анда ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн сунуштары, анын ичинде ылайыктуу иш берүү, ишке орношууга жиберүү, кесипке даярдоого жөнөтүү, ылайыктуу жумуш издөө менен байланышкан башка иш-аракеттер жөнүндө, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн сунуштары менен жарандын макулдугу (баш тартуусу) жөнүндө тийиштүү жазуулар жүргүзүлөт.
Документтер ким экендиги ырасталгандан жана "Эмгек рыногу" маалыматтык системасына маалыматтар киргизилгенден кийин жумушсузга кайтарылып берилет.
6. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү жаранды жумуш издөөчү катары каттаган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде мүмкүндүгүнө жараша иштин ылайыктуу эки вариантын, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү жумушту сунуштоого тийиш.
Биринчи жолу жумуш издеген (мурда иштебеген), кесипке (адистикке) ээ болбогон жаранга - кесиптик даярдыктын эки вариантын.
7. Жаранга эки жолу бир эле кесип (адистик) боюнча бир эле ишти, кесиптик даярдыкты сунуштоого болбойт.
8. Жаран аткарууга жөндөмдүү, билими, кесиптик даярдыгы, иш тажрыйбасы, ден соолугу боюнча туура келген, жашаган жеринен анча алыс эмес (жол жүрүү бир сааттан ашпаган) жана эң төмөнкү эмгек акынын расмий түрдө белгиленген деңгээлинен төмөн эмес эмгек акыга кепилдик берүүчү иш ылайыктуу жумуш деп эсептелет.
Мында төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- бош жумуш орундары (кызматтары) бар экендигин уюм менен ырасташпай туруп, жарандарды ишке орноштуруу максатында уюмдарга жиберүүгө;
- ылайыктуу жумушту сунуштоо же иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн атайын программаларына катышууну сунуштоого байланышкан учурларды кошпогондо, жарандарды ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө айына бир жолудан ашык чакырууга.
9. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 1 жана 2-пункттарына ылайык (кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышы, уюмду өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу) жумуштан бошогон адамдардын категориясы үчүн жумуштан кеткен күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө катталган шартта ылайыктуу жумуш издөө мезгили 3 айды түзөт.
10. Уюмду кайра уюштуруу жана жоюу учурунда кызматкерлердин санын же штатын кыскартуу боюнча жумуштан бошогон, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө жумуштан кеткен күндөн тартып 10 жумуш күндөн ашык кечигип катталган жарандар жалпы негиздерде катталат.
11. Уюмду кайра уюштуруу жана жоюу учурунда кызматкерлердин санын же штатын кыскартуу боюнча жумуштан бошогон иштеп жаткан пенсионерлер он күндүк мөөнөттө жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу укугу жок жумуш издеген адам катары ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө каттоого турууга укуктуу.
12. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жумушсузга ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү көрсөткөн кызматтар жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн мамлекеттик чаралары жөнүндө толук маалымат берет.
13. Эгерде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү жумушсузга 10 календардык күндүн ичинде ылайыктуу жумушту таппаса, аны расмий жумушсуз катары каттоого алат.
14. Катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү жарандарга ылайыктуу жумуш таппаган учурда алар расмий жумушсуз деп таанылат.
15. Төмөнкүлөр расмий жумушсуз деп таанылбайт:
- 16 жашка толо элек жарандар;
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык курагы боюнча пенсия дайындалган жарандар;
- катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ылайыктуу жумушту сунуштоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө келбеген, ошондой эле аларды жумушсуз катары каттоого ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан белгиленген мөөнөттө келбей калган жарандар;
- алгачкы жолу жумуш издеген (мурда иштебеген), ошол эле учурда кесиби (адистиги) болбогон жарандар ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ылайыктуу иштин эки вариантынан, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү жумуштардан баш тарткандар;
- кесиптик даярдоодон же сунушталган акы төлөнүүчү коомдук иштен, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү жумуштардан эки жолу баш тарткан жарандар;
- жумушу жана эмгек акысы жоктугу тууралуу жалган маалыматтарды камтыган документтерди берген жарандар;
- соттун чечими боюнча эркиндигинен ажыратылбастан түзөтүү жумуштарына, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон жарандар;
- иштеген жарандар.
16. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таануудан баш тартылган жарандар аларды жумушсуз деп таануу жөнүндө маселени чечүү үчүн баш тартылган күндөн тартып бир календардык ай өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө кайрылууга укуктуу.
17. Жумушсуз жарандар өзүнүн ишке орношуусуна активдүү көмөктөшүүгө, каттоонун жана кайра каттоонун тартибин жана шарттарын сактоого, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө өз алдынча жумуш издөө жана ишке орношуу маселеси боюнча өзүнүн иш-аракеттери жөнүндө, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү иштер тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.
18. Жумушсуз жаран ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык каттоо эсебинен чыгарылат.
19. Жумушсуз жарандарды каттоо эсебинен чыгаруунун датасы жана себеби жөнүндө маалыматтар "Эмгек рыногу" маалыматтык системасына киргизилет.
20. Жарандарды жумушсуз же жумуш издеген адам катары ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө кайрадан каттоо "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 4 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, каттоо эсебинен чыгарылган учурдан тартып 6 ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
21. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында, иш берүүчү ай сайын ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө бош жумуш орундары тууралуу маалымдайт.
22. Иш берүүчү бош жумуш орду тууралуу жазуу жүзүндө маалымат жибергенде, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери маалымат алган күндөн тартып бир күндүн ичинде "Эмгек рыногу" маалыматтык системасында бош жумуш ордун каттайт.
23. Иш берүүчү жазуу жүзүндө жиберген бош жумуш орду катталгандан кийин ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери үч жумуш күндүн ичинде бош жумуш ордуна талапкерлерди тандайт.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүндө катталган жумушсуздарды жумуш орундарына тандайт.
24. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери талапкердин кесибин (кызмат ордун), кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана квалификациясын, иш тажрыйбасын жана көндүмдөрүн, эмгек акынын деңгээлин, жумуш убактысынын режимин эске алуу менен бош жумуш ордуна талапкерлерди тандайт.
25. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери бош жумуш орду чыккан күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жумуш издеген адамга жана (же) жумушсузга ылайыктуу жумуш орундары бар экендиги жөнүндө төмөнкү учурларда кабарлайт:
- ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө жеке барганда;
- маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар аркылуу.
26. Талапкерлер сунушталган бош жумуш ордуна ишке орношууга макул болсо жана жумуштун шарттарына ылайык келсе, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери:
- бир күндүк мөөнөттө тандап алынган талапкерлердин резюмесин же талапкердин өзүн жумуш берүүчүгө жиберет;
- үч күндүк мөөнөттө жумуш берүүчүнү кызыктырган талапкерлер менен аңгемелешүүнү өткөрүү убактысын жана ордун жумуш берүүчү менен макулдашат;
- бир күндүк мөөнөттө жумуш берүүчү менен аңгемелешүүнү өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө талапкерлерге маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу кабарлайт.
27. Иш берүүчү талапкерди жумушка орношууга жиберген күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө жумушка кабыл алынгандыгы же баш тартылгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө же байланыш каражаттары аркылуу кабарлайт.
Беш жумуш күндүн ичинде жумушка кабыл алуу жөнүндө иш берүүчүнүн билдирүүсүнүн жоктугу сунушталган талапкерди ишке орноштуруудан баш тартуу деп эсептелет.
28. Иш берүүчү тарабынан талапкердин жумушка орношкондугу ырасталган учурда ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү "Эмгек рыногу" маалыматтык системасынан тийиштүү бош жумуш ордун өчүрөт.".