Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2021-жылдын 20-январы № 13
"Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Алтыбаева, А.Ш.Осмонова, А.А.Карашев, А.А.Аскарова, А.Т.Мамашова, М.Э.Мавлянова, Е.Г.Строкова, Н.В.Никитенко, К.Б.Орозова, Н.К.Алимбеков, Н.Т.Каримов, Р.Ч.Момбеков демилгелеген "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Новиков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 13 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Алтыбаева, А.Ш.Осмонова, А.А.Карашев, А.А.Аскарова, А.Т.Мамашова, М.Э.Мавлянова, Е.Г.Строкова, Н.В.Никитенко, К.Б.Орозова, Н.К.Алимбеков, Н.Т.Каримов, Р.Ч.Момбеков демилгелеген ''Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
1. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде кол өнөрчүлүк ишти мамлекеттик колдоо боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары аныкталган.
Атап айтканда Мыйзам долбоорунун көрсөтүлгөн беренесинин 2-бөлүгүндө мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде кол өнөрчүлүк ишти сактоо, жандандыруу жана өнүктүрүү үчүн укуктук, экономикалык, социалдык жана башка шарттарды камсыз кылышат деп белгиленген.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 6-беренесинде кол өнөрчүлүк ишти мамлекеттик колдоону уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары белгиленгендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 6-беренесинде көрсөтүлгөн ченемдер маңызы боюнча бири-бирин кайталап тургандыгын белгилейбиз.
Ушуну менен бирге "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясында кол өнөрчүлүк ишти колдоо маселелери жок экендигин белгилөө зарыл.
Мындан тышкары "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин жергиликтүү маанидеги маселелерге ылайык жүргүзө тургандыгын көңүлгө алуу керек. Мында, Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 6-беренесинде чагылдырылган кол өнөрчүлүк ишти колдоо маселелери жергиликтүү маанидеги маселелерге тиешеси жок экендигин белгилейбиз.
2020-жылга карата 453 айыл өкмөтүнүн 371си дотацияда тургандыгын, республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттарды алып жаткандыгын жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарын башка максаттарга багыттоого мүмкүнчүлүк болбой тургандыгын маалымдайбыз.
Баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү принцибине негизделгенин эске алуу менен укук колдонуу практикасында кыйынчылыктарды болтурбоо максатында Мыйзам долбоорунун 4 жана 6-беренелеринин мазмунун кайра карап, жеткире иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 6 жана 7-бөлүктөрүндөгү мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары боюнча ушул сыяктуу сын пикирлер берилет.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 5-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүүгө тыюу салынат.
Ошол эле учурда Салык кодексинин 10-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык салыктар дискриминациялык мүнөзгө ээ боло албайт жана гендердик, социалдык, расалык, улуттук, диний критерийлерге жараша колдонулбайт.
Мындан тышкары Салык кодекси ишкердик субъекттерге салык салууда бирдиктүү мамилени камсыз кылуу, салыктарды жана жыйымдарды бюджетке милдеттүү түрдө төлөп берүү, аныктык, салыктарга жана жыйымдарга акыйкат салык салуу, салык системасынын бирдиктүүлүгү, салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдардын туруктуулугу жана ачык-айкындуулук принциптерине негизделген.
Айрым чарбалык субъекттерге берилүүчү кандай болбосун жеңилдиктер, салык салуунун негизги принциптеринин бири болгон бардык чарбалык субъекттер үчүн бирдей ишкердик шарттарын түзүүнү шарттаган адилеттүүлүк принцибинин бузулушуна алып келет, салыктар айрым субъектилер арасында адилеттүү жана бирдей бөлүштүрүлүшү керек.
Көптөгөн салыктык жеңилдиктерди түзүү салык мыйзамдарынын талаптарын сактоону, салыктарды жыйноо процессин татаалдаштырат жана ак ниет эмес салык төлөөчүлөрдүн кыянатчылыгына алып келет.
Мындай кадамдар бюджеттин кирешесинин азайышына алып келбейт деп айтууга жүйөө же бюджеттин кирешелеринин бир бөлүгүн сарптоого өтө олуттуу себептер болгондо (башка булактардын эсебинен компенсациялануучу) негиздүү экендигин белгилөө зарыл.
Ошондой эле Салык кодексинин 10-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жеке мүнөздөгү салыктык жеңилдиктерди берүүгө тыюу салынат.
Жогоруда айтылгандарды көңүлгө алуу менен Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын алып салууну сунуштайбыз.
3. Окуучулук келишим маселелери, анын ичинде окуучулук келишимди аткаруу, окуучулук акы төлөө, эмгек мыйзамдарын окуучуларга колдонуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде толугу менен жөнгө салынгандыгын эске алып, Мыйзам долбоорунун 10-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун III главасы менен кол өнөрчүлөргө кесиптик билим берүү, анын ичинде кол өнөрчүлөргө кесиптик билим берүү жаатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарынын кепилдиктери, кол өнөрчүлөрдүн билим берүү программалары, кол өнөрчүлөрдү даярдоо боюнча билим берүү ишин башкаруу маселелерин жөнгө салуу сунушталган.
Бирок тигил же бул чөйрөдөгү адистерди даярдоо, кесиптик даярдоо жана билим берүү маселелери "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жөнгө салуу чөйрөсүнө кире тургандыгын белгилөө зарыл, ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун III главасын алып салууну сунуштайбыз.
5. "Мыйзамдар" термини кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берүүчү жалпыланган, чаржайыт мүнөзгө ээ экендигин белгилөө зарыл.
Алсак "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы деп түшүнүлөт.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык жалпысынан мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди келтирүүгө жол берилбейт (мисалы, "мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат").
Ушуга байланыштуу укук колдонуу практикасында көйгөйлөрдү болтурбоо максатында 3-берененин он биринчи жана он төртүнчү абзацтарында, 4-берененин 1-бөлүгүндө жана 2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацында, 5-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында, 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 9-берененин 1-бөлүгүнүн алтынчы жана жетинчи абзацтарында жана 2-бөлүгүнүн алтынчы абзацында, 12-берененин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацында мыйзамдарды жөнгө салуу чөйрөсүн белгилөө зарыл.
6. Мыйзам долбоорунун 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жана ушул Мыйзамдын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына киргизилген маселелер боюнча зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу тапшырмасы берилүүдө.
Ушуну менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү талап кылынган учурда, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен ченемдик укуктук актылардын долбоору тиркелиши керек экендигин белгилөө зарыл.
Ошол эле мезгилде каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтар Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында чагылдырылган эмес.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу же тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө маалыматтар менен толуктоону сунуштайбыз.
Эгерде талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы аныкталса, анда Мыйзам долбоорунун 18-беренесинде Мыйзам менен мыйзам алдындагы актылардын ортосундагы укуктук боштукту жоюу максатында анын күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу зарыл.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып кеминде он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгын көңүлгө алуу зарыл.
7. Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалым катында Мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес деп көрсөтүлгөн.
Ушуну менен бирге Мыйзам долбоорунун материалдарында жөнгө салуучу таасирин талдоо тиркелген.
Мында тиркелген жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык көйгөйлөрдү, максаттарга жетүүнүн сандык жана сапаттык индикаторлорунун тизмесин, алардын аткарылышып баалоо үчүн максаттуу маанилерин, жөнгө салуунун альтернативдүү варианттарын көрсөтүү менен кылдат иштеп чыгууну талап кыларын белгилейбиз.
8. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалым катында ченемдик укуктук актынын долбоору түздөн-түз жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын козгогон учурда, тиешелүү ассоциациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмелери менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
Бирок Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында жергиликтүү ассоциациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмелери менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары жөнүндө маалымат жок.
9. Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында ушул Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгы көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда сунушталган Мыйзам долбоорун ишке ашыруу республикалык бюджеттин эсебинен сарпталуучу чыгымдарды көбөйтүүнү талап кыла тургандыгын белгилөө зарыл.
Бирок Мыйзам долбооруна финансы-экономикалык эсептөөлөр тиркелген эмес, ошондой эле аны ишке ашыруу үчүн талап кылынуучу каржылоо булактары аныкталган эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ушул Мыйзам долбоорун Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин гана кабыл алууга мүмкүн болот.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар, алар боюнча каржылоо булагы аныкталмайынча кабыл алынбай тургандыгын белгилөө зарыл.
Жалпысынан, жогоруда аталган Мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы жөнүндө нускамага ылайык кылдаттык менен кайра иштеп чыгууну талап кылат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.