Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 20-январы № 9
2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын (мындан ары - Мамлекеттик программа) долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын жана бекитүүгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2021-2025-жылдардын мезгилине жыл сайын, Кыргыз Республикасынын пландалган жылга республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда Мамлекеттик программанын финансылык камсыздоосун эске алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Мамлекеттик программа бекитилгенден кийин эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Мамлекеттик программанын Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүн ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыгып, аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Мамлекеттик программанын Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүгүн ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыгып, аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 2-5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Мамлекеттик программанын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-февралындагы № 8 (3187) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
|
| Долбоор |
2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа
Киришүү
2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа (мындан ары - Мамлекеттик программа) мамлекеттин коопсуздугун камсыздоого, мамлекеттик чек араны бекемдөөгө, чек ара аймактарынын проблемаларын чечүүгө, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү өбөлгөлөөгө, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш шарттарын жакшыртууга, туруктуу жашоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жана чек ара аймактарынын калкынын арасында ички миграциянын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.
Чек ара региондору социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча көпчүлүк учурда республиканын ички региондорунан артта калат, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чек ара аймактарындагы проблемаларга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын дайыма ырастайт.
Кыргыз Республикасы - Борбордук Азиядагы аянты 199,4 миң км2 түзгөн мамлекет. Негизги аймактык бирдиктери - 7 облус, 40 район, 31 шаар, анын ичинен 2 - республикалык, 12 - облустук, 17 - райондук маанидеги шаар, 453 айылдык аймак. Республиканын калкынын саны 2020-жылдын 1-январына карата 6,38 миллион адамды, анын ичинде өзгөчө статуска эз болгон айрым чек ара аймактарында жашагандар - 155,6 миң адамды түзөт.
Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен жалпы чек арага ээ. Республиканын аймагынын 90 пайызынан көбүн тоолор ээлегендиктен, мамлекеттик чек аранын көптөгөн аралыгы тоолуу жерлерден өтөт.
Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен болгон Мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 4703,4 км түзөт.
2020-жылдын 1-сентябрына карата:
- Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы жалпы узундугу 1390,99 км түзгөн мамлекеттик чек аранын 1170,53 км же 85,0 пайызы Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-октябрындагы № 173 Мыйзамы менен ратификацияланган 2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим менен бекитилген. Азыркы мезгилде эки тараптуу сүйлөшүүлөр улантылууда;
- Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы жалпы узундугу 972,0 км түзгөн мамлекеттик чек аранын 519,9 км же 54,0 пайызы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын деңгээлинде макулдашылган. Азыркы мезгилде эки тараптуу сүйлөшүүлөр улантылууда;
- Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы 1257,07 км узундуктагы мамлекеттик чек арада мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштер толугу менен аяктады. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 15-январындагы № 6 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимге 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган жана 2019-жылдын 25-январында күчүнө кирген;
- Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1084,35 км узундуктагы мамлекеттик чек арада мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштер толугу менен аякталды. Демаркациялоонун жыйынтыгы 2004-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө протокол менен бекитилген.
1. Учурдагы кырдаалга жалпы баа берүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомуна ылайык өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмеси бекитилген.
Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесине 81 айыл жана 9 участок кирет, анын ичинде:
- Баткен облусунда - 61 айыл жана 8 участок;
- Жалал-Абад облусунда - 14 айыл жана 1 участок;
- Ысык-Көл облусунда - 4 айыл;
- Ош облусунда - 1 айыл;
- Талас облусунда - 1 айыл.
Мында өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесинин өзгөрүлүүсү чектелбейт.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесине киргизилген калктуу конуштардын жашоочулары төмөнкүдөй жагымсыз факторлордун таасирине кабылууда:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын айрым чектеш мамлекеттер менен делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери аягына чыгарылбагандыгы;
- чек ара тозотторунун санынын жетишсиздиги;
- чек арадагы жаңжалдардын жана инциденттердин келип чыгуусу;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүү тобокелдиктери;
- коңшу мамлекеттердин жарандарынын тиешелүү макулдашуусуз жайыт жерлерин пайдалануусу;
- табигый-климаттык шарттардын оордугу;
- табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу бар участоктордун болуусу;
- жашоонун жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн деңгээлинин төмөндүгү;
- өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын жетишсиздиги;
- аймактын негизги бөлүгүн өздөштүрүүнүн жетишсиздиги жана жетүүнүн кыйындыгы;
- социалдык инфратүзүмдүн канааттандырбаган абалы;
- ирригация системасынын талапка жооп бербегендиги;
- калктын таза ичүүчү сууга болгон муктаждыгынын камсыздалбагандыгы;
- муниципалдык жолдордун жана жалпы пайдалануудагы жолдордун абалынын канааттандырарлык эместиги;
- жагымдуу инвестициялык климаттын жоктугу, жумушсуздардын санынын көбөйүүсү жана миграциянын өсүүсү.
2020-жылдын 1-январына карата Баткен облусунун өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарындагы калктын саны 132,0 миң адамды, түтүндүн саны 26,4 миң бирдикти түзөт.
Региондордогу калктын жашоо сапатын аныктоочу маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири азыркы мезгилде: Лейлек районунда - 12,7 миң сомду, Баткен районунда - 9,38 миң сомду, Кадамжай районунда - 11,3 миң сомду түзгөн калктын кирешесинин деңгээли болуп саналат.
Баткен облусунун калкынын ичүүчү суу менен камсыздалышы орточо эсеп менен 50 пайызды, жумушсуздардын саны - 8,8 миң адамды, ишканалардын саны - 43 бирдикти (анын ичинде 11 - касапкана жана 2 - соода-логистикалык борбор, 30 - жашылчаларды жана жемиштерди сактоо борбору) түзөт, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында 10 жаңы ишкана ачылган жана 56 жумушчу орун түзүлгөн.
Баткен облусунун чек ара аймактарындагы мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү 140 өз алдынча мектепке чейинки билим берүү мекемеси жүргүзөт. Жалпы билим берүүчү 203 мекеме иштейт.
Жалал-Абад облусундагы өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында калктын саны 2020-жылдын 1 -январына карата 21,2 миң адамды, түтүндүн саны - 46,9 миң бирдикти түзөт. Орточо эмгек акы - 17,4 миң сомду, жумушсуздардын саны - 5375 адамды, калктын ичүүчү суу менен камсыздалышы орточо 60 пайызды түзөт. Ишканалардын саны - 20 болсо, анын ичинен 2020-жылдын январь-сентябрь айларында 8 ишкана ишке киргизилип, 20 жумушчу орун түзүлгөн. Чек ара аймактарында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын 3 мектепке чейинки билим берүү мекемеси көрсөтөт, жалпы билим берүү ишин 11 мекеме жүргүзөт.
Ош облусунда Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесине Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык аймагынын Барак айылы киргизилген. Барак айылы Өзбекстан Республикасынын аймагындагы эксклав болуп эсептелип, азыркы учурда жалпысынан 18 үй чарбасында 74 адам туруктуу жашайт.
Ысык-Көл облусунун өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында калктын саны 2020-жылдын 1-январына карата 650 адамды түзөт. Орточо айлык эмгек акынын өлчөмү: Ак-Суу районунда - 13,7 миң сом, Жети-Өгүз районунда - 16,2 миң сом, Түп районунда - 12,6 миң сомду түзөт. Өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында 3 мектеп жана 1 фельдшердик-акушердик пункт бар, мектепке чейинки билим берүү мекемелери, өнөр жай ишканалары жана айыл чарба багытындагы жерлер жок.
Өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесине Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак айылы киргизилген. Калктын саны 2020-жылдын 1-январына карата 825 адамды жана түтүндүн саны - 209 бирдикти, жумушсуздардын саны - 215 адамды, орточо айлык эмгек акы - 5000 сомду, калктын ичүүчү суу менен камсыз болушу орточо - 50 пайызды түзөт. Айылдын аймагында 1 орто мектеп жана 1 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.
2. Жетишкендиктер
"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтому менен Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоору жактырылган.
Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген.
Мамлекеттик программанын биринчи этабын ишке ашыруу максатында 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен 95 иш-чара каралып, 1,6 млрд. сом суммасында каражат (анын ичинен түрк кредитинин каражатынан - 404,9 млн. сом) жумшалган жана төмөнкү негизги иштер аткарылган:
- 100 км ашуун автомобиль жолу курулган;
- 5 көпүрө, 2 канал жана 8 гидротехникалык курулма курулган;
- 100 км жакын электр өткөрүүчү линиялар тартылган;
- 40 трансформатордук подстанция оңдолгон жана орнотулган;
- жалпы узундугу 17 км ашуун жана көлөмү 123 миң м3 болгон каналдын, дарыянын жээктерин тазалоо жана бекемдөө боюнча иш-чаралар аткарылган;
- саламаттык сактоо жана билим берүү системасынын 30 объектиси оңдолгон;
- калкты сугат суу менен камсыздоо үчүн 10 насостук станция орнотулган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 токтому менен бекитилген Мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашырууга карата 2018-2020-жылдарга иш-чаралар планы 33 пункттан турат, бул иш-чараларды аткарууга республикалык бюджеттен 305,1 млн. сом өлчөмүндөгү каражат каралып, 303,3 млн. сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн.
Аталган Планга ылайык:
- мамлекеттик чек аранын участокторунда инженердик жумуштар аткарылып, жалпысынан 60 км ашуун тикенек зымдан тосмолор орнотулган;
- узундугу 4,2 км болгон автомобиль жолуна асфальт төшөлдү;
- калкты сугат суу менен камсыз кылуу максатында 5 насостук станция орнотулууда;
- 4 фельдшердик-акушердик пункт, 4 бала бакча, 1 жатакана, 2 спорт зал, 1 өрт өчүрүү бөлүгүнүн имараты курулууда;
- 3 мектептин, 2 бала бакчанын, 2 фельдшердик-акушердик пункттун имаратын оңдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө;
- узундугу 250 м болгон суу жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө;
- электр энергиясы менен камсыздоо багытында - 4 иш-чара жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу багытында - 2 иш-чара жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 токтомуна ылайык (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 539 токтому менен киргизилген өзгөртүүнүн негизинде) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн орточо 100,0 млн. сом өлчөмүндө каражат бөлүү жыл сайын каралган жана бул каражат жетишсиз.
2021-жылга карата республикалык бюджеттин бекитилгендигине байланыштуу Мамлекеттик программанын иш-чараларын ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттардын суммасы кийинки жылга карата мурдагыдай деңгээлде - 100,0 млн. сом бойдон калууда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2022-жылдан тартып бөлүнүүчү акча каражаттарын этап менен көбөйтүү каралат: 2022-жылы - 150,0 млн. сом, 2023-жылы -200,0 млн. сом, 2024-2025-жылдары - 250,0 млн. сом.
3. Максат
Мамлекеттик программанын максаты Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен өзгөчө статуска ээ болгон чек арадагы калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана туруктуу өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык шарттарды түзүү болуп саналат.
4. Артыкчылыктуу багыттар
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарындагы калктын жашоо-турмушунун социалдык-экономикалык негиздерин чыңдоо керектигин эске алып, 2021-2025-жылдарга Мамлекеттик программанын иш-чаралары төмөнкүдөй эки багытты камтыйт:
1) инженердик курулмаларды орнотуу жана мамлекеттик чек ара режимин сактоону контролдоо максатында Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды;
2) өнөр жайдын жана өндүрүштүн ар кандай тармактарынын кичи ишканаларын, ошондой эле логистикалык борборлорду ачуу менен Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш-чараларды.
5. Милдеттер жана чаралар/аракеттер
Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугунун маанилүү өбөлгөлөрү: мамлекеттер аралык адилет белгилөө, коопсуздукту камсыздоо жана социалдык-экономикалык инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар,
1-артыкчылык. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо.
1.1-милдет. Коопсуздукту камсыздоо.
Чаралар/аракеттер:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын участокторунда инженердик курулмаларды жана тосмолорду орнотуу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын (мындан ары - Чек ара кызматы) Баткен облусунун аймагында жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
- жергиликтүү калк менен үзгүлтүксүз негизде чек арада административдик-укуктук режимдерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрүнүн штаттык санын оптималдаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон бардык чек ара аймактарындагы Чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн узак мөөнөттүү ипотекалык кредиттерди берүү;
- Кыргыз Республикасынын чек ара аймагында аймактык, экономикалык, демографиялык, маданий-диний жана экспансиянын, агрессиянын башка түрлөрүнө каршы күрөшүү чараларын колдонуу;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарында жаратылыштык, техногендик жана эпидемиологиялык мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана алдын алуу;
- калктын, турак жайлардын жана жер участокторунун коопсуздугун камсыздоо үчүн дарыялардын жээктерин бекемдөө;
1-артыкчылыктын күтүлүүчү натыйжалары. 1-артыкчылыктагы иш-чараларды ишке ашыруу чыр-чатактарды, чек арадагы инциденттерди азайтууну жана сел агымдарынын, суу ташкындарынын кесепеттерин кыскартууну, ошомдой эле Чек ара кызматынын материалдык базасын жана инфратүзүмүн чыңдоону камсыздайт.
2-артыкчылык. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо.
2.1-милдет. Социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүү.
Чаралар/аракеттер:
- социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүү, анын ичинде мектептерди, бала бакчаларды, фельдшердик-акушердик пункттарды, маданият үйлөрүн, спорт залдарды куруу жана капиталдык оңдоо;
- калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо;
- сугат суу менен камсыздоо боюнча маселелерди чечүү, анын ичинде насостук станцияларды куруу;
- муниципалдык жолдордун жана жалпы пайдалануудагы жолдордун абалын жакшыртуу.
2.2-милдет. Социалдык чөйрөнү өнүктүрүү, зарыл болгон социалдык ченемдерге жетишүү.
Чаралаp/apaкеттеp:
- тиешелүү заманбап окуу китептери жана окуу куралдары менен толук көлөмдө камсыздоо менен мектепке чейинки жана мектептик билим берүү мекемелеринде кыргыз тилинде окутууларды жүргүзүү;
- билим берүү, маданият жана спорт чөйрөлөрүн өнүктүрүү;
- саламаттык сактоо системасын колдоо;
- жогорку ылдамдыктагы интернетти жана байланышты киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын калктуу конуштарындагы жергиликтүү тургундардын арасынан адистерди даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын жаш адистерин чек арага жакын калктуу конуштарга тартуу үчүн шарттарды түзүү.
2.3-милдет. Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
Чаралар/аракеттер:
- ишкердик субъекттерди жана айыл чарбаны колдоо программалары боюнча облустук жана райондук региондорду өнүктүрүү фонддорунун иши тууралуу түшүндүрүү иштерди жүргүзүү жолу менен чакан жана орто ишкердик субъекттерге маалыматтык колдоо көрсөтүү;
- облустук жана райондук региондорду өнүктүрүү фонддорунун финансы ресурстарын колдонуу менен бизнес-долбоорлор үчүн жеңилдетилген кредиттерди берүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарында иш жүргүзгөн чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн мамлекеттик коммерциялык банктар тарабынан айрым жеңилдетилген кредиттик продуктуларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- өнөр жайдын жана өндүрүштүн ар кандай тармактарынын жаңы кубаттуулуктарын, ошондой эле логистикалык борборлорду ачуу жана жумуш орундарын түзүү максатында өзгөчө статуска ээ болгон чек ара участокторун өздөштүрүү;
- өндүрүлгөн продукцияларды региондук жана эл аралык рынокторго чыгарууга көмөк көрсөтүү;
- айыл чарба тармагын жана мал чарбасын өнүктүрүү (малдын жалпы санын өстүрүү жана жаныбарлардын асыл тукумдук сапатын жакшыртуунун эсебинен анын азыктуулугун жогорулатуу).
2-артыкчылыктын күтүлүүчү натыйжалары. 2-артыкчылыктагы иш-чараларды ишке ашыруу социалдык инфратүзүмдүн өнүгүшүн камсыздайт, инвестициялар, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, ички жана тышкы миграцияны кыскартат, ичүүчү таза суу жана сугат суусу менен камсыздайт, билим берүү, маданият, спорт жана саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүнө жагымдуу таасирин тийгизет, ошондой эле муниципалдык жолдордун жана жалпы пайдалануудагы жолдордун абалын жакшыртат.
6. Мониторинг жана баалоо
2021-2025-жылдарга Мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү жаатында Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландары бекитилет.
Иш-чаралардын пландарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жооптуу аткаруучулар катары аныкталган мамлекеттик органдар, ведомстволор жана ишканалар менен тиешелүү иштер жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик органдар иш-чаралардын пландарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт, ошондой эле ар бир иш-чаранын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын контролдойт, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна маалымат берип турат.
Иш-чаралардын пландарынын алкагында ар бир объект боюнча жооптуу аткаруучуларды жана аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ведомстволор аралык графиктер иштелип чыгат.
"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын өнүктүрүү жаатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн милдеттерин артыкчылыктуу тартипте аткарышат.
7. Күтүлүүчү натыйжа
Өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарынын калктуу конуштарында Мамлекеттик программаны ишке ашыруу процессинде төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилет:
- коопсуздукту камсыздоо, келип чыккан чыр-чатактардын жана чек ара инциденттеринин санын азайтуу;
- Чек ара кызматынын материалдык инфратүзүмүн чыңдоо;
- социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүү, инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ички жана тышкы миграцияны азайтуу;
- билим берүү, маданият, спорт жана саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүн өнүктүрүү;
- калктын ичүүчү таза сууга жана сугат суусуна болгон муктаждыктарын камсыздоо;
- муниципалдык жолдордун жана жалпы пайдалануудагы жолдордун абалын жакшыртуу;
- сел агымдарынын жана суу ташкындарынын кесепеттерин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу;
- калктуу конуштарга жогорку ылдамдыктагы интернетти жана байланышты киргизүү;
- өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара участокторун өздөштүрүү;
- чек ара аймактарында соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
8. Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун тобокелдиктери
Мамлекеттик программаны ишке ашырууда төмөнкүдөй тобокелдиктер бар:
- чек арадагы чыр-чатактардын жана инциденттердин келип чыгуусу менен Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун тобокелдиктери жана коркунучтары;
- табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигине ээ учурлардын болушу;
- бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздиги.